КР Президенти
7.49K subscribers
19.3K photos
805 videos
95 files
3.47K links
КР Президентинин расмий Telegram-каналы

Официальный Telegram-канал Президента КР
Download Telegram
Президент Садыр Жапаров и Президент России Владимир Путин дали старт строительству девяти кыргызско-российских школ

Сегодня, 1 сентября, Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров и Президент Российской Федерации Владимир Путин в формате видео моста дали старт строительству в Кыргызстане первых трех совместных кыргызско-российских школ.

Согласно проекту, девять современных общеобразовательных учреждений, оснащенные самыми передовыми технологиями, будут построены во всех областях страны, а также в городах Бишкек и Ош.

Первые три школы в Бишкеке, Баткене и Караколе планируется ввести в эксплуатацию уже в сентябре 2025 года.

Открывая церемонию запуска, Садыр Жапаров подчеркнул, что к 1 сентября 2025 года эти школы откроют свои двери для кыргызстанских учеников.

«Сегодня, все школы в Кыргызстане и в России широко открывают свои двери и принимают учеников. В нашей стране более 150 тысяч учеников впервые переступают школьный порог. Мне приятно отметить, что в каждой области нашей страны и в городах Бишкеке, и Ош при личной поддержке Владимира Владимировича будут построены 9 современных школ, каждая из которых рассчитана на 1224 места. Школы будут оснащены всем необходимым, включая высокотехнологичное и современное оборудование, плавательные бассейны, оздоровительную спортивную базу», - рассказал Садыр Жапаров.

Вместе с тем Президент отметил, что выпускникам этих школ будут выдаваться аттестаты двух стран. Обучение в новых школах будет проводиться на русском языке, а программа обучения будет основана на государственных стандартах обеих стран.

Глава государства с удовлетворением акцентировал, что сотрудничество с Россией в сфере образования становится все более крепким и результативным. Начиная с 1992 года Кыргызстан и Россия тесно взаимодействуют в образовании и науке, широко практикуя программы по обмену студентами между странами.

Президент Садыр Жапаров выразил уверенность в том, что создание совместных кыргызско-российских школ – это только начало долгосрочной большой созидательной работы ради прекрасного будущего граждан двух стран.

В свою очередь, Президент России Владимир Путин подчеркнул, что школы будут оборудованы самыми передовыми технологиями, что поможет сделать учебный процесс комфортным, интересным и увлекательным. Здание школ спроектированы по всем стандартам безопасности, в том числе с учетом особенностей страны и сейсмических рисков. Обучение будут вести преподаватели из двух стран, прошедшие специальную подготовку в вузах России.

Владимир Путин выразил уверенность в том, что новые российские школы будут способствовать всестороннему воспитанию и обучению подрастающего поколения, а также вносить вклад в углубление традиций дружбы, взаимопонимания между народами двух государств.

Лидеры стран отметили рост интереса к русскому языку в Кыргызстане и поздравили всех учащихся, их родителей и педагогов двух стран с Днем зданий.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров менен Россиянын Президенти Владимир Путин тогуз кыргыз-орус мектебинин курулушуна старт берди
******
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров и Президент России Владимир Путин дали старт строительству девяти кыргызско-российских школ
✍️УТРКнын башкы директору Болотбек Тиллебаевге сөгүш жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаевге жүктөлгөн эмгек милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн сөгүш жарыяланды.
Тийиштүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.
****
✍️Гендиректору НТРК Болотбеку Тиллебаеву объявлен выговор

Объявлен выговор Генеральному директору Национальной телерадиовещательной корпорации Кыргызской Республики Болотбеку Тиллебаеву за ненадлежащее исполнение возложенных трудовых обязанностей.

Соответствующее распоряжение подписал Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров Түркиянын башкы омбудсмени Шереф Малкочту кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-сентябрда Кыргызстанга сапар менен келген Түркия Республикасынын башкы омбудсмени Шереф Малкочту кабыл алды.

Тараптар эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин негизинде адам укуктарын коргоо жаатында эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү маселелери боюнча пикир алмашты.

