At-Bashy KG
81 subscribers
18 photos
4 files
2.86K links
Интернет айдыңындагы Ат-Башы тууралуу маалыматтар

Баракчаларыбыз:
https://ok.ru/atbashykg
https://fb.com/atbashykg
https://intagram.com/atbashykg
Download Telegram
Ат-Башы: Эненин ордун эч ким баса албайт

Былтыр “Aзаттык” радиосу чагылдырып, коомчулукка алып чыккан атбашылык жалгыз бой ата Ишенбек Акматовдун жашоосу аз да болсо жакшырып калды. Элдин колдоосу менен бирин-эки мал да күткөн. Эне мээриминен өксүп чоңоюп жаткан алты баласын багуу үчүн колдон келген аракетин кылып келет.

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_naryn_/29717070.html

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Мугалим А.Айтмамбетова бийчи окуучулары менен Францияга барууга даярданып жатат.

Маданияттын мыкты кызматкери Аида Айтмамбетова Ат-Башы айылындагы музыкалык мектепте балдарга бийден сабак берип, ийгиликтерди жаратып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Аида Айтмамбетова 1971-жылы 11-июнда Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында төрөлгөн. Нарындагы педагогикалык окуу жайын бүтүп, кийин турмушка чыкканда Б.Бейшеналиева атындагы искусство окуу жайын аяктаган. 2004-жылдан бери Ат-Башы райондук музыкалык мектепте бий сабагынан мугалим болуп иштеп келет. ..


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:358631/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Медайым Б.Жээнбаева союздан кийин кесибин ашпозчулукка алмаштырган.

Ат-Башы районунун Ак-Жар айылындагы Жаналы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинин ашканасында ашпозчунун жардамчысы болуп иштеп келе жаткан Бактыгүл Жээнбаева менен аймактык кабарчы таанышты.

Бактыгүл Жээнбаева 1970-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүндө 1 жыл кенже кызматкер болуп иштеп, андан соң Токмок шаарындагы медициналык окуу жайында 1 жыл 10 ай окуп, медайым болуп чыккан...

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:358646/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Гүлзат Орозалиева ата-энесинен үйрөнгөн өнөрдү киреше булагына айлантты.

Ат-Башы районунун Бирлик айылынын 38 жаштагы тургуну Гүлзат Орозалиева шырдак жасап, 25 миң сомго чейин баалап сатат. Кол өнөрчү айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлзат Орозалиева шырдак жасоону бала чагында апасынан үйрөнгөн. Учурда кол өнөрчүлүк анын негизги киреше булагы.

«Бала чагым Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылында өткөн. Атам шырдактарга оюу түшүрүп берсе, апам шырдак жөрмөчү....


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:358633/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Кол өнөрчү И.Турганбаева чий чырмап киреше табууда.

Ат-Башы районунун Бирлик айылынын тургуну Ишенбүбү Турганбаева чий чырмап киреше табууда. Айылдагы кол өнөрчү менен аймактык кабарчы таанышты.

Ишенбүбү Турганбаева кесиби боюнча башталгыч класстардын мугалими. Ал өз кесиби менен 17 жыл эмгектенген. Учурда чий чырмоо менен алек.

«Чий чырмоо, боз үйдүн ички жана тышкы жасалгаларын жасоо илгертен эле кыргыз аялдарына тиешелүү иш. Мен да ушул өнөрдү аздектеп, унутта калып бара жаткан ...

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:358734/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башыдагы коллегияда көтөрүлгөн маселелер.

Кечээ, 24-январда Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын кезектеги коллегиясы болуп, анда өткөн жылдагы райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар угулуп, 2019-жылы аткарыла турган пландар айтылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, райондук коллегиялык отурумга дубан башчысы жана коллегия мүчөлөрү, райондун мекеме-ишкана кызматкерлери келип катышты. Анда жыл ичиндеги аткарылган иштер менен катар жүрүп жаткан иштер боюнча кемчиликтер дагы белгиленди. Билим берүүдөгү жетишкендиктер, бруцеллез оорусунун көбөйүүшү, турак жайларды камсыздандыруу боюнча иштер канааттандырарлык эместиги, таштандылардын иретсиз төгүлүшү жана башка маселелер айтылды.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:358833/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Sputnik Кыргызстан - Жолдошбаев карышкыр менен "туугандыктан кечкенде".

Тик учактан атуу сунушу видеодо Депутат кашаба күнүнө 5тен жылкы жеп жатканын айтты. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчага тик учак алып, Ат-Башы элинин тынчын алган карышкырларды атууну сунуштады.
Эл өкүлүнүн айтымында, ушу тапта кашаба күнүнө 5тен жылкы жеп, элдин айласын кетирип жатат. "Айына 150гө чукулдайт экен. Карышкырга азыр мергенчилердин алы жетпей, айыл өкмөттөрү, акимдер, губернаторлор чарчап-чаалыгыптыр. Андыктан коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттын эсебинен вертолет алып берип койсо жакшы болмок. Ошого түшүп алып карышкырларды атпайлыбы, ал бизге тууган эмес да", — деди Жолдошбаев. https://youtu.be/Cs7e18bbTKk
Дагы: https://sputnik.kg/video/20190124/1043018108/zholdoshbaev-karyshkyr-video-tik-uchak.html
Turmush - «Жеңеке»: Ат-башылык жигитке турмушка чыккан Гүлмира Шапакова «Орус келин» атка конгон.

«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ат-Башы районунун Кара-Суу айылына келин болгон 36 жаштагы Гүлмира Шапакова. Ал нарындык кайын журтун кантип таң калтырганын аймактык кабарчыга айтып берди.

Гүлмира жеңенин айтымында, Чүйдөгү Кемин районунун Чым-Коргон айылында төрөлгөн. Жолдошу менен аяш апасы аркылуу таанышкан. Учурда жолдошу Жылдызбек Көлбаев 42 жашта.

«Экөөбүз бири-бирибизди бир көрүп эле жактырганбыз. Андан көп өтпөй эле баш коштук. Азыр баары жакшы, кыйынчылыктар ...


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:356625/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башыда ичеги-карын оорулары 2017-жылга салыштырмалуу 66 учурга көбөйдү.

Ат-Башы районунда ичеги-карын оорулары 2017-жылга салыштырмалуу 66 учурга көбөйдү. Бул тууралуу Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун медайымдар иши боюнча орун басары Нурлан Осмонов билдирди.

«Ичеги-карын оорулары 2017-жылга салыштырмалуу 66 учурга көбөйдү. Айылдардагы таза суу маселесинин кесепетинен, базардагы жер-жемишти жуубай эле жеп жаткандыктан оору жыл сайын көбөйүүдө. Сарыктын А түрү 4 учурга өскөн. Көбүнчө бала бакчадагы балдар ооруйт», - деди ал.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:358915/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - «Мекендештер»: 4 тилде эркин сүйлөгөн Нурбай Россиядагы кытай компаниясында иштеп жатат.

Нурбай Түгөлбай уулу Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылында 1994-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал 7 жашка чейин ушул эле айылда чоңоюп, 1-классты аяктагандан кийин 8 жашында Бишкек шаарындагы №1 мектебинде 9-класска чейин билим алган. Ал жогорку окуу жайдан билим алгандан кийин Кытайдан окуусун уланткан. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Өзүнүн айтымында, котормочу эмес аскер кызматкери болууну кыялданчу.

«Мен өзүм Нарындын Ат-Башы деген жеринен болом. Бирок ал жакта 7 жашка чейинки балачагым өткөн. Кийин ата-энебиз менен Бишкек шаарына көчүп кеттик...

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:358950/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Баатыр эне Турганбүбү Чыныбекова азоо бээнин алдында калганын унутпайт.

Сегиз баланы эрезеге жеткирген 52 жаштагы баатыр эне Турганбүбү Чыныбекованын учурда 12 небереси бар. Ал балдарын кыйынчылык менен өстүргөнүн аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Турганбүбү Чыныбекова 1967-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. Анын атасы согуштун ардагери болгон. Мектепти аяктаган соң өзүнүн айылындагы жигитке турмушка чыгып, жолдошу экөө Ак-Сайга чейин барып мал багышкан...

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:358992/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Жаш талант: 12 жаштагы сүрөтчү Т.Эркинбековдун ийгилиги.

Ат-Башы районунун 12 жаштагы тургуну Тилек Эркинбеков сүрөттү мыкты тартып, облустук жана райондук кароо-сынактарга катышып, ийгиликтерди жаратып келет. Жаш талант менен аймактык кабарчы таанышты.

Тилек Эркинбеков учурда Ат-Башы айылындагы Акматаалы Карыбек атындагы орто мектебинде 5-класста окуйт.

«Чоң атам Эркинбек сүрөттү мыкты тартчу. Ал эми анын иниси Рахат Итикеев Кыргызстанга белгилүү сүрөтчү. Сүрөтчүлүк өнөр мага чоң аталарым тараптан келген десем болот. Сүрөттүн бардык түрүн тартам. Көбүнчө пейзажга басым жасайм», - дейт Тилек Эркинбеков...

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:358996/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Тагдыр: Сол капталы кыймылдабай калган Т.Мамбеткулов 39 жашында үйлөнүп, 40 жашында балалуу болгон.

Ат-Башы айылынын тургуну Таалайбек Мамбеткуловдун сол тарабы кыймылдабайт. Ал Ат-Башынын борборундагы контейнерде ксеркөчүрмөдө иштейт. Ал ага чейин көчө боюнда майда-чүйдө сатып соода кылып келген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Таалайбек Мамбеткулов 1971-жылы Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын педиатр факультетине кирип, кийин ооруп калган...


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:359084/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - «Мекендештер»: Казакстанда билим алган тоолук Канатбек ай сайын 570 доллар стипендия алат.

29 жаштагы Канатбек Туратбек уулу Алмата шаарындагы Казак-немис университетинде суу ресурстарын интеграциялык башкаруу боюнча билим алып жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Канатбек Туратбек уулу 1990-жылы 3-февралда Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында төрөлгөн. Ошол эле айылдагы №2 орто мектебин аяктап, 2007-2012-жылдары Бишкек шаарындагы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде окуган. 2015-жылы Ат-Башы райондук суу чарбасында 3 жыл иштеген.

«Алмата шаарында магистратурага мүмкүнчүлүк болуп калды...


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:359111/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Бир нече иликтөөлөрдүн автору – журналист Т.Султановдун тажрыйбасы.

50 жылдан бери журналистика тармагында эмгектенген Т.Султанов гезиттерди жоюуга каршы. Ал буга чейин бир катар сын макалаларды, журналистикалык иликтөөлөрдү байма-бай жазып келген. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Тынччылык Султанов 1946-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Фрунзе шаарындагы №5 орто мектебин аяктап, И.Арабаев атындагы ...


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:359142/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башыдагы апалар электр энергиясына болгон тарифти арзандатууну суранышууда (сүрөт, видео).

Ат-Башы районунда катуу суук болуп жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү тургундар өкмөттөн электр энергиясына болгон тарифти арзандатууну суранышууда.

Алардын айтымында, бир айда электр энергиясын 5000 сомго жагышса, көмүрдүн тоннасын 4500 сомдон алышууда.

Зуураш Күлкөбөнова, Ат-Башы айылынын тургуну: «Ат-Башы районунда абанын температурасы - 45...-50 градуска чейин жетет. Азыр эле эң төмөнү - 35 градус болуп жатат. Элдин баары миллионер эмес да. Эптеп жашап жатат. Ушундай суукта өкмөт деле пенсияны көбөйтүп койсо жакшы болмок. Бийик тоолуу район деп, жардам беришсе болмок», - деди .

Турганбүбү Чыныбекова, Ат-Башы айылынын тургуну: «Аябай күн суук, үй дагы суук. Ат-Башы районунун суугун градусу жок эле билебиз, азыр -38… -39 градус болуп жатат. Ат-Башы элине жардам берип коюшса жакшы болмок. Үйдө карыган кишилерибиз, балдарыбыз бар. Сууктун күчүнөн отун-суу көп кетип жатат. Карапайым калкка өтө оор болду. Баатыр энелерге, муктаждарга электр энергиясын арзандатып беришсе дейм», - деди.

Айзада Багышбаев, Ат-Башы айылынын тургуну: «Бардык ММК Нарын облусу жылуу эле болуп жатат деп жазышууда. Эмнеге жашырып жатышат билбейм. Ушундай суукка чыдай албай жатабыз», - деди.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:359146/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Бөрүлүү мезгил: Ат-Башыдагы мергенчилер жыл башынан бери 16 карышкыр атышты.

2019-жылдын башталышы менен Ат-Башы районунун жергиликтүү мергенчилери 6 карышкыр атышты. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамадминистрациясынын башкы адиси Дүйшөнбек Мамытбеков билдирди.

«Мергенчилерге өкмөттөн чыккан токтом менен ар бир карышкырга 5000 сомдон сыйлык берилет. Учурда дагы мергенчилер топтору түзүлүүдө. Айыл өкмөтү курал-жарак, транспорт жагын камсыздап, айыл өкмөттөгү жергиликтүү аңчылар карышкыр атып жатышат», - деди ал.

