At-Bashy KG
81 subscribers
18 photos
4 files
2.88K links
Интернет айдыңындагы Ат-Башы тууралуу маалыматтар

Баракчаларыбыз:
https://ok.ru/atbashykg
https://fb.com/atbashykg
https://intagram.com/atbashykg
Download Telegram
Turmush - Айыл турмушу: Эки саат тынбай «Манас» айткан Канат улуу эпосту даңазалоого үндөйт (сүрөт, видео).

Ат-Башы районуна караштуу Калинин айылынын 20 жаштагы тургуну Канат Күрүчбек уулу мектеп босогосун аттагандан бери «Манас» эпосунан үзүндү айтат. Ал аталган эпосту толугу менен окуп чыкканын аймактык кабарчыга айтып берди.

Канат үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу. Мектепте окуп жүргөндө эпосту жаттап айткан. Кийинчерээк аскерге барганда да бир нече сынактын жеңүүчүсү болгон. Андан соң чоң манасчылар менен таанышып, «Манасты» мурдагыдан да жакшы түшүнүп, көз карашы өзгөрүп, жаттап айтпай окуп түшүнүп, кайра аны жамакташтырып айтууну үйрөнгөн. Эпосту толугу менен окуп чыккан Канат 2 саат тынбай «Манас» айткан.

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:357535/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башынын «Бүчүр» бий ансамбли Анталиядагы фестивалга катышып, Францияга жолдомо алды.

Ат-Башы айылындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде уюшулган «Бүчүр» бий ансамбли Анталияда өткөн эл аралык фестивалга катышып келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган бий тобунун жетекчиси Аида Айтмамбетова билдирди.

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:357565/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Актай барактан дилбаянын окуган окуучу: Мугалим Ж.Байгазиева окуучусунун кылыгын айтып берди.

Эл агартуунун мыктысы Жумакан Байгазиева 28 жылдан бери балдарга билим берип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жумакан Байгазиева 1969-жылы Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган. Мектепти бүткөн соң, 1986-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетине тапшырып, аны 1991-жылы аяктаган. Окуусун бүтүп келгенде ушул эле айылдагы жигитке турмушка чыккан. 28 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келе жаткан Жумакан Байгазиева жакшы мугалим эң башкысы балдар менен тез тил табыша билүүсү керектигин баса белгилейт. Ал учурда балдарды «Манас таануу» сынагына даярдап жатат.

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:357552/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - «Мекендештер»: Ашпозчу Таалайбек Бабаев жасаган тамактан президенттер даам таткан.

51 жаштагы Таалайбек Бабаев 30 жылдан бери ашпозчу болуп эмгектенет. Ал жасаган тамак-аштан Борис Ельцин, Нурсултан Назарбаев, Аскар Акаев даам татканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Көп жылдык тажрыйбага ээ ашпозчу Япониянын, Италиянын, Европанын жана улуттук ашкананы мыкты өздөштүргөн. Ал учурда Россиянын Москва шаарындагы ресторандардын биринде эмгектенет. Ал апасынын сунушу менен ашпозчу болгон.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:357649/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Боорун алмаштырууга мажбур болгон ат-башылык Айданага кайрымдуулук концерт өткөрүлдү.

23 жаштагы ат-башылык Айдана альвеококкоз оорусуна чалдыгып, операция жасатуу үчүн 40 миң доллар керек болгон. Бул үчүн кайрымдуу жарандар жардам берип, ырчылар чогулуп концерт өткөрүштү. Бул тууралуу уюштуруучу Ильгиз Абдалиев билдирди.

Ат-Башы районунун Дыйкан айылынын 1996-жылы туулган тургуну Айдана Ташиева 2018-жылдын ноябрь айынан баштап боор оорусу менен жабыркап келет. Ага дарыгерлер 2 айдын ичинде Индия мамлекетинде трансплантация жолу менен боорду кыска мөөнөттө алмаштыруу керектигин айтышкан. Үйүндөгүлөрү жардам сурап элге кайрылышкан. Андан соң ырчылар кайрымдуулук концертин уюштуруп, элдер өз алдынча да акча чогултушкан. Элден чогулган акчалар апасына тапшырылып берилди.

