КР Президенти
7.41K subscribers
20.4K photos
846 videos
95 files
3.5K links
КР Президентинин расмий Telegram-каналы

Официальный Telegram-канал Президента КР
Download Telegram
На джайлоо Каркыра прошли торжества по случаю юбилеев писателя Туголбая Сыдыкбекова и артиста Советбека Жумадылова

Сегодня, 23 июля, на джайлоо Каркыра в Тюпском районе Иссык-Кульской области состоялось торжественное мероприятие в честь 110-летия выдающегося писателя, Героя Кыргызстана Туголбая Сыдыкбекова и 90-летия народного артиста Кыргызской ССР Советбека Жумадылова с участием Президента Садыра Жапарова.
http://www.president.kg/ru/sobytiya/22995_na_dghayloo_karkira_proshli_torghestva_po_sluchayu_yubileev_pisatelya_tugolbaya_sidikbekova_i_artista_sovetbeka_ghumadilova
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле жакында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгын талкуулашты.

Учурдан пайдаланып, Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевду туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана өзбек элинин бакубаттуулугу үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Өзбекстандын Президенти куттуктоолор жана жылуу каалоолор үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле достук, шериктештик жана союздаштык принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелерин чыңдоого жана эки тарапка пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүнү улантууга даярдыгын билдирди.
Президент Садыр Жапаров провел телефонный разговор с Президентом Узбекистана Шавкатом Мирзиёевым

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 24 июля, провел телефонный разговор с Президентом Республики Узбекистан Шавкатом Мирзиёевым.

Лидеры двух стран обсудили текущее состояние и перспективы развития двусторонних отношений, а также итоги недавней Консультативной встречи глав государств Центральной Азии, прошедшей в г. Чолпон-Ата Иссык-Кульской области.

Пользуясь случаем, Садыр Жапаров тепло поздравил Шавката Мирзиёева с днем рождения и пожелал ему крепкого здоровья, благополучия и успехов в ответственной государственной деятельности во благо узбекского народа.

Президент Узбекистана выразил благодарность за поздравления и теплые пожелания и подтвердил готовность к продолжению расширения взаимовыгодного сотрудничества и укрепления кыргызско-узбекских отношений, основанных на принципах дружбы, партнерства и союзничества.
Некролог - Вячеслав Шаповалов

2022-жылдын 23-июлунда 75 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор, котормочу, адабият таануучу, этнокультуролог Вячеслав Иванович Шаповалов дүйнөдөн кайтты.

http://www.president.kg/kg/okujalar/zhanylyktar/22998_nekrolog____vyacheslav_shapovalov

******
Некролог - Вячеслав Шаповалов

23 июля 2022 года на 75-м году жизни ушел из жизни народный поэт Кыргызской Республики, заслуженный деятель культуры Кыргызской Республики, доктор филологических наук, профессор, переводчик, литературовед, этнокультуролог Вячеслав Иванович Шаповалов.

http://www.president.kg/ru/sobytiya/novosti/22999_nekrolog___vyacheslav_shapovalov
Президент Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын конференциясынын делегация башчыларын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын 24-конференциясынын (ТҮРКОН) делегация башчыларын кабыл алды.

Улуттук коопсуздук кызматтарынын жетекчилери менен учурашып, Мамлекет башчысы терең тарыхый байланыштар, көп кылымдык ынак коңшулаштык тажрыйбасы жана өлкөлөр менен элдердин жемиштүү кызматташуусу ТҮРКОНдун алкагында өз ара аракеттенүүнү чыңдоого бекем негиз түзөрүн белгиледи.
http://www.president.kg/kg/okujalar/23000_prezident_sadir_ghaparov_trk_tild_mamleketterdin_atayin_kizmattarinin_konferenciyasinin_delegaciya_bashchilarin_kabil_aldi
Президент Садыр Жапаров принял глав делегаций Конференции специальных служб тюркоязычных государств

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 26 июля, принял глав делегаций 24-й Конференции специальных служб тюркоязычных государств (ТЮРКОН), которая проходит в г. Чолпон-Ата Иссык-Кульской области.

Приветствуя руководителей национальных служб безопасности, Глава государства отметил, что глубокие исторические связи, многовековый опыт добрососедства и плодотворного сотрудничества между странами и народами создают крепкую основу для укрепления взаимодействия в рамках ТЮРКОН.
http://www.president.kg/ru/sobytiya/23001_prezident_sadir_ghaparov_prinyal_glav_delegaciy_konferencii_specialnih_slughb_tyurkoyazichnih_gosudarstv
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Видео: Президент Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын конференциясынын делегация башчыларын кабыл алды

******

Видео: Президент Садыр Жапаров принял глав делегаций Конференции специальных служб тюркоязычных государств
Президент Садыр Жапаров ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахмановду кабыл алды


Жолугушууда ЕККУнун ишмердүүлүгүнүн алкагында этностор аралык мамилелердин жана кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Кайрат Абдрахмановду ЕККУ системасындагы жогорку жана жооптуу эл аралык кызматка шайланышы менен куттуктады.

http://www.president.kg/kg/okujalar/23002_prezident_sadir_ghaparov_ekkunun_uluttuk_azchiliktar_boyuncha_ghogorku_komissari_kayrat_abdrahmanovdu_kabil_aldi
Президент Садыр Жапаров принял Верховного комиссара ОБСЕ по делам национальных меньшинств Кайрата Абдрахманова


Состоялся обмен мнениями по актуальным вопросам межнациональных отношений и сотрудничества в рамках деятельности ОБСЕ.

Глава государства поздравил Кайрата Абдрахманова с избранием на высокий и ответственный международный пост в системе ОБСЕ.

http://www.president.kg/ru/sobytiya/23003_prezident_sadir_ghaparov_prinyal_verhovnogo_komissara_obse_po_delam_nacionalnih_menshinstv_kayrata_abdrahmanova
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Видео: Президент Садыр Жапаров ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахмановду кабыл алды

*****

Видео: Президент Садыр Жапаров принял Верховного комиссара ОБСЕ по делам национальных меньшинств Кайрата Абдрахманова
Садыр Жапаров президенттик кызматта турган 500 күн боюнча гезиттин атайын саны басылды

“Кыргыз почтасы” ААК Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы жана 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган “Эл кызматында 500 күн” аталышындагы гезиттин атайын чыгарылышын аймактарга таркатууга киришти.

Гезит жалпысынан 500 миң нускада “Учкун” ААК басмаканасында басылып чыкты (400 миңи мамлекеттик, 100 миңи расмий тилде). Атайын чыгарылыш үч республикалык гезит – “Эркин-Тоо”, “Кыргыз-Туусу” жана “Слово Кыргызстана” тарабынан даярдалды.
http://www.president.kg/kg/okujalar/23004_sadir_ghaparov_prezidenttik_kizmatta_turgan_500_kn_boyuncha_gezittin_atayin_sani_basildi
К 500 дням президентства Садыра Жапарова вышел специальный выпуск газеты

ОАО «Кыргыз почтасы» начало распространение специального выпуска газеты «500 дней на службе народу», посвященной итогам социально-экономического развития Кыргызской Республики за 2021 год и первое полугодие 2022 года.

Всего издательством ОАО «Учкун» выпущено 500 000 экземпляров газеты (400 000 экземпляров на государственном, 100 000 экземпляров на официальном языках).

Спецвыпуск подготовлен тремя республиканскими газетами – «Эркин-Тоо», «Кыргыз-Туусу» и «Слово Кыргызстана».
http://www.president.kg/ru/sobytiya/23005_k_500_dnyam_prezidentstva_sadira_ghaparova_vishel_specialniy_vipusk_gazeti
Президент Садыр Жапаров ЕБнын КРдагы Өкүлчүлүгүнүн Башчысы Эдуар Ауэрди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Элчи, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэрди анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы элчини жылуу кабыл алып, акыркы 30 жыл ичинде Европа Биримдиги Кыргызстандын негизги ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири болуп саналарын белгиледи.

“Азыркы глобалдык өзгөрүүлөрдүн мезгилинде биз дүйнөнүн жарык келечеги үчүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн тыгыз байланышта болуп, саясий диалогду бекемдеп, 30 жылдык жетишкендиктерди улантып, туруктуу өнүгүүгө шарттарды түзүү үстүндө иштешибиз керек”, - деди ал.


Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Европа Биримдигинин
жашыл экономика, санариптүү трансформация, билим берүү жана саламаттык сактоо, чек ара жана баӊгизат коопсуздукту чыңдоо, илимий жана академиялык алмашуу программалары боюнча студенттер үчүн стипендиялык квоталарды көбөйтүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы кызматташтыгына өзгөчө көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров Эдуард Ауэрге Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы кызматындагы иши үчүн ыраазычылык билдирип, анын эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кошкон салымын жогору баалай турганын белгиледи.
Өз кезегинде Элчи, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Кыргызстандын жетишкендиктерин жогору баалап, акыркы жылдары өлкөдө жакшы натыйжалар жетишилгенин белгиледи.

Эдуард Ауэр Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун деңгээлине канааттангандыгын билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстан башка өлкөлөргө салыштырмалуу демократияны өнүктүрүү, сөз эркиндиги, адам укуктарын сактоо жагынан алдыда.

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы ошондой эле Чолпон-Атада өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна жогору баа берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле өлкөгө европалык инвесторлорду тартуу менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду