ПАЙДАЛУУ ИЛИМ
3.24K subscribers
602 photos
39 videos
700 links
Download Telegram
Audio
Мээрбек
Шайтан адамды алты жол менен азгырат


🖥 https://youtu.be/9r0ZNKsj_Eg

🎙http://t.me/Meerbek_kelsinbek

#шайтан #кыска_пайда
Audio
Хадис
Бул төрт зикирди көп айтып жүрөлү!

🖥 https://youtu.be/r5vCI8j75j8

🎙http://t.me/Meerbek_kelsinbek

#зикир #кыска_пайда
Audio
Шейх Усеймин
Күнөө жана сооп деген маселеде 4 нерсени сөзсүз түшүнүп алыңыз!


🖥 https://youtu.be/EBofrAgY_Q4

🎙http://t.me/Meerbek_kelsinbek
قال ابن الجوزي رحمه الله:

" عجبت لمن يتصنع للناس يرجو التقرب من قلوبهم وينسى أن قلوبهم بيد الله ".

Мен танкаламын, адамдардын жүрөгүнө жакындайын деп аларга жакындаганын, ошол эле учурда жүрөктөрү Аллахтын колунда экенин унутканын.
صيد الخاطر (ص٦٩٧)
#ыклас
Audio
Ибн Бааз
Пайгамбарыбыз ﷺ ушундай адам болорун эскерткен

🖥 https://youtu.be/9Z5vRiunbGQ

🎙http://t.me/Meerbek_kelsinbek

#кыска_пайда #хадис
Audio
Ибн Коййим
Төрт учурда ырыскы кеңейет жана төрт учурда тар болуп баштайт

🖥 https://youtu.be/VAJITinFA9M

🎙http://t.me/Meerbek_kelsinbek

#ырыскы #кыска_пайда
Адам денесине көңүл буруудан мурда жүрөгүн оңдоого көңүл бурушу керек, себеби денесине кам көрүү менен калкка көрүнсө, жүрөгүн оңдоо менен Роббисине көрүнөт.
📚|[ تفسير سورة الزمر ٧٤ ]|
ابن عثيمين رحمه الله:
༄༅‏༄༅‏༄༅‏༄༅❁❁✿❁❁‏༄༅‏༄༅‏༄༄༄

🎙http://t.me/Meerbek_kelsinbek
Аллахтын элчиси ﷺ айтты :

"Жебрейил периште келип айтты:
"Оо, Мухаммад! Канча өмүр сүрбө, акыры өлүмгө жолугасың, кимди жакшы көрсөң да андан ажырооң бар, каалагандай амал кылгын, ал үчүн жооп берүүң бар.
Билгин! Адам үчүн түнкү намазга турууда жакшылык, адамдардан көз карандысыздыгында ызат бар"".

( شعب الايمان للبيهقي 10540 حسن)

🎙http://t.me/Meerbek_kelsinbek

#намаз #акырет
🕸┉❀❀°🌻°❀❀┉🕸

Имам Ахмад ибн Ханбал аялы тууралуу айтканы:"
Солихтин энеси мени менен жыйырма жыл жашады, бир дагы жолу ал экөөбүз келишпей талашкан жокпуз".

🕸┉❀❀°🌻°❀❀┉🕸
طبقات الحنابلة (1/429)



🎙http://t.me/Meerbek_kelsinbek

#аял #уйбуло
Шейх Абдурахман Сади :
أنّ من ترك ما ينفعه، وأمكنه الانتفاع به فلم ينتفع،ابتلي بالاشتغال بما يضره،
"Ким пайда берген нерсени таштап салса,ошол нерседен пайда ала турган мүмкүнчүлүк болуп, пайдаланбай койсо,
ал өзүнө зыян берген нерсе менен алек болуп сыналып калат".
فمن ترك عبادة الرحمٰن ، ابتلي بعبادة الأوثان ،
Ким ырайымдуу Аллах Таалага ибадат кылууну таштап койсо, бут парастарга сыйынып калат.
ومن ترك محبة الله وخوفه ورجاءه، ابتلي بمحبة غير الله وخوفه ورجائه،
Ким Аллах Таалага болгон сүйүүдөн, Андан коркуудан ,Ага үмүт кылуудан жүз бурган болсо,ал адам Аллахтан башканы сүйүп, жакшы көрүп, ал нерседен коркуп, андан үмүт кылып калат.
ومن لم ينفق ماله في طاعة الله،أنفقه في طاعة الشيطان ،
Ким акчасын, каражатын Аллах буйруган тарапка сарптабаса,
Шайтанга моюн сунган тарапга сарптайт.

