КР Президенти
7.4K subscribers
20.4K photos
847 videos
95 files
3.5K links
КР Президентинин расмий Telegram-каналы

Официальный Telegram-канал Президента КР
Download Telegram
Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Азыркы учурда Бишкек – Ош автомобиль жолунда, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү участокто жол кыймылынын көптүгү байкалууда. Ушуга байланыштуу Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу зарылдыгы келип чыкты.
Жогоруда баяндалганды эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүү, Өзгөн шаарынын участогундагы Бишкек – Ош авто жолунда жол кыймылын азайтуу, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 9, 10-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын жол инфраструктурасын өркүндөтүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында автомобиль жолдорун куруу жана тейлөө эң маанилүү багыт болуп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо боюнча иштерди жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
2024-жылдын 30-январына чейинки мөөнөттө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу маселесин иштеп чыгуу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

*****
Подписан Указ о реализации проекта ГЧП по строительству и обслуживанию объездной автомобильной дороги вокруг города Узген Ошской области

Пр
езидент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ «О реализации проекта государственно-частного партнерства по строительству и обслуживанию объездной автомобильной дороги вокруг города Узген Ошской области Кыргызской Республики».

В настоящее время наблюдается большая загруженность автомобильной дороги Бишкек – Ош, в том числе на участке, проходящем через город Узген Ошской области Кыргызской Республики. В связи с чем возникла необходимость строительства объездной автомобильной дороги вокруг города Узген.

Учитывая вышеизложенное, а также в целях развития сети автомобильных дорог Кыргызской Республики, разгрузки автодороги Бишкек – Ош на участке города Узген, улучшения дорожной инфраструктуры Узгенского района Ошской области Кыргызской Республики, в соответствии со статьями 4, 9, 10 Закона Кыргызской Республики «О государственно-частном партнерстве» и статьей 71 Конституции Кыргызской Республики, постановляется:

1. Считать важнейшим направлением в совершенствовании дорожной инфраструктуры Кыргызской Республики строительство и обслуживание автомобильных дорог в рамках государственно-частного партнерства.

2. Национальному агентству по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики для эффективной реализации проекта по строительству и обслуживанию объездной автомобильной дороги вокруг города Узген провести работы по подготовке в установленном порядке документов, необходимых для реализации государственно-частного партнерства, и внести на рассмотрение Кабинета Министров Кыргызской Республики.

3. Кабинету Министров Кыргызской Республики в срок до 30 января 2024 года принять соответствующие меры по проработке вопроса строительства объездной автомобильной дороги вокруг города Узген на основе государственно-частного партнерства.
Президент Садыр Жапаров Нарын облусундагы жаңыланган "Торугарт 2" көзөмөл-өткөрүү пунктун ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңыланган "Торугарт 2" көзөмөл-өткөрүү пунктун (КӨП) ачты.

Мамлекет башчысына “Торугарт-1” жана “Торугарт-2” деп аталган КӨП 1993-жылы курулган, ошол жылы курулган үчүн “Торугарт-2” 2010-2018-жылдар мезгилинде Кытайдын колдоосу менен курулганы боюнча маалымат берилди. Бүгүнкү күндө бул көзөмөл-өткөрүү пунктуна кириш өтө чукул, объекттер ыңгайсыз жайгашкан, машина токтотуучу жайлар дээрлик каралган эмес. "Торугарт 2" комплекси реконструкциялоого муктаж болчу.

Көзөмөл-өткөрмө бекетинде орнотулган техникалык жабдуу азыркы түзүлгөн кырдаалга туура келбей турганы, анткени иштеп жаткан текшерүү комплексинин кубаттуулугу саатына 20-25 автоунааны өткөрө алат, бирок "Торугарт" шартында саатына 15тен ашык унааны текшерүү мүмкүн эмес экени белгиленди. "Торугарттын" долбоордук кубаттуулугу — суткасына 150 машина. Бүгүнкү күндө аталган көзөмөл-өткөрмө пункт аркылуу күн сайын 300дөн ашуун унаа өтөт. Бүгүнкү күндө "Торугарт-2" комплексинин административдик имараты реконструкцияланып, алты кыймыл тилкеси орнотулуп, жабык, жылууланган ангарлар орнотулуп, бир эле учурда алты транспорт каражатына карата бажы көзөмөлү жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындан тышкары, өткөрүү пунктунун аймагын жакшыртуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн эски жана функционалдык эмес курулмаларды жана имараттарды бузуу, андан ары кошумча токтотуучу жайларды орнотуу, өткөрүү пунктунун аймагынын чегинде транспорт каражаттарынын кыймылынын схемасын оптималдаштыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ошондой эле чек арачылар үчүн жатакананы реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү

Көзөмөл-өткөрмө пунктунун ишмердүүлүгү менен таанышкан Президент анын жакшыртылган инфраструктурасы толугу менен керектүү стандарттарга жооп бериши жана чек арадан өтө турган унаалар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүшү керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, Садыр Жапаров келерки жылдын жаз айларынан тарта жумуш убактысын 24/7 схемасы боюнча көбөйтүүнү сунуштады.

