Штаб КР по COVID-19
7.35K subscribers
5.04K photos
1.21K videos
79 files
3.33K links
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналы
Download Telegram
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
8/04/2020
«Во время комендантского часа с 20:00 7 апреля до 7:00 8 апреля задержано 27 нарушителей правопорядка по Джалал-Абадской области. Из них, в городе Джалал-Абад – 15, по Сузакскому району – 12. По данным фактам составлены протокола, идет разбирательство. За прошедшие сутки по Джалал-Абадской области возбуждено 22 дела, все дела раскрыты. Во время профилактических мероприятий 74 автомашины водворены на штраф стоянку. Общественно-политическая и криминогенная ситуация стабильная и находится под контролем», - сообщил комендант по г.Джалал-Абад и Сузакскому району Жениш Джоробеков.
----------------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
8/04/2020
«Өткөн суткада коменданттык саат ичинде саат 20:00дөн саат 7:00гө чейин Жалал-Абад облусу боюнча 27 адам кармалды. Анын ичинен Жалал-Абад шаарында – 15, Сузак району боюнча – 12 адам. Бул фактылар боюнча протоколдор толтурулуп, териштирүү жүрүп жатат. Жалал-Абад облусу боюнча 22 кылмыш иши катталып, анын баарынын бети ачылды. Профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда 74 унаа айып төлөнүүчү токтотмого коюлду. Учурда коомдук саясий криминогендик абал туруктуу», - деп билдирди Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңиш Жоробеков.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊

Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдиновдун кайрылуусу.

Урматтуу жарандар, социалдык тармактарда ар бириңиздер дарыгер болуп ар кандай туура эмес маалымат таратпаңыздар. Бир гана медицина кызматкерлеринин кеңештерин угуңуздар жана айтылып жаткан санитардык эрежелерди, карантиндик талаптарды аткарып, өтө зарыл иш болбосо үйдөн чыкпаңыздар.
----------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊

Обращение коменданта Кара-Суйского, Ноокатского районов и города Ош Малика Нурдинова.

Уважаемые граждане, не будучи врачом, не распространяйте в социальных сетях ложную информацию. Слушайте только советы медицинских работников, соблюдайте санитарные правила, требования карантина и без острой необходимости не выходите из дома.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
🌾 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев облус аймагында жүрүп жаткан жазгы талаачылык иштери менен таанышып, дыйкандардын ишмердүүлүгүнө эч кандай тоскоолдуктар болбошу керектигин баса белгиледи.

Өкүлчүлүктүн аймакты өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн маалыматында күздүк эгин 7 миң 269 гектарга айдалган, болжол менен жаздык буудай 4 миң 963 га жана арпа 33 миң 674 га, картошка 23 миң 787 га жана жашылча 2 миң 880 га айдалмакчы.
------------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
🌾 Полномочный представитель Правительства КР в Иссык-Кульской области Акылбек Осмоналиев ознакомился с ходом весенне-полевых работ. Глава области отметил, что ограничений для проведения весенне-полевых работ не будет.

По информации отдела регионального развития и мониторинга полпредства, озимей пшеницы по области посеяно на площади 7 тыс. 269 га, посев яровой пшеницы ожидается на 4 тыс. 963 га, ячменя на 33 тыс. 674 га, посадка картофеля планируется на площади 23 тыс. 787 га, а зелени на 2 тыс. 880 га.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
“КР Билим берүү жана илим министрлиги ѳлкѳдѳгү убактылуу кырдаалды эске алып, 2019-2020- окуу жылынын IV чейрегин дистанттык форматта жүргүзүү чечимим чыгарып, бүгүн 8-апрелде республикабыздын бардык региондорунда окуу башталды”, - деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.
----------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
«Учитывая сложившуюся ситуацию в стране МОН КР приняло решение IV четверть 2019-2020 учебного года начать в дистанционном формате. С 8 апреля во всех регионах республики начались занятия», - сообщила замминистра образования и науки Надира Джусупбекова.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
“Министрликте дистанттык форматта билим берүү тобу уюштурулду, бул топ бардык суроолорго жооп берип, кеӊеш берип, ар бир регион менен байланышып, пайда болгон кѳйгѳйлѳрдү чечүүгө жардам берет”, - деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Анын айтымында, ыкчам байланыш үчүн тѳмѳнкү телефондорго чалуу керек:

📞 0550-512-075;
📞 0550-801-026;
📞 0550-368-784;
📞 0550-513-385;
📞 0557-442-355
----------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
«В Министерстве образования организована группа по оказанию консультаций по дистантной форме обучения, где ответят на все вопросы, будут поддерживать связь с регионами для оказания помощи в решении возникших проблем», - сообщила замминистра образования и науки Надира Джусупбекова.

По ее словам, воспользоваться горячей линии можно позвонив по следующим номерам:

📞 0550-512-075;
📞 0550-801-026;
📞 0550-368-784;
📞 0550-513-385;
📞 0557-442-355
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊

Мессенджерлерде тарап жаткан “Объекттерди ачуу ЭТАПТАРЫ” тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт жана Кыргызстандагы карантиндик режимге эч кандай тиешеси жок.
----------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊

Информация распространяемая в мессенджерах «ЭТАПЫ открытия объектов» не соответствует действительности и не имеет никакого отношения к карантинному режиму в Кыргызстане.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
“Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук билим берүүнүн сапатын баалоо борбору 4-11-класстардын оокучуларынын жетишкендиктерин баалоо үчүн какомплекстүү тесттерди иштеп чыкты. Бул тесттерди ошондой эле онлайн жана офлайн режимдеринде пайдаланса болот”, - деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Н.Жусупбекова белгилегендей, аталган тесттер oku.edu.gov.kg порталында дагы жеткиликтүү.
----------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
«Национальным центром оценивания образовательных достижений при МОН КР разработаны комплексные тесты для оценивания достижений учащихся с 4 по 11 классы. Эти тесты также можно использовать в онлайн и офлайн режимах», - сообщила замминистра образования и науки Надира Джусупбекова.

Как отметила Н.Джусупбекова, данные тесты доступны на портале oku.edu.gov.kg.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
Дистанттык окутуу учурунда мугалимдер окуучулардын аткарган тапшырмалары үчүн бааларды коюшат. Бирок жылдык бааларды чыгарууда окуу жылынын алгачкы үч чейреги негиз катары алынат.
----------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
Во время дистанционного обучения учителя будут ставить оценки ученикам за выполненные задания. Однако, при выставлении годовых оценок за основу будут взяты первые три четверти учебного года.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 1 млн 362 миң 934 адам коронавирус оорусуна чалдыккан. Мунун ичинен 76 миң 367 адам каза болду.

“Бул көрсөткүчтөр бир жуманын ичинде эле 3 эсеге өстү. Эң коркунучтуу кабар катары буга чейин Италиядагы статистикаларды айтылып жатса, учурда эң жаман сан катары Америкада бир сутканын ичинде 1736 адамдын каза болгону айтылды”, - деп билдирди биринчи вице-премьер-министр К.Боронов.
----------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
На сегодняшний день в мире 1 млн 362 тыс. 934 человека заразились коронавирусом. Из них, 76 367 человек скончались.

«Эти показатели в 3 раза увеличились всего за неделю. Если раньше говорили о устрашающей статистике в Италии, теперь же всех шокировало 1736 летальных исходов за сутки в Америке», - добавил первый вице-премьер-министр К. Боронов.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
Учурда өлкөдө 2 счет ачылган:
1) Калктын аярлуу катмарын камсыз кылуу максатында көрсөтүлүп жаткан жардамдарды координациялоо үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында счет ачылды. Ага акчалай каражат түрүндө 6 млн 484 миң сом түштү.
2) Коронавируска каршы күрөшүү максатында Финансы министрлигинин астында атайын депозиттик счет ачылды. Ага 8-апрелге карата жалпысынан 103 млн сом келип түштү. Бул толугу менен медициналык максатка жумшалат.
----------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
На данный момент в стране открыто 2 счета:
1) Для координации помощи, оказываемой уязвимым слоям населения, открыт счет при Министерстве труда и социального развития, куда поступило 6 млн 484 тыс. сомов.
2) Для борьбы с коронавирусом при Министерстве финансов открыт депозитный счет. На 8 апреля 2020 года на этот счет поступило 103 млн сомов. Эти денежные средства будут полностью направлены на медицинские цели.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
Жалпысынан 20-марттан тартып бүгүнкү күнгө чейин чартердик рейстер аркылуу сырттан 4769 адам мекенине алынып келинди.
----------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
В Кыргызстан с 20 марта чартерными рейсами возвращено 4769 человек.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
толукталды
Кыргызстандан россиялык жарандарды алып чыгып кетүү үчүн атайын рейс уюштуруу маселеси иштелүүдө. Учурдан пайдаланып, Новосибирсктен биздин мекендештердин биринчи бөлүгү кайтарылышы ыктымал.
Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн каттамдын так датасы жок. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
----------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊 дополненно
Прорабатывается вопрос организации рейса для вылета российских граждан из Кыргызстана, пользуясь случаем, из Новосибирска возможно будет возвращена первая часть наших соотечественников.
Отметим, что точной даты вышеуказанного рейса нет. Ведутся переговоры.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
❗️Коммуналдык кызматтардын баары 3 айга өчүрбөө жагын карадык. Эч кандай туумдар кошулбайт.
----------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
❗️Сроки оплаты коммунальных услуг продлены на 3 месяца. Пени за просрочку оплаты начисляться не будут.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
Түркияда дагы 360, Дубайда 300 жараныбыз келебиз деп күтүп жатышат.

“Биз тышта жүргөн бардык жарандарыбыз боюнча так маалыматтарыбыз бар, элчиликтер катуу иштеп жатышат. Болгон аракеттерди көрүп жатабыз. Ошондуктан азырынча келбей, эпидемиянын курч мезгили өтүп кеткенче карантинде туруп туруу керек. Аэропорттор иштегенче баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам”, - деп жарандарга кайрылды биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.
----------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
В Турции ожидают возвращения на родину 360, а в Дубай 300 наших граждан.

«Мы владеем точной информацией о кыргызстанцах, находящихся в других странах, диппредставительства работают в усиленном режиме. Прилагаются все усилия для решения этих вопросов. При этом, если вы находитесь на карантине в чужой стране, для сохранения здоровья, просьба, соблюдать все требования и санитарные правила. Просим потерпеть, до возобновления работы аэропортов», - обратился к гражданам первый вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
Финансылык институттар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат:
- Эл аралык валюта фонду – $120,9 млн (келди),
- Дүйнөлүк банк МЭП аркылуу – $12 млн (50% – насыя, 50% – грант) ,
- Германиянын GIZ уюмунан (гум жардамга €550 миң грант чечти),
- Азия өнүктүрүү фонду – $100 млн (сүйлөшүүлөр жүрүп жатат),
- ЕБРР – $100-150 млн (сүйлөшүүлөр жүрүп жатат),
- Ислам өнүктүрүү банкы – $11 млн (сүйлөшүүлөр жүрүп жатат).
----------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
Правительство ведет переговоры с финансовыми институтами об оказании помощи:
- Международный валютный фонд – $120,9 млн (поступили)
- Всемирный банк – $12 млн (50% – кредит, 50% – грант)
- GIZ (гум.помощь в виде гранта на сумму €550 тыс.)
- Азиатский фонд развития – $100 млн (идут переговоры)
- ЕБРР – $100-150 млн (идут переговоры)
- Исламский банк развития – $11 млн (идут переговоры).
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
Өзгөчө абал киргизилген бардык шаарларда, райондордо Мамкаттоо кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын иши 31-марттан баштап абал турукташтырылганга чейин токтотулду: ЦОНдор, унаа каражаттарын каттоо, почта кызматтары, архивдик кызматтар убактылуу иштебейт.
----------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
С 31 марта до стабилизации ситуации на территориях, где введен режим ЧП закрыты ЦОНы, в том числе паспортные отделы и ЗАГС. Временно прекращено предоставление услуг регистрации транспорта, почты и архивов.
🇰🇬 COVID-19: Республикалык штаб🔊
🚩 “Дарыгерлер апрель айында айлык акысын жана үстөк төлөмдөрүн мөөнөтүндө алышат”, - деп билдирди КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, марттын төлөмдөрү чындыгында кармалып берилүүдө. Бул кызматкерлер жөнүндө туура эмес маалыматтар берилип жаткандыгына байланыштуу болгон.

🚩 “Айрым региондордо коронавирусунун жайылышына каршы күршүүгө тартылган дарыгерлердин саны бурмаланып берилген. Кызматкерлердин саны атайылап көп айтылганы аныкталды. Бүгүнкү күндө бул кырдаал жөнгө салынды, бардык төлөмдөр убагында жүзөгө ашырылат”, - деп ишендирди Кубатбек Боронов.
----------------------
🇰🇬 COVID-19: Республиканский штаб🔊
🚩 «Врачи в апреле получат заработную плату и надбавки в срок», - сообщил первый вице-премьер-министр КР Кубатбек Боронов.

По его словам, выплата за март действительно идет с задержкой. Это было связано из-за подачи недостоверной информации о сотрудниках.

🚩 «В некоторых регионах искажали количество привлечённых врачей в борьбе с распространением коронавируса. Количество сотрудников умышленно завышали. Но на сегодняшний день с этим случаем разобрались, и выплаты будут осуществляться вовремя», - заверил Кубатбек Боронов.