КР Президенти
7.4K subscribers
20.4K photos
846 videos
95 files
3.5K links
КР Президентинин расмий Telegram-каналы

Официальный Telegram-канал Президента КР
Download Telegram
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров Ормон Хандын 230 жылдык мааракесинде: Эгемендик үчүн күрөшкөн аталарыбыздын эмгектерин тактап, жалпы журтубузга таанытышыбыз зарыл
****
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров на праздновании 230-летия Ормон Хана: Мы должны помнить и рассказывать о роли наших предков, которые боролись за независимость кыргызской государственности
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Ормон Хандын 230 жылдык мааракесин белгилөө

*****
🎥Видео: Празднование 230-летия Ормон Хана
“Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду, аталган конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 28-сентябрында кабыл алынган.

Конституциялык Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна Кыргыз Республикасынын Жогорку соту сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктар берилет, 521-берене менен толуктоо каралат, ага ылайык Конституциялык сот өзүнүн чечимин Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча же Конституциялык соттун төрагасынын сунушу боюнча төмөнкү учурларда кайра карашы мүмкүн, эгерде:
– чечим кабыл алууга негиз болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченеми өзгөрсө;
– чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;
– чечим Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Конституциялык сот мурда кабыл алынган актты кайра кароо жөнүндө чечим кабыл алат, анда ал акт өзгөртүлөт же жокко чыгарат.

Конституциялык соттун чечимин кайра кароо жөнүндө маселени кароонун тартиби Конституциялык соттун Регламенти менен аныкталат.

Аталган конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

************

Внесены изменения в конституционный Закон Кыргызской Республики «О Конституционном суде Кыргызской Республики»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал конституционный Закон Кыргызской Республики «О внесении изменения в конституционный Закон Кыргызской Республики «О Конституционном суде Кыргызской Республики», который был принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 28 сентября 2023 года.

Конституционным Законом предоставляются полномочия Конституционному суду Кыргызской Республики по пересмотру своих решений по аналогии с Верховным судом Кыргызской Республики, предусматривается дополнить статьей 521, согласно которой решение Конституционного суда может быть пересмотрено им по представлению Президента Кыргызской Республики или по представлению председателя Конституционного суда в случаях, если:
– изменилась норма Конституции Кыргызской Республики, на основании которой было принято решение;
– открылись новые существенные для предмета обращения обстоятельства, неизвестные Конституционному суду Кыргызской Республики в момент вынесения решения;
– решение противоречит моральным и нравственным ценностям, общественному сознанию народа Кыргызской Республики.

О пересмотре ранее принятого акта Конституционный суд Кыргызской Республики принимает решение, которым изменяет или отменяет этот акт.

Порядок рассмотрения вопроса о пересмотре решения Конституционного суда определяется Регламентом Конституционного суда.

Данный конституционный Закон вступает в силу со дня официального опубликования.
Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 3-октябрда, Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушуу өткөрдү.

Регионалдык жана глобалдык коопсуздук маселелери боюнча, ошондой эле региондо туруктуулукту бекемдөө чөйрөсүндө Европа Биримдиги менен кызматташуунун келечек пландары жөнүндө кеңири пикир алмашуу болду.

Марат Иманкулов Евробиримдик Кыргызстандын көз карандысыздыкка ээ болгондон бери системалуу негизде натыйжалуу кызматташып келе жаткан жакын өнөктөшү экенин белгиледи. Өз ара аракеттенүү маселелеринде эл аралык терроризм, экстремизм, климаттын өзгөрүшү жана башкалар сыяктуу чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча чараларды иштеп чыгуу актуалдуу болуп саналат.

********

Секретарь Совета безопасности Марат Иманкулов встретился со Специальным представителем ЕС по Центральной Азии Тери Хакалой

Секретарь Совета безопасности Кыргызской Республики Марат Иманкулов сегодня, 3 октября, провел встречу со Специальным представителем Европейского Союза по Центральной Азии Тери Хакалой.

Состоялся обстоятельный обмен мнениями по вопросам региональной и глобальной безопасности, а также о перспективах сотрудничества с Европейским Союзом в сфере укрепления стабильности в регионе.

Марат Иманкулов отметил, что Евросоюз является близким партнером Кыргызстана, с которым на системной основе идет эффективное сотрудничество с момента обретения независимости. В вопросах взаимодействия актуальным является выработка мер по противодействию таким вызовам и угрозам, как международный терроризм, экстремизм, изменения климата и другие.
Кыргызстанга Россиянын Президенти Владимир Путин расмий сапар менен келет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин өлкөгө расмий сапары болот. Бул туурасында Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Алдыдагы сапардын алкагында Мамлекет башчысы менен Президент Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечек пландарын талкуулашат.

Мындан тышкары, мамлекет башчыларынын Кант шаарында ЖККУ Авиациялык базасынын ачылышынын 20 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышуусу пландаштырылууда”, - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.
****
В Кыргызстан с официальным визитом прибудет Президент России Владимир Путин

По приглашению Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова 12 октября текущего года состоится официальный визит Президента Российской Федерации Владимира Путина в страну. Об этом сообщил заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Муратбек Азымбакиев.

«В рамках предстоящего визита запланированы двусторонние переговоры Главы государства с Президентом Владимиром Путиным.

Лидеры стран обсудят актуальные вопросы двусторонней и многосторонней повестки, а также перспективы дальнейшего развития взаимовыгодного сотрудничества.

Кроме того, планируется участие глав государств на торжественном мероприятии, посвященном 20-летнему юбилею открытия Авиационной базы ОДКБ в г. Кант», - отметил Муратбек Азымбакиев.
Кыргызстанда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында 13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Бул туурасында Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Алдыдагы иш-чаранын жүрүшүндө Шериктештикке катышкан мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.

Бул жылы Кыргыз Республикасы КМШ органдарында төрагалык кылып жаткандыгын белгилей кетүү маанилүү”, - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.
*****
В Кыргызстане пройдет заседание Совета глав государств СНГ

Под председательством Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова в г. Бишкек 13 октября пройдет заседание Совета глав государств Содружества Независимых Государств. Об этом сообщил заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Муратбек Азымбакиев.

«В ходе предстоящего мероприятия будут приняты важные решения, направленные на расширение и укрепление сотрудничества государств – участников Содружества в торгово-экономической и культурно-гуманитарной сферах.
Ожидается, что в данном саммите СНГ примут участие главы государств Содружества.

Важно отметить, что в текущем году Кыргызская Республика председательствует в органах СНГ», - подчеркнул Муратбек Азымбакиев.
Президент Садыр Жапаровдун Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, мугалимдерди жана Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Ардактуу агай-эжейлер!

Урматтуу билим берүү тармагынын кызматкерлери!

«Мугалим» деген ыйык наамды адамгерчилик менен акылмандыкты айкалыштыра билген, боорукерлик сезимдерге бөлөнүп, мээримин чача билген инсандар гана көтөрө алат.

Мына ошондуктан кайсы гана коом болбосун, жогорку адеп-ахлакты, маданияттуулукту жана терең билимди алып жүрүүчү катары Мугалимге өзгөчө сый-урмат көрсөтүп келишет. Анткени алар бүт өмүрүн, бар күч-дараметин жаштарга таалим-тарбия, терең билим берүүгө арнаган адамдар. Мындай ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кесип ээлерин – сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Мамлекетибизде өз ишине берилип иштеген мугалимдерибиз арбын. Алардын педагогикалык чеберчилиги менен жаш муундардын көп кырдуу таланты ачылып, республикабызда билим берүү потенциалы өсүүнүн үстүндө. Акыркы жылдары республикалык жана эл аралык олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болгон окуучуларыбыздын саны өсүп баратканы кубандырбай койбойт.

Өлкөбүздүн билим берүү системасынын өзөгүндө кайталангыс улуттук баалуулуктардын сакталышына маани беришибиз кажет. Ошол эле маалда дүйнөдөгү билим берүү процессинин алдыңкы тажрыйбаларын, жаңычыл ыкмалар менен жогорку технологияларды колдонууга ачык болушу зарыл.

Демилгелүү, чыгармачыл, жаңы жетишкендиктерди өздөштүрө билген муундун өсүп келатканын эске алуу менен бүгүнкү күндө мугалимдерибиз болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн, заман талап кылып жаткан технологиялык жетишкендиктерден ар дайым кабардар болуп, өзүн-өзү дайыма өркүндөтүп-өстүрүп турушу керек.

Мына ушундай шартта мойнубузда чоң жоопкерчилик турат. Элибизди ар тараптан агартууда жаштардын мыкты кесиптин ээси болуп чыгуусуна пайдубал түптөө, анын натыйжасында мамлекетибизди өнүктүрүү дал ушул ардактуу мугалимдердин талыкпаган эмгеги менен түздөн-түз байланыштуу.

Урматтуу улуу кесипти аркалаган агай-эжейлер, мээнеттүү ишиңиздердин акыбети кайтсын, албан-албан ийгиликтер, кубанычтуу жетишкендиктер коштосун.

Биз сиздер менен бирге келечегибиз болгон жаштарга таалим-тарбия, билим берүүдөгү бардык кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды жеңээрибизге бекем ишенем.

Тыным албай изденип, кесипкөйлүктү арттырууга умтула бериңиздер!

Сиздерге чың ден соолук, чыгармачыл ийгилик, жаратмандык каалайм!».
Поздравление Президента Садыра Жапарова с Днем работников образования

Президент Кыргызстана Садыр Жапаров сегодня, 5 октября, поздравил учителей и работников системы образования Кыргызской Республики с профессиональным праздником.

Текст поздравления Главы государства:

«Дорогие учителя!

Уважаемые преподаватели и работники образования!

Высокого звания «Учитель» достойны те, кто являет собой образец личности, кому присущи всесильная любовь, подлинный гуманизм, мудрость и отзывчивость. В обществе всегда было особо уважительное отношение к Учителю, как носителю высокой нравственности, культуры и знаний. Вы посвятили всю свою жизнь, все силы и способности делу воспитания молодежи. И за этот ваш бесценный труд я выражаю свою искреннюю благодарность. Поздравляю вас с профессиональным праздником!

В Кыргызстане - замечательные учителя, преданные своему делу. Благодаря их педагогическому мастерству раскрываются таланты юного поколения, возрастает образовательный потенциал нашей республики. Отрадно отметить, что в последнее время растет число учащихся, занявших призовые места на республиканских и международных олимпиадах.

Система образования Кыргызстана должна хранить в своей сердцевине национальные самобытные ценности, в то же время быть всегда открытой к восприятию передовых новшеств, освоению и применению высоких технологий.
Учитывая, что растет поколение инициативных, творческих, способных к освоению новых достижений, сегодня наши учителя должны быть в курсе происходящих изменений, новейших технологий, и постоянно самосовершенствоваться.
В таких условиях на нас лежит большая ответственность. Всестороннее развитие личности, формирование гражданина и профессионала своего дела, в конечном итоге - процветание нашего государства напрямую зависит от неустанного труда наших дорогих учителей.

Уважаемые учителя, пусть вам всегда сопутствуют удача и радость свершений.

Мы верим, что вместе с вами преодолеем все трудности и препятствия в деле воспитания и обучения молодого поколения Кыргызстана.

Я преклоняюсь перед вашей мудростью, трудолюбием, профессионализмом! Не переставайте стремиться к совершенству.

Желаю вам крепкого здоровья, сил и энергии, творческих успехов и созидания.

С праздником!».
Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна мурда жүктөлгөн милдеттеринен бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.
*****
Догдуркүл Кендирбаева назначена министром образования и науки

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому в соответствии с пунктом 2 части 1 статьи 70, статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна назначена министром образования и науки Кыргызской Республики, и она освобождена от исполнения ранее возложенных обязанностей.
Караколдо М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Каракол шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жогорку билими бар жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоону андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда жогорку билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. Каракол шаарында М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Москва мамлекеттик университетинин филиалынын иши Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
2) Москва мамлекеттик университетинин филиалына абитуриенттерди кабыл алуу М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт;
3) Москва мамлекеттик университетинин филиалынын бүтүрүүчүлөрүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоо
М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети тарабынан белгиленген талаптарга, эрежелерге жана мөөнөттөргө ылайык жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Москва мамлекеттик университетинин филиалынын натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чараларды көрсүн;
2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) Москва мамлекеттик университетинин филиалына кадрларга болгон муктаждыкты жана республиканын региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн келечегин эске алуу менен, мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен жыл сайын 60 орун бөлүүнү карасын;
2) Москва мамлекеттик университетинин филиалынын иши үчүн укуктук негиз түзүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
2024–2025-окуу жылынан баштап Москва мамлекеттик университетинин филиалын республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылсын.
В Караколе откроется филиал Московского государственного университета имени М.В. Ломоносова

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ «О филиале Московского государственного университета имени М.В. Ломоносова в городе Каракол».

В целях дальнейшего развития и совершенствования подготовки высококвалифицированных кадров с высшим образованием и расширения сотрудничества в области высшего образования между Кыргызской Республикой и Российской Федерацией, в соответствии со статьей 71 Конституции Кыргызской Республики, постановляется:

1. Создать филиал Московского государственного университета имени М.В. Ломоносова в городе Каракол.
2. Установить, что:
1) деятельность филиала Московского государственного университета будет осуществляться в соответствии с законодательствами Кыргызской Республики и Российской Федерации;
2) прием абитуриентов в филиал Московского государственного университета будет проводиться в порядке, установленном Московским государственным университетом имени М.В. Ломоносова;
3) государственная итоговая аттестация выпускников филиала Московского государственного университета будет осуществляться в соответствии с требованиями, правилами и в сроки, установленные Московским государственным университетом имени М.В. Ломоносова.
3. Кабинету Министров Кыргызской Республики:
1) принять меры, направленные на создание условий для эффективной деятельности филиала Московского государственного университета;
2) принять иные меры, вытекающие из настоящего Указа.
4. Министерству образования и науки Кыргызской Республики:
1) предусмотреть ежегодное выделение 60 мест, с учетом потребности в кадрах и перспектив социально-экономического развития регионов республики, за счет государственного образовательного гранта филиалу Московского государственного университета;
2) принять необходимые меры по созданию правовой основы для деятельности филиала Московского государственного университета.
5. Министерству финансов Кыргызской Республики начиная с 2024–2025 учебного года обеспечить финансирование филиала Московского государственного университета за счет средств республиканского бюджета.
КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун ишин натыйжалуу башкарууну жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу жана стратегиялык тармактарын өнүктүрүүгө жана стимулдаштырууга багытталган Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин максаттары, түптөөнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздери такталган, ошондой эле кошумча функциялар берилген. Ушуга байланыштуу Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр каралган.

********

Внесены изменения в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности Государственного банка развития КР

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики
«О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам деятельности Государственного банка развития Кыргызской Республики».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 4 октября 2023 года.

Закон разработан в целях повышения эффективности управления деятельностью открытого акционерного общества «Государственный банк развития Кыргызской Республики».

Законом уточнены цели создания, правовые и организационные основы деятельности Государственного банка развития Кыргызской Республики, предназначенного для развития и стимулирования приоритетных и стратегических отраслей экономики страны, а также предоставлены дополнительные функции. Для чего были внесены изменения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики «О приватизации государственной собственности в Кыргызской Республике», «Об акционерных обществах» и «О Государственном банке развития Кыргызской Республики».