JRT ekb⚡️
73 subscribers
110 photos
11 videos
14 files
10 links
https://t.me/JPT_EKB/9 👈каналдын башкы бети💥
Download Telegram
Жүрөк кан тамырлары оорулары менен жабыркагандар аракты ыгы менен ичсе, эч ичпегендерге же аракечтерге караганда орто эсеп менен бир жыл узак жашайт. Мындай жыйынтыкка Вашингтон университетинин окумуштуулары келгенин JAMA Network Open журналы жазды.

Окумуштуулар 6 миңден ашык улгайган адамдын ден соолугу тууралуу маалыматтарды анализдеп чыгышкан. Иликтөө 24 жыл бою жүргүзүлгөн.

Арактын узак жашоого тийгизген таасирин аныктоо үчүн ыктыярчылар үч топко бөлүнгөн: арак ичпегендер, чени менен ичкендер жана ичип кеткендер.Изилдөө учурунда бейтапка жүрөк кан тамырлары оорусу менен ооруйт деген диагноз коюлгандан кийин биринчи жана үчүнчү топтогулар орто эсеп менен 2600-2700 күн жашаган. Ал эми спирт ичимдиктерин ыгы менен ичкендер 3100 күн жашаган, башкача айтканда, 1 – 1,5 жылга көп.
Окумуштуулар азырынча спирт ичимдиктеринин мындай таасири толук изилденип бүтө электигин айтышууда. Ошол эле учурда вино жана сыра кан тамырларды кеңейтип, кан басымды төмөндөтөөрү белгилүү болгон.
👍1
Ушундай видео түшүндүрмө кылып турсам түшүнүктүү эле болот экенби ?
Anonymous Poll
91%
Ооба
9%
Жок
Трекер 😜
(ЖРТга 60 күн🥵)
Компьютер жонундо маалымат". Компьютер адамга караганда миллион эсе тез эсептөө жүргүзө ала турган электрондук түзүлүш. Компьютер алгач биз киргизген маалыматтарды кабыл алып, аны пайдалануучу үчүн түшүнүктүү кылып кайрадан иштеп чыгат. Алгачкы компьютерлердин көлөмү ушунчалык чоң болгондуктан, бир бөлмөнү толук ээлеп, пайдаланганга ыңгайсыз болгон 1960-жылдардан тартып, микроэлектроника тармагынын өнүгүүсүнө байланыштуу компьютердин түзүлүшүндө чоң өзгөрүүлөр болгон. Он миңдеген элементтер тырмактай болгон пластинага батырыла турган микросхемалар колдонула баштаган соң, азыркы биз колдонуп жүргөн ыңгайлуу, персоналдык компьютерлер пайда болгон. Булар тексттик маалыматтарды гана иштеп тим бол бостон, графика жана силер жакшы көргөн мультфильмдерди да жарата алат. Ал гана эмес музыка жазып, аны кайрадан иштеп чыгат. Мындан 50-60 жыл илгери жазылып калган, бирок убакыттын өтүшү менен сапатын жоготуп койгон Атай Огомбаев, Мыскал Өмүрканова, Сайра Кийизбаева башка белгилүү таланттардын аткаруусундагы обондуу ырлар, мукам күүлөр азыркы учурда компьютердин жардамы менен оңдолуп жазылып, кайрадан элге ырахат тартуулоодо.