Штаб КР по COVID-19
7.59K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊

16/04/2020
«Өткөн суткада коменданттык саат убагында 21:00дөн 6:00гө чейин тартип бузган 13 жаран кармалып, административдик протоколдор түзүлүп, эскертүүлөр берилди. Ал эми 4 автоунаа айып төлөнүүчү жайга токтотулду. Учурда коомдук саясий абал туруктуу, комендатуранын көзөмөлүндө», - деп билдирди Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты М.Нурдинов.
----------------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊

16/04/2020
«За прошедшие сутки в комендантское время с 21:00 до 6:00 задержано 13 нарушителей и составлены административные протоколы и даны предуприждения. А также 4 автотранспорта водворены на штраф стоянку. В настоящее время ситуация в регионе стабильная и находится под контролем комендатуры», - сообщил комендант Кара-Сууйского, Ноокатского районов и города Ош М.Нурдинов.
COVID-19: Республикалык штаб🔊
"Учурда Кара-Суу, Ноокат жана Ош шаарларында орнотулган банкомат, терминалдар токтоосуз иштеп жатат. Ал эми пенсия, жөлөкпулдар жарандарга “Кыргыз почтасы” аркылуу үйлөргө жеткирилип жатат", - деп билдирди Улуттук банктын Ош облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Жумаш Сыдыков.
---------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб 🔊

«В настоящее время банкоматы и терминалы, установленные в Кара-Суйском, Ноокатском районах и г.Ош, работают бесперебойно. Пенсии и пособия доставляются на дом работниками “Кыргыз почтасы», - сообщил руководитель управления Национального банка в Ошской области Джумаш Сыдыков.
COVID-19: Республикалык штаб🔊

🚩 "Улуттук банктын чечимине ылайык, кардарлар насыялардын пайыздарын убагында төлөй албай калышса, ага айып пул же туум кошулбайт", - деп билдирди Улуттук банктын Ош облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Жумаш Сыдыков.
---------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб 🔊

🚩 «Согласно решению Национального банка КР, если клиенты не смогут своевременно погасить проценты по кредитам, то штрафы или пени не будут начисляться», - сообщил руководитель управления Национального банка в Ошской области Джумаш Сыдыков.
Ыкчам штаб: СOVID-19 вирусун жуктурган оорулуулар менен контактта болгон жактар боюнча күчөтүлгөн көзөмөл жүрүүдө
https://www.gov.kg/ky/post/s/ykcham-shtab-sovid-19-virusun-zhukturgan-ooruluular-menen-kontaktta-bolgon-zhaktar-boyuncha-kchtlgn-kzml-zhrd
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊

16.04.2020
«Өткөн суткада коменданттык саат убагында Жалал-Абад облусу боюнча 24 кылмыш иши катталды. Ал эми коменданттык саат киргизилген аймакта – Жалал-Абад шаарында 3 адам кармалды. Жол эрежелерин бузуу боюнча 88 автоунаа айып төлөөнүүчү жайга киргизилди. Учурда коомдук саясий жана криминогендик абал туруктуу», - деп билдирди Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңиш Жоробеков.
----------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊

16.04.2020
«Во время комендантского часа за прошедшие сутки возбуждено 24 уголовных дела. В регионах, где введен комендантский час в городе Джалал-Абад 3 гражданина нарушили правопорядок и доставлены в городской ОВД. 88 единиц автотранспорта водворены на штраф стоянку за нарушение правил дорожного движения. Общественно-политическая и криминогенная ситуация стабильная и находится под контролем», - сообщил комендант г. Джалал-Абад и Сузакского района Жениш Джоробеков.
🇰🇬 COVID-19:Республиканский штаб

На администрируемый счет для борьбы с коронавирусом поступило 125,4 млн сомов

📍 По состоянию на 15 апреля 2020 года (17.00) общая сумма денежных средств, поступивших на администрируемый счет для зачисления добровольных взносов и безвозмездных средств на проведение мероприятий по борьбе с коронавирусной инфекцией на территории Кыргызской Республики, составила 125 млн 404 тыс. 486 сомов.
Информация об ежедневных поступлениях и расходах счета в режиме онлайн размещена на сайте help.covid.kg
---------------------------
🇰🇬 COVID-19:Республиканский штаб

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча административдик эсепке 125,4 млн сом келип түштү

📍 2020-жылдын 15-апрелине (саат 17.00) карата Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган администрацияланган эсепке жалпысынан 125 млн 404 миң 486 сом акча каражаты түштү.
Ачылган эсепке келип түшкөн акча каражаттар жана алардын сарпталышы тууралуу маалымат онлайн режиминде help.covid.kg сайтына жайгаштырылган.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
🚩 КР Саламаттык сактоо министрлигине, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Бишкек ш. Мэриясына келип түшкөн кайрымдуулук жардам тууралуу жана анын максаттуу бөлүштүрүлүшү тууралуу маалымат help.covid.kg маалыматтык ресурсунда жайгаштырылат. ⠀


Ачык-айкындуулукту жогорулатуу үчүн ресурста төмөндөгүдөй маалыматтар көрсөтүлүүдө:
📎 Атайын депозиттик эсептерге түшкөн акча каражаттар жана аларды бөлүштүрүү;
📎 Келип түшкөн жана көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдын көлөмү;
📎 Жардамды бөлүштүрүү: которуулардын негиздемелери, келип түшкөн кайрымдуу жардам кимге жана кайда жөнөтүлдү.

Ресурста төмөнкүдөй маалыматтарды чагылдыруу менен республикага көрсөтүлгөн гуманитардык жардам тууралуу кошумча маалымат жайгаштырылды: жардам көрсөткөн булак, берилген жардамдын беренелер боюнча бөлүштүрүлүшү жана анын көлөмү. Ошондой эле азык-түлүк алууга жарандардан келип түшкөн билдирмелердин саны, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн саны жана көрсөтүлгөн жардамдын көлөмү тууралуу маалымат жайгаштырылган, “ыкчам байланыш” боюнча көп берилген суроолор боюнча маалымат дагы илинген.

Маалыматтык ресурс Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен МТжБМК алдындагы IT Штабдын адистери тарабынан иштелип чыкты.
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб 🔊
🚩 На портале help.covid.kg размещается информация о поступившей благотворительной помощи Министерству здравоохранения КР, Министерству труда и социального развития, Мэрии г.Бишкек и о ее целевом распределении.

Для повышения прозрачности на ресурсе представлены следующие данные:
📎 Количество поступивших денежных средств на специальный депозитные счета;
📎 Объем поступившей и оказанной гуманитарной помощи;
📎 Распределение помощи: основания перечислений, куда и кому направлена поступившая благотворительная помощь.

Дополнительно на ресурсе размещена информация о предоставленной республике гуманитарной помощи с отображением следующих данных: оказавший помощь источник, постатейное наименование переданной помощи и ее объем. Также представлена информация о количестве поступивших от граждан заявок на получение продуктовой помощи, о количестве нуждающихся в помощи семей и количестве уже оказанной помощи, информация по часто задаваемым по «горячей линии» вопросам.

Информационный ресурс реализован при поддержке ПРООН в Кыргызстане, специалистами IT Штаба при ГКИТиС.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊

"Катталган жери Нарында бирок өздөрү башка аймактарда жүргөн жарандар учурдагы кырдаалга байланыштуу шаарга 30-апрелге чейин кире алышпайт. Бул чектөөлөр элдин саламаттыгы үчүн болуп жаткандыгын түшүндүрүп жатабыз", - деп билдирди Ат-Башы районунун жана Нарын шаарынын коменданты Уланбек Аалиев.
-------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊

«Граждане, зарегистрированные в Нарыне, но находящиеся сейчас в других районах, не смогут въехать в город до 30 апреля из-за сложившейся ситуации. Эти ограничения действуют в целях безопасности здоровья населения», - сказал комендант Ат-Башинского района и города Нарын Уланбек Аалиев.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊

"15-апрелден тартып Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна ӨА жана коменданттык саат киргизилди. Бир сутка ичинде коменданттык саат убагында кечки 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин Нарын шаары боюнча 8 жаран тартип бузду. Алардын ичинен 6 жаран мас абалында коомдук жайларда жүргөндүгү үчүн тиешелүү айып пул салынды", - деп билдирди Ат-Башы районунун жана Нарын шаарынын коменданты Уланбек Аалиев.
-----------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊

«С 15 апреля в городе Нарын и Ат-Башинском районе введен ЧП и комендантский час. За сутки во время комендантского часа с 21:00 до 6:00 нарушили порядок 8 граждан по г. Нарын. 6 из них были оштрафованы за то, что находились в общественных местах в нетрезвом состоянии», - сообщил комендант Ат-Башинского района и г. Нарын Уланбек Аалиев.
🇰🇬COVID-19: Республикалык штаб🔊

"Ар бир айылдан атайын автоунаалар өткөрмө кагаздары менен бөлүнөт. Алар дары-дармек, тамак-аш азыктарын ташыйт", - деп билдирди Ат-Башы районунун жана Нарын шаарынын коменданты Уланбек Аалиев.
-------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊

«В каждом селе выделяются специальные автомашины с пропусками для перевозки лекарств и продуктов питания», - сообщил комендант Ат-Башинского района и г. Нарын Уланбек Аалиев.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊

Улуттук фтизиатрия борборуна келген бейтаптардан COVID -19 инфекциясы медицина кызматкерлерине жугуп калбашы үчүн фтизиатр-дарыгерлердин тобу жана медайымдар инфекциялык көзөмөл боюнча окутуудан өтүштү. Борбордун кызматкерлери кургак учук жана жугуштуу оорулар боюнча тажрыйбалуу болгону менен аларга COVID-19 менен иштөөдө кошумча билим керек болгон.
---------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб 🔊

Во избежание заражения медицинских работников COVID-19 в случае поступления инфицированных пациентов в Национальный центр фтизиатрии, группа врачей-фтизиатров и медицинских сестер прошли обучение по инфекционному контролю. Сотрудники Центра имеют опыт работы с туберкулезом и инфекционными заболеваниями, но, тем не менее, им понадобилось дополнительное образование для работы с COVID-19.