Байыркы касиеттүү бабаларыбыз Борбордук Азияда уруктан уруу курап, уруудан улутка жетилип, орошон хандык күтүп, түндүгүн көтөрүп, көк асабасын колдон түшүрбөй, канча заман карытып өкүм сүрдү. Ала-Тоодон Орхонго чейинки узак жолду баскан тиричилик турмушунда нечендеген боордошторду, ниеттеш-акыреттик досторду жана башка кошуна-колоңдорду күтө алды. Майда-чоңуна карабай аларды өздөрүндөй көрүп, сыйлап, каада сактап, саясий, маданий, соода-сатык жана элчилик мамиле курду. Кыргыздар башына кандай күн түшсө да, ажыдаардай айбат күткөн кагандардын, күчтүү жоонун көзүн карап, кошоматтанып же күнкор болуп, жалдырап, же чөгөлөп жашаган эмес. Өз кадыр-баркын, абийир-намысын ыйык туткан, кудурет-күчүн билген уюткулуу журт катарында кошуна уруулар, элдер менен алакада болуп, алардын күчтүү-алсыздыгына карабай, көчмөндөрдүн нарктуу салтын сактаган, аскер-куралына чиренбей, адилет, адамгерчилик, боорукердик, ырайымдуулук, сабырдуулук менен мамиле кылган жана башкаларды ошондой касиет күтүүгө, нарктуулукка, намыска чакырган. Байыркы сактар менен. Борбордун Азиянын көчмөн уруулары жалпы адамзаттын рухий маданиятынын тарыхына өз салымын кошту: аңыз, байыркы аска таштардагы оюу-сызуусу, оозеки поэзиясы, баба тарыхын баяндаган санжырасы жана саймалуу таш, моло эстеликтери. Орто Азия, Чыгыш Түркстан, Казакстандагы эң байыркы көчмөн уруулар сактар. Сактар бир нече уруунун бирикмесинен турган. Сактардын бир канаты Каспий деңизинин этегине мал багып, көчүп жүрүшкөн.
Тектке тема ?
Anonymous Quiz
48%
Кыргыздар тарыхы
32%
Кыргыздар- көчмөн калк!
9%
Кыргыздар баатырлары
11%
Кыргыздардын меймандостугу
Текст эмне жөнүндө болуп жатат?
Anonymous Quiz
27%
Кыргыздардын айбаттуу эл болгондугу тууралуу болду
11%
Кыргыздардын согуштагы эрдиктери тууралуу
23%
Кыргыздардын курч мүнөздүү эл туурасында
39%
Кыргыздардын башынан өткөн окуялары
Эмне? : Ким ?
Anonymous Quiz
5%
Эмнеге?: Эмнеден?
72%
Эмнелер? Кимдер?
5%
Биз:сиздер
18%
Кимди?:эмнени ?
Сүрөт: галерея
Anonymous Quiz
15%
Мебель: үй
28%
Контакт:номер
43%
Тиркеме:плей маркет
13%
Музыка:топтом
Желе: жөргөмүш
Anonymous Quiz
23%
Жаңгак:тыйын чычкан
5%
Кумурска:нан бер сүт бер
67%
Уу:жылан
5%
Карышкыр:жаруу
Чыңгыз Айтматов ким?” деген суроого жакында эле бир окуучу ойлонбостон туруп “акын” деп жооп берип салды. Анын жанындагы жакшыраак окуган курдаштары каткырып күлүштү, бирок эмнегедир менин күлкүм келбей эле катуу ыза болдум. Эмне деген жаштардын мууну келе жатат? “Жаштар - биздин келечегибиз” дейбиз. Келечегибиз ушундай түркөй жаштарыбыздын колуна түшө турган болсо анда мамлекет кайсыл жакка баратат?
Биз мектепте окуп жүргөн учурда танапис болору менен китепканага чуркап, кызыктуу китептерди башка окуучулар алып кое электе алып калалы деп шашчубуз. Китепкананын ичинде чоң кезек түзүлүп калчу эле. Анан дагы ким мурда окуп бүтөт, ким китепти көп окуйт деп бири-бирибиз менен жарышып, атаандашып окуур элек. Касымалы Жантөшовдун “Каныбегин” окуп отуруп, ичине кирип кетип, ыйлап атып, жасап аткан тамагым күйүп калганы эсимден такыр кетпейт. Биздин муундун жаштары ушинтип адабий китептерди берилүү менен окуп, чыгармалардагы каармандардын турмушунан сабак алар элек.
Азыркы окуучулар адабий китеп эмес, күнүмдүк сабакты да кыйратып окубай калды. Ар биринин колдорунда бирден телефон. Замандын талабына жараша китепти интернет менен алмаштырып атат дейин десең, интернеттен бир пайдалуу маалыматтарды алып окушсачы? Интернетте пайдаланганы “Мейл Агент”, “Однаклассники” сыяктуу такыр пайдасы жок социалдык түйүндөр.
Айылдык мектептин китепканачысы уйкусурап отуруп үйүнө кетет. Анткени, кызыгып китеп окуган жан жок.

Текст эмне жөнүндө болуп жатат ?
Anonymous Quiz
13%
Китепке кызыккандар тууралуу
51%
Автордун күйүтү жана арманы
31%
Жаштардын образынан бир үзүндү
4%
Интернет жөнүндө
Тексттеги автордун маанайы кандай?
Anonymous Quiz
37%
Нааразы
21%
Тынчсыздануу
37%
Кайгыруу
6%
Ойлонуу