JRT ekb⚡️
74 subscribers
110 photos
11 videos
14 files
10 links
https://t.me/JPT_EKB/9 👈каналдын башкы бети💥
Download Telegram
Аналогия
👇👇👇👇
Стратегия 1: Текстти окуу ыкмаңды өзгөрт жана убактыңды үнөмдө
Көпчүлүк окуучулар кетирген эң негизги каталардын бирөөсү бул – бир текст боюнча берилген суроолордун баарын катары менен иштеп бутмөйүнчө отура берүү.
Ирээти менен баардык суроога жооп берем деп жатып, бир кыйын суроого жооп издеп көп убакыт кетирип аласың да, андан кийин келген опоңой, сен 100% туура жооп бере ала турган суроону иштегени убактың жетпей калат.
Эмне үчүн мындай болот? Эмне үчүн суроолорго жооп бергени убакыт жетпей калат?
Бирден бир себептеринин бири бул – окуучулар текстти ашыкча жакындык менен окушат. Мунун себеби мектептеги келесоо тапшырмалардын айынан болот. Адабият сабагында, силерден чыгармадагы каарман Асандын белгилүү бир сценада так эмне деп айтканын, же Үсөндүн кайсы түстөгү көйнөк кийгенин сураган сыяктуу келесоо тесттерди жазып көнүп калган көпчүлүк окуучулар. Ошондуктан сен да тексттеги ар бир майда детальга маани берип окууга көнүп калгансың.
ЖРТ башкача болот. 150-200 саптан текст үчүн 10 эле суроо берилет. Көпчүлүк суроолор майда детальдар эмес, тексттин жалпы мааниси, белгилүү бир саптардын жалпы абзац же текст менен болгон мамилеси жана автордун тону тууралуу сурайт.
Төмөндөгүдөй суроо келчү болсо:
1. Тексттин 7-12 саптарында айтылган ойду эмне деп аныктаса болот?
a. Каршы чыгуу
b. Жек көрүү
c. Колдоо
d. Алдоо
Суроодо 7-12-саптардагы айтылган ойду жалпылоону сурап жатат. Башында окуганда 7-12-саптарда эмне жазылганын жаттап калууң шарт эмес, жана жаттап калуу мүмкүн да эмес. Окуп түшүнүү бөлүмүндөгү 30 суроо үчүн сага 60 мүнөт убакыт берилет. Ошол 60 мүнөттүн ичинде окуп түшүнүү бөлүмү ичиндеги каалаган тексттен жана суроодон иштеп баштасаң болот. Мисалы үчүнчү текстти окуп суроолоруна жооп берип бүтүп, кайра биринчи текстке барып каталарыңды текшерип көрсөң юоло берет. Бир бөлүмдүн ичинде калаган баракты ачып кайра артка келүүгө, же алдыга жылууга уруксат берилет.
Бирок окуу жана тушүнүү бөлүмүнүн убактында аналогияны, грамматиканы же математиканы ачууга тыюу салынат. Андыктан ушул сыяктуу эң жөнөкөй жана сөзсүз билишиңер керек болгон эрежелерди ЖРТ даярдык китептеринин баштапкы беттеринен көңүл буруп окуп, билип алуу керек.
• ЖРТдө ар бир детальды сурабагандыктан, текстти үстүртөн жалпы мазмунду тушүнүү үчүн гана оку.
• Кийин суроолорго бар. Суроолор белгилүү бир саптар боюнча берилген болсо ошол саптарга кайра келип оку. Ошол айтылган саптарды гана эмес, айланасындагы саптарды да окуп ошол берилген маптар менен болгон байланышын да эске ал.
• Эгер ошол суроого 30 секунда ичинде жооп бере албасаң, аны калтырып кийинки суроого өт. Ал суроого кийин кайтып келесиң.
• Кээ бир окуучулар үчүн текстти окубгандан мурда суроолорду окуп, суроодо эмне жөнүндө сурап жатканын билген соң текстти окуган стратегия пайдалуу. Анткени суроодогу суралган нерселерге жооп издеп текстти окуйсуң.
Тексттен мурда суроону окуу стратегиясы кээ бирөөлөргө жардам берсе, башкаларга бербей калышы мүмкүн. Андыктан эки стратегияны колдонуп көрүп, сага ыңгайлуу болгонун аныктап алышың керек. Бирок бир нерсе анык, көпчүлүк окуучулар текстти окууга керегиден ашыкча убакыт коротушат.
ББОУБнын (ЦООМО) Бишкектеги офисине бардым. ЖРТ жөнүндө бир канча суроолорго жооп ала алдым жана ББОУБнын колдонмо китепчелерин сатып алдым.

1) Колдонмо китептердин көбүрөөк барак болгондору 150сом, кичинерээк жана мурдакы жылдар үчүн чыгарылгандары 50 сомдон экен.

2) Өзгөчө пайдалуу дагы бир ЖРТ үчүн колдонмо китепче бар экен. ал китепчеде мурдагы чыныгы ЖРТларда келген суроолор камтылыптыр. Эгерде чыныгы ЖРТда суроолор кандай келет экен деп кызыккандар болсо сөзсүз ошол китептерди сатып алуу керек.

"Чыныгы ЖРТда бир баардык суроолорго бирдей балл берилеби же кыйын суроолорго көп балл болобу?" Ар кимден ар башка угат элем. Көрсө, оңой суроолорго азыраак упай, бир аз татаал болгон суроолорго көбүрөөк упай берилет экен. Ошондой болгону туура болсо керек. Анткени татаал суроолор көбүрөөк убакыт алгандыктан көбүрөөк упай берилет.
Сиз жалкоолукка алдырасызбы?
Оюңуз болсо жаза кетиңиз 😉