ПАЙДАЛУУ ИЛИМ
3.26K subscribers
603 photos
39 videos
706 links
Download Telegram
Live stream scheduled for
Бүгүн Түз эфир!

🗓14.04.22

Асрдан кийин

🕢 18:30

Тема:
- Аз амал менен чоң соопторго жетүүнүн жолдору;
- Ибадаттагы лаззатты сезүүнүн сырлары;
- Сахаба - Табииндердей ибадаттын даамын эмнеге сезе албайбыз?


Түз эфирдин шилтемеси : 👇
https://t.me/Meerbek_kelsinbek?livestream
Танкалычтуу түштү Пайгамбарыбыз ﷺ өзү түшүндүрүп берди
👇
https://youtu.be/8OcttK49HZ8

Ибадат жасаганда ушул нерсени сезе билишибиз зарыл!
Аллахтан жардам сурап атабыз деп кылалы. Аллахтын жардамы болбосо бул нерсени кыла алмак эмеспиз.

Ибадат кылганда ушул эки нерсени бириктирели, ибадат жана жардам суроо.
Бул нерсеге Пайгамбарыздын ﷺ хадиси көргөзүп турат." Сага пайда берген нерсеге умтулгун, Аллахтан жардам сура, алсыздык кылба!"

تفسير سورة الفاتحة (٦٧) شيخ عثيمين رحمه الله

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#ибадат #жардам_суроо

Аллах Таалага жана элчисине моюн сунган адамга бактылуулукту кепилдикке алынды. Андан баш тартканга бактысыз болору убадаланды. Бактылуулуктун негизи Аллахга жана Анын элчисине баш ийүүдө.

‏"منهاجُ السُّنَّةِ النَّبويَّة" (٥٠٥/٣)

https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#бакыт #моюн_сунуу
«أَلَيْسَ اللَّهُ بِكَافٍ عَبْدَهُ» [الزُّمَر: 36].
Аллах Таала айтты : Аллах Өз кулуна жетиштүү эмеспи?!

Адам канчалык кулчулуктун акыларын аткарган сайын Аллахтын ага жетиштүү болуусу ошончолук толук болот. Канчалык кулчулугу азайса ошого жараша жетиштүү болушу кыскарат .

«فكُلّما كانَ العبدُ أقْومَ بِحُقوقِ العُبودِيّةِ كانتْ كِفايةُ اللّهِ لهُ أكملَ وأتمَّ، وما نقُص مِنها نَقُص مِن الكِفايةِ بِحسبِهِ».

📙 "التّعليقُ على القواعِدِ الحِسان" للشّيخ ابنِ عُثيمِين -رحمه اللّه-، [ص: 29].

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#кулчулук #ибадат
Эң тез кабыл боло турган дуа, бир адамдын башка адамга көзү жокто кылган дуасы.
_______
‏ﺍﻟﻔﺘﺎﻭﻯ ٢٧/٩٦.ابن تيمية رحمه الله:
🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#дуа
Момун адам жумшак наадандык кылбайт.
Ага ким наадандык кылса да ал зулумдук менен кайтарбайт.
Эгерде зулумга дуушар болуп калса кечирет, алакасын ошол үчүн үзүп салбайт.
Андан мамилени үзө турган болсо - улайт сараңдык кылбайт.
Ага башка адам сараңдык кылса, ага сабыр кылат.

قال الحسن رحمه الله :
المــؤمن حليـــــم لا يجهــــل
وإن جهل عليه حليم لا يظلم
وإن ظلم غفــــر لا يقطع
وإن قطع وصل لا يبخل
وإن بخــــل عليه صبــر.
كتاب الحلم لابن ابي الدنيا📚


https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#адеп #кулк_муноз
🌙

Саналуу гана күндөр!
Жакшы амалдар менен коштоп калалы!


Ибн Дийнар : "Сооп амал кабыл болбой калабы деп коркуу - амал кылуудан да оор болот" .