Мамлекет башчысы Түркиянын башкы омбудсменинин Кыргызстанга жасаган сапары учурунда эки өлкөнүн акыйкатчы институттарынын ортосунда байланыш түзүп, тажрыйба алмашуу ниетин канааттануу менен баалады.

Президент Садыр Жапаров эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташтык жана бир туугандык мамилелер күн сайын бекемделип жатканын белгилеп, Шереф Малкочтун мамлекеттик кызматтагы бай тажрыйбасы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштардын мындан ары да бекемделишине олуттуу салым кошот, деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Түркиянын башкы омбудсмени Шереф Малкоч Садыр Жапаровго меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкө Президенти Режеп Тайып Эрдогандын жолдогон саламын айтты.

Ал боордоштуктун негизинде динамикалуу өнүгүп жаткан эки тараптуу мамилелерди белгилеп, адам укуктарын коргоо жаатында өнөктөштүктү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Шереф Малкоч сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн акыйкатчыларынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө кол коюлган меморандум тууралуу маалымдап, өз ара сапарларды жасоо жана тажрыйба алмашуу жолу менен кыргыз кесиптештери менен тыгыз өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.

*********************

Президент Садыр Жапаров принял главного омбудсмена Турции Шерефа Малкоча

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 5 сентября, принял главного омбудсмена Турецкой Республики Шерефа Малкоча, прибывшего в Кыргызстан с визитом.

Стороны обменялись мнениями по вопросам активизации двустороннего сотрудничества в области защиты прав человека на основе общепризнанных принципов и норм международного права.

Глава государства с удовлетворением оценил намерение главного омбудсмена Турции во время своего визита в Кыргызстан наладить контакты между институтами омбудсменов двух стран и обменяться опытом.

Президент Садыр Жапаров отметил, что стратегическое сотрудничество и братские отношения между двумя странами крепнут с каждым днем, и выразил уверенность в том, что богатый опыт Шерефа Малкоча на государственной службе внесет весомый вклад в дальнейшее укрепление двустороннего взаимодействия между Кыргызстаном и Турцией.

В свою очередь главный омбудсмен Турции Шереф Малкоч поблагодарил Садыра Жапарова за гостеприимство и передал слова приветствия от Президента страны Реджепа Тайипа Эрдогана.

Он отметил динамично развивающиеся двусторонние отношения, основанные на братстве, и подчеркнул о необходимости усилить партнерство в сфере защиты прав человека.

Шереф Малкоч, проинформировав о подписанном в ходе визита меморандуме о расширении сотрудничества между омбудсменами двух стран, выразил готовность к тесному взаимодействию с кыргызскими коллегами путем проведения взаимных визитов и обмена опытом.
Президент Садыр Жапаров JICA Президенти Акихико Танаканы кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-сентябрда, Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Президенти Акихико Танаканы кабыл алды.


Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Япония эл аралык кызматташтык агенттиги ортосундагы кызматташуу жана аны мындан ары кеңейтүүнүн келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы кыргыз тарапка колдоо көрсөтүп келгени үчүн япон элине жана JICA агенттигине ыраазычылык билдирип өттү. Кыргызстан Японияны демократиялык өнүгүү жолунда жакын дос жана узак мөөнөттүү өнөктөш катары кабыл алат. Дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жыл аралыгында саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча бай тажрыйба топтолду.
Өлкөбүздүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жаткан Агенттиктин ишмердүүлүгүн Кыргызстан жогору баалайт.

JICA менен биргелешкен долбоорлор тууралуу айтып жатып, Садыр Жапаров өз сөзүндө транспорт тармагы, жаңы технологияларды, анын ичинде "жашыл" жана кайра жаралуучу энергия булактарын киргизүү, айыл чарбасы, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, инфраструктураны жана гидроэнергетиканы модернизациялоо сыяктуу кызматташтык багыттарына басым жасады.

