Forwarded from Нурзат Токтосунованын сабактары (Nurzat T)
ЖАШТАРГА ЖАКШЫ КЕҢЕШИМ
Япониядан келген бир киши айтты эле:
-японияда машина алам деген киши эч качан иштеп жаткан айлыгынан сырткары машина алуу үчүн кошумча иштебейт экен. Болгону күнүмдүк чыгашасын азайтат. Үй-бүлөсү менен бирге, баягы эле күнүмдүк жашоосу улана берет, кошумча акча табам деп алыстарга бала-чакасын таштап деле кетип калбайт. Болгону узак мөөнөткө максаттуу унаа үчүн план койот жана чыгашасын максималдуу азайтат. Мисалы бир аптага бир килограмдан картөшкө (25 сом), сабиз (25 сом), пияз (25 сом), май (120 сом), эт (450 сом), гүрүч (100 сом), макарон (50 сом), ун (10 кг-250 сом) сыяктуу чыгашаларын эсептеп чыгат. Бул чыгаша болжолдуу аптасына 1000 сомду түзөт, ал эми айына болсо 4000 сом. Унаа алам деген үмүтү бар киши ушул чыгашасын жок дегенде эки эсеге азайып, айтайлык 2000 сом акчасын унаа үчүн топтойт экен. Ошентип отуруп бир жылда 24-25 миң акча чогулат. Эки жылда 50 миң, беш жылда 250 миң…
Бизде да ушинтип план койсок болот. Бизде кээ бир адамдын бир апталык чыгашасы 4 миңди чапчып калат... Чыгашаларды азайтырып, ысыраптын алдын алып жашасак болот. Болгону «эл эмне дейт»-деген ойдон арыла албай өзүбүздү гана кыйнап келебиз….
Унаа мингиң келип жатса же чет өлкөгө баргың келип жатса, анда:
-жеп-ичккениңден ысырап кылба
-отуруштарыңдың, той-топуруңдун чыгашаларын азайт
-кийим кечелериңдиң эскилерин абайлап кий,
-жоро-жолдош шеринелериңе, кассаларыңа, вечирлериңе тыныгуу берип тур
-телефон, наушник, атыр, памада, косметика ж.б.у.с. нерселерге акча коротпой тур…
-чакыч, чупа-чупс, момпосуйларга да дем берип турсаң боло берет…
-тамеки, насвай, арак-ансыз деле арам нерселер болчу…
Урматтуу менин окурман досторум.
Таап жаткан акчаңыздын үчтөн бир бөлүгүн ата-энеңе, бир бөлүгүн үй-бүлөңө, дагы бир бөлүгүн атайын келечегиңе чогултуп үйрөн. Айрыкча эркек балдар жаныңда этият шарт үчүн акчаны кармап үйрөн. Кокусунан коногуң келип калат, кокусунан бир тууганың муктаж болуп келип калат, кокусунан балдарыңдын окуусуна керек болуп калат же кокусунан даарыларга керек болуп калат…
Канаат кыл, кардың тойот.
Топук кылбай ток болбойсуң.
Курсагы ач адамды бир чыны тамак менен тойгозсо болот, назары ач адамга ааламды берсең да тойбойт.
Канаат көз айнек сыяктуу. Аны тагып алсаң жашоону тунук көрө баштайсың...
(бир аз ооруп жатам, дуа кылып туруңуздар)
Айитбаев Идрис

Сиз балаңыздын копилкасын эмне менен толтуруп жатасыз?
https://telegra.ph/Altyn-moneta-kopilkasy-12-20

Telegraph
Алтын монета копилкасы
Сиз курбуңуздукуна конокко балаңыз менен келип, курбуңуз менен жаркылдап учурашып, ал-акыбал сурашып, сылык сүйлөп амандашкандан кийин, балаңызга... -учурашпайсыңбы, канча айтам улуу кишилер менен учураш деп ушу такыр үйрөнбөй койду... деп үнүңүздү бийик…
"Уулуң кыйын чыкса рахматты энесине айт"
Генетикадагы 10 чындык.
1. Балага эч качан атанын мүнөзү өтпөйт.
2. Ата акылдуу, интелектүү адам болсо анын бул сапаттары ген аркылуу баласына өтпөйт.
3. Атанын интеллекти кызына гана жарым-жартылай өтүүсү мүмкүн.
4. Гений аталардын кыздарына атасынын 50% акылын өздөрүнө өткөрүп ала алат. Ал эми кыздын балдарына атасынын интелекти 100% ген аркылуу өтөт. Кыз кишинин күйөсү жеткен акмак болсо да балдары таятасын тартып акылдуу мыкты жигит болушу мүмкүн.
5. Ал эми эркек бала интелектти бир гана апасынан ала алат. Анткени апасы өзүнүн атасынан өткөн интелектти өз балдарына мурас кылат.
Аталарга👇
1. Сиздин кызыңыз акылыңыздын жарымын өзүнө өткөрүп алат. Сиздин акылдуулугуңуз толугу менен кызыңыздын балдарына өтөт. Ошондуктан күчтүү туяк калтыргыңыз келсе кыздуу болууну ниет кыла бериңиз.
2. Эгерде уулуңуздун эмнеге жөндөмдүү экенин билгиңиз келсе, анда аялыңыздын атасы ким болгонун билсеңиз эле жетиштүү.
3. Эркектерге акылмандык, жөндөмдүүлүк, маданият, тарбиянын баары өз апасынан өткөн. Мындайча айтканда таята тараптан келет.
Апаларга 👇
1.Кызыңыз тарбиясы тараптан сизге тартышы мүмкүн, бирок акылдуулугу жана ой-жүгүртүүсүнүн баары атасын тартат.
2.Ал эми уулуңуз болсо акылдуулугу тараптан сиздин атаңызды тартат. Ошондуктан балаңыз туура эмес иш кылса “Атаңды тарткан акмаксың” деп жемелебей эле коюңуз.
3.Кыз атасына, эркек апасына тартат деген сөз бул чындык.
Жөнөкөй сөз менен айтканда
эркек кишинин генин кыздар гана ташыйт. Ал эми уул бала акыл эс жагынан апасын тартат.
#Кызыктуу_фактылар

🌲🌲🌲🌲🌲🌲🌲🌲🌲
Кутман кеч акылман, мээримдүү, даанышман апалар, эжелер, сиңдилер!!!
Сиздерди кирип келген жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Балдарыбыздын келечеги кең жана жаркын болуусун каалаган, тилеген, балам деп соккон жүрөктөр дайыма жайдары болуп, өмүрүңөр узун болсун. Ар бир үйдүн куту, шамы, ырыскысы, берекеси болуп келечекке гений балдарды өстүрүп, салымыңызды кошуп, ар дайым бар болуңуздар. Ар бир эненин тилектери, максаттары аткарылсын🤲🤲🤲🤲
Жаңы жылыңыздар менен!!!!
Урматым менен Тина Жунушбаева

Сиздер үчүн даярдаган сабактарды эмдиги жылы 2021-жылдын январь айынан баштап жүктөп баштайм. 🤝🐂🧑🎓🧑🎓🧑🎓🧑🎓
Forwarded from Ⓝ🅄🄳🄴🅂🅂 🄶🄸🅁🄻🅂🅂
🌿Ар убак алдыда болуу үчүн жөнөкөй эрежелер 🌿
🌿 Инстаграм, тик-ток көрбө. Эч качан.
🌿" Эч нерсеге карабастан алдыга багыт ал" деген сөз бар. Сен да байкап көр. Жардамы тиет.
🌿 Кокусунан мээге идея жаралдыбы? Эч нерсени күтпөй, жеке күндөлүккө жаз.
🌿 Кечигип жатасыңбы? Бара турган жериңе жеткенде шылтоо издегендин ордуна, ал жакка баргыча сени күтүп жаткандарга эскертип кой : "кечигип барам", деп.
🌿 Чоочун кыялдарга кийлигишпе.
🌿 Көңүлдү калтырган адамдар менен мамилени улантпа, алар өзгөрбөйт.
🌿 Ата-эне менен болушунча көп убакыт өткөр. Кудай аларды алып кетчү момент ар дайым күтүүсүздөн болот.
🌿 Сулуулук дүйнөнү сактайт. Албетте мен ички сулуулук жөнүндө сөз кылып жатам.
🌿 Каталарды моюнга алганды үйрөн.
🌿 Кечке даттана берүү адатыңдан баш тарт. Элдер бөлөк маселелерге кызыгышпайт.
🌿 Түшүнүксүз кырдаалдарга башыңды оорутпа, бул күндөр дагы өтүп кетээрин түшүн.
🌿 Жада калса эң олуттуу талаш-тартыштарда дагы тилиңди тыйып жүр. Силер жарашасыңар, а айтылган сөздөр адамдардын эсинде түбөлүккө калат.
🌿 Чындыкты сүйлө, ошондо гана тынч жашоо башталат.
🌿 Күндүн башталышында эң оор жана жагымсыз иштерди бүтүр. Аны аткаргандан кийин -- ал жөнүндө ойлонуп, санааркоонун зарылдыгы жок болот.