This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бекеринен "Көкөтөйдүн ашы - көп чырдын башы" деп айтылбаса керек. Манасчылардын пикири боюнча "Чоң Казаттын" болушуна Көкөтөй хандын ашы бирден бир себеп болгон.
❓Көкөтөй керээзин кимге айтат?
⭕Баласы Бокмурунга
⭕Ногой элине
⭕Жакыптын уулу Манаска
❓Көкөтөй керээзин кимге айтат?
⭕Баласы Бокмурунга
⭕Ногой элине
⭕Жакыптын уулу Манаска
Forwarded from "Манас" эпосу 🇰🇬 (Тажибаев Ж)
САЯКБАЙ
Аянын берип түшүндө,
Айланып кетпей күкүмгө.
Сан доорлор артта калса да,
Саякбай калат күчүндө.
Саякбай кыргыз чокусу,
Кыргызга керек от ушу.
Ааламдын сыйкыр күчү да,
Сакемди
Айкөлгө Кудай кошушу.
Манасын айтса күпүлдөп,
Укканда жүрөк дүкүлдөп.
Маанилүү наркың болбосо,
Манасты кайдан түшүнмөк.
Манастын күчү Сакемде,
Сакемдин күчү Манаста.
Зор эпос баткан баш эмне,
Жан дилден моокум канат да.
Саякбай элдин байлыгы,
Сан кылым жеңет кайрыгы.
Жүзүнөн нуру тарабай,
Добушу айдайт кайгыны.
Санатын жыйган атына,
Саякбай бүтпөс казына.
Жай кышы гүлдөйт Кыргызга,
Окшошуп жашоо жазына.
Автору: Бердибек Жамгырчиев
Сүрөтчү: Samat Asylkerımov
@Manaseposu ✅

Кыргыз, кыргыз болгону,
Кыргыз атка конгону,
Канча жерди жай кылып,
Кайда гана конбоду.
Ата жыты жыттанат,
Алтай, Саян тоолору.
Эне жыты жыттанат,
Эне - Сайдын бойлору.
@Manaseposu ✅
Кыргыз атка конгону,
Канча жерди жай кылып,
Кайда гана конбоду.
Ата жыты жыттанат,
Алтай, Саян тоолору.
Эне жыты жыттанат,
Эне - Сайдын бойлору.
@Manaseposu ✅
Эмгегиң калса артыңда,
Эскере жүрөөр Жомоксуң.
Жалган дүйнө кызыкка,
Жаралып келген коноксуң.
Жасаган эмгек бар болсо,
Жалама миздүү болотсуң.
Жасаган ишиң жок болсо,
Жашоодо бекер коропсуң.
#Манас
#Манасчы
#Көйкашка
#Кыргыз
@Manaseposu
Эскере жүрөөр Жомоксуң.
Жалган дүйнө кызыкка,
Жаралып келген коноксуң.
Жасаган эмгек бар болсо,
Жалама миздүү болотсуң.
Жасаган ишиң жок болсо,
Жашоодо бекер коропсуң.
#Манас
#Манасчы
#Көйкашка
#Кыргыз
@Manaseposu
Кайың барбы кыргыз балта чаппаган
Кыр – жон барбы кыргыз кыргын таппаган
Кылымдарга аты калбай өчөөрдө
Кыргыз элин кыраан Манас сактаган
@Manaseposu
Кыр – жон барбы кыргыз кыргын таппаган
Кылымдарга аты калбай өчөөрдө
Кыргыз элин кыраан Манас сактаган
@Manaseposu
Кантип эле дүйөдөгү эң байыркы элдердин бири жана Манастын тукуму болгон кыргыздар ушундай пас абалга жеттик.
@Manaseposu ✔️
https://t.me/manaseposuu баарлашканы☑️ 💬
@Manaseposu ✔️
https://t.me/manaseposuu баарлашканы☑️ 💬
Отуз жыл болуптурго
Ородон чыкпай эле жата бердик.
Кызарган нерсе болсо сата бердик.
Уурулар улут үчүн күйөм десе
Ак жолун ачылсын деп бата бердик.
Автор: Бердибек Жамгырчиев
@Manaseposu ✔️
https://t.me/manaseposuu Ой-пикир ☑️ 💬
Ородон чыкпай эле жата бердик.
Кызарган нерсе болсо сата бердик.
Уурулар улут үчүн күйөм десе
Ак жолун ачылсын деп бата бердик.
Автор: Бердибек Жамгырчиев
@Manaseposu ✔️
https://t.me/manaseposuu Ой-пикир ☑️ 💬
🔴 "Манас" эпосу үчүн эркинен ажырап, курман болгон кыргыз элинин чыгаан уулдары, белгилүү агартуучулар, залкар илимпоздор Зияш Бектенов, Касым Тыныстанов, Ташим Байжиев.
🇰🇬 Зияш Бектенов (1911-1994)
Агартуучу, кыргыз тили, адабияты, "Манас" жана фольклор боюнча Т. Байжиев менен бирдикте окуу китептерин түзгөн, Сагынбайдын айтуусундагы "Манасты" кара сөз менен жазып, орус тилине которткон. 1950-жылы улутчул катары 10 жылга кесилип, 5 жыл түрмөдө отуруп, 1955-жылы боштондукка чыгып, дагы 5 жыл үй түрмөсүндө отурган.
🇰🇬 Касым Тыныстанов (1901-1938)
Кыргыз тил илимин изилдөөчү, адабиятчы, жазуучу, профессор, кыргыз фольклорун, "Манас" үчилтигин чогултууда, илиимий изилдөөдө чоң эмгек кылган, котортууга даярдаган. 1931-ж. "Манастын" үзүндүсүн театрга койгон. 1935-ж. Бүткүл союздук конференцияда "Манас" жөнүндө илимий доклад жасап, эпосту чогултуу, изилдөө, басмага чыгаруу, которуу, окутуу боюнча чечимдерди иштеп чыккан. 1937-жылы камакка алынып, 1938-жылы азыркы Ата-Бейитте атылган.

