Штаб КР по COVID-19
7.35K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кытайдан келген гумжардам республиканын түштүгүнө жөнөтүлдү
Саламаттык сактоо министрлиги Кытай Эл Республикасынан келген гуманитардык жардамды бөлүштүрдү. Бир жолку комбинезондордон, медициналык көз айнектен, бир жолку стерилдүү желим хирургиялык кол каптардан жана бахилалардан турган топтомдор, 200 комплекттен Ош ш., Жалал-Абад ш., Ноокат, Сузак жана Ала-Бука райондорундагы медкызматкерлерге берилди.

Ошондой эле 300 даана инфракызыл термометрлер Ош ш. жана Ош облусуна берилди, Жалал-Абад облусуна – 200 жана Баткен облусуна – 100 даана берилди.
---------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
Гумпомощь из Китая для борьбы с коронавирусом отправлена на юг республики
Минздрав распределило гуманитарную помощь, поступившую по линии Китайской Народной Республики. Так, комплекты состоящие из одноразовых комбинезонов, медицинских очков, одноразовых стерильных резиновых хирургических перчаток и бахил переданы по 200 комплектов медработникам г.Ош, г.Джалал-Абад, Ноокатского, Сузакского и Ала-Букинского районов.

Также, 300 штук инфракрасных термометров переданы в г.Ош и Ошскую область, в Джалал-Абадскую область – 200 и в Баткенскую область – 100.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
Нарын облусундагы медицина кызматкерлерине 780 даана бир жолу жана көп жолу колдоно турган атайын коргонуучу кийимдер Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилди.
------------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
Медицинским работникам Нарынской области, Минздрав предоставил 780 комплектов одноразовых и многоразовых специальных защитных костюмов.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
“Өткөн сутка ичинде Бишкекте коменданттык сааттын талаптарын 37 жаран бузду, бардыгы эркектер. Алардын ичинен 3 чет өлкөлүк жаран”, - борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев.
------------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
«В Бишкеке за минувшие сутки комендантский час нарушили 37 человек, все мужчины. Среди них 3 иностранных граждан», - комендант столицы Алмазбек Орозалиев.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
Бишкек комендатурасына 2020-жылдын 1-апрелинен 9-апрелине чейин 19864 электрондук арыз келип түштү. Анын ичинен 990 арыз жактырылды.
------------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
В комендатуру Бишкека с 1 по 9 апреля 2020 года поступило 19864 электронных заявок. Удовлетворено 990 заявок.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
Баткен облусуна мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 585,5 тонна ун бөлүндү.
Анын 104 400 кг Лейлек районуна жеткирилип, 2088 үй-бүлөгө, 12 тонна 800 кг Сүлүктү шаарында 256 үй-бүлөгө таратылды.
13-апрелде Баткен району жана Баткен шаарына 220 тонна ундун келиши күтүлүүдө. Андан кийинки этапта Кадамжай району менен Кызыл-Кыя шаарына алып келүү пландаштырылган.
Материалдык резервден келген ун облустагы муктаж үй-бүлөлөргө таркатылып, анын бөлүштүруүсүн атайын комиссия көзөмөлгө алууда.
----------------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
Из фонда государственного материального резерва Баткенской области выделено 585,5 тонн муки.
Из них, 104 400 кг доставлены в Лейлекский район - 2088 семьям, 12 тонн 800 кг в г.Сулюкта - 256 семьям.
13 апреля ожидается прибытие 220 тонн муки в Баткенский район и город Баткен. Следующим этапом планируется доставка в Кадамжайский район и город Кызыл-Кия.
Мука из фонда госматрезерва распределяется нуждающимся семьям области, их распределение контролируется специальной комиссией.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
10/04/2020
“Өткөн суткада коменданттык саат убагында 20:00дөн 7:00гө чейин тартип бузган 6 жаран кармалып, протоколдор түзүлүп, эскертүүлөр берилди. Учурда коомдук саясий абал туруктуу, комендатуранын көзөмөлүндө”, - деп билдирди Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты М.Нурдинов.
----------------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
10/04/2020
«За прошедшие сутки в комендантское время с 20:00 до 07:00 задержано 6 нарушителей, составлены протоколы и даны предупреждения. В настоящее время ситуация в регионе стабильная и находится под контролем комендатуры», - сообщил комендант Кара-Сууйского, Ноокатского районов и города Ош М.Нурдинов.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
10.04.2020
Пакистанда У.А. аттуу 1947-ж.т. кыргызстандык жүрөк оорусунан каза тапты, анда COVID-19 инфекциясы да бар экени аныкталган.
Көз жумган жарандын экинчи тесттеринин жыйынтыгы күтүлүп жаткан, ал карантиндик зонада болчу. Улгайган курагынан улам анда башка тубаса илдеттери да өрчүп кеткен.
Маркумдун туугандарынын макулдугу менен сөөк Пакистанга коюлду.
Жалпысынан Пакистанда коронавирус инфекциясына чалдыккан Кыргызстандын 7 жараны бар. Бирөөсү каза болуп, алтоосу обсервацияда калууда.
---------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб 🔊
10.04.2020
В Пакистане скончался один кыргызстанец У.А. 1947 г.р. от сердечного приступа, у него был положительный COVID-19.
У умершего ожидались результаты вторичных тестов, он находился в карантинной зоне. В силу пожилого возраста у него были хронические заболевания.
По согласованию с родственниками тело захоронено на территории Пакистана.
Всего в Пакистане было 7 граждан Кыргызстана, зараженных коронавирусной инфекцией. Один скончался, шестеро остаются в обсервации.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
«Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору Кыргызстанга COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүгө гуманитардык жардам беришти

