Штаб КР по COVID-19
7.52K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
В Ошской области проверят контактных лиц с больными COVID-19

С 25 апреля, в Ноокатском, Узгенском, Кара-Сууйском и Чон-Алайском районах Ошской области, мобильные группы врачей, начали проводить обход контактных лиц, находящихся на домашнем карантине.
Врачи проверят условия карантина, температуру тела этих граждан, а также проведут ПЦР анализы.

С 25 марта мобильные группы врачей осмотрели 11 898 жителей Ошской области, которые находились на домашнем карантине, из них 9 138 человек были освобождены от домашнего карантина.

На сегодняшний день 5 мобильных групп проверили 174 чел. в Узгенском районе, 18 мобильных групп в Кара-Суу осмотрели 27 чел., у которых диагностировано COVID-19, и их 301 контактных родственников, в Чон-Алае также осмотрели всех контактных лиц.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб

26.04.2020
Өткөн суткада коменданттык саат убагында 21:00дөн 6:00гө чейин тартип бузгандардын саны:
Бишкек ш. – 29
Ош ш., Кара-Суу, Ноокат р. – 5
Жалал-Абад ш., Сузак р. – 6
Нарын ш., Ат-Башы р. – 4

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
----------------------------
26.04.2020
За прошедшие сутки комендантский час с 21:00 до 6:00 нарушили:
г.Бишкек – 29
г. Ош, Кара-Сууский, Ноокатский р. – 5
г.Джалал-Абад, Сузакский р. – 6
г.Нарын, Ат-Башинский р. - 4

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
Covid-19 илдети менен ооруган кош бойлуу бейтап ийгиликтүү үйгө чыгарылды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Covid-19 илдети менен ооруган жаш келинди дарыгерлер айыктырып чыгарышты. Дарыланган келиндин беш айлык боюнда бар болгон.

Бейтаптын айтымында, бул анын үчүнчү кош бойлуулугу, бактыга жараша коронавирус дарылоодо өтүшүп кеткен эмес.

Жаш келин стационарда 14 күндүк дарылануудан өтүп, ПЧР-анализин тапшырып терс жыйынтык чыккандан кийин үй карантинине жиберилди.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
---------------------------
Беременную пациентку с положительным Covid-19 выписали домой

В Ала-Букинском районе Джалал-Абадской области выписали беременную пациентку, у которой подтвердился Covid-19. Она проходила лечение, будучи на пятом месяце беременности.

По словам выписанной пациентки, это ее третья беременность, которая, проходит без осложнений на фоне лечения коронавируса.

На 14 день после лечения в стационаре, получив отрицательные анализы на ПЦР, пациентку отправили на домашний карантин.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
COVID-19 илдети менен ооруган 85 жаштагы бейтапты үйгө чыгарышты
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык ооруканасынын дарыгерлери коронавирус илдети тастыкталган 85 жаштагы бейтапты айыктырышты. Анын оорусу жеңил түрдө өткөн.

Аял 2020-жылдын мартында кичи хаджадан келгендердин арасында болгон. Сапарда аны коштоп жүргөн келининен вирус табылган эмес.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
-----------------------------
85 летняя-пациентка с COVID-19 выписана домой

Врачи Ала-Букинской территориальной больницы в Джалал-Абадской области вылечили пожилую пациентку с подтверждённым диагнозом COVID-19. Болезнь протекала в легкой форме.

Женщина была в числе граждан вернувшихся в марте 2020 г. из малого хаджа.
У сопровождавшей ее в поездке снохи, вирус не выявлен.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
Иш чөйрөсүн жандандыруунун графиги тууралуу соцтармактарга жайылтылып жаткан маалыматтар ФЕЙК.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
---------------------------
Распространяемая информация в соцсетях о графике возобновления сфер деятельности ФЕЙК.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
Бишкекке Бириккен Араб Эмиратынан Кыргызстандын жарандары келди

Бүгүн, 26-апрелде «Fly Dubai» авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» каттамы менен Кыргызстандын 178 жараны келди.

📌 КР ТИМ эскертет, эмират тарабынан Бириккен Араб Эмиратындагы Кыргызстандын жарандарын кайтарып келүү үчүн 2020-жылдын 3чү жана 10-майында кошумча каттамдарды уюштуруу боюнча болжолдуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
В Бишкек из ОАЭ вернулись граждане Кыргызстана

Сегодня, 26 апреля, рейсом авиакомпании «Fly Dubai» по маршруту «Дубай-Бишкек» в страну прибыли 178 граждан Кыргызстана.

📌 МИД КР напоминает, что с эмиратской стороной достигнута также предварительная договоренность об организации дополнительных рейсов для вывоза граждан Кыргызстана из Объединенных Арабских Эмиратов 3 и 10 мая 2020 года.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
Нарын шаарында коронавирус илдетин аныктай турган көчмө лаборатория иштей баштады

🚑 Облус аймагында COVID-19 илдетин жуктургандардын саны көбөйө баштагандан улам, аталган лаборатория облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жайгаштырылып, 23-апрелден бери иштей баштады.

Учурда ал жерде 4 адис иштеп жатат, үчөө Бишкек шаарынан келди.

📌 Бул лабораторияда күнүнө 100 ПЧР-анализ чыгарганга мүмкүнчүлүк бар.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
В г. Нарын начала работать мобильная лаборатория по проведению ПЦР анализа на выявление вируса COVID-19

🚑 В связи с растущим числом случаев COVID-19 в регионе, лаборатория была расположена в областном центре санитарно-эпидемиологического надзора и начала функционировать с 23 апреля.

В настоящее время там работают 4 специалиста. Трое приехали из Бишкека.

📌 Лаборатории имеет возможность проводить ежедневно 100 ПЦР-анализов.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
Бүгүн, 2020-жылдын 26-апрелинде КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Саламаттыкты сактоо жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борборунда КР Өкмөтүнүн, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана Кытайдын медицина эксперттер тобу менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга вице-премьер-министр Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министри КР Сабиржан Абдикаримов КР, Президенттик Аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, Кыргызстандагы КЭР Атайын жана ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь ж. б. катышты.

Келгенден бери Эксперттик топ оорулардын алдын алуу, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар боюнча республикалык борборунун иштери менен таанышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө делегация мүчөлөрү жергиликтүү дарыгерлердин кызыккан суроолоруна жооп берип, COVID-19 илдети менен күрөшүүдөгү КЭР тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб
Сегодня, 26 апреля 2020 года в Центре развития здравоохранения и медицинских технологий при МЗ КР состоялась встреча представителей Правительства КР и Министерства здравоохранения КР с медицинской экспертной группой КНР.

Встреча прошла с участием вице-премьер-министра КР Аиды Исмаиловой, министра здравоохранения КР Сабиржана Абдикаримова, заместителя руководителя Аппарата Президента КР Алмаза Кененбаева, Чрезвычайного и Полномочного Посла КНР в Кыргызстане Ду Дэвэнь и др.

С момента приезда Экспертная группа ознакомилась с работой Департамента профилактики заболеваний, государственного санитарно-эпидемиологического надзора и Республиканского центра карантинных и особо опасных инфекций.

В ходе встреч, члены делегации ответили на интересующие вопросы местных врачей и поделились опытом КНР по борьбе с COVID-19.

🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб
📋 Күндүн жыйынтыгы 26.04.2020

Бүгүн 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 370ге жетти.

COVID-19 инфекциясынын жуктурган жаңы 17 учуру катталды.

Жалпы жуктурган - 682.
Ооруканада - 304, анын ичинен реанимация - 6.
Каза тапты – 8
Обсервацияда 1183 адам жатат.

📌 COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 2 706.

📌 Иш чөйрөсүн жандандыруунун графиги тууралуу соцтармактарга жайылтылып жаткан маалыматтар ФЕЙК.

Нарын шаарында коронавирус илдетин аныктай турган көчмө лаборатория иштей баштады.

Бишкекке Бириккен Араб Эмиратынан Кыргызстандын 178 жараны келди.

КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Саламаттыкты сактоо жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борборунда КР Өкмөтүнүн, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана Кытайдын медицина эксперттер тобу менен жолугушуу болуп өттү.

🚨 Өткөн суткада өлкө боюнча коменданттык саат убагында тартип бузгандардын саны 44.