Мамлекет башчысы автоматташтырылган бажы тутумдарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү да тапшырды.

Ошол эле жерде Президент Садыр Жапаров чек арачылар үчүн реконструкцияланган жатакананын имаратын көрүп чыкты.
Президент Садыр Жапаров открыл обновленный КПП «Торугарт 2» в Нарынской области

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 21 декабря, в рамках рабочей поездки в Нарынскую область открыл обновленный контрольно-пропускной пункт «Торугарт 2» на кыргызско-китайской государственной границе.

Главу государства проинформировали, что КПП построен в 1993 году и в настоящее время условно называется «Торугарт-1» и «Торугарт-2» из-за того, что «Торугарт-1» был построен в 1993 году, а «Торугарт-2» в 2010-2018 годах - при поддержке Китая. На сегодня въезд к данному КПП очень резкий, объекты расположены неудобно, парковочных мест почти не предусмотрено. Комплекс «Торугарт 2» нуждался в реконструкции.

Отмечается, что техническое оснащение, установленное на КПП, не соответствует сложившейся нынешней ситуации, так как мощность действующего досмотрового комплекса составляет 20-25 автомобилей в час, но в условиях «Торугарта» проверить более 15 автомобилей в час не представляется возможным. Проектная мощность «Торугарта» — 150 машин в сутки. Сегодня через данный КПП ежедневно проезжают более 300 автомобилей. На сегодня проведена реконструкция административного здания комплекса «Торугарт-2», с устройством шести полос движения, установкой крытых, утепленных ангаров, где одновременно может проводиться таможенный контроль в отношении шести транспортных средств. Кроме того, для облагораживания и эффективного использования территории пункта пропуска проводятся мероприятия по сносу ветхих и не функциональных сооружений и зданий, для дальнейшего устройства дополнительных стояночных мест, оптимизации схемы движения транспортных средств в пределах территории пункта пропуска, что повлияет на увеличение пропускной способности пункта пропуска. Также проведена реконструкция общежития для пограничников.

Ознакомившись с деятельностью КПП, Президент подчеркнул, что улучшенная инфраструктура контрольно-пропускного пункта должна полностью соответствовать необходимым стандартам, важно создать наиболее благоприятные условия для транспортных средств, пересекающих границу.

Кроме того, Садыр Жапаров предложил с весны следующего года увеличить количество рабочих часов по схеме 24/7.

Вместе с тем, Глава государства поручил принять все необходимые меры по обеспечению бесперебойной работы автоматизированных таможенных систем.

Далее здесь же Президент Садыр Жапаров осмотрел реконструированное здание общежития для пограничников.
Президент Садыр Жапаров УКМКнын Нарын облусу боюнча Башкармалыгынын жаңыланган имаратын ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Нарын облусу боюнча Башкармалыгынын капиталдык ремонттон өткөрүлгөн имаратынын ачылышына катышты.

Чогулгандардын алдында сөз сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамы менен куттуктады.

Садыр Жапаров кызматкерлердин жигердүү жана кесипкөй аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик жана коомдук институттардын туруктуу иштөөсү камсыз болуп, элибиздин жаратмандык эмгек менен алектенүүсүнө шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

“Мен сиздерге мына ушундай басыгыңардан жазбай, эл-жерибиздин бейпилчилиги үчүн ак кызматыңыздарды уланта бересиздер деп бекем ишенем”, - деди Президент.

Ал буга чейин Кыргыз-Кытай чек арасында жайгашкан “Торугарт-2” көзөмөл-өткөрүү пунктунда (КӨП) болгонун айтып берди. Бул КӨП “Бажы инфратүзүмү” мамлекеттик ишканасынын балансына алынып, ремонттон өткөрүлүп, ал пайдаланууга берилди.

Садыр Жапаров деңиз деңгээлинен 3700 метр бийиктикте турган бул аймактын катаал шартына - кышы узак, 50 градус даражага чейин төмөн түшкөн суугуна басым жасады. Учурда жаңыланган “Торугарт-2” өткөрүү пункту бардык шарттарга ылайык келгидей салынып, жылытуу системасы алмаштырылган.

“Чоң мамлекет менен чектеш турган өткөрүү пунктун болушунча жаңылап, күчтөп, заманбап шартта кармообуз маанилүү. Өлкөнүн бюджетинин толушуна бажы кызматынын салымы зор. Дегеле өлкө коопсуздугун жана аймактын бүтүндүгүн камсыздоо, укуктук тартипти, мамлекеттин, коомдун, саясий-социалдык туруктуулугун бекемдөө милдеттери Улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн. Биз коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кызматтык дагы, социалдык дагы шарттарын жакшыртуу багытында бир топ иштерди жасоого үлгүрдүк”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгында жасалган жетишкендиктер туралуу айтып жатып, Президент Башкармалыктын кызматкерлери Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин Кытай мамлекети менен чек ара сызыгын тактоодо, аны коргоодо өз милдеттерин татыктуу аткарып келе жатканын белгиледи. Ошону менен бирге өлкөбүздө болуп келаткан ар кайсыл коомдук-саясий учурларда облустагы абалды турукташтурууда, диний экстремисттик чакырыктарга каршы күрөшүүдө, коррупцияга бөгөт коюда чоң жетишкендиктерге жетишти.

Садыр Жапаров 1988-жылы курулган УКМКнын Нарын башкармалыгынын имаратына ошол 35 жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөнүн айтты. Материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кызматкерлердин ишине тиешелүү шарттарды түзүп берүү максатында генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен демөөрчүлөр тартылып, бул имаратты короо-жайын кошо толугу менен менен оңдоп-түзөөнү колго алынган. Жалпы жонунан 2 миң метр квадраттан ашык имараты толугу менен оңдолуп-түзөлүп, 500 метр квадраттан ашык кошумча курулуш курулду. Ошондой эле жайкы спорттук аянтчалар салынып, тосмолору тосулуп, тиешелүү жерлерге асфальт төшөлдү.

Ал имараттын оңдолуп-түзөлүшү менен бул Башкармалыктын ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдуулугу, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөшүүнүн сапаты жогорулай тургандыгына терең ишенимин билдирди.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Президент Садыр Жапаров Башкармалыктын кызматкерлерине ийгилик, бекем ден соолук жана бакубатчылык каалады.
Президент Садыр Жапаров открыл обновленное здание Управления ГКНБ в Нарынской области

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 21 декабря, в рамках рабочей поездки в Нарынскую область принял участие в открытии обновленного здания Управления Государственного комитета национальной безопасности Кыргызской Республики.

Выступая перед собравшимися, Глава государства поздравил сотрудников органов национальной безопасности с профессиональным праздником.

Садыр Жапаров отметил, что активные и профессиональные действия сотрудников обеспечивают стабильную работу важных государственных и общественных институтов страны, создают благоприятные условия для созидательного труда нашего народа.

«Уверен, что вы и впредь будете эффективно выполнять поставленные задачи, честно служить ради спокойствия народа и Отечества», - подчеркнул
Президент.

Он рассказал, что ранее посетил КПП «Торугарт-2», расположенный на кыргызско-китайской границе. Данный КПП принят на баланс государственного предприятия «Таможенная инфраструктура», на сегодня он реконструирован и введен в эксплуатацию.

Садыр Жапаров акцентировал внимание на суровых климатических условиях этого региона, который находится на высоте 3700 метров над уровнем моря, где продолжительная зима и температура воздуха опускается до -50 градусов.
На сегодня в обновленном КПП «Торугарт-2», построенном с учетом всех необходимых условий, заменена система отопления.

«Этот КПП, граничащий с большой страной, важно обновить и укрепить, создав необходимые современные условия. Таможенная служба вносит большой вклад в пополнение бюджета страны. В целом на органы национальной безопасности возложены задачи обеспечения безопасности страны и целостности региона, укрепления правопорядка, государства, общества и стабильности. Нам удалось провести большую работу в направлении улучшения трудовых и социальных условий сотрудников силовых структур», - отметил Глава государства.

Говоря о достижениях Нарынского управления ГКНБ, Президент обозначил, что его сотрудники достойно выполняют свои обязанности по уточнению линии границы с Китаем после обретения Кыргызстаном независимости и ее защите. В то же время в различных общественно-политических ситуациях, произошедших в нашей стране, были достигнуты большие успехи в стабилизации ситуации в регионе, борьбе с религиозными экстремистскими призывами, предотвращении коррупции.

Садыр Жапаров отметил, что построенное в 1988 году здание Нарынского управления ГКНБ, за 35 лет ни разу не ремонтировалось. В целях улучшения материально-технической базы и создания условий для работы сотрудников по инициативе генерал-лейтенанта Камчыбека Ташиева были привлечены спонсоры, с помощью которых проведена реконструкция этого здания, включая внутренний двор. Здание общей площадью более 2000 квадратных метров было полностью отремонтировано и построено дополнительное здание площадью более 500 квадратных метров. Также были построены летние спортивные площадки, ограждены заборы, в соответствующих местах проложен асфальт.

Он выразил уверенность в том, что с приведением зданий в новое состояние эффективность и скорость деятельности сотрудников данного Управления, качество борьбы с внутренними и внешними угрозами повысится.

В завершение Президент Садыр Жапаров пожелал сотрудникам Управления успехов, крепкого здоровья и благополучия.