2020-жылдын 10-апрелинде Эл аралык "Манас" аэропорту Кытай Эл Республикасынан чартердик жүк каттамы менен келген гуманитардык жүктү тосуп алышты.

Гуманитардык жардамдар «Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору тарабынан жалпы суммасы 1 млн 800 миң юанды (255 миң $ ашык) түзгөн коргоочу костюмдар, беткаптар, термометрлер өңдүү каражаттар тибинде келди.
Мындан тышкары, жакынкы аралыкта өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жана экспресс-тесттердин келиши күтүлүүдө.

Жардам көрсөтүүлөр КР Тышкы иштер министрлигинин, Кытайдагы кыргыз элчилигинин жана ШКУ Катчылыгынын өз ара аракеттешүүсүнүн негизинде "Алибаба" жана "Джек Ма" фонддору аркылуу жүргүзүлдү.
--------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
Фонды «Алибаба» и «Джека Ма» предоставили Кыргызстану гумпомощь в борьбе с COVID-19

В Международном аэропорту «Манас» 10 апреля 2020 года встретили чартерный грузовой рейс из Китайской Народной Республики с гуманитарным грузом.

Гумпомощь на общую сумму 1 млн 800 тыс. юаней (более $ 255 тыс.) в виде защитных костюмов, масок, бесконтактных термометров была предоставлена Фондами «Алибаба» и «Джек Ма».

Кроме этого, в ближайшее время ожидается поступление экспресс-тестов и аппаратов искусственной вентиляции легких.

Помощь оказана по линии взаимодействия Министерства иностранных дел КР, Посольством КР в КНР с Секретариатом ШОС и Фондами «Алибаба» и «Джека Ма».
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
Бишкектин коменданты А. Орозалиевдин 10-апрелге карата кырдаал, пропусктарды берүү, буйруктардагы өзгөрүүлөр, төлөө терминалын уурдоо жана карантин учурундагы балдар менен болгон кырсыктар тууралуу брифинги.
https://www.youtube.com/watch?v=_ON7pL5UoWg
------------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
Брифинг коменданта города Бишкек А. Орозалиева о текущей ситуации на 10 апреля, выдаче пропусков, изменениях в приказах, о краже платежного терминала и несчастных случаях с детьми во время карантина.
https://www.youtube.com/watch?v=_ON7pL5UoWg
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб 🔊
«Во время комендантского часа за прошедшие сутки задержано 7 нарушителей правопорядка по Джалал-Абадской области. Из них, по городу Джалал-Абад - 4, по Сузакскому району - 3. По Джалал-Абадской области возбуждено 21 уголовное дело. Во время профилактических мероприятий 59 автомашины водворены на штраф стоянку. Общественно-политическая и криминогенная ситуация стабильная и находится под контролем», - сообщил комендант Жениш Жоробеков.
------------------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
10/04/2020
«Өткөн суткада коменданттык саат ичинде саат 20:00дөн саат 7:00гө чейин Жалал-Абад областы боюнча 7 адам кармалды. Анын ичинен Жалал-Абад шаарында - 4, Сузак району боюнча 3 адам. Жалал-Абад облусу боюнча 21 кылмыш иши катталды. Профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда 59 унаа айып төлөнүүчү токтотмого коюлду. Учурда коомдук саясий криминогендик абал туруктуу», - деп билдирди Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңиш Жоробеков.
Республиканын аймактарында 2020-жылдын 10-апрелине карата калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу маалымат

