Азыркы окуучулар адабий китеп эмес, күнүмдүк сабакты да кыйратып окубай калды. Ар биринин колдорунда бирден телефон. Замандын талабына жараша китепти интернет менен алмаштырып атат дейин десең, интернеттен бир пайдалуу маалыматтарды алып окушсачы? Интернетте пайдаланганы “Мейл Агент”, “Однаклассники” сыяктуу такыр пайдасы жок социалдык түйүндөр.
Сөз эмне жөнүндө болуп жатат?
Anonymous Quiz
51%
Китептерди жаштар окубай калганы тууралуу болууда
19%
Интернет түйүндөрү
10%
Суроосуна жооп издөөдө
20%
Керексиз тиркемелер жөнүндө
Ислам «тынчтык» дегенди билдирет. Исламдын маӊызы менен руху мына ушунда. Тилекке каршы, бардык илимдерди камтып, аны түшүнүүгө ачкыч болгон тынчтыктын динин бүгүн Батыштагылар Исламды тынчтыктын эмес, согуш, баскынчылык, хаос жана бүлгүнчүлүктүн дини катары түшүнүшкөндүгү шылдыӊ сыяктуу болууда. Ислам тек гана наамы менен тынчтыктын дини болбостон, өзүнүн бардык таалимдери боюнча да тынчтыктын дини жана аны ишке ашырууда. Эгерде сөзмө-сөз которсок, «Ислам» деген сөздүн экинчи мааниси – «баш ийүү». Ошентип, «тынчтык» жана «баш ийүү» деген сөздөр Исламды толук сүрөттөп берет. «Тынчтык» – мусулмандын башка адамдарга болгон мамилесине, ошондой эле Исламда тапкан чоӊ бейпилдигине байланыштуу. «Баш ийүү» мусулмандын Кудайга болгон мамилесин билдирет. Кыскача айтканда, диндин бүткүл философиясын ушул бир эле сөз камтыйт. Ислам дининдеги белгилеп кетчү кызыктуу жагдай: ар бир чыныгы дин өзүнүн Кудайдан экенин көрсөтүп туруу үчүн ушул эки зарыл шартка ээ болушу керек. Ислам боюнча бир жагынан бардык диндер адамды өзүнүн Жаратуучусуна кайта алып келүүгө, экинчи жагынан башка адамдар менен үлгүлүү, жагымдуу байланышты түзүүгө аракеттенген.
Тексттеги негизги ой ?
Anonymous Quiz
24%
Ислам "Тынчтык" дегенду түшүндүрөт
29%
Ислам дини
39%
Ислам динине мүнөздөмө
8%
Исламдагы туура эмес түшүнүк
Ислам сөзүнүн текст боюнча түшүндүрмөсү?
Anonymous Quiz
13%
Сабырдуулук
38%
Ыймандуулук
44%
Баш ийүү
5%
Жакшы мүнөз
Абитуриент:студент
Anonymous Quiz
38%
Көчөт:бак
34%
Мугалим:декан
15%
Окуучу:парламент
13%
Мөмө:урук
Ноутбук:планшет
Anonymous Quiz
20%
Китеп:дептер
6%
Бутак:бак
62%
Телевизор: компьютер
12%
Телефон:апарат