JRT ekb⚡️
73 subscribers
110 photos
11 videos
14 files
10 links
https://t.me/JPT_EKB/9 👈каналдын башкы бети💥
Download Telegram
Бүгүнкү күндө тили чыккан кичинекей баладан өйдө көтөрүп жүргөн уюлдук телефондун пайдасы менен зыяны жөнүндө маалыматыңыз барбы? Чынында ыңгайлуулугу, зарыл жумуштарды дароо бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө көпчүлүгүбүз сүйүнүп, чөнтөк телефондун тийгизген зыяндарына кол шилтеп, көз жумуп келебиз.
Эң биринчи зыян

Компьютер, телевизорго салыштырмалуу уюлдук телефондон өзгөчө көп электромагнит чыккандыктан аны менен сүйлөшүп жатканда башты, көздү ысытып нерв системасына чоң зыянын тийгизет. Эгерде сиз уюлдук телефон менен өтө көп убактыңызды чектебей сүйлөшсөңүз иммунитетиңизге чоң коркунуч туулат. 1990-жылдары Американын окумуштууларынын изилдөөсүнө таянсак, мээсине шишик пайда болуп өлгөн аялдардын өлүмүнө дал ушул уюлдук телефон себеп болгон. Ал эми Норвегия менен Даниянын изилдөөлөрү уюлдук байланыш менен тыгыз мамиледе жүргөндөр баш оорусуна, уйкусу канбай, жиндери бат келээрин билдиришкен. Иштебей, жөн эле жаныңызда жаткан телефондун да зыяны бар экен.
Аналогия -analogy
👇👇👇👇👇👇👇
ЖРТни мыкты тапшыруунун 6 жолу

🔴Темаларды 100% өздөштүр
Бардык бөлүк боюнча темаларды толук өздөштүр! Жөнгана эреже жаттабы! Түшүнүп оку! Тесттик тапшырмалар менен өзүңдү сынап көр!

🔴Логиканы машыктыр
Логикаңды машыктыр! Себеби ЖРТ 80% логикалык суроолор! Баамчылдыкты, анализдөөнү, окшоштуруу же айырмачылыгын табууга багытталган суроолор! Логика ар бириңде бар! Аны жөн гана машыктыруу керек!

🔴Китеп оку
Ииий, ооба, канчалык эски картайган чоң энелердей болуп жатсам да, китеп окуу зарыл! Китеп окубай туруп мыкты жыйынтык көрсөткөндөрдү уга да, көрөда элекмин! Китеп оку, логикаң өсөт! Китеп оку- сөз байлыгың кеңеет. Китеп окуу аналогия жана окуу-түшүнүүгө пайдалуу! Китеп оку- адам болосуң!

🔴Практикалык тест иште
150 тесттик тапшырма келе турганды билген соң, кыла турчу негизги иш тесттик тапшырмалар менен машыгуу. Ката кетирген суроолорду кайра карап, каталарыңдын үстүнөн иштеп чык. Тестке киргенде баланча миң мисал же тест иштегем деп көкүрөктү керип "смело" ЖРТ тапшырып чыгасың!

🔴Толкундоону жең
Канчалык көп даярдык, канчалык эффективдүү даярдык болсо, тест учурундагы толкундоолор ошончолук бат жоголот. Тестке даяр адам -коркпойт! Билбеген адам, жетиштүү даярданбаган адам -коркок
ЖРТ тест учурундагы СТРАТЕГИЯЛАР



1) Тест эрежелерин тестке кирээрден мурда оку
Тест учурундагы ар бир секунда маанилүү. Алтындай убакытты бөлүмдүн эрежелерин окууга эмес суроолорду иштөөгө жумша.

2) Алгач биген суроолоруңа жооп бер
Билген суроолорго дароо жооп берип, чыгара албаган суроолор үчүн көп убакыт коротпой кийинчерээк кайтып кел.

3) Туура эмес варианнтарды кемит
Туура эмес вариантты аныктай алган болсоң дароо кемитип салып калган варианттар үстүндө ойлон. 5 варианттан 3 туура эмес жоопту тапкан болсоң калган 2 варинаттын бирөөсүн божомолдоп тап.

4) Жооп кагазын тыкан белгиле
Жоопторду машина текшергендиктен ашыкча сызыктар туура эмес текшерүүгө алып келиши толук ыктымал.

5) Алгачкы жообуң көпчүлүк учурда туура болот
Иштеп бүткөн суроону кайра келип караганда жообуңду оңойчулук менен өзгөртпө. Алгачкы белгилеген жообуң ката экенине толук ишенсең гана өзгөрт.

6) Бир гана туура жооп бар
Бирден көп жооп туура көрүнүп жатса, ойлонуп көрүп эң туурасын белгиле.

7) Бош суроо калтырба
Ката жооптор туура жоопту кемитпейт. Ошондуктан иштей албаган суроолоруң болсо да аларды бош калтырба. Бир жоопту божомолдоп белгилеп кой, балким туура чыгып калат.

8) Көңүл бур
Ар бир суроону өз ордуна белгиле, экзамен учурунда шашып башка суроонун жообун башка суроого белгилеп коюу же башка бөлүмгө белгилеп коюу мүмкүн.

9) Алгач оңой суроолорду
Тесттин башы жеңил суроолор менен башталат. Суроолорду катары менен иштөө маанилүү. Акыркы татаал суроолорду биринчи иштейм деп жеңил суроолорго убакыт жетпей калбоосу үчүн катары менен иштөө эң жакшы ыкма!

10) Суроону туура түшүнүү
Кээде даярданып жүргөн учурдагы суроолорго окшош суроо келип калышы мүмкүн. Бирок суроодо бир аз айырма болуусу турган кеп, ошондуктан суроодо эмнени сурап жатканын аныктап ал. Сен иштеген суроолордон айырмасы бар чыгар!

11) Саат
Тестке саат менен кирүү сунушталат. Канчанчы суроого жеттиң жана сенде канча мүнөткө канча суроо калды көзөмөлдөп туруу керек.

12) Тестте эмне келээрин бил
Математика 1: 30 суроо ( 30 мүнөт)
Математика 2: 30 суроо ( 60 мүнөт)
Окшоштуктар жана сүйлөм толуктоо: 20 окшоштук жана 10 с.толуктоо (30 мүнөт)
Окуу жана түшүнүү: 3 текст 30 суроо (60 мүнөт)
Практикалык грамматика: 30 суроо (35 мүнөт)

13) Толкунданба
Канчалык маанилуу болбосун, бул болгону бир тест. Коркуу жана толкунанууга кажет жок. Өзүңө ишенүү көбүрөөк упай алууга жардам берет. Тест учурунда тест жана убакыт гана маанилүү.

14) Сен жана тест
Айланаңдагы окуучулар жана алардын аракеттери көңүл бурууга арзыбайт. Досуңдан жардам сурасаң анын убактың аласың, сенден бирөө сураса сенин убактыңды алат. Бирөөгө жардам бергиң келсе тестке чейин үйрөтүп жардам бер, тест учурундагы жардамың жардам эмес досуңа жана башка тест тапшыруучуларга душмандык.
👍2
Тебе нравиться мой канал?
🥰1
Баардык учурларда жана ар бир өлкөдө билим берүүдө математика эӊ негизги предмет катары каралып келген. Себеби, математика предмети окуучулардын ой жүгүртүү көндүмдөрүн өстүрүүгө өбөлгө түзөт, ошондой эле күндөлүк турмушунда практикалык маселелерди чечүүдө чоӊ роль ойнойт.

Математикалык билим берүүнүн негизги баалуулугу болуп, күндөлүк жана профессионалдык муктаждыктан жана керектөөдөн гана эмес, ал башка илимдердин, техника жана өндүрүштүн өнүгүшүнө кеӊири колдонууга шарт түзүп жатат. Ошол себептен азыркы учурда күндөлүк маселелерди чечүүдө айрыкча математикалык ой жүгүртүүгө, логикалык сабаттуулуктун калыптанышына олуттуу салым кошот. Бирок, эӊ негизгиси – математика окуучулардын инсандык сапаттарын калыптандырууга жана алардын максатка жетүүсүнө кепилдик берет.

Салттуу мамиледе окутуунун мазмуну жана жыйынтыгы окуучуларда дээрлик так аныкталат. Мисалы, программага ылайыктуу, илимийлүүлүк, жеткиликтүүлүк, практикалык багыты, окуучулардын таанып билүү ишмердүүлүктөрүн жана өз алдынчалуулугун өӊүктүрүү ж.б. Компетенттүүлүк мамиледе бул принциптерди сөзсүз түрдө сактап, ал эми өзгөртүүнү талап кыла турган болсо, анда алар эволюциондук мааниге ээ боло тургандай аяр мамиле кылуу керек.

Учурда жалпы билим берүү мектептерде жаӊы окуу планы жана программалары менен иштешүүдө. Окуучуларды жаӊы шартта адаптациялоодо математика предметине ылайык, мугалим өзүнүн педагогикалык позициясын өз учурунда өзгөртүүгө шарт түзүшү керек. Адаптациялоону биз мугалимдин өзүнүн мүмкүнчүлүгүн жаӊы шарттагы социалдык аймакта колдонушун түшүнөбүз,