https://www.gov.kg/ky/post/s/respublikanyn-aymaktarynda-2020-zhyldyn-10-apreline-karata-kalktyn-ayarluu-katmaryna-berilgen-zhardamdar-tuuraluu-maalymat
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
“Насыялык төлөмдөрдү убагында төлөбөгөндөр үчүн, учурдагы кырдаалды эске алып, бардык банктарга бул мөөнөттү кредиттик тарыхка кошпоо сунушталды”, - деп билдирди КР Улуттук Банкынын расмий өкүлү Аида Карабаева.

Белгилей кетсек, Өзгөчө абал режими күчүндө болгон мезгилинде насыяларды төлөө айыптарды жана пеняларды кошпостон үч айга жылдырылган.
------------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
«За несвоевременное погашение кредитных выплат, всем банкам рекомендовано не включать данный период в кредитную историю с учетом нынешней ситуации», - сообщила официальный представитель Национального Банка КР Аида Карабаева.

Отметим, что в рамках действия режима ЧП сроки оплаты кредитов отсрочены на три месяца без начисления штрафов и пени.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
“Насыяларды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча, коммерциялык банктар карыз алуучулардын ар бир кайрылуусун индивидуалдык тартипте карайт жана төлөмдөрдү жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берет”, - деп билдирди КР Улуттук Банкынын расмий өкүлү Аида Карабаева.
------------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
«Относительно отсрочки погашения кредитов, коммерческие банки рассматривают каждое заявление заемщиков в индивидуальном порядке и предоставляют отсрочку по выплатам», – сообщила официальный представитель Национального Банка КР Аида Карабаева.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
Аманатчылар кабатыр болбой эле койсо болот, бүгүнкү күндө банк системасы туруктуу жана стабилдүү тартипте иштеп жатат, ал эми бардык каражаттар, пайыздарды кошо аманат боюнча түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык толук көлөмдө төлөнөт – КР Улуттук Банкы.
------------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
Вкладчики могут не беспокоиться, на сегодняшний день банковская система устойчива и работает в стабильном режиме и все средства, включая проценты согласно условиям заключенного договора по депозиту, будут выплачены в полном объеме – НБКР.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
Валюта рыногундагы абал бүгүнкү күнгө карата туруктуу, АКШ долларынын курсу сомго карата жыл башынан бери 11,92%га өстү. Алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүсүн болтурбоо үчүн КРУБ жалпы суммасы 216,9 млн АКШ долларды сатуу боюнча 8 интервенция жүргүзгөн.
Улуттук Банктын эл аралык резервдери 9-апрелге карата 2 млрд 368,8 млн АКШ долларын түздү.
------------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
Ситуация на валютном рынке на текущий день относительно стабильная, официальный курс доллара США по отношению к сому с начала года по 10 апреля вырос на 11,92%. Для недопущения резких скачков обменного курса НБКР провел 8 интервенций по продаже на сумму 216,9 млн долларов США.
Международные резервы Нацбанка на 9 апреля составили 2 млрд 368,8 млн долларов США.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
КР Улуттук Банкында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү иштейт, мында банк кызматтары, анын ичинде насыялар боюнча жылдыруулар жөнүндө жарандардын кайрылуулары каралат. Бардык байланыштарды мекеменин расмий сайтынан жана соцтармактагы баракчаларынан көрсө болот. Коомдук кабылдаманын телефону: 0(312)-610486, сайты: https://www.nbkr.kg/.
------------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
В НБКР работает отдел защиты прав потребителей, который рассматривает обращения граждан по вопросам банковских услуг, включая отсрочку по кредитам. Все контакты можно посмотреть на официальном сайте и страницах в соцсетях ведомства. Телефон общественной приемной: 0(312)-610486, сайт: https://www.nbkr.kg/.