КР Президенти
7.37K subscribers
18.6K photos
785 videos
95 files
3.44K links
КР Президентинин расмий Telegram-каналы

Официальный Telegram-канал Президента КР
Download Telegram
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин менчик бөлүштүрүүчү компаниялар тууралуу комментарийи

"Президент Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстанда энергетикалык бөлүштүрүүчү жеке ортомчу компаниялардын саны олуттуу кыскарды.

Учурда алардын саны 28ден 12ге чейин кыскарды.

Азыркы тапта электр энергиясын калкка жеткирүү процессинде энергетикалык жеке ортомчу компанияларды толук жою үчүн оптимизациялоо иштери уланууда".

***
Комментарий пресс-секретаря Президента Эрбола Султанбаева о частных распредкомпаниях

"По поручению Президента Жапарова в Кыргызстане значительно сокращено количество посреднических частных энергетических распределительных компаний.

Так, на сегодняшний день их количество сокращено с 28 до 12.

На данный момент продолжается оптимизация для полного исключения посреднических энергокомпаний в процессе поставки электроэнергии населению".
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин комментарийи

"Бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу АКШнын эки сенатору "Азаттык медиа" айланасындагы кырдаалга байланыштуу Президент Жапаровго кайрылуу жолдоп, анда өлкөдө сөз эркиндигине кысым болууда дегендей тынчсыздануусу айтылганы белгилүү болду.

Бул, сөз эркиндигине жана басма сөзгө өлкөнүн Конституциясы берген кепилдикке каршы келген сыңары белгиленет.

"Азаттык медианын" ишин эки айга хостинг-провайдер менен токтотуу чечимин 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы окуялар тууралуу анык эмес маалымат бергендигине байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабыл алганын эске салгыбыз келет.

Бул чечимди кабыл алганга чейин, Министрлик "Азаттык медиа" редакциясына бир нече жолу кат жөнөткөн.

Өз укугун пайдалануу менен сайттын иши иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык токтотулган.

Башкача айтканда бул атайын чара эмес, анык эмес маалымат таратууга тыйуу салган өлкөнүн иштеп жаткан мыйзамын бузууга карата реакция болгон.

Кыргызстан көз карандысыз медиалар толук кандуу иштөөсүнө бардык шарттары бар эркин, демократиялык өлкө.

Дагы бир жолу кайталайм, бардыгы үчүн жалгыз талап иштеп жаткан мыйзамдарды сактоо".

*

Комментарий пресс-секретаря Президента Эрбола Султанбаева


"Сегодня из средств массовой информации стало известно, что два сенатора США направили обращение Президенту Жапарову относительно ситуации вокруг «Азаттык медиа», где выражается обеспокоенность якобы давлением на свободу слова в стране.

Отмечается, что это якобы нарушает международные нормы в отношении свободы слова и печати и гарантии, данные Конституцией страны.

Хотелось бы напомнить, что решение о приостановлении хостинг-провайдером работы сайта «Азаттык медиа» на 2 месяца принято Министерством культуры, информации, спорта и молодежной политики в связи с распространением недостоверной информации о событиях 14-17 сентября 2022 года в Баткенской области.

До принятия данного решения, Министерство несколько раз направляло письменные уведомления редакции «Азаттык медиа».

Пользуясь своим правом в соответствии с действующим законодательством работа сайта была приостановлена.

То есть это не было умышленной мерой, а реагированием на нарушение действующего законодательства страны, запрещающим распространение недостоверной информации.

Кыргызстан является свободной, демократической страной где есть все условия для полноценного функционирования независимых медиа.

Еще раз повторюсь, единственным требованием ко всем является неукоснительное соблюдение действующего законодательства".
Президент Садыр Жапаров Беларустун Президенти Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко бүгүн, 23-январда, телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары бири-бирин Кыргызстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен кызуу куттукташты.

Отуз жылдын ичинде өлкөлөр ортосунда өз ара урматтоонун жана өнөктөштүктүн негизинде түзүлгөн достук мамилелер өнүгүп келе жатканы тууралуу лидерлердин пикири бир чыкты. Эки тараптуу кызматташтыктын бүтүндөй комплекси, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда бара-бара өнүгүп келе жатат.

Президент Садыр Жапаров кыргыз жана белорус элдеринин достук байланыштары кылымдар бою сыналып, бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи.

Тараптар аймактык интеграциялык бирикмелердин жана эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кыргыз-белорус кызматташтыгын активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

******

Состоялся телефонный разговор Президента Садыра Жапарова с Президентом Беларуси Александром Лукашенко

Сегодня, 23 января, состоялся телефонный разговор Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова с Президентом Республики Беларусь Александром Лукашенко.

В ходе разговора главы государств тепло поздравили друг друга с 30-летием установления дипломатических отношений между Кыргызстаном и Беларусью.

Лидеры сошлись во мнении, что за тридцать лет между странами сложились дружеские отношения, выстроенные на основе взаимного уважения и партнерства. Поступательно развивается весь комплекс двустороннего сотрудничества, в том числе в политической, торгово-экономической, культурно-гуманитарной и других областях.

Президент Садыр Жапаров отметил, что узы дружбы между кыргызским и белорусским народами проверены веками, и сегодня имеется значительный потенциал для углубления и расширения двустороннего взаимодействия.

Стороны отметили важность активизации кыргызско-белорусского сотрудничества в двустороннем и многостороннем форматах как в рамках региональных интеграционных объединений, так и международных организаций.
Адилет Джанузаков КР Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Джанузаков Адилет Канатович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору кызматынан бошотулду.

***

Адилет Джанузаков освобожден от должности директора Ситуационного центра Администрации Президента КР

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому Джанузаков Адилет Канатович освобожден от занимаемой должности директора Ситуационного центра Администрации Президента Кыргызской Республики.
Жолдошбек Мамбеталиев КР Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мамбеталиев Жолдошбек Султанович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору болуп дайындалды.

****

Жолдошбек Мамбеталиев назначен директором Ситуационного центра Администрации Президента КР

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому Мамбеталиев Жолдошбек Султанович назначен директором Ситуационного центра Администрации Президента Кыргызской Республики.
Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө Макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 14-декабрында кабыл алынган.

https://www.president.kg/kg/okujalar/myjzamdar/24206_kirgizstan_menen_vengriyanin_ortosundagi_ghrgnchlrd_ghana_ghktrd_el_aralik_avtomobildik_tashuular_ghnnd_makuldashuu_ratifikaciyalandi
******
Ратифицировано Соглашение между Кыргызстаном и Венгрией о международных автомобильных перевозках пассажиров и грузов

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон «О ратификации Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Венгрии о международных автомобильных перевозках пассажиров и грузов, подписанного 8 апреля 2021 года в городе Бишкек».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 14 декабря 2022 года.

https://www.president.kg/ru/sobytiya/novosti/24207_ratificirovano_soglashenie_meghdu_kirgizstanom_i_vengriey_o_meghdunarodnih_avtomobilnih_perevozkah_passaghirov_i_gruzov
Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргыз Республикасына келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда.

Өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат.

Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт”, - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

****

Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев 26-27 января с государственным визитом посетит Кыргызстан

Президент Республики Узбекистан Шавкат Мирзиёев 26-27 января с государственным визитом посетит Кыргызскую Республику. Об этом сообщил заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Кыргызской Республики Муратбек Азымбакиев.

«В рамках визита намечены двусторонние переговоры с Президентом Кыргызской Республики Садыром Жапаровым.

Лидеры стран в узком и расширенном форматах обсудят широкий спектр вопросов кыргызско-узбекского стратегического партнерства, а также планы по дальнейшему развитию взаимоотношений в духе дружбы, братства и добрососедства.

Кроме того, запланировано подписание ряда документов двустороннего характера.

Накануне государственного визита Шавката Мирзиёева в Кыргызскую Республику, состоится кыргызско-узбекский бизнес-форум, нацеленный на укрепление связей между деловыми кругами двух стран», - сообщил Муратбек Азымбакиев.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Казакстан Республикасынын Маалымат жана коомдук өнүгүү министри Дархан Кыдыралини кабыл алды

https://www.president.kg/kg/okujalar/24210_mamlekettik_katchi_synbek_kasmambetov_kazakstan_respublikasinin_maalimat_ghana_koomduk_ng_ministri_darhan_kidiralini_kabil_aldi

*

Государственный секретарь Суйунбек Касмамбетов принял министра информации и общественного развития Республики Казахстан Дархана Кыдырали

https://www.president.kg/ru/sobytiya/24211_gosudarstvenniy_sekretar_suyunbek_kasmambetov_prinyal_ministra_informacii_i_obshestvennogo_razvitiya_respubliki_kazahstan_darhana_kidirali
🇰🇬🇰🇿Президент Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-январда, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаевди кабыл алды.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Казакстан Парламентинин Сенатына шайлоонун ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

https://www.president.kg/kg/okujalar/zhanylyktar/24212_prezident_sadir_ghaparov_kazakstan_respublikasinin_parlamentinin_senatinin_tragasi_maulen_ashimbaevdi_kabil_aldi
**
🇰🇬🇰🇿Президент Садыр Жапаров принял Председателя Сената Парламента Республики Казахстан Маулена Ашимбаева

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 24 января, принял Председателя Сената Парламента Республики Казахстан Маулена Ашимбаева.

Состоялся обмен мнениями по дальнейшему укреплению и расширению политико-экономических, культурно-гуманитарных связей между странами.

Глава государства поздравил с успешным завершением выборов в Сенат Парламента Казахстана.

https://www.president.kg/ru/sobytiya/24213_prezident_sadir_ghaparov_prinyal_predsedatelya_senata_parlamenta_respubliki_kazahstan_maulena_ashimbaeva