АКЧАБАР KG
46 subscribers
794 photos
14 videos
682 links
Download Telegram
Казакстанда АИ-92 бензини Кыргызстанга караганда 20 сомго арзан

Бүгүнкү күнгө карата АИ-92 бензининин орточо баасы 56,5 сомго токтоду, бул Казакстанга караганда 20 сомго кымбат. Мындай маалыматтар Энергетика жана өнөр жай министрлиги тарабынан берилди.

Учурда өлкөдө АИ-95 бензининин орточо баасы 60 сомго жеткен болсо, Казакстанда 41,9 сомдон сатылууда.

Бирок мекеме күйүүчү-майлоочу майдын орточо баасы башка өлкөлөргө караганда төмөн экенин белгиледи. Маселен, Өзбекстанда АИ-92 65,5 сом, Арменияда 79,1 сом, Орусияда 54,2 сом турат.
«Манас» аэропортунун акциялары 4,3% га төмөндөдү

9-сентябрдагы сооданын жыйынтыгында "Манас" аэропортунун акциясынын баасы бир баалуу кагазга 335 сом деңгээлинде болгон. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Өткөн бейшембидеги аукциондо компаниянын баалуу кагаздарын сатуу боюнча үч бүтүм жасалды. Натыйжада 453 акция 151 миң 755 сомго сатылды.

Белгилей кетсек, бир күн мурун, 8-сентябрда баалуу кагаздардын баасы 330 сомдон 350 сомго (+ 6%) чейин болгон. Акыркы келишимде аэропорттун акциялары 4,3%га артка кеткен.
Кыргызстанга Түркиянын вице-президенти келди

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Кыргызстанга соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк жыйынына катышуу үчүн келди.

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясынын 10-жыйыны, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт.

Мындан тышкары, визиттин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү, биргелешкен документтерге кол коюу жана "Маариф" мектебин ачуу пландалууда.
Кыргыз фондулук биржасынын маалыматына ылайык, 6-сентябрдан 10-сентябрга чейин, "Эл аралык Манас аэропорту" ААКсынын акциялары менен жалпы суммасы 500 миң сомго бир нече бүтүмдөр жүргүзүлгөн.

Бүтүмдөрдүн бирине ылайык, баалуу кагаздардын баасы 350 сомго чейин көтөрүлгөн, бирок соода жумасынын аягында баа 335 сомго (-4,2%) төмөндөгөн.

Бүгүн, 14 -сентябрда "Манас" аэропортунун акцияларын 66,4 миң сомго сатуу боюнча аукциондо дагы бир бүтүм болду. Жалпысынан 200 баалуу кагаз бир акцияга 332 сомдон сатылды. Ошентип, акыркы бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча акциялардын баасы дагы 0,89%га, ал эми жогорудан 5,14%га төмөндөдү.