Абдулазиз ибн Аби Руваад : Алар жакшы амалдарды кылууда катуу аракет кылаар эле, жасап бүткөндөн кийин кам - санаада болушчу," бул амалдар кабыл болобу же кайтарылабы" дешип.


قال ابن دينار: "الخوف على العمل أن لا يتقبل أشد من العمل".
وقال عبد العزيز بن أبي رواد: "أدركتهم يجتهدون في العمل الصالح فإذا فعلوه وقع عليهم الهم أيقبل منهم أم لا".
[كتاب لطائف المعارف لابن رجب ص٢٠٩].

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#амал #ыклас
Бул акыркы он күндүктө эки нерсеге катуу аракет кылуу керек :

- Акыркы берекелүү он күндө кадыр түндү издөө

- Орозо айын мыкты узатуу, кийинки орозого жетеби жетпейби билбейт.

📗التَّبصِرة لابن الجَوزي.
#орозо #он_кун


🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

Имам Табиин Робий رحمه الله ушинтип дуа кылар эле :

О, Аллахым бардык мактоо сага таандык.
Бардык жакшылык сенин колуңда.
Бардык нерселер сага кайтат.
Сен бардык макулукаттын Кудайысың.
Сенден бардык жакшылыкты сурайбыз.
Бардык жамандыктан сакташынды сурайбыз.


اللَّهُمَّ لَكَ الْحَمْدُ كُلُّهُ وبِيَدِكَ الْخَيْرُ كُلُّهُ وإِلَيْكَ يَرْجِعُ الْأَمْرُ كُلُّهُ وأَنْتَ إِلَهُ الْخَلْقِ كُلِّهِ نَسْأَلُكُ مِنَ الْخَيْرِ كُلِّهِ ونَعُوذُ بِكَ مِنَ الشَّرِّ كُلِّهِ

📗[مصنف ابن أبي شيبة٢٩٥٩٩]

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#дуа
Live stream started
وَمَا تَفۡعَلُواْ مِنۡ خَيۡرٍۢ يَعۡلَمۡهُ ٱللَّهُ‌ۗ وَتَزَوَّدُواْ فَإِنَّ خَيۡرَ ٱلزَّادِ ٱلتَّقۡوَىٰ‌ۚ وَٱتَّقُونِ يَـٰٓأُوْلِى ٱلۡأَلۡبَـٰبِ

Кандай гана жакшы амал кылсаңар да Аллах билип турат. Жана да жолго азык камдап алгыла. Эң жакшы жол азыгы – бул такыба. О, акылдуу адамдар, Менден корккула!

    ( Бакара 197 )



🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#такыба #ихсан #аят
ٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّمَا ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا لَعِبٌۭ وَلَهۡوٌۭ وَزِينَةٌۭ وَتَفَاخُرُۢ بَيۡنَكُمۡ وَتَكَاثُرٌۭ فِى ٱلۡأَمۡوَٰلِ وَٱلۡأَوۡلَـٰدِ‌ۖ كَمَثَلِ غَيۡثٍ أَعۡجَبَ ٱلۡكُفَّارَ نَبَاتُهُۥ ثُمَّ يَهِيجُ فَتَرَٮٰهُ مُصۡفَرًّۭا ثُمَّ يَكُونُ حُطَـٰمًۭا‌ۖ وَفِى ٱلۡءَاخِرَةِ عَذَابٌۭ شَدِيدٌۭ وَمَغۡفِرَةٌۭ مِّنَ ٱللَّهِ وَرِضۡوَٰنٌۭ‌ۚ وَمَا ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَآ إِلَّا مَتَـٰعُ ٱلۡغُرُورِ

Билип алгыла: Дүйнө жашоосу оюн-тамаша, зыйнат-жасалга, өз араңарда менменсинүү, мал-мүлк жана бала-чаканы көбөйтүүдөн гана турат. Анын мисалы жамгыр сыяктуу: ал өстүргөн нерселер дыйканды сүйүнтөт. Кийин (убактылуу) кулпурат. Андан кийин сен анын саргарганын көрөсүң. Андан кийин кургак чөпкө айланат. Акыретте (убактылуу дүйнөгө азгырылгандарга) катуу азап жана (ыймандууларга) Аллахтан кечирим жана ыразылык бар. Дүйнө жашоосу азгырык көңүл ачуудан башка эмес.

    ( Хадид 20 -аят )

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#дуйно #жашоо #азгырык #аят
وَضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلاًۭ قَرۡيَةًۭ كَانَتۡ ءَامِنَةًۭ مُّطۡمَئِنَّةًۭ يَأۡتِيهَا رِزۡقُهَا رَغَدًۭا مِّن كُلِّ مَكَانٍۢ فَكَفَرَتۡ بِأَنۡعُمِ ٱللَّهِ فَأَذَٰقَهَا ٱللَّهُ لِبَاسَ ٱلۡجُوعِ وَٱلۡخَوۡفِ بِمَا كَانُواْ يَصۡنَعُونَ

Аллах Таала айтты :

Аллах бир шаарды мисал келтирди: Бул шаар тынч, бейпил, ырыскысы ар тараптан "агып" келип турган шаар болчу. Кийин ал Аллахтын нээматына каапыр болду эле, бул кылмышынын жазасына Аллах аны коркунуч жана каатчылык "кийими" менен "каптатып койду".

    ( Ан-Нахль  : аят 112 )

#шугур #балээ #аят

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek
وَمَآ أُوتِيتُم مِّن شَىۡءٍۢ فَمَتَـٰعُ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَزِينَتُهَا‌ۚ وَمَا عِندَ ٱللَّهِ خَيۡرٌۭ وَأَبۡقَىٰٓ‌ۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ

Аллах Таала айтты :

Силерге (бул жашоодо) берилген нерселер дүйнө жашоосунун пайдалары жана кооздуктары гана. Ал эми, Аллахтын алдындагы жакшы жана түбөлүктүү. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!

    ( Касас  60-аят )

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#дуйно #акырет #азгырыктар #аят
تِلۡكَ ٱلدَّارُ ٱلۡءَاخِرَةُ نَجۡعَلُهَا لِلَّذِينَ لَا يُرِيدُونَ عُلُوًّۭا فِى ٱلۡأَرۡضِ وَلَا فَسَادًۭا‌ۚ وَٱلۡعَـٰقِبَةُ لِلۡمُتَّقِينَ

Аллах Таала айтты :

Биз тиги жактагы Акырет жайды, жер бетинде бузукулукту жана текеберчиликти каалабаган адамдарга арнайбыз. Акыбет такыбалар үчүн!

    ( Касас 83-аят )

🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#текеберчилик #жөнөкөйлүк #аят
قُلۡ سِيرُواْ فِى ٱلۡأَرۡضِ فَٱنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَـٰقِبَةُ
ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلُ‌ۚ كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّشۡرِكِينَ

Аллах Таала айтты :

Айткын: «Жер жүзүн кезип, мурдагы коомдордун акыбети кандай болгонун көргүлө! Алардын көбү мушриктерден болушкан».

فَأَقِمۡ وَجۡهَكَ لِلدِّينِ ٱلۡقَيِّمِ مِن قَبۡلِ أَن يَأۡتِىَ يَوۡمٌۭ لَّا مَرَدَّ لَهُۥ مِنَ ٱللَّهِ‌ۖ يَوۡمَئِذٍۢ يَصَّدَّعُونَ

Эми, сен кайтара алгыс күн Аллах тарабынан келип калганга чейин, жүзүңдү туура динге буруп кал! Ал күнү (адамдар) бөлүнүп калышат.

    ( Рум  42 - 43 )


🎙https://t.me/Meerbek_Kelsinbek

#ибарат #ширк #аят