Чыңгыз Айтматов ким?” деген суроого жакында эле бир окуучу ойлонбостон туруп “акын” деп жооп берип салды. Анын жанындагы жакшыраак окуган курдаштары каткырып күлүштү, бирок эмнегедир менин күлкүм келбей эле катуу ыза болдум. Эмне деген жаштардын мууну келе жатат? “Жаштар - биздин келечегибиз” дейбиз. Келечегибиз ушундай түркөй жаштарыбыздын колуна түшө турган болсо анда мамлекет кайсыл жакка баратат?
Биз мектепте окуп жүргөн учурда танапис болору менен китепканага чуркап, кызыктуу китептерди башка окуучулар алып кое электе алып калалы деп шашчубуз. Китепкананын ичинде чоң кезек түзүлүп калчу эле. Анан дагы ким мурда окуп бүтөт, ким китепти көп окуйт деп бири-бирибиз менен жарышып, атаандашып окуур элек. Касымалы Жантөшовдун “Каныбегин” окуп отуруп, ичине кирип кетип, ыйлап атып, жасап аткан тамагым күйүп калганы эсимден такыр кетпейт. Биздин муундун жаштары ушинтип адабий китептерди берилүү менен окуп, чыгармалардагы каармандардын турмушунан сабак алар элек.
Азыркы окуучулар адабий китеп эмес, күнүмдүк сабакты да кыйратып окубай калды. Ар биринин колдорунда бирден телефон. Замандын талабына жараша китепти интернет менен алмаштырып атат дейин десең, интернеттен бир пайдалуу маалыматтарды алып окушсачы? Интернетте пайдаланганы “Мейл Агент”, “Однаклассники” сыяктуу такыр пайдасы жок социалдык түйүндөр.
Айылдык мектептин китепканачысы уйкусурап отуруп үйүнө кетет. Анткени, кызыгып китеп окуган жан жок.

Текст эмне жөнүндө болуп жатат ?
Anonymous Quiz
13%
Китепке кызыккандар тууралуу
51%
Автордун күйүтү жана арманы
31%
Жаштардын образынан бир үзүндү
4%
Интернет жөнүндө
Тексттеги автордун маанайы кандай?
Anonymous Quiz
37%
Нааразы
21%
Тынчсыздануу
37%
Кайгыруу
6%
Ойлонуу
Азыркы окуучулар адабий китеп эмес, күнүмдүк сабакты да кыйратып окубай калды. Ар биринин колдорунда бирден телефон. Замандын талабына жараша китепти интернет менен алмаштырып атат дейин десең, интернеттен бир пайдалуу маалыматтарды алып окушсачы? Интернетте пайдаланганы “Мейл Агент”, “Однаклассники” сыяктуу такыр пайдасы жок социалдык түйүндөр.
Сөз эмне жөнүндө болуп жатат?
Anonymous Quiz
51%
Китептерди жаштар окубай калганы тууралуу болууда
19%
Интернет түйүндөрү
10%
Суроосуна жооп издөөдө
20%
Керексиз тиркемелер жөнүндө
Ислам «тынчтык» дегенди билдирет. Исламдын маӊызы менен руху мына ушунда. Тилекке каршы, бардык илимдерди камтып, аны түшүнүүгө ачкыч болгон тынчтыктын динин бүгүн Батыштагылар Исламды тынчтыктын эмес, согуш, баскынчылык, хаос жана бүлгүнчүлүктүн дини катары түшүнүшкөндүгү шылдыӊ сыяктуу болууда. Ислам тек гана наамы менен тынчтыктын дини болбостон, өзүнүн бардык таалимдери боюнча да тынчтыктын дини жана аны ишке ашырууда. Эгерде сөзмө-сөз которсок, «Ислам» деген сөздүн экинчи мааниси – «баш ийүү». Ошентип, «тынчтык» жана «баш ийүү» деген сөздөр Исламды толук сүрөттөп берет. «Тынчтык» – мусулмандын башка адамдарга болгон мамилесине, ошондой эле Исламда тапкан чоӊ бейпилдигине байланыштуу. «Баш ийүү» мусулмандын Кудайга болгон мамилесин билдирет. Кыскача айтканда, диндин бүткүл философиясын ушул бир эле сөз камтыйт. Ислам дининдеги белгилеп кетчү кызыктуу жагдай: ар бир чыныгы дин өзүнүн Кудайдан экенин көрсөтүп туруу үчүн ушул эки зарыл шартка ээ болушу керек. Ислам боюнча бир жагынан бардык диндер адамды өзүнүн Жаратуучусуна кайта алып келүүгө, экинчи жагынан башка адамдар менен үлгүлүү, жагымдуу байланышты түзүүгө аракеттенген.
Тексттеги негизги ой ?
Anonymous Quiz
24%
Ислам "Тынчтык" дегенду түшүндүрөт
29%
Ислам дини
39%
Ислам динине мүнөздөмө
8%
Исламдагы туура эмес түшүнүк
Ислам сөзүнүн текст боюнча түшүндүрмөсү?
Anonymous Quiz
13%
Сабырдуулук
38%
Ыймандуулук
44%
Баш ийүү
5%
Жакшы мүнөз
Абитуриент:студент
Anonymous Quiz
38%
Көчөт:бак
34%
Мугалим:декан
15%
Окуучу:парламент
13%
Мөмө:урук