Президент 12 жыл мурун Кыргызстанда JICA Агенттиги тарабынан ишке киргизилген, биргелешкен ийгиликтүү «Бир айыл – бир продукт» долбоорун белгиледи. Бүт өлкө боюнча ишке ашыруу максатында бул долбоорго улуттук макам берилген. Долбоорду кеңейтүүнүн максаты – «Бир айыл – бир продукт» аркылуу чакан бизнести жүргүзүүнүн туруктуу моделин жайылтуу, кирешелүү «Бир айыл – бир продукт» продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү, алардын сапатын жакшыртуу жана туруктуу экосистеманы түзүү.

Мындан башка Садыр Жапаров өлкөнүн мамлекеттик кызматкерлерин Япониянын жогорку окуу жайларында окутуу боюнча Япония Өкмөтүнүн гранттык программасы (JDS) иштеп жатканын белгилеп өттү.
Анын бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү бүгүнкү күндө Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык органдарда ийгиликтүү иштеп жатышат.

Кыргызстан менен JICAнын узак мөөнөттүү кызматташтыгын эске алып, Президент JICAнын Бишкектеги Өкүлчүлүгүнүн макамын Регионалдык деңгээлге чейин көтөрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Президенти Акихико Танака жылуу кабыл алуу жана жеке жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал мындан да ийгиликтүү жана жемиштүү боло турган “Бир айыл – бир продукт” ийгиликтүү долбоорун белгилеп, анын улуттук статусун канааттануу менен баса айтты.

JICA Президенти жаңы жумуш орундарын түзүү жана өндүрүлгөн продукцияны экспорттоодон пайда алуу жолу менен оң натыйжаларды көрсөткөн бул долбоордун алкагында мындан аркы кызматташуу үчүн чоң потенциал бар экенин кошумчалады.

Муну менен катар Акихико Танака JDS программасына токтолуп, анын арты менен Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери мамлекеттик кызматта алдыңкы орундарды ээлеп, ошону менен Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын бекем пайдубалын түптөп жатат.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоону макулдашты.
Президент Садыр Жапаров принял Президента JICA Акихико Танака

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 5 сентября, принял Президента Японского агентства по международному сотрудничеству (JICA) Акихико Танака.

В ходе встречи состоялся обмен мнениями о текущем сотрудничестве Кыргызской Республики с Японским агентством по международному сотрудничеству и перспективах его дальнейшего расширения.

Глава государства выразил признательность японскому народу и JICA за поддержку, оказываемую кыргызской стороне. Япония является близким другом и долгосрочным партнером Кыргызстана на пути демократического развития. За 30 лет установления дипломатических отношений был накоплен богатый опыт политического, экономического и культурно-гуманитарного сотрудничества. Кыргызстан высоко ценит деятельность Агентства, которое вносит большой вклад в устойчивое экономическое развитие нашей страны.

Говоря о совместных проектах с JICA, Садыр Жапаров акцентировал внимание на таких направлениях сотрудничества, как транспортная сеть, внедрение новых технологий, в том числе «зеленые» и возобновляемые источники энергии, сельское хозяйство, эффективное использование водных ресурсов, модернизация инфраструктуры и гидроэнергетики.

Президент отметил успешный совместный проект «Одно село – один продукт» в Иссык-Кульской области, запущенный Агентством JICA 12 лет назад в Кыргызстане. Данному проекту придан статус «национальный» с целью расширить его реализацию на всю страну. Целью расширения проекта является продвижение устойчивой модели деятельности малого бизнеса, увеличение производства прибыльной продукции «Одно село – один продукт», улучшение ее качества и создание устойчивой экосистемы.

Кроме того, Садыр Жапаров упомянул действующую грантовую программу Правительства Японии по обучению государственных служащих страны в японских высших учебных заведениях (JDS). Многие ее выпускники в настоящее время успешно работают в государственных и муниципальных органах Кыргызстана. Учитывая долгосрочное сотрудничество между Кыргызстаном и JICA, Президент предложил повысить статус офиса JICA в Бишкеке до уровня регионального Представительства.

В свою очередь, Президент Японского агентства по международному сотрудничеству (JICA) Акихико Танака поблагодарил за теплый прием и возможность встретиться лично.

Он также отметил успешный проект «Одно село – один продукт», который станет еще более успешным и результативным, с удовлетворением подчеркнув его национальный статус.

Президент JICA добавил, что в рамках данного проекта, демонстрирующего положительные результаты в виде создания новых рабочих мест и получения прибыли от экспорта произведенной продукции, имеется большой потенциал для дальнейшего сотрудничества.

Наряду с этим, Акихико Танака акцентировал внимание на программе JDS, после обучения которой государственные служащие Кыргызстана занимают передовые места на госслужбе, тем самым, закладывают прочную основу сотрудничества Кыргызстана и Японии.

В завершение стороны договорились укреплять двустороннее экономическое и культурно-гуманитарное сотрудничество между Кыргызстаном и Японией.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушту


Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 6-сентябрда, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда ЖККУнун 2023-жылдын аягына чейин пландалган иш-чараларына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрү менен өтүүчү “Бузулбас боордоштук-2023” биргелешкен машыгуусуна даярдык маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, регионалдык коопсуздуктун, орун алган жана жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруунун, Кыргыз Республикасынын ЖККУга мүчө-мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташтыгын бекемдөөнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алышуу болду.

Ошондой эле Уюмдун Башкы катчысынын Кыргызстандын бир катар министрлик жана ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушуулары өттү.
*****
Секретарь Совета безопасности Марат Иманкулов встретился с Генеральным секретарем ОДКБ Имангали Тасмагамбетовым


Секретарь Совета безопасности Кыргызской Республики Марат Иманкулов сегодня, 6 сентября, провел встречу с Генеральным секретарем Организации Договора о коллективной безопасности (ОДКБ) Имангали Тасмагамбетовым.

В ходе встречи обсуждались вопросы подготовки мероприятий ОДКБ, запланированных до конца 2023 года, в том числе совместного учения с Миротворческими силами ОДКБ «Нерушимое братство-2023» на территории Кыргызской Республики.

Кроме того, состоялся обмен мнениями по актуальным вопросам региональной безопасности и эффективному реагированию на существующие и новые вызовы и угрозы, укрепления взаимовыгодного сотрудничества Кыргызской Республики с государствами-членами ОДКБ.

Также состоялись встречи Генерального секретаря Организации с руководителями ряда министерств и ведомств Кыргызстана.
Президент Садыр Жапаров Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-сентябрда, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алды.

Абдикарим Алимбаев аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган, тактап айтканда, Баткен облусундагы инфраструктураны жакшыртуу, социалдык объекттерди куруу, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу отчет берди.

Ал 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен, Лейлек райондорунда жана Баткен шаарында болгон окуялардан улам жабыркаган жарандар үчүн үйлөрдүн курулушу толугу менен аяктаганын маалымдады.

Мындан тышкары Президенттин Жарлыгынын алкагында Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылдарынын башкы планы түзүлүп, ага ылайык бул айылдар толугу менен кайра курулган. Бүгүнкү күндө өрттөнгөн үйлөр толугу менен калыбына келтирилген, бул айылдардын ички жолдору асфальтталган, жарыктандыруу иштери жүргүзүлгөн, ичүүчү суу системасы ж. б. салынган. Ошондой эле жарандык коргонуу комиссияларынын актыларына ылайык, күйүп кеткен жана капиталдык ремонтко муктаж болгон үйлөрдүн ээлерине толук көлөмдө акча каражаттары берилген, машинасынан же малынан ажырагандарга да акчалай компенсациялар төлөнгөн.

Маалыматты алгандан кийин, Президент Садыр Жапаров мындан ары да Баткен облусуна мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн бардык күч, ресурстардын көлөмү улуттук максаттарды жана милдеттерди аткарууга багытталууда.

Ал аймактын социалдык-экономикалык абалын, инфраструктурасын өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды, ошол эле учурда бардык долбоорлор кечиктирилбестен өз убагында ишке ашырылышы керек.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун курч маселелерин чечүү жана облусту өнүктүрүү - учурдагы күн тартибиндеги приоритеттердин бири экендигин баса белгиледи.