🔺ЕАЭБдеги жумушсуздардын саны 1,7 млн ашты
♦️ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушка орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2021-жылдын май айынын акырына карата 1 миллион 728,8 миң адамды же жумушчу күчүнүн 1,9% түздү. Бул тууралуу ЕАК билдирди.
♦️2020-жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу ЕАЭБ боюнча жумушка орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 29,5% га азайган.
🔻Кыргызстанда 77,8 миң адам жумушсуз катары катталган.

🔺Алты айда 24,9 миллиард сом өлчөмүндө пенсия жана жөлөкпул төлөнгөн
♦️2021-жылдын январь-июнь айларына пенсияларды жана жөлөкпулдарды каржылоо 24 миллиард 932,6 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.
♦️Региондор боюнча, төлөмдөр төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн.
❗️- Бишкек шаары - 4 миллиард 76,6 миллион сом;
❗️- Чүй облусу - 3 миллиард 835,9 миллион сом;
❗️- Нарын облусу - 1 миллиард 989,4 миллион сом;
❗️- Ысык-Көл облусу - 2 миллиард 274,3 миллион сом;
❗️- Талас облусу - 1 миллиард 31,9 миллион сом;
❗️- Ош шаары - 894,9 млн сом;
❗️- Ош облусу - 4 миллиард 563,9 миллион сом;
❗️- Баткен облусу - 1 миллиард 993,1 миллион сом;
❗️- Жалал-Абад облусу - 4 миллиард 272,5 миллион сом.
🔻2021-жылдын июнь айына карата пенсияларды жана жөлөкпулдарды каржылоо 4 миллиард 178,1 миллион сомду түздү.

🔺Кыргызстанда дары-дармектердин запасы 317,7 млн сомду түзөт
♦️Республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын маалыматтары боюнча, 2021-жылдын 30-июнуна карата дары-дармектердин иш жүзүндөгү запасы 317,7 миллион сомду түздү, деп билдирди Республикалык штаб.
♦️Ошондой эле, дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти Кыргызстандын дарыканаларында коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн зарыл болгон дары-дармектер жана медициналык шаймандар жетиштүү экендигин маалымдайт.
🔻Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы менен ооругандарды кабыл алуу үчүн 2152 керебет жайгаштырылган, анын 163ү реанимация бөлүмдөрү.

🔺MegaKassa жана «1С» - бизнес үчүн ыңгайлуу кызмат көрсөтүү
♦️2021-жылдын 1-июль күнү MegaKassa сервисинин «Чечим - Neo Fiscal Driver» жана «1С: Ишкана 8- Кыргызстан үчүн чекене» интеграция жана тестирлөө боюнча иштери жыйынтыкталды.
♦️«1С: Ишкана 8 – Кыргызстан үчүн чекене» эми түзмө-түз MegaKassa драйверин башкарып жана төмөнкү операцияларды жүргүзө алат:
💎сатуу;
💎төлөмдүү кабыл алуу;
💎сатып алууну кайтаруу;
💎төлөмдү кайтаруу.
♦️Бул чечим типтүү бизнес-процесстерди автоматизациялоого багытталган – ага өз алдынча дагы, соода түйүндөрүнүн бөлүштүрүлгөн чекене тармагы дагы (дүкөндөр) киргизилген. Ал азык-түлүк саткан дүкөндөрдө, ошондой эле башка товарлар менен соода жүргүзгөн жайларда да колдонулат. Зарыл учурда бул чечим дүкөндүн ишмердүүлүгүнүн тигил же бул технологиясына ылайыкталып түзүлөт.
♦️«1С: Ишкана 8 – Кыргызстан үчүн чекене» жаңы функционалы «1С» коштоосуна аракеттеги келишим болгон учурда жеткиликтүү, анын алкагында сиз бул механизмди камтыган функционалды жаңылай аласыз (жаңылоо үчүн 2.3.5.36 версиялары жеткиликтүү).
♦️Драйверге кошулуу жана жаңылоо боюнча инструкцияларды алуу үчүн «1С» фирмасынын Кыргызстандагы расмий дистрибьютору – «1С – Като Экономикс» ЖЧКсына же болбосо «1Снын» сизди тейлеген өнөктөшүнө кайрылуу керек.
♦️Эске салсак, MegaKassa онлайн-ККМди колдонууда ишкерлер төмөнкү артыкчылыктарга ээ болушат:
💎жеткиликтүүлүк: кымбат-баалуу ККМ аппаратын сатып алуу зарылчылыгы жок болот. Себеби, MegaKassa мобилдик телефондордо, планшеттерде, персоналдык компьютерлерде иштейт жана кардарлардын эсептик системи менен түз интеграцияланат;
💎убакыт үнөмдөлөт: MegaKassa’га катталуу жана аны ишке киргизүү MegaCom’дун Сатуу жана тейлөө борборлорунда жүргүзүлөт, ага ылайык, КРнын Салык кызматына улам-улам баруу зарылчылыгы жоюлат;
💎ыңгайлуулук: мындан ары күн сайынкы кассалык китепчени жүргүзүү убарагерчилигин тартпасаңыз болот, себеби, бардык маалыматтар дароо MegaKassa’да сакталып калат;
💎көзөмөл: бардык кассалык операцияларды сервистин жеке кабинетинде карап турса болот;
💎тобокелчиликтин минималдуулугу: ишкерлер интернет-байланыш жок учурда деле соода жүргүзө алышат.
MegaKassa онлайн-ККМ’ге кошулуу үчүн MegaCom’дун Сатуу жана тейлөө борборлоруна прораммаланган Көзөмөл-кассалык машинанын тейлөөсүнө кошулуу үчүн консультация алуу максатында кайрылыңыз.
🔻Кызматка кошулуу үчүн керектүү документтердин тизмеси, MegaKassa’га катталуу Борборлорунун даректери менен MegaCom компаниясынын расмий сайтынан кененирээк таанышсаңыз болот.

🔺Кыргызстанда төрт миңден ашуун бюджеттик орун бекитилди
♦️Адистиктердин тизмеси жана орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларында окутуу үчүн бюджеттик орундардын саны бекитилди, деп билдирди министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.
♦️Министрликтер менен мекемелердин арыздарына ылайык бюджеттик орундар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:
🔹Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги - 2309 орун;
🔹Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги - 1335 орун;
🔹Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги - 427 орун;
🔹Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги - 60 орун.
🔻Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

🔺Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши түзүлдү
♦️Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, президенттин алдында Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши түзүлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтында маалымдалды.
🔻Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешин түзүүнүн негизги максаты - коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү, мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу. Коррупция маселелери, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жана коргоо механизмдерин өркүндөтүү жана ишкердик субъектилеринин ишин колдоо экендиги белгилүү болду.

🔺Ошто ПЦР тест арзандады
♦️Оштогу мамлекеттик лабораторияларда ПЦР тесттин баасы 927 сом деп белгиленди. Бул бааны Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмү Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашканы белгилүү болду.
♦️Маалыматка ылайык, жеке лабораториялардагы баа көзөмөлдөнбөйт.
🔻Буга чейин Ошто ПЦР тесттин арзандабай жаткандыгы боюнча нааразычылыктар чыккан.

🔺Ош шаарында жүк ташуучу автоунаалар кураштырыла баштады
♦️Оштогу “Кыргыз унаа курулуш” заводунда жакын арада жүк ташуучу унаалар чыга баштайт. Кытайдын Dongfeng компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында, 12 жүк ташуучу автоунаанын тетиктери алып келинип кураштырыла баштады.
♦️“Бул жерде кузовду өзүбүз жасайбыз. Кошумча куроо иштери да бар. Чыга турган унаанын азыркы монотондуу "Хюндай портер" автоунаасынан айырмасы - экологиялык кылмылдаткычы жаңы болуп, абага зыян алып келбейт. Бир түрү бензиндик, дагы бир түрү дизелдик болот. Унаа бир тонна жүк көтөрө алат. Азыркы учурда заводдо автоунааларды куроо гана жүргүзүлөт. Келечекте, толук үйрөнүп алган соң, автоунаа иштеп чыгарууга өтөбүз”,- деп билдирди ишкананын башкы конструктору Болот Дыйканбаев.
♦️Заводдо 2020-жылдан тарта электрогенераторлор, электрокалканчтар, лифттер, темир эшиктер жана тез жардам унаасы чыккан. Ишканада учурда 500дөй кызматкер эмгектенет. Автоунаа куроого 300 ашуун жумушчу тартылган.
♦️“Менин жумушум электр куроо. Бул жерде ар бир жумушчунун иши ар башка. Баарыбыз биригип, бир күндө эки машинаны куроого үлгүрөбүз”, - деди жумушчу Бабур Раимжанов.
♦️Азыркы тапта жүк ташуучу унаанын анык баасы коюла элек. Завод жетекчилиги унаа элдин талабына ылайык, атаандаштыкка туруштук бере ала турган баада болот деп ишендирди.
♦️“Жүк ташуучу унаанын баасын базар өзү аныктайт. Элдин чөнтөгүнө туура келбеген бааны койсок, биз өзүбүз банкротко учурашыбыз мүмкүн. Ошондуктан, ыңгайлуу баа коебуз”,- дейт “Кыргыз унаа курулуш” заводунун аткаруучу директору Нурбек Осмонов.
🔻Жалпы аянты 20 миң чарчы метр болгон “Кыргыз унаа курулуш” ишканасы 2018-жылы курулуп, 2020-жылы пайдаланууга берилген. Пандемия шартына байланыштуу негизинен жумуш токтоп турган.

🔺Бир жума ичинде чөптүн баасы 18% га жогорулады
♦️Кыргызстанда бир таңгак чөптүн баасы 7-июлга карата 302 сомду түздү. Бул тууралуу монополияга каршы агенттик билдирди.
🔻Министрликтин маалыматы боюнча, бир жума ичинде чөптүн баасы 18,3% га, же 47 сомго кымбаттады.

🔺Virgin Galactic компаниясы космоско акысыз учуу үчүн сынак баштады
♦️Virgin Galactic компаниясы ишкер Ричард Брэнсон менен кызматташып, эки адамды космоско акысыз учуруп, космодромду кыдыртуу үчүн сынак баштады. Бул тууралуу Omaze сайтында айтылат.
♦️Сынакка каалаган адам катыша алат. Мындан тышкары, сиз кайрымдуулук кыла аласыз, андан түшкөн каражат Space for Humanity компаниясына кайрымдуулук иретинде жиберилет.
♦️Сынакка катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу 1-сентябрга чейин созулуп, жеңүүчү сентябрдын аягында белгилүү болот.
🔻Кошумчалай кетсек, Ричард Брэнсон буга чейин суборбиталдык каттам жасаганын, жүргүнчүлөр салмаксыздык абалын баштан кечирип, Жерди 86 чакырым бийиктиктен көргөн.

🔺Sinopharm вакцинасы аймактарга жеткирилет
♦️Sinopharm вакцинасы таркатуу, ташуу жана сактоо алгоритмине ылайык, республиканын аймактарына бүгүн жеткирилет. Мындай маалыматты коронавирус менен күрөшүү Республикалык штабынан билдиришти.
♦️«Аймактык деңгээлге келгенден кийин вакциналар муздаткычтагы бөлмөлөрдө +2 +8 температурада сакталып, андан ары регионалдык деңгээлге бөлүштүрүлүп, убактылуу эмдөө пункттарына жөнөтүлөт», - деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова.
🔻Эске салсак, планга ылайык, калктын 70%, же 2 миллион 187 миң адамды эмдөө керек.

🔺Республикалык бюджеттин кирешеси 53,9% га өстү
♦️Республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү, алдын-ала маалыматтар боюнча, ушул жылдын январь-июнь айларында 80 миллиард 767 миллион сомду түздү. Мындай маалыматтарды Кыргызстандын Экономика жана каржы министрлиги келтирди.
♦️Чогултуу планы 4,5% га, же 3 миллиард 458,1 миллион сомго ашыкча аткарылды.
🔻Кошумчалай кетсек, өткөн жылдын тийиштүү көрсөткүчүнө салыштырмалуу бюджеттин жалпы кирешеси 28 миллиард 296,6 миллион сомго, же 53,9% га көбөйгөн.

🔺13-июлга карата Бишкекте күйүүчү майдын чекене баасы көтөрүлдү
♦️Бишкектеги май куюучу жайлардын ири тармактарынын расмий сайттарында 2021-жылдын 13-июлунда саат 10: 40ка карата АИ-92 бензининин баасы орто эсеп менен 0,65% га жогорулагандыгы айтылды.
♦️Борбор калаадагы май куюучу жайларда АИ-92 бензининин орточо баасы 53,8 сомго чейин жогорулады ▲ (0,35 сом, 0,65%). Май куюучу жайларда дизелдик отундун орточо баасы 49,05 сом ▲ (0,35 сом, 0,72%), суюлтулган газ - 29,5 сом ▲ (0,2 сом, 0,68%).
♦️АИ-92 бензининин эң төмөнкү баасы 52,9 сом, жогорку октандык АИ-95 55,9 сом. АИ-98 бензин эки май куюучу тармактар тарабынан сунушталат: "Газпром нефть" 60,5 сомдон жана "Бишкек Петролеум" бир литри 66,9 сомдон.
♦️Бишкектеги май куюучу жайдагы дизелдик отундун минималдык баасы 48,2 сом. Суюлтулган газ үч тармак боюнча сунушталат:
♦️"Партнер майы" - сом
Бишкек Петролеум - 30,1 сом (Бишкек шаарында жана Чүй облусунда үч май куюучу жай)
Газпром нефть - 28,9 сом (Бишкектеги үч май куюучу жай)
🔻Бул билдирүүнү "Акчабар" каржы порталынын роботу тарабынан түзүлдү. Эгер кандайдыр бир ката тапсаңыз, бизге кабарлап коюңуз.

🔺Орусиядагы «МИФИ» ядорлук университети акысыз окууга кабыл алууда
♦️Улуттук изилдөө ядролук университети "МИФИ" 2021-жылдын 31-июлуна чейин чет элдик жарандарды магистратурага акысыз негизде окууга кабыл алууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирет.
♦️Окууга алуу Орусиянын жарандары менен бирдей шарттарда кирүү сынактарынан өтөт.
♦️Документтерди кабыл алуу жана кирүү экзамендери аралык режимде жүргүзүлөт. Окуунун багыттарынын тизмеси, ошондой эле кабыл алуу комиссиясына тапшыруу үчүн зарыл документтердин тизмеси менен сайттан таанышса болот.
🔻Кошумчалай кетсек, студенттер жатакана менен камсыз болушат, ошондой эле стипендия дайындалат.

🔺Олимпиадада Кыргызстандын курама командасына кытайлык компания демөөрчүлүк кылат
♦️Кытайдын Tectop компаниясы Кыргызстандын курама командасына демөөрчүлүк кылып, спорттук кийимдердин комплекттерин берет. Бул тууралуу улуттук олимпиада комитетинин баш катчысы Саламат Эргешов "Ала-Тоо 24" телеканалына берген маегинде билдирди.
♦️Анын айтымында, Кыргызстан бул компания менен 2018-жылдан бери кызматташып келет. Ал кездеги Азия оюндарында кыргыз курама командасына спорттук кийимдердин 250 комплектин белек кылышкан.
♦️"Салтанаттуу кийимдерди "Дилбар" мода үйүнүн чеберлери тигишкен. Ал эми ата мекендик Bigser компаниясы мелдеш жараяны үчүн кийим тигип берди", - деди ал.
🔻Маалым болгондой, салтанаттуу кийимдердин бир топтому 95 миң сом турат. Ага чапан, бут кийим, баш кийим, кыздар үчүн көйнөк, моюн орогуч жана башкалар кирет. Кийимге каражатты улуттук олимпиада комитети төлөйт.

🔺Бүгүн бензиндин баасы өзгөргөн жок
♦️Бишкектеги май куюучу жайлардын расмий сайттарында бүгүн саат 10:40ка карата АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы орто эсеп менен өзгөрүүсүз калды.
🔻https://www.akchabar.kg/kg/news/bishkek-fuel-14-07-2021/

Акчабар
Бүгүн бензиндин баасы өзгөргөн жок
Бишкектеги май куюучу жайлардын расмий сайттарында бүгүн саат 10:40ка карата АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы орто эсеп менен өзгөрүүс...
🔺Салык кызматы алты айдын ичинде жарандардын кайрылуусу боюнча 43 кызматкерди жоопко тартты
♦️Мамлекеттик салык кызматына жыл башынан бери жарандардан 128 кайрылуу жана даттануу келип түштү. Анын ичинен жазуу жүзүндө 20, электрондук почта аркылуу 92, “ишеним телефонуна” жана “ыкчам байланыш” номерине 16 билдирүү келген. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
♦️Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 9 арыз ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, 47си салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 72 – ар түрдүү маселелер боюнча болгон.
🔻Кабыл алынган чаралардын натыйжасында 43 кызматкер жоопко тартылды, анын ичинен 2өө ээлеген кызматынан төмөндөтүлдү, 20сы катуу эскертүү алды, 11и сөгүш, 4өө эскертүү, 1 кызматкерге ээлеген кызматына толук ылайык келбөө жарыяланды, 5 кызматкер ротацияланды.

🔺Ош шаарындагы ички жолдорду оңдоого 22 млн сом бөлүндү
♦️Ош шаарындагы Алиев көчөсү толук оңдолот. Аталган жол менен кесилишкен Али-Жиннах жана Сүйүнбаев көчөлөрү да реконструкцияланат. Жолдордун асфальты жаңыланып, эки тарабына тротуар курулат. Ага 11 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын алдындагы жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов билдирди.
♦️“Жолду оңдоого үч жылдан бери аракеттенебиз. Алиев көчөсүндө буга чейин газ түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргөн. Жолдун эскилиги жетип жарабай калган. Долбоорго бөлүнгөн 11 миллион сом да жетпейт. Толугу менен бүтүшү үчүн 17 миллион керектелет. Калган бөлүгүн буйуртма алган компания өздөрү толуктай турган болду”,- деди Арзыбек Жунусов.
♦️Маалым болгондой, оңдолуп жаткан көчөлөр 2021-жылдын үчүнчү кварталында пайдаланууга берилет. Учурда ремонт иштери башталгандыктан жолдор убактылуу жабылган.
🔻Быйылкы жылы Ош шаардык жолдор башкармалыгына жергиликтүү бюджеттен 100 миллион сом бөлүнгөн. Анын 22 миллион сому ички жолдорду оңдоп-түзөөгө жумшалса, калганы коопсуз шаар долбооруна даярдануу, жол чырактарды оңдотуу өңдүү иштерге сарпталат.

🔺Ош облусунда 2300дөн ашык үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймакта жашайт
♦️Ош облусунун ар бир районунда жер көчкү түшүү коркунучу бар. Аймак боюнча жалпы 2332 үй-бүлө кооптуу жерлерден көчпөй жашап келишет. Бул тууралуу "Акчабарга" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Асан Сулайманов билдирди.
♦️Анын айтымында, мамлекет тарабынан көчүүгө жардам катары берилчү каражатты 1993-жылдан 2017-жылга чейин 1536 адам алган. Ошол мезгилде элге 12 миң сомдон 24 миң сомго чейинки каражат берилген. Бирок тургундар алигиче кооптуу аймактардан көчкөн эмес.
♦️Көчүүгө тийиш болгон жарандар 2017-жылдан тарта мамлекетке камсыздандыруу төлөм катары ай сайын 600 сомдон төлөшү керек болчу. Кооптуу аймакта жашагандардын көпчүлүгү үйүн камсыздандыруудан да өткөрбөй келет.
🔻Белгилей кетсек, Ош облусунун аймагында эң көп өзгөчө кырдаал катталган жана көчүрүлүүгө тийиш аймак болуп Өзгөн району турат.

🔺«Аэрофлот» Ысык-Көлгө түз аба каттамдарын ачты
♦️Жайкы туристтик сезондо "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 15-июлда Москвадан биринчи рейсти кабыл алат. Бул тууралуу "Манас" аба майданынын басма сөз кызматы билдирди.
♦️"Аэрофлот" Москва - Тамчы - Москва каттамы боюнча жумасына үч жолу - дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү учууну пландаштырууда.
🔻Баа саясатын билеттер белгиленген ички эрежелерге ылайык саткан авиакомпаниялар аныкташат.