КР Президенти
7.39K subscribers
20.6K photos
852 videos
95 files
3.5K links
КР Президентинин расмий Telegram-каналы

Официальный Telegram-канал Президента КР
Download Telegram
Жидда шаарында "Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши" аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммити аяктады

Бүгүн, 19-июлда "Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши" аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммити болуп өттү.

Иш-чара Борбор Азия жана араб мамлекеттеринин лидерлерин жана делегация башчыларын тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи менен башталды.

Саммит Сауд Арабиясынын Мураскер ханзадасы Мухаммед бин Салман Аль Сауддун төрагалыгы астында өттү.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө региондор аралык кызматташтыкты жана энергетика, инфраструктура, айыл чарба, транспорт, саламаттыкты сактоо, туризм, санариптештирүү жана инновация сыяктуу турмуштук маанилүү тармактарда тажрыйба алмашууну активдүү алдыга жылдырууну сунуштады.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары жана делегациялар Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.



**********

В г. Джидда завершился первый Саммит глав государств «Центральная Азия - Совет сотрудничества арабских государств Залива»

Сегодня, 19 июля, в г. Джидда состоялся первый Саммит глав государств «Центральная Азия - Совет сотрудничества арабских государств Залива».

Мероприятие началось с церемонии приветствия и совместного фотографирования лидеров стран и глав делегаций Центральной Азии и арабских государств.

Саммит прошел под председательством Наследного принца Саудовской Аравии Мухаммеда бин Салман Аль Сауда.

В своем выступлении Президент Садыр Жапаров предложил активно продвигать межрегиональное сотрудничество и обмен опытом в таких жизненно важных секторах, как: энергетика, инфраструктура, сельское хозяйство, транспорт, здравоохранение, туризм, цифровизация и инновации.

По итогам Саммита главами государств и делегаций принято Совместное заявление.
🇰🇬🇸🇦Президент Садыр Жапаров Сауд Арабия Падышалыгынын Мураскер ханзаадасы,
Премьер-министри Мухаммад бин Салман Аль Сауд менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жидда шаарында Сауд Арабия Падышалыгынын Мураскер Ханзаадасы, Премьер-министри Мухаммад бин Салман Аль Сауд менен жолугушту.

Тараптар регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечек пландарын жана эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Сауд Арабия Падышалыгынын Мураскер ханзаадасы, Премьер-министри Мухаммад бин Салман Аль Сауд Мамлекет башчысы менен саламдашып, Сауд Арабиясынын мындан ары эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жана бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүгө жаңы дем берүүгө даярдыгын белгиледи.

Ал өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурду.

Мухаммад бин Салман Аль Сауд эки өлкөнүн өз ара пайдасына жетишүүгө багытталган бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу ниетин билдирди.

Мураскер ханзаада соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн колдо бар потенциалды оңунан белгилеп, бул контекстте Кыргызстан менен Сауд Арабия Падышалыгынын ортосундагы ишкер байланыштарды кеңейтүү боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгын айтты.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров "Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши" аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммитине катышууга чакырганы үчүн ыраазычылык билдирип, Сауд Арабиянын Падышасы Салман бин Абдул Азиз Аль Саудга жылуу саламын жолдоду.

Мамлекет башчысы ишеним жана достук маанайда айтылган өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык багыттарында биргелешип иштөөгө даяр экенин билдирди. Садыр Жапаров ошондой эле Сауд өнүктүрүү фондуна Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө ар кыл тармактарда бир катар долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сауд Арабия Падышалыгынын Мураскер ханзаадасы, Премьер-министри Мухаммад бин Салман Аль Саудду өзүнө ыңгайлуу каалаган мезгилде Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.
🇰🇬🇸🇦Президент Садыр Жапаров встретился с Наследным принцем, Премьер-министром Саудовской Аравии Мухаммадом бин Салман Аль Саудом

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров в г. Джидда встретился с Наследным принцем, Премьер-министром Королевства Саудовская Аравия (КСА) Мухаммадом бин Салман Аль Саудом.

Стороны обсудили приоритетные направления двустороннего сотрудничества и перспективы регионального взаимодействия.

Наследный принц, Премьер-министр КСА Мухаммад бин Салман Аль Сауд, приветствуя Главу государства, отметил готовность Саудовской Аравии в дальнейшем развивать отношения между двумя странами и придать новый импульс взаимодействию по всем приоритетным направлениям.

Особое внимание он уделил усилению торгово-экономических связей между странами.

Мухаммад бин Салман Аль Сауд высказал намерение о реализации ряда инвестиционных проектов, направленных на достижение взаимной выгоды двух стран.

Наследный принц положительно отметил имеющийся потенциал для развития торгово-экономического сотрудничества, подчеркнул в этом контексте необходимость усиления мер по расширению деловых контактов между Кыргызстаном и КСА.

В свою очередь Президент Садыр Жапаров, выразив благодарность за приглашение принять участие в первом Саммите глав государств «Центральная Азия – Совет сотрудничества арабских государств Залива», передал теплые слова приветствия Королю Саудовской Аравии Салман бин Абдул Азиз Аль Сауду.

Глава государства выразил готовность к совместной работе по всем озвученным направлениям взаимовыгодного сотрудничества в духе надежного доверия и дружбы. Садыр Жапаров также поблагодарил Саудовский фонд развития за поддержку экономического развития Кыргызстана через реализацию ряда проектов в различных сферах.

Пользуясь случаем, Президент Садыр Жапаров пригласил Наследного принца, Премьер-министра КСА Мухаммада бин Салман Аль Сауда посетить с визитом Кыргызстан в любое удобное время для него.
🕋Президент Садыр Жапаров Меккеде кичи ажылык зыярат жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Сауд Арабия Падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мекке шаарында Умрага (кичи ажылык) барды.

Умра учурунда Садыр Жапаров өзгөчө урмат-сыйга ээ болуп, Ыйык Каабанын ичине кирип, намаз окуду.

Мамлекет башчысы Жараткандан өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, Кыргызстандын элине бак-дөөлөттүү, берекелүү турмушту тартуулашын тиледи.

Умра - кичи ажылык, Меккеге жана Ыйык мечитке баруу менен байланышкан, ажылык үчүн белгиленген айдан башка жылдын каалаган убагында жасалуучу зыярат.

*****
🕋Президент Садыр Жапаров совершил малый хадж в Мекке

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров в рамках рабочего визита в Королевство Саудовская Аравия совершил умру (малый хадж) в г. Мекка.

В ходе умры Садыр Жапаров был удостоен особой чести — он вошел внутрь священной Каабы, где прочитал молитву.

Глава государства вознес мольбы к Всевышнему о благополучии народа Кыргызстана и процветании страны.

Умра - малый хадж (паломничество) связан с посещением Мекки и Заповедной мечети, которое совершается в любое время года, кроме месяца, предназначенного для хаджа.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров Меккеде кичи ажылык зыярат жасады. Умра учурунда Садыр Жапаров өзгөчө урмат-сыйга ээ болуп, Ыйык Каабанын ичине кирип, намаз окуду. Мамлекет башчысы Жараткандан өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, Кыргызстандын элине бакубат турмушту тартуулашын тиледи.
****
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров совершил умру (малый хадж) в г. Мекка. В ходе умры Садыр Жапаров был удостоен особой чести — он вошел внутрь священной Каабы, где прочитал молитву. Глава государства вознес мольбы к Всевышнему о благополучии народа Кыргызстана и процветании страны.
Президент Садыр Жапаров Медина шаарында Мухаммад пайгамбардын мечитине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-июлда, Сауд Арабия Падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мединадагы Масжид Ан-Набавиге (Мухаммад пайгамбардын мечити) барды.

Мамлекет башчысы Масжид Ан-Набавиде намаз окугандан кийин, ага Мухаммад пайгамбардын (САВ) сөөгү коюлган жерге кирүүгө жол ачышты.

Президент Садыр Жапаров кыргыз элинин бакубат жашоосун жана өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн тилеп, дуба кылды.

Аль-Масжид ан-Набави (Пайгамбардын Мечити) - Сауд Арабиянын Медина шаарындагы эң чоң мечити жана Меккедеги Ыйык мечиттен кийинки эле исламдын экинчи ыйык жери. Дүйнөдөгү экинчи ири мечит жана Пайгамбардын (САВ) сөөгү коюлган жери болуп саналат.

****
Президент Садыр Жапаров в г. Медина посетил мечеть пророка Мухаммада

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 20 июля, посетил Масжид Ан-Набави (мечеть пророка Мухаммада) в Медине в рамках рабочей поездки в Королевство Саудовская Аравия.

После молитвы, совершенной Главой государства в Масджид Ан-Набави, Садыру Жапарову был открыт доступ к месту захоронения пророка Мухаммада (САВ).

Президент Садыр Жапаров вознес мольбу за благополучие кыргызского народа и процветание страны.

Аль-Масджид ан-Набави (Мечеть Пророка) — крупнейшая мечеть в Саудовской Аравии в городе Медина и вторая святыня ислама после Заповедной мечети в Мекке. Является второй самой крупной мечетью в мире и местом погребения пророка Мухаммада (САВ).