«26-декабрда Бишкек шаарында кайрымдуулук концерт өттү. Анда зал толо киши келип, кыздын апасына 450 миң сом тапшырганбыз. Ат-Башы айылында дагы Нарындын, Ат-Башынын ырчылары менен бирге марафон өткөрдүк. 650 билет 100 сомдон сатылды. Андан сырткары кайрымдуу эл 10 миң сомдой акча беришти. Дүкөнчү, айдоочу байкелер элден түшкөн акчаларын беришти. Айдананын боорун алмаштырууга 40 миң доллар керек болгондугуна байланыштуу элден жардам сурадык. Концерттен түшкөн, элден келген акчалардын баарын Айдананын апасына тапшырып бердик», - деди ал.

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:357828/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - «Мекендештер»: Германияда иштеген Э.Нуралиева практикада төлөнгөн акчасына ата-энесин Түркиядан эс алдырды.

«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Элнура Нуралиева. Ал 1992-жылы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жарык дүйнөгө келген. Элнура учурда Германиядагы компанияда иштеп жатат.

Элнура балачагынан эле жакшы окуп, 2008-жылы Ак-Муз айылындагы орто мектепти артыкчылык күбөлүк менен аяктаган. Ал экономика багытында билим алууну көздөп, Бишкек шаарындагы каржы-экономикалык техникумда билим алган.

Алгачкы ийгиликтер

- Студент кезде чет жерден билим алуу тилегим бар болчу. Тайпалаш курбу кыздарым менен чет тил курстарына барып, англис тилин окуй баштадык. Курбу кыздар сабак окууга келгенде бири-бирибизге атаандашып окучу элек. Аракетимдин жемишин көрүп, 2011-жылы ал техникумду артыкчылык диплом менен аяктадым. Ошол эле жылы Эл аралык укук, каржы жана бизнес академиясында студент боло алдым. Чет мамлекеттен билим алуу максатыма жетүү үчүн ар кандай программаларды карап изилдедим. Акырында Германияга кетүү оңтойлуу болгондуктан дал ушул мамлекетти тандап алып, 20 жашымда чет жерге биринчи жолу чыктым. Албетте абдан кооптондум, корктум, бир эсе сүйүндүм. Бирок ал коркунуч мен Германияга келгенде жоголуп, өзүмө ишеним пайда болду. Анткени мен 20 жашымда дүйнөнүн бир эшигин ачып, билим алууга башка мамлекетке келе алдым. 1 жыл ыктыярчы болуп иштеп, тил үйрөнгөм.

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:357420/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башы айылында муз аянтча ачылды.

Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы «Кошой» стадионунда муз аянтча ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучу Шапат Абдыков билдирди.

Маалым болгондой, 5 жылдан бери иштеп келе жаткан муз аянтчанын аянты 20 сотых жерди түзүп, эс алууга келген адамдардын саны бир күндө 300 кишини түзөт. Муз аянтчага музыка, прожектор коюлуп, 30 даана коньки алып келинген. 15-январдан баштап муз үстүндө эстафета өткөрүлүп, мыктылары облустук деңгээлдеги сынактарга катыша алышат. Күн алыс муз үстүн жаңыртып турушат. Айрым учурларда бир гана район тургундары гана эмес, Бишкектен жана башка жактардан дагы коньки тепкенди жакшы билгендер келип, билбегенлерге үйрөнүп кетишет.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:357787/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Айыл турмушу: 5 келинге жумуш берген жалгыз бой эне И.Тоюнбаеванын шырдактары Европага чейин сатылууда.

Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 44 жаштагы тургуну Ишенбүбү Тоюнбаева кол өнөрчүлүк менен алектенип, жасаган эмгектерин чет элдик меймандар баалап алып кетишет. Ал буга чейин курут цехин дагы иштеткен. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:357944/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Эркин күрөш боюнча спорт чебери Б.Токтобаевдин ийгилиги.

24 жаштагы Бекжан Токтобаев 1994-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында төрөлүп, ушул жерде өскөн. Үй-бүлөдө 5 бир тууган. Эки агасы, 2 эжеси бар. Ал айылдагы Н.Үсөналиев атындагы орто мектепти 9-класска чейин окуп бүтүргөн соң, Бишкектеги Автожол техникумуна тапшырып, окуусун аяктаган. 2014-жылы Кыргыз мамлекеттик академиясынын укук жана ишкердүүлүк факультетине тапшырып, учурда акыркы курсту окуп жатат.