Карышкыр аткан жарандар:

- Мурат Абдылдаев 2 карышкыр;
- Жаныш уулу Байжан 1 карышкыр;
- Нурлан Мураталиев 4 карышкыр;
- Мунарбек Таалайбек уулу 3 карышкыр;
- Уланбек Алтыбаев 6 карышкыр атышты.

2018-жылы Ат-Башы районунда 32 карышкыр атылган.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:359152/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башыда көмүрдүн тоннасы 4000 сомдон сатылууда.

Ат-Башы районунун бардык жеринде көмүр 4000 сомдон сатылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы районунун акиминин орун басары Жумагул Тентимишов билдирди.

Анын айтымында, Ат-Башы районунда 7 КамАЗдын айдоочулары дем алыш күндөрү базарга чыгып, көмүрдүн тоннасын 4000 сомдон сатышса, мындай күндөрү көчөлөрдү кыдырып сатышат. Мындан тышкары Ат-Башы айылынын тургунунун үйүндө дагы 4000 сомдон сатылууда.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:359231/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - «Жаш жумушчу 1 000 сом гана алат»: Ж.Кенжебаев өкмөттөн жолчулардын айлыгын көбөйтүүнү суранууда.

Унаа жолдордогу карды күрөп, тоңгон музду алып, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө шарт түзүп иштеген жолчулардын айылыгы аз экендигин аймактык кабарыга Ат-Башы райондук №20 жол тейлөө мекемесинин кызматкери Жаңыбай Кенжебаев билдирди.

Жаңыбай Кенжебаев 40 жылдан бери Ат-Башы райондук №20 жол тейлөө мекемесинде иштеп келет. Бирок ал ушундай көп жылдык иш тажрыйбасы менен болгону 6 миң сом айлык акы алат. Ал эми жумушка жаңы келген кызматкерлердин эмгек акысы 1 миң сомдон башталат.

«Биз жол кырсыктары болбосун деп иннерттик материалдарды унаа жолго сээп жатабыз. Кар жааган убактарда күнү-түнү иштейбиз. Бирок жогорку жактагылар биздин ишибизге маани бербейт. Айлыгыбыз көбөйбөй келет. 1 миң сом алган күндөрүбүз болот. Ошол акча менен азыркы турмушта жашай алабызбы? Миң сомго деле карабайбыз. Жолду кайсы убак болбосун, жумушубузду аткарып турабыз. Жайдын ысыгында көлөкө таппай, кышында ызгаардуу суукка тоңуп иштейбиз. Айтарым, айлыгыбызга көңүл буруп коюшса.

Менин иштегениме 40 жыл болду. Анда-санда бир 10-15 миң сом алам, ошону жылына 3 же 4 ай эле алам. Болбосо айлыгым 5-6 миң сом, кээде 2 миң сом алган учурлар болот. Жаш балдар 1 миң сом эле алат», - деди ал.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:359215/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Сүрөт — Ат-Башыдагы бөбөктөр «Манас» эпосунан үзүндү жатташты.

Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылындагы Күмөндөр Тыналиев атындагы бала бакчада тарбиячылар балдарга «Манас» эпосунан үзүндү айттырышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган бала бакчанын тарбиячысы Кенже Тукашова билдирди.

Бала бакчада 4 жаштагы кыздар «Манас» эпосунан 40 сап жаттап, кайра башка бөбөктөргө айтып беришет. Тарбиячынын айтымында, балдар эпосту үйрөнүү менен патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө, кыргыздын нукура тилин үйрөнүүгө багыт алышат.

«Кыргыз болгондон кийин ар бир кыргыз “Манас” эпосун билиши керек. Биз айтып сыймыктана турган “Манас” эпосубуз бар. Кээ бирөөлөр Манас бул – эпос эле деп айтат. Бирок мен көпчүлүккө кошулат элем, бул тарыхый инсан. Балдарды “Манас” аркылуу тарбиялап жатам деп ойлойм. Булар 4 жаштагы балдар. 40 саптан жаттатып жатабыз. Сөздү дагы түшүнбөсө жаттай алышпайт. Ал үчүн сөзгө анализ жасайбыз. Алар айрым чоң кишилер билбеген сөздөрдү билишет. Мисалы “бурут”, кытайлар кыргызды бурут деп айтышчу. Чыгарманын ичиндеги каармандарды билишет», - деди ал.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:359238/?utm_source=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын