At-Bashy KG
82 subscribers
18 photos
4 files
2.86K links
Интернет айдыңындагы Ат-Башы тууралуу маалыматтар

Баракчаларыбыз:
https://ok.ru/atbashykg
https://fb.com/atbashykg
https://intagram.com/atbashykg
Download Telegram
Билим АКИpress - Ак-муздук окуучулар жайлоодо 5 күн эс алышты — Билим АКИpress.

Ат-Башы районундагы Богачы орто метебинин 60 окуучусу Босого жайлоосунда 5 күн эс алып кайтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, эс алуу айыл тургуну Умар Дүйшөналиевдин демөөрчүлүгү менен уюштурулду.

Окуучулар 5 күн ичинде китеп окушуп, ар кандай спорттук оюндарды уюштурушту. Бул убакыт аралыгында алар 7-8ден китеп окууга үлгүрүштү. Ошондой эле агай-эжейлери менен бирге жаратылыш менен таанышып, эсте каларлык күндөрдү өткөрүштү. Андан сырткары, 3 топко бөлүнүп, ар түрдүү маданий иш-чараларды өткөрүшүп, жайлоодогу эс алуучуларга концерт тартуулашты.


Толук:
http://bilim.akipress.org/kg/news:369351/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Баатыр эне Э.Чодиева согуш жылдарындагы оор күндөрүн эскерди.

Эрке Чодиева 1938-жылы Ак-Талаа районунда туулган. 9 кыз, 2 уул, небере, чөбөрөлөрү бар. 1960-1989-жылдары Ат-Башы районундагы ветлабораторияда кан текшерип иштеген. 2013-жылы «Баатыр эне» наамын алган.

Абышкасы Бейшебак Борбеков согуштун ардагери, 2006-жылы каза болгон.

«Ата-энем кайтыш болуп, өзүм жалгыз калгам. Жалгыз бир тууганым бар эле, ал да каза болуп калды. Бир мекемеде иштедим. 1989-жылы жумуштан бошодум, андан бери балдарым менен үйдөмүн. Ден соолугум жакшы эмес, дарыгерлер ревматоиддик артрид деген диагноз коюшкан. 2 көзүмдү операция кылдырдым. Согуш жылдарында ата-энем каза болуп калганда башымдан оор күндөрдү өткөрдүм. Ошонун баарын көтөрдүк, ушул даражага акырындык менен жеттик.

Балдарым жакшы карашат. Ооруп калсам эле ооруканага алып барышат. Алар жакшы болгону үчүн минтип турам. 2 балам айдоочу. Ак-Сайга чейин кан текшергени барып иштечүбүз. Адегенде эртең менен эрте жумушка барып, от жагып, пол жуучубуз. Кечинде үйгө чарчап барсаң, үйдүн жумушу күтүп жаткан болот. Азыр кудайга шүгүр. Азыркылар андайга чыдай алышпайт.

Согуш жылдары талаадан үшүп кеткен арпа, картошкаларды терип алып, эптеп оокат кылчубуз. Котур, кара тумоо болуп ооругандар болгон. Азыр үйдө кичине эле нан жок болуп калса балдардын кабактары бүркөлүп кетет. Илгери кичинекей бир нерсе берип койсо топук кылып журүшчү. Баары заманына жараша болуп жатат да. Ошондой күндөрдү көргөндө ичиңден тобоо кылып, бардыгына чыдамкай болот экенсиң», - деди баатыр эне.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:369444/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыдагы акимчиликтин кароолчулары айлыгынын азайып жатканына нааразы. Видео.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында эмгектенген кароолчулар Ишенбек Айтбаев менен Таалайбек Мамбеталиев айлык маянасынын аздыгына нааразы болуп жатат.

Таалайбек Мамбеталиев үй-бүлөдө жалгыз иштеп, 6 баланы багат. Анын айлыгы эч нерсеге жетпей жатканын айтат.

«Менин айлыгым 5000 сом, ал азыркы заманда жетмек беле. 1 мүшөк ун эле 1500 сом. Колубузда дайыма шыпыргы, күндө тазаламай. Биздин үнүбүздү уккан киши жок. Айлыгыбызды көбөйтөт деди эле, тескерисинче азайтып жатат. Мурда 6000 сом алчубуз. Кайра кармап отуруп 5000 сом алып калдык», - деди ал.

Ал эми Ишенбек Айтбаев январь айында айлык көбөйөт деп күткөн, бирок жылыш жок экендигин билдирди.




Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:369453/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Калипа Жакыпова кымызды кайсы убакта ичүү пайдалуу болорун айтып берди.

Ат-Башыда учурда кымыз сезону. Бул маалда айрымдар кымыз сатуу менен алек. Алардын катарын толуктаган ат-башылык Калипа Жакыпова 9 жылдан бери кыргыз суусундугун сатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

57 жаштагы Калипа Жакыпова Ат-Башы айылынын тургуну. Үй-бүлөлүү, 2 эркек, 1 кызы, 7 небереси бар.

Учурда кымыздын 1 литри 80 сомдон болууда. Күз мезгилинде 35 сомго чейин түшөт.

«9 жылдан бери сезондо кымыз менен иштейм. Себеби балдарым, неберелериме кымыз сатып берчүмүн. Кымыз даярдалып башталгандан үркөр чыкканга чейин кымыз ичирип койчумун. Иммунитетти көтөрөт, канды толтурат деген чын экен. Балдарым сасык тумоо болгондо оорусу жеңил өтүп кетчү.

Сиңдим бээ саайт, кымызыңды сатып берейин дегем. Ошону менен кымыз сатып калдым. Жайлоолорду кыдырып кымыз алып келебиз. Литрине 10-20 сом кошуп сатабыз. Кымыз көбөйгөндө арзан болот», - деди ал.

Калипа Жакыпова кымызды ууз кезинде, үркөр чыга электе ичүүнү сунуш кылат.

«Ууз кымыз — жаңы тууган бээнин уузунан ачытылган коюу кымыз. Эрте жаздан жайдын толуп турган убагына чейин даярдалат. Желе байлаганда атайын мал союлуп, туугандар чакырылып, бата кылынат.

Сабаада кымыз аябай жакшы бышат, даамдуу, ичкиликтүү болот. Үркөр чыккандан кийин кадимки кымыз болот. Андан кийин чөп катып, кулундар чоңойгондо кымыз күчүнө келет. Бул убакта нак кымызды кышкыга даярдап алышат. Өзүм дагы үйгө даярдайм», - деди ал.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:369456/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Azattyk - Нарында «Хизб ут-Тахрир» уюмунун алты мүчөсү кармалды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун алты мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Тинтүү учурунда алардын үйүнөн ок атуучу куралдар, ок-дары, аталган уюмга тиешелүү китептер, баракчалар, ноутбук, телефон жана сим-карталар алынды.

Операцияны атайын кызмат Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери менен чогуу жүргүзгөн.

Факт боюнча материалдар Жазык кодексинин 314-беренесинин («Экстремисттик уюмду түзүү») 2-бөлүгүнүн негизинде соттук өндүрүшкө алынып, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү тизмесине катталды. Кармалгандар Нарын шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда. (ErN)

Толук:
https://www.azattyk.org/a/30010000.html

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Билим АКИpress - ЖРТ-2019: Ат-Башы районунда 4 бүтүрүүчү 200дөн жогорку упайларды алышты — Билим АКИpress.

Ат-Башы районундагы мектептердин 4 бүтүрүүчүсү жалпы республикалык тестирлөөдөн 200дөн жогорку упайларды топтоду. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнбек Дөөткулов билдирди.

Ат-Башы районунда жогорку упай топтогон бүтүрүүчүлөр:

- «Ой-Терскен» орто мектебинин бүтүрүүчүсү Төлөнбай кызы Элназ — 212 упай;
- К.Керималиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Назарова Айжан — 202 упай;
- К.Керималиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Койчубек кызы Айпери — 201 упай;
- Н.Үсөналиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Жумамамбетов Илам — 201 упай.


Толук:
http://bilim.akipress.org/kg/news:369522/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Azattyk - Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы 20 окуучуда альвеококкоз курту бар экени аныкталды. Мындай жыйынтыкты Бишкектен келген дарыгерлер чыгарышкан. Бирок жергиликтүү дарыгерлер бул илдетке чалдыккандардын саны мынчалык көп болбошу керек деп күмөн санашууда.

https://www.youtube.com/watch?v=IqZN_dcCpqI
Turmush - 9 баланын демилгеси: Ат-Башыдагы жигиттер жесир жеңесине 1,5 айда үй куруп беришти.

Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында жаштардын демилгеси жана айыл элинин жардамы менен ар кайсы жерде жашап жүргөн 4 балалуу жалгыз бой энеге үй курулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, мындан 1,5 ай мурун айылдагы жаштардан түзүлгөн 9 бала демилге көтөрүп, жалгыз бой эне үчүн үй куруп башташкан...

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:369648/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башыдагы Кошой-Коргонго баруучу 3 чакырым жол оңдоого муктаж. Видео.

Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылындагы «Кошой-Коргон» тарыхый комплексине баруучу жол оңдоого муктаж. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттүн адиси Мустапа Абдрахманов билдирди.

«Кара-Суу айылындагы «Кошой-Коргон» тарыхый комплексине жылда көптөгөн туристтер келет. Ал жакка баруучу жол 1960-жылы асфальтталган. Айыл өкмөт башчыбыз жылда тиешелүү жерлерге кайрылып келет. Жол эски болгондуктан кырганга да болбойт экен. Асфальт болбогондон кийин жаан жааганда жол оюлуп калат. Ушул жол асфальтталса Кара-Суу элине, келген туристтерге жакшы болмок», - деди ал.

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Шекербек Кабаев: «Бишкек—Торугарт жолунан баштап Кошой-Коргонго бурулганга чейинки жолдун узундугу 3 чакырым. Ал жол оңдоого муктаж. Быйыл түзөтүп койдук. Бул маселе боюнча кайрылып эле келе жатабыз», - деди.




Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:369578/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Элнура милиционерге турмушка чыгам деген кыздарга кеңеш берди.

Ат-Башы РИИБдин кеңсе (канцелярия) бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келе жаткан Элнура Эсенгул кызы жолдошу менен бир мекемеде иштегенине сыймыктанат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Элнура Эсенгул кызы 1986-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган. Кесиби боюнча бухгалтер-менеджмент. Ат-Башы РИИБде бухгалтер болуп 10 жыл иштеп, кийин башчылык кызматка которулган. Ал учурда 2 кыз, 1 уулдун энеси.

«Ата-энем Ат-Башы суу чарба каналында иштешкен. 5 бир туугандын үчүнчүсү болом. Баарыбыз үй-бүлө күтүп, өз алдынча кеткенбиз. Милиция кызматкери болсомбу деген оюм бар болчу. Бирок жолдошум ички иштер бөлүмүндө иштеп, милиция кызматкери болгондуктан экөөбүз тең милиционер болбой эле коелу деп чечкенбиз...


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:369510/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыдагы сатуучулар койдун жүнү арзандап кеткендигине нааразы болушууда.

Нарын облусунда койдун жүнү арзандап кетти. Бул тууралуу Ат-Башы районунун тургундары билдиришти.

Маалым болгондой, өткөн жылы койдун сапаттуу жүнүнүн килограммы 300 сомго чейин барса, быйыл кара жүн 3 сом, ак жүн 30 сомдон 50 сомго чейин болууда.

«Бүгүн базарга келип, койдун жүнүн өткөрүп жатабыз. Ак жүндү 30 сомдон, кара жүндү 3 сомдон алып жатышат. Жүн аябай арзан болуп, эл өткөрө албай жатышат. Былтыр 70 сомдон сатылчу, быйыл аябай эле арзан болуп калыптыр. «Башка жакта жүн алган кишилер жок» деп жатышат. Нарын облусу мал менен жан сактап жаткандан кийин малдын жүнүн, терисин кымбатыраак кылып өткөрүүгө мамлекет мүмкүнчүлүк түзүп берип койсо жакшы болот эле. Териси дагы өтпөй, таштандыга кетип жатат», - деди Ат-Башы районунун тургуну Жээнбек Жумаев.

Ат-Башы районунун тургуну Адахан Байшериев: «Меринос коюнун 1 кг жүнү 50-60 сом, 2-сорттогу ак жүндөр 30 сом, кара жүндөр 3 сомдон болууда. Быйыл чындыгында арзан, мурда 300 сомго чейин сатчубуз. Аларман жок. Жогору тарапка кайрылганда деле жыйынтык чыкпайт го. Бирок бул жакка дагы көңүл бурушса болот эле», - деди.

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:369769/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Ат-Башыдагы бир үй-бүлөгө таандык табышмактуу сандар.

Ат-Башы айылынын 50 жаштагы тургуну Нурлан Набиев үй-бүлөсүнө байланыштуу сандарга таң калып келет. Ал аймактык кабарчыга табышмактуу сандар тууралуу айтып берди.

Нурлан Набиев 1969-жылы 2-июлда Ат-Башы айылында туулган. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын кичүүсү. Апасы менен атасынын жакындары уста болгондуктан техникага, устачылыкка жакын болуп чоңойгон. Кийин өз алдынча унаа оңдогонду үйрөнүп, 10 жылдан бери унаа оңдоочу жайды иштетип, ат-башылыктарга кызмат кылып келет.

«Атам Ат-Башыдагы «Чума» мекемесинде айдоочу, апам мугалим болуп өмүр бою эмгектеништи...

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:369713/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Нарында депутат болгон украин кызы Татьянаны экс-президенттин жубайы деп ойлошкон.

Нарын шаарынын 63 жаштагы тургуну Татьяна Балаева 46 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет. Ага көбүнчө кыргызча билбейт деп орус тилинде кайрылышат. Бирок Т.Балаева кыргызча сүйлөй алат. Педагог менен аймактык кабарчы маектешти.

Өзүнүн айтымында, ал буга чейин «Билим берүүнүн отличниги», Нарын шаарынын жана облустун «Ардактуу атуулу» наамдарынын ээси болгон жана «Караван достугу» кубогунун жеңүүчүсү аталган. Ошондой эле 1985-жылы облустук кеңештин депутаты болууга да жетишкен.

«Апамды Москвадан 1947-жылы, ал эми атамды Украинадан 1949-жылы Ат-Башыга иштегени жиберишкен. Апам медайым болсо, атам радист болуп иштечү. Алар Ат-Башыдан таанышып, баш кошушкан..


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:369350/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Билим АКИpress - Ат-башылык мугалимге Дубайга 12 күнгө эс алууга жолдомо беришти — Билим АКИpress.

Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Боогачы орто мектебинин мугалими Байыш Абдыбеков Дубайга эс алууга жолдомо алды. Бул тууралуу ал аймактык кабарчыга билдирди.

Б.Абдыбеков аталган мектепте 9-10-11-класстарга 23 жылдан бери адам жана коом сабагынан билим берип келет. Үстүбүздөгү жылдын жаз айында окуучуларга «Бир өлкөнүн өнүгүү сырлары» аттуу китеп окуу сынагын уюштурган. Сынакка ак-муздук ишкер Кумар Дүйшөналиев демөөрчү болуп, 3 багыттагы 600 китеп алып берген. Окуучулар ал китептерди окуп, кайрадан тест тапшырышкан. Ошонун негизинде алдыңкы окуучулар акчалай сыйлыктар менен сыйланышкан.

Ал эми июль айында окуучулар үчүн жайкы лагерь уюштурган. Мугалимдин эмгегин баалап, ишкер К.Дүйшөналиевге Дубайга 12 күнгө эс алууга жолдомо тапшырды.

Б.Абдыбеков мындай жолдомо күтүүсүз белек болгонун жана эс алууга октябрь айында барарын айтты.




Толук:
http://bilim.akipress.org/kg/news:369516/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - «Коопсуздук-2019»: Ат-Башыдагы жоокерлер машыгып жатышат.

Ат-Башы районунда «Коопсуздук-2019» республикалык командалык окуу-машыгуу иш-чарасы өткөрүлүп баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 25-июнда резервдеги жүздөн ашык жоокерлер чакырылып, аскердик формалар берилип, нускоо сабактары өткөрүлгөн. Машыгуунун жүрүшүндө облуста өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо абалды турукташтыруу боюнча тапшырмалар иштелип чыгып, күжүрмөн ок атуу боюнча машыгуу болду.

Иш-чаранын максаты — ар кандай табигый, техногендик кырсыктарга, массалык баш аламандыкта жана өзгөчө кырдаалдарга карата Нарын облусунун күч түзүмдөрүнүн, атайын кызматтарынын, мекеме-ишканаларынын даярдыктарын текшерүү болуп саналат.