ومن ترك الذل لربه ، ابتلي بالذل للعبيد ،
Ким Роббисине жалынып -жалбарып кулчулук кылууну таштаса, ал башка бир махлукаттан болгон кулга кор болот.
ومن ترك الحق ، ابتلي بالباطل .
Ким акыйкатты таштаса, жалган менен алек болот.
📚"تيسير الكريم الرحمٰن"(٦٠/١)


🎙http://t.me/Meerbek_kelsinbek
Хасан ал- Басрий :

Адам баласы бул дүйнөдөн үзүлгөндө, үч нерсеси өкүнүчү болот ;
- чогулткан нерсесине тойбогону;
- үмүт кылганына жетпегени ;
- бараткан жагына азыкты аз камсыздаганы;

«لا تخرج نفس ابن آدم من الدنيا إلا بحسرات ثلاث: أنه لم يشبع مما جمع، ولم يدرك ما أمل، ولم يحسن الزاد لما قدم عليه».

📚 الزهد لابن أبي الدنيا (٣٩٩)

🎙http://t.me/Meerbek_kelsinbek
Муаз ибн Жабал айтты :

Оо-о, балам, намаз окуганда акыркы намазыңдай окугун.
"Кийин дагы деле кайтып келип, окуйм, "-деп ойлобо эч качан. Балам, билгин! Адам эки сооптун ортосунда өлөт: кылган сооптору жана кийин кылам деп кечиктирген амалы.

" يا بُنيَّ ، إذا صلَّيت صلاةً ، فصلِّ صلاة مودِّعٍ : لا تظنُّ أنَّك تعود إليها أبدًا ، واعلم يا بنيَّ أنَّ المؤمن يموت بين حسنتين :
حسنةٍ قدَّمها ، وحسنةٍ أخَّرها ".
📖 | [ حلية_الأولياء (٢٣٣ / ١) ]
#намаз

🎙http://t.me/Meerbek_kelsinbek
Сүннөттүн мисалы – бул дүйнөдө акыреттеги бейиштей, ким акыретте бейишке кирсе, (жамандыктан) кутулгандай эле,
ким бул дүйнөдө сүннөткө кирсе, (адашуудан) сак болот.

قال سهل بن عبد الله - رحمه الله - :
" مثلُ السنَّة في الدنيا مثل الجنة في الآخرة ، من دخـل الجـَنّة في الآخـرة سَلِم ، ومن دخـل السنَّة في الدنيا سَلِم ".


📗 [ذم الكلام (٣٨٤/٤)]
Ушул дуаны бөлүшүп жана жаттап алыңыз!


Абдулла ибн Умар رضي الله عنه айтты: "Пайгамбар ﷺ Аллах Таалага бул дуа менен кайрылат эле:

"О, Аллах, мени нээматыңдан куру калып калуудан, жакшылыгыңдын оодарылып кетүүсүнөн, азабыңдын келип калуусунан, жалпы ачууңдан сактай көр!"".

[عن عبدالله بن عمر:] كانَ مِن دُعاءِ رَسُولِ اللهِ ﷺ: اللَّهُمَّ إنِّي أَعُوذُ بكَ مِن زَوالِ نِعْمَتِكَ، وَتَحَوُّلِ عافِيَتِكَ، وَفُجاءَةِ نِقْمَتِكَ، وَجَمِيعِ سَخَطِكَ.
مسلم (ت ٢٦١)، صحيح مسلم ٢٧٣٩ •

🎙http://t.me/Meerbek_kelsinbek
🎙Шейх Солих аль- Усеймин:

Баардык нерсенин акысын берүү-жакшы амал. Амалга жараша абал, акыбал. Абал кандай болсо да, тынчтыкта, бактылуулукта жашашты каалаган адам - аялына жакшы мамиле кылышы керек. Ошондой эле аял дагы күйөөсүнө. Андай болбосо акылар жоголот. Жашоо бактысыздыкта өтөт. Балдары да андай келишпестиктерди көрүп, кыжалат болуп, жүрөктөрүн караңгы түн каптайт. Ата-эненин бири-бирине жакшы мамилесин көрүшсө, балдары дагы жакшы абалда чоңоюшат. Ошондуктан, бир тууганым, жакшы мамиле жасоого шашыл!



الشرح الممتع على زاد المستقنع12/ 382

http://t.me/Meerbek_kelsinbek
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты :

Төрт түрлүү (адамдарды) Аллах Таала жек көрөт:

- Касам иче берген сатуучу
- Текебер кедей
- Зына кылган чал
- Заалым падыша.
881 صحيح الجامع

http://t.me/Meerbek_kelsinbek

Сизге суроо
Эмне үчүн текебер кедей деп келди, текебер бай эмес?

👇
Пайгамбар ﷺ айтты : Төрт нерсе сенде болсо дүйнөдөгү жетпей калган нерселериң эч нерсе эмес.

- Чындык сөз;
- Аманатты сактоо;
- Кулк мүнөз;
- Тамактын адалдыгы.
787 صحيح الجامع الصغير وزيادة


Имам Ибн Ражаб аль-Ханбал айтты:
"Чындыктын жолу өгөй. Аны баскандар жалгыз калышат. Алар эч кимге керек эмес, алардын умтулган максатын эч ким түшүнбөйт. Бош убактысында (чындыкты издеп) тентишет. Аларга ушул кызык, башкаларга кызык эмес. Анткени элдин көбү чындыкка кайдыгер".
📚 «Ахлю-ль-Гурба» 18


http://t.me/Meerbek_kelsinbek

Чындыктын жолу өгөй дегенди кандай түшүнөсүз
👇
Намаздын аягында саламга чейин айтыла турган дулардын бири


اللَّهُمَّ أعِنَّا عَلَى ذِكْرِكَ، وَشُكْرِكَ، وَحُسْنِ عِبَادَتِكَ

Аллахумма а'инни аля зикрика уа шукрика уа хусни ибадатика.

Оо Аллахым, Сени эстөөгө жана шүгүр кылууга жана Сага чырайлуу (эң сонун) ибаадат кылууга жардам бер.

📚(
Абу Дауд 1522 Албани сахих деген)



✏️ Шейх Усеймин رحمه الله айтат:

💬 Караныздар, аягында айткан жок сага көп ибадат кылууга деп, чырайлуу деп келди эмнеге? Себеби ибарат алына турган нерсе - көп ибадат кылууда эмес, кеп ихсан менен чырайлуу аткарууда. Ал эми ихсан менен көп кылуу бириксе, анда бул эң жакшы, шек жок ал нерседе. Ал эми көп кылып бирок ихсан менен аткарылбаса анда ал нерседен талап жок.

📚Булак: (Шарх Мишкату ал- Масабих)



⚪️Түшүндүрмө : Ибадатты кылганда көп кылууга эмес, оболу ихсан менен кылууга чакырып атат.Ихсан деген ыклас менен сүннөтгө дал келип, Аллахты көрүп тургандай окуу дегенди билдирет. Ал эми көп окуп ыкласы кем же сүннөтгө дал келбесе пайда жок. Ошондой эле ихсан менен ибадат болуш учун Аллахты көрүп тургандай, жана Анын алдында турганын сезип окуусу. Намазда денеси бар ою талаада, бул ихсандан алыс нерсе.

❗️Эскертүү : Бул дуаны намазда саламга чейин айтабыз. Аттахият салаваттан кийин. Сүннөттө ушундай келген

#намаз #дуа

🎙http://t.me/Meerbek_kelsinbek