Дин ислам үчүн деп,
Ураан айткан Манас бар.
Кылганым эл үчүн деп,
Кыраан айткан Манас бар.
Ураан айткан Манас бар.
Кылганым эл үчүн деп,
Кыраан айткан Манас бар.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🔹Кыргыз эн тарыхы чон эн духу чон эн кучтуу эн ыймандуу эн ынтымактуу эн айкол эн таза эл🔹
#Салижан Жигитов:
"....тиги дүйнө бар деп уккандан бери, такыр эле элеп-желеп болуп… уйку деген качты..."
«Кыргыз микроб сыяктуу, кирген эле жерин чиритет».
* * *
«Кыргызга орусча айтпасаң ишенбейт».
* * *
«…Замандын ырайын көрүп атабыз. Акаеви кетсе Бакиеви келет экен. Бакиеви кетсе дагы бир «акылманы» келет. Баарын көрдүк. Кысталак, анан калса бу дүйнөдөн мен көрбөгөн эчтеке деле калбаптыр. Анын үстүнө тиги дүйнө бар деп уккандан бери, такыр эле элеп-желеп болуп… уйку деген качты. Ошол жакты эле эңсеп калдым, тезирээк көрсөм деп… Бирок, тамаксоо жан курусун, силерге окшоп көргөнү келгендердин тамак-ашын кыйып кеталбай, ушинтип олтурам… Болбосо, эмне, спокойно кете бермекмин. Агер, а дүйнө болуп калса андан бетер жакшы…»
* * *
«Дүйнөдө коомго түз эмес, кыйыр пайдасы бар билимдүү кишилер көп. Мисалы, жазуучулар рухий турмушубузду түзөт. Бирок кыргыздын Айтматовдой дүйнөнү дүңгүрөтүп турган 100 жазуучусу же мынабу Мурат Бегалиевдей 100 композитору болсо дагы экономиканы оңдоп жибербейт».

7-8-ноябрь күндөрү - Кыргызстанда тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп кабыл алынды.
Бул күндөрү 1916-жылдагы окуя, 1917-жылдагы Октябрь революциясы жана репрессияга кабылган кыргыздын чыгаан уулдары эскерилет.
@Manaseposu ✅
Бул күндөрү 1916-жылдагы окуя, 1917-жылдагы Октябрь революциясы жана репрессияга кабылган кыргыздын чыгаан уулдары эскерилет.
@Manaseposu ✅