Окуу-машыгуу учурунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы тарабынан ар кандай өзгөчө кырдаалдардын сценарийлери берилип, тиешелүү кызмат адамдарынын ушундай кырдаалдардагы биргелешкен аракети жана даярдыгы текшерилмекчи.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:369899/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - «Коопсуздук-2019»: Ат-Башыда резервдик рота ок атуу талаасында болду.

25-июндан бери Нарын облусунун Ат-Башы районунда Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы тарабынан өткөрүлүп жаткан «Коопсуздук-2019» аталышындагы машыгуусунда Ат-Башы районунун резервдик ротасы ок атуу талаасында болуп, ок атуу жана инженердик даярдык машыгуулары өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Машыгууга Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары, полковник Н.Кирешеев катышып, район акими менен жолугушту. Ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын машыгууда жүргүзгөн иш-аракеттеринен да кабар алды.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:369941/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Ат-Башыдагы Чоң-Ача суусуна көпүрө курулду.

Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылындагы Чоң-Ача кыштоосуна баруу үчүн Чоң-Ача суусуна көпүрө курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, донорлордун жардамы менен 200 миң сомдун тегерегинде курулуш материалдары алынган. Ошондой эле, жергиликтүү бюджеттен 60 миң сом каралган, ал эми жашоочулар курулуш иштерин бекер жасап беришкен. Көпүрөнүн узундугу 11,5 метр, бийиктиги 2 метрди түзөт.

Ак-Муз айылдык жайыт комитетинин төрагасы Болотбек Абдылдаев: «2012-жылдан бери жайыт комитетинин башчысы болуп иштейм. 2016-2017-жылдардан бери бул көпүрөнү куруу үчүн аракет кылып, донорлор менен сүйлөшүп келгенбиз. Мурда суудан мал айдап өткөндө кооптуулукту жаратчу. Унаа да жүрө албай калчу», - деди.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370074/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - «Ат-Башы кызгалдактары» бий тобу Кипрде өтчү фестивалга жөнөп кетти, алар эмнеге нааразы?.

Ат-Башы райондук Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектебинин «Ат-Башы кызгалдактары» бий тобу Кипр Республикасында боло турчу эл аралык бий фестивалына жөнөп кетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган бий топтун башчысы Аида Айтмамбетова билдирди.

Анын айтымында, алар эл аралык фестивалга Кыргызстандын атынан катышат.

«Кипр Республикасында өтө турчу эл аралык фестивалда «Ат-Башы кызгалдактары» тобу «Мөлмөлүм» , «Кербезим», «Өзбек» чыгармаларын аткарабыз. Биз Кыргызстандын атынан катышуу үчүн бара жатабыз. Бирок, бизди колдогон бир дагы демөөрчү чыкпаганына биз нааразыбыз», - дейт А.Айтмамбетова.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370065/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Айыл турмушу: 10 бала төрөгөн Бурул апа учурда 5 уул-кызынын жакшылыгын көрүп жатат.

Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы баатыр эне Бурул Акылбекова мурда жигиттер аскерге түлөө менен узатылчу дейт.

Бурул Акылбекова 1938-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылында туулган. 5 кыз, 5 эркек бала төрөп, кийин алардын ичинен 1 кызы, 4 эркек баласы каза болгон. Учурда 4 кызы, 1 уулу, 40 небере, 25 чөбөрөсү бар. Баатыр эне мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп пенсияга чыккан.

«Согуш маалында чоңойдум. Атам согушка кеткен бойдон келген жок. Жалгыз мен эле төрөлүптүрмүн, энем жалгыз бакты. Колхоздун бардык жумуштарын жасадык, буудай оруп, чөп жыйнадык. 17 жашымда Өзгөрүш айылындагы жигитке турмушка..




Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:370007/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Астманы жайлоодон кантип айыктырса болот? Б.Табылдиеванын жообу.

55 жаштагы Бермет Табылдиева Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылынын тургуну. Ал жыл сайын үй-бүлөсү менен жайлоого чыгып, бээ байлашат. Бул жолу дагы 8 бээ, 4 уй менен тоого чыгышкан.

Бермет Табылдиева жаш кезинен бээ саайт, ооруганда бээнин сүтү дарыга алмаштыргыс экендигин жакшы билет.

«Илгери кайнатам жолдошум экөөбүз жаңы үйлөнгөн жылдары кулун салдырып саадырчу...


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:369816/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #атбашыкж #нарын