КР Президенти
7.39K subscribers
20.6K photos
851 videos
95 files
3.5K links
КР Президентинин расмий Telegram-каналы

Официальный Telegram-канал Президента КР
Download Telegram
Президент Садыр Жапаров заложил капсулу под строительство академии футбольного клуба «Барселона»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 30 августа, заложил капсулу под строительство академии испанского футбольного клуба «Барселона» в г. Бишкек.

Спортивный комплекс будет возведен на юге столицы, его площадь составит 15,85 гектара. В инфраструктуру комплекса будут входить большой футбольный стадион вместимостью 10 тыс. человек, футбольная академия с 2 большими полями и несколькими малыми футбольными полями. Также на территории комплекса будут построены спортивный зал, современный бассейн, 7-этажная медицинская клиника, музей, кафе и отель под брендом «Барселона» (Barça).

В проект комплекса еще входит общеобразовательная школа на 1000 ученических мест и детский сад на 700 мест. В академии на постоянной основе будут обучаться 240-300 воспитанников и еще около 2 тыс. детей из регионов получать возможность посещать секции футбольной академии.
Объем инвестиций, привлеченных для реализации проекта, составляет около 10 млрд сомов. Строительство комплекса планируется завершить к четвертому кварталу 2026 года.

Церемония закладки капсулы прошла с участием Президента футбольного клуба «Барселона» Жоана Лапорты, а также знаменитых экс-игроков каталонской команды.

Глава государства в своем выступлении отметил, что именитый футбольный клуб впервые реализует свои проекты в Центральной Азии.
«Как вам известно, вчера в г. Джалал-Абад состоялось торжественное открытие академии футбольного клуба «Барселона». Это событие кыргызстанцы восприняли с большой радостью. Академия является первым масштабным проектом клуба в Центральной Азии, в связи с чем она займет особое место в истории кыргызского футбола. Сегодня мы закладываем капсулу под строительство такой же современной международной академии в нашей столице», — сказал Садыр Жапаров.

Вместе с тем Президент подчеркнул, что в Кыргызстане сегодня большое внимание уделяется развитию современной спортивной инфраструктуры. Работы в этом направлении являются одним из приоритетных задач, и ярким подтверждением этому становятся открытие футбольной академии в Джалал-Абаде и старт строительства второй в Бишкеке.

«Спортивные академии в будущем окажут положительный эффект на популяризацию здорового образа жизни среди молодежи, а также на формирование здорового поколения и здоровой нации. Воспитанники этих академий будут получать разносторонние знания о футболе, тренеры смогут расширить свои наставнические навыки, что, в свою очередь, усилит футбольную конкуренцию в республике. Академии со временем воспитают лучших игроков для нашей национальной сборной, которые достигнут больших успехов на международной арене», — акцентировал Садыр Жапаров.

Также Глава государства упомянул, что национальная сборная Кыргызской Республики по футболу ведет активную подготовку к Кубку Азии и квалификационным турам чемпионата мира. Академия в Джалал-Абаде представит ей хорошую возможность для проведения качественных тренировок.

В завершение Садыр Жапаров поблагодарил Президента футбольного клуба «Барселона» Жоана Лапорту, легендарных игроков этой команды за личное участие в мероприятиях по запуску совместных проектов в Кыргызстане и выразил веру, что воспитанники академий в Джалал-Абаде и в Бишкеке последуют пути величайших футболистов.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров «Барселона» футбол клубунун академиясынын курулушуна мезгил кутусун салды
*****
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров заложил капсулу под строительство академии футбольного клуба «Барселона»
Президент Садыр Жапаров Бишкектин чет-жакасына жаңы стадиондун курулушуна мезгил кутусун салды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарынын чет-жакасындагы Орок айылына жаңы стадиондун курулушуна мезгил кутусун салды.
Долбоорго ылайык, жаңы стадиондун жалпы аянты болжол менен 109 миң чарчы метрди түзөт. Жалпы сыйымдуулугу 35 миң орун, ачык жана жабык VIP-орундар, ошондой эле комментаторлор менен журналисттер үчүн 200 орун каралган.
Стадиондун долбоорунда 1,5 миң жеңил унаа жана 100 автобус үчүн токтотуучу жай бар. Стадиондун 5 кириши жана 3 көзөмөл-өткөрмө пункту болот. Эки кабат трибуна, трибуналардын астында жылуу жайлар, галереялар, оюн талаасы көрүнө турган жана баш калка боло турган курулмалар болот.
Азем катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы кыргыз эли эзелтен намыска бек, эрки күчтүү, кандан-бектен тайманбаган жоокер эл болгонун белгиледи. Көчмөн замандарда ат жалында жүрүп, улуттук оюндар, улуттук спорттун түрлөрү менен машыгып, Ата Мекенин коргоо үчүн эл-четинде, жоо бетинде турушкан.
“Бүгүнкү бейпилчилик заманда эр-азаматтардын эркин бүлөп, ден соолугун чыңоочу спорттун жаңы түрлөрү жаралды. Биздин уул-кыздарыбыз спорттун бир топ түрлөрү боюнча кыргыз байрагын эл аралык майдандарда бийик желбиретип келишет. Кудайга шүгүр, өлкөбүздө спортко кызыккан, сергек жашоо образын карманган жарандарыбыз абдан көп. Футбол спортунун жүз миңдеген күйөрмандары “заманбап стадионубуз болсо” деген каалоо-тилеги көптөн бери айтылып келатты эле. Ушинтип, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында кесипкөй футболчулардын, кыргыз футбол күйөрмандарынын, жалпы эл-журтубуздун кыялын ишке ашырууга кадам ташталды”, - деп баса белгиледи Президент.
Садыр Жапаров заманбап стадион куруу жөнүндө жаштарга берилген убада аткарыларына токтолду. Жарандар жакынкы мезгилде жаңы, заманбап стадиондун ичинде ата мекендик футбол оюндарына күбө боло алабыз. Жеке эле өлкө ичиндеги командалардын оюндары эмес, эң жогорку даражадагы эл аралык мелдештер дагы өткөрүлөт.
Ошондой эле Мамлекет башчысы буга чейин бир топ спорттук мелдештер, өзгөчө футбол оюндары көп жылдан бери кызмат кылып келе жаткан Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөрүлүп келгенин эске салды.
“Ал стадион боюнча дагы биздин пландарыбыз бар. Тарыхыбызда татыктуу орун ээлеген бул спорт объектисинин абалын жакшыртуу үчүн иш-аракеттер болот”, - деп баса белгиледи Президент.
Садыр Жапаров жаңы стадиондун курулушуна Улуттук футбол курама командасынын чын жүрөктөн кубанганын өзгөчө канааттануу менен белгиледи. Маалым болгондой, улуттук курама команданын оюнчулары дүйнөнүн ар кайсы заманбап стадиондорунда ойноп, көздөрү күйүп, Кыргызстанда да ушундай стадиондор курулса деп кыялданышкан.
Президент жаңы стадиондун курулушу Азия чемпионатына даярданып жаткан Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына дем-күч берерине бекем ишенимин билдирди.
Соңунда Мамлекет башчы кыргыз футболунда жакшы саамалыктар болуп жатканына токтолду.
“Атактуу “Барселона” футбол клубунун академиясы кечээ Жалал-Абадда ачылса, бүгүн дал ошондой академиянын пайдубалы Бишкекте түптөлдү. Көптөгөн футбол легендалары чыккан “Барселонанын” бул академиялары Борбор Азия чөлкөмүндө биринчи болуп Кыргызстанда ачылып жатканын дагы бир жолу айта кетейин. Бара-бара бүтүндөй Кыргызстандын аймактарына ушундай академиялар ачылып, заманбап стадиондор курулат деген ишеничтемин!” деп сөзүн жыйынтыктады Садыр Жапаров.