Сот “Ихсан” кооперативинин жетекчисин 12 жылга, кызматкерин 11 жылга эркинен ажыратты
Бишкектин Биринчи май райондук соту 16-февралда “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчилеринин иши боюнча өкүм чыгарды.
Судья Абдималик Акматов кооперативдин башчысы Акинай Бекмурзаеваны 12 жылга эркинен ажыратып, аны жабырлануучулардын чыгымдарын төлөп берүүнү милдеттендирди. Кооперативдин дагы бир кызматкери Эрмат Абылкасымов 11 жылга кесилип, сот залынан камакка алынды.
“Ихсан” кооперативине турак жай алуу үчүн акча салып, кийин мүлк да ала албай, каражатын да кайтара албай калган жүздөгөн жарандар 2022-жылдын жаз айларында Бишкекте жана Ошто митингге чыгышкан. Ошол маалда ИИМ билдирүү таратып кооперативге 2021-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси – “алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканын маалымдаган. Кийин ишке аталган кодекстин 210-беренеси – “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” айыбы кошулган.
@azattyk_radiosu

Жаңылыктар | 16.02.2024 | Матраимов камактагы мүлк, мандаты тууралуу үн катты
YouTube

Орусияда камакта жаткан оппозиционер саