JRT ekb⚡️
73 subscribers
110 photos
11 videos
14 files
10 links
https://t.me/JPT_EKB/9 👈каналдын башкы бети💥
Download Telegram
👍1
Ушундай видео түшүндүрмө кылып турсам түшүнүктүү эле болот экенби ?
Anonymous Poll
91%
Ооба
9%
Жок
Трекер 😜
(ЖРТга 60 күн🥵)
Компьютер жонундо маалымат". Компьютер адамга караганда миллион эсе тез эсептөө жүргүзө ала турган электрондук түзүлүш. Компьютер алгач биз киргизген маалыматтарды кабыл алып, аны пайдалануучу үчүн түшүнүктүү кылып кайрадан иштеп чыгат. Алгачкы компьютерлердин көлөмү ушунчалык чоң болгондуктан, бир бөлмөнү толук ээлеп, пайдаланганга ыңгайсыз болгон 1960-жылдардан тартып, микроэлектроника тармагынын өнүгүүсүнө байланыштуу компьютердин түзүлүшүндө чоң өзгөрүүлөр болгон. Он миңдеген элементтер тырмактай болгон пластинага батырыла турган микросхемалар колдонула баштаган соң, азыркы биз колдонуп жүргөн ыңгайлуу, персоналдык компьютерлер пайда болгон. Булар тексттик маалыматтарды гана иштеп тим бол бостон, графика жана силер жакшы көргөн мультфильмдерди да жарата алат. Ал гана эмес музыка жазып, аны кайрадан иштеп чыгат. Мындан 50-60 жыл илгери жазылып калган, бирок убакыттын өтүшү менен сапатын жоготуп койгон Атай Огомбаев, Мыскал Өмүрканова, Сайра Кийизбаева башка белгилүү таланттардын аткаруусундагы обондуу ырлар, мукам күүлөр азыркы учурда компьютердин жардамы менен оңдолуп жазылып, кайрадан элге ырахат тартуулоодо.
Ой толгоо тексте берилгенби?
Anonymous Quiz
61%
Ооба
39%
Жок
Компьютер жонундо маалымат" улай айтсак, компьютер басма ишинде да кеңири пайдаланылат. Азыр силер окуп жаткан газета, журнал, китептер, анын ичинде ушул материал да компьютерде терилип, калыпка салынган. Бүгүнкү күндө илим менен техниканы компьютерсиз элестетүү кыйын. Телекөрсөтүү, космос, машина курууда, айыл чарбасында, медицинада ал тургай үй тиричилигинде да кеңири колдонулууда, жада калса Силер колдонгон Айфон, Айпэд, Планшет дегендин баары микро компьютер деп койсок да болот. Дүйнөнүн булуң-бурчтарында жашаган элдер бири-бири менен Интернет аркылуу жер шарынын кайсы гана жери менен болбосун, бир нече секунд ичинде байланыша алышат