Бала кезден спортко жакын болгон Бекжан эл аралык мелдештерде Кыргызстандын желегин желбиретүүдө. 2015-жылы эркин күрөш боюнча Валерий Жапаралиев атындагы эл аралык турнирде 1-орунду алып, спорт чебери болсо, 2016-жылы II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 2-орунду камсыздаган. Ал эми 2018-жылы Азербайжан өлкөсүнүн Баку шаарында өткөн универсиада 3-орунду камсыздаган. Ошондой эле, жакында эле өткөн Тажикстандын Душанбе шаарында президенттин кубогуна арналган мелдеште 74 кг салмакта ийгилик жаратып келген.

Учурда бойдок. Машыктыруучусу Кеңешбек Халмурзаев. Бекжан учурда окуу жана спорт менен алектенет.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:356969/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Жаңы мыйзамдар тууралуу ат-башылыктар эмне дейт?.

2019-жылдан баштап күчүнө кирген мыйзамдар боюнча Ат-Башыда жашаган элдин пикирин аймактык кабарчы угуп көрдү.

Ат-Башы районундагы айрым жашоочулар айып пулдардын көбөйүшүнө нааразы. Ал эми тазалык боюнча мыйзамды колдогондор четтен чыкты. Өзгөчө пенсионерлер алган акчасы 5500 сомго жетпегенин айтышып, кокус коомдук жайларда түкүрүп алып милициялар кармаса айып пул төлөй албай турганын айтышты.

Баш-Кайыңды айылынын тургуну Сайрабүбү Имирова: «Тазалык деген баарыбызга керек. Мен деле аялдамада түкүргөндөрдү көргөндө жиним кайнайт. Жолдо жаткан таштандыларды урнага алып барып таштап коём. Элдин коопсуздугу деп жатат, ал деле туура деп ойлойм. Ар бир айдоочу эреже сакташы керек. Сактаныш керек. Менин балам да таксист болуп иштейт. Ага абайлап жүр деп айтам», - деди.

Ат-Башы айылынын тургуну Иличбек Тилекматов: «Айып пулдун суммасы көп, ошону азыраак эле кылса жакшы болмок. Мыйзамга туура эле, бирок акчасы көп. Бир түкүрүк эле 5500 сом. Антейин десең, милициялар деле түкүрүп жатышат. Мен өзүм деле айдоочумун. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу айдоочунун колунда болгондуктан, ичип алып унаа айдаганы туура эмес болуп калат. Ал эми кур тагынбаганы үчүн салынган айып өтө эле көп. Ошону кайра карап чыгышса жакшы болот эле», - деди.

Ат-Башы айылынын тургуну Үмүт Кермакунова: «Кур курчанбагандыгы, ичкендиги, түкүргөндүгү үчүн айып салуу туура. Ал эми айып пулду азыраак кылса болмок. Кокустуктан таксилер бир нерсе болсо, үйүнө эмне алып барат, тапканы аз болсо. Чындыгында тазалык керек, айрыкча шаарда. Илгеркидей шаар жок. Мурда барганда кызыгып, суктануу менен карачу элек. Азыр кыштактагыдай эле болуп калды», - деп кошумчалады.

Ак-Моюн айылынын тургуну Сагын Табылдиеванын пикири: «Тазалык деген биринчи орунда болушу керек. Таза болсоң ден соолугуң да, баары таза. Бирок бул мыйзамдар аша чапкандык болуп жатат. Ушул эле 5500 сомду төлөсө, Кытайдын карызын жабабы? Мунусуна мен каршымын. Туура баа коюшсун. Мисалы, 500 сом салса деле оңой эмес да, пенсионерлердин айрымдары 4000 сом эле алат. Анан кайсыны төгөт? Каршыбыз! Баарыбыз каршыбыз! Кары-картаңдар, бала-чаканы унутуп калышат».

Ат-Башы айылынын тургуну Мукан Төлөгөновдун пикири: «Макул, тамеки чегүүнү карашсын. Ал эми түкүрүк дегени туура эмес. Элдин баары эле түкүрөт, мыйзамды карабайт да. Айып пулдар деле жогору го дейм. Ал деле өкмөткө барбайт, милициялардын чөнтөгүнө түшөт. Мисалы, мен барып түкүрүп ийсем, милиция кармап, айып төлөгөн үчүн квитанция кыркып береби?».

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:358113/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башынын Чар кыштоосундагы памирлик үй-бүлө Терек-Сууга көчүрүлдү.

Чар кыштоосуна бара турган жолдун жабылып калып жаткандыгына байланыштуу ал жердеги памирлик үй-бүлө айылга көчүрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дюшеналиева билдирди.

Маалым болгондой, 13-октябрда Ат-Башынын Чар жайлоосуна памирден бир үй-бүлө келген. Ошондон бери, тактап айтканда 2,5 айдан бери алар мал багып, айлык алып, балдары айылга барып окуп жатышкан. Бирок учурда кардын калың болгондугуна байланыштуу жолдор жабылып, айылга каттоого оорчулуктар пайда болгондуктан бул үй-бүлө Терек-Суу айылына көчүрүлдү. Ал жактан демөөрчүлөр жана айыл тургундары байма-бай жардам беришүүдө.

«Буга чейин бизге памирлик 2 үй-бүлө келип кеткен. Абылкадыр Касымов аттуу жараныбыз аларга колдоо көрсөтүп турган. Алар 9 ай жашады. Алардын Памирде малдары бар экен. Жакын туугандарын кыйбай балдарын окутуп алып кайрадан кетишкен. Кайра Памирден 4 баласы менен Абибиллан, Карима көчүп келишти. Алар кетпейбиз, ушул жерде калабыз деп келген. Чарда турушту. Кышта жол жабылып калып жатты. Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери барып жолду ачыш үчүн 10 000 сомдун майы кетет экен. Ошол шарттарды карадык жана мамлекет дагы алардын эл арасында болуусун талап кылып жатат. Ошол себептерден улам ал үй-бүлөнү 31-декабрда Терек-Суу деген айылга көчүрүп келгенбиз. Ал жерден дин жолунда жүргөн адамдар жардам берип жатышат. Ал айылда мечит бар, барып намаз окуп жатышат. Аларга баш-көз болгон киши “малга кирди-чыкты жардам берсе берсин, бербесе деле соопчулук үчүн айына 5000 сом айлык берип турайын. Майда-чүйдө керегине жаратып алсын, колдон келген жардамымды берейин. Жер тилкем бар, ошол жакка үй салып алсын, мал энчилеп жардам берейин” деп шарттарын айткан. Ошол кишинин үйүнө жайгаштырганбыз. Эми бул үй-бүлө эл ичинде болуп, балдары мектепке барып, бала бакчага бара башташат. Ошентип жакшы шарттар түзүлүп калды. Баш-көз болуп жаткан киши дароо 15 000 сом акча берип, 1 козусун союп берди. Ошол эле айылдын тургундары өз каалоолору менен жардам беришүүдө», - деди ал.

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:358139/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башыда балдар үчүн муз аянтча ачылып, хоккей ойноп жатышат.

Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинде балдар үчүн муз аянтча ачылып, окуучулар хоккей ойноп башташты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Айнагүл Молдалиева билдирди.

Маалым болгондой, Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин короосунда муз аянтча ачылган. Демөөрчү мектеп окуучулары үчүн муз аянтчасын ачууга колдоо көрсөтүп, формаларды белек кылган. Балдары биринчи жолу муз аянтчасында хоккей ойноп жатканына кубанган ата-энелер, мугалимдери демөөрчүгө ыраазычылыктарын билдиришти.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:358137/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Ат-Башынын эли чектеш райондор пайдаланган жайыттарды кайра берүүнү суранышты.

Ат-Башы районунун тургундары малынын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу чектеш райондордогу жайыт жерлерин кайрадан берүүнү суранууда. Бул тууралуу Ат-Башы районунун акиминин орун басары Жумагул Тентимишов эл менен болгон жолугушууда айтылганын билдирди.

Маалым болгондой, район бийлиги 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарып, айылдарды кыдырып, элдин суроо-талаптарын угушту. Ошондой эле элге жаңы чыккан мыйзамдар тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айыл ичиндеги жол, суу маселелери жана Ача-Кайыңды айыл өкмөтүнүн элдери токой чарбасына төлөнгөн жайыт акыга көпүрө салуу боюнча сунуш айтышкан.

«Биз жылдын жыйынтыгын чыгарып, 4 айыл өкмөттө болдук. Анда жайыт комитети, таза суунун жетекчилери жыл ичиндеги жасаган жумуштары боюнча маалымат беришти. Башкысы айыл элинин көйгөй, маселелерин уктук. Мисалы, Ача-Кайыңды айыл өкмөтүнүн эли токой чарбасындагы жайыт айыл өкмөтүнө өтсө деген сунуштарын берип жатышат. Токой чарбасына төлөнгөн жайыт акыга көпүрө салуу боюнча сунуш айтышты. Жайыт акы алып жаткандан кийин биринчи жайытка барчу шартты түзсө деп токой чарбасына сунуш көрсөтүштү.

Бул жолку жолугушууда эл айылдын өнүгүшүнө байланыштуу сунуштарын айтышты. Андан сырткары Нарын району менен Ак-Талаа району биздин районго чектеш жайгашкан. Ат-Башы районунда малдын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу чектеш райондор пайдаланып келе жаткан райондордогу жайыт жерлерди кайра өздөрүнө берүү боюнча кайрылуулар болду. Биз бул маселени карайбыз. Ошондой эле жаңы мыйзамдар жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», - деди ал.


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:358171/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Сайдын жээгинде төрөп, элдин баарын сагалаткан келин: Көп баланын киндик атасы болгон Ж.Кыдыковдун кызыктары.

57 жаштагы Жээнбек Кыдыков Ат-Башы районунун тез жардам бөлүмүндө 34 жылдан бери эмгектенип келе жатат. Ал фельдшерлер менен бирге чакырууларга барганда бир топ кызыктуу окуялардын күбөсү жана көп жолу киндик ата болгондугун аймактык кабарчыга айтып берди.

Жунус Кыдыков Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында 1961-жылы төрөлгөн. Мектепти бүтүрүп, аскерден келгенден кийин айдоочунун окуусун 6 ай окуган. Андан соң Ат-Башы айылындагы ооруканада унаа айдап 4 жыл иштеп, кийин тез жардам бөлүмүнө которулган. Андан бери 38 жыл өттү.

Ал тез жардам бөлүмүндө жумуш оор болгондугуна карабай иштеп, эң башкысы элдин батасын алууну көздөйт. Бейтаптарды көтөрүп жатып өз ден соолугуна залалы көп тиет. Анын кесепетинен бе...


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:358043/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - «Жеңеке»: Жаш кезинде күйөөсүн сыртынан жактырган А.Исмаилова анын үйүнө жылаңайлак барган.

Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын 45 жаштагы тургуну Алиман Исмаилова аталган айылда балачагы өтүп, ал ушул эле айылдагы тургунга турмушка чыккан. Учурда Алиман жеңе айылдагы мектепте башкы ашпозчу болуп эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Өзүнүн айтымында, жумушунан тышкары майрамдарда ырдап жана тойлордо буйрутма менен тамак-аш жасап, кошумча киреше табат.

«Менин балалыгым Казыбек айылында өтүп, Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектебин аяктагам. Жолдошум дагы ушул айылдан болот. Мени атам (кайнатасы) менен апам (кайненеси) сыртымдан баамдап, келин кылууга ылайыктап жүрүшчү экен. Бир күнү алар ата-энеме куда түшүп келишип алып кетишкен. Бир айылда чогуу өскөндүктөн жолдошум Мухамбеттин адамдык сапатын баалап, өзүм деле жактырып жүрчүмүн. Жолдошум экөөбүз 28 жыл бирге өмүр сүрүп, 2 уул, 2 кыздуу жана 1 неберелүү болдук.

Жаңы келин болуп барганда...

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:357957/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Кол өнөрчү А.Алымкулов кол эмгек сабагы боюнча китеп даярдап, министрликке сунуштады.

Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну Асанбек Алымкулов кол эмгек сабагына керектүү усулдук колдонмо китеп даярдап, аны Билим берүү министрлигине сунуштоодо. Бул тууралуу Асанбек Алымкулов аймактык кабарчы билдирди

Асанбек Алымкулов 1994-жылдан бери Ак-Муз айылындагы орто мектепте кол эмгек сабагынан мугалим болуп иштеп келет.

«2016-жылы Ак-Муз айылындагы Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектепте республикалык деңгээлде кол өнөрчүлүк боюнча семинар өткөргөнбүз. Ошондо кол өнөрчүлүк боюнча жазган усулдук колдонмо китебимди семинарга келгендер жактырышып кетишкен. Бул усулдук колдонмо китепте кол эмгек сабагынан окуучуларга эмнени үйрөтүү керектиги боюнча жазылган. Өрмөнүн түрлөрү, ат жабдыктарын жасоо, металды иштетүүнүн технологиясы, айыл ...


Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:358095/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Билим АКИpress - Ак-Муз айылынын окуучулары муз үстүндө жарышты.

Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын Боогачы атындагы орто мектебинин мугалимдери окуучулардын кышкы эс алуусун көңүлдүү өткөрүү ар кандай темада иш-чараларды өткөрүүнү пландашкан.

Анын алкагында башталгыч клаасстардын окуучулары арасында муз үстүндө эстафеталык оюн өткөрүлдү. Чана, коньки, лыжа менен муз үстүндө жакынкы жана алыскы аралыктарга жарышуу сыяктуу кызыктуу оюндар болуп, ага окуучулар активдүү катышты. Ал эми жогорку класстын окуучулары «Чар» эс алуу жайында болушуп, жаратылыштын кооз жерлерине экскурсия жасашты. Лыжа тебишип, балдар жана кыздар арасында ар кандай мелдештерди уюштурушуп, көңүлдүү эс алып кайтышты. «Мындай эс алуулар кыш бүткөнчө жума сайын уюштурулуп турат», - деди мугалим Байыш Абдыбеков.


Толук:
http://bilim.akipress.org/kg/news:358155/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Билим АКИpress - Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылындагы мектепке жаңы директор келди.

Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылындагы «Ой-Терскен» орто мектебинин директорлук кызматына Руслан Абдылдаев дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 69-55-беренелеринин 2-бөлүгүнө ылайык, Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнбек Дөөткуловдун 2018-жылдын 24-декабрындагы №55/1 буйругу менен Абдылдаев Руслан Токтокадырович «Ой-Терскен» орто мектебинин директору болуп дайындалды.

Руслан Абдылдаев 1975-жылы 29-декабрда Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1999-жылы Кыргыз улуттук университетинин география жана экология факультетин бүткөн. 1999-2007-жылдар аралыгында Ат-Башы районунун К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинде география мугалими, тарбиялык иштер боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы, 2007-2011-жылдары Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында адис, башкы адис кызматтарында эмгектенген. 2011-2018-жылдары К.Мамбеталиев атындагы орто мектепте мугалим, уюштуруу иштери боюнча директордун орун басары кызматында иштеп келген.

Ат-Башы райондук, Нарын облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Мугалим үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.


Толук:
http://bilim.akipress.org/kg/news:358235/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын
Turmush - Айыл турмушу: Кардардын чачын бузуп алып кырып салган Б.Жангараева союздан бери чачтарач болуп иштейт (видео, сүрөт).

56 жаштагы Бурмаш Жангараева 37 жылдан бери чачтарач болуп иштейт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бурмаш Жангараева 1962-жылы 18-мартта Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында төрөлгөн. Ошол жерден 10-классты бүтүп, 1980-жылы Бишкектеги №7 кесиптик лицейинде билим алып, 1981-жылы чачтарачтык кесипти алып чыккан. Ат-Башыда 2 ай өндүрүштүк практикада жүргөн.

Ал 1981-жылдын сентябрь айынан баштап ушул мезгилге чейин Ат-Башы айылындагы комбинатта чачтарач болуп иштеп келе жатат. Бурмаш айымды айылдан бери издеп к...

Толук:
http://at-bashi-r.turmush.kg/news:358220/?from=atbashykg

#atbashykg #atbashy #naryn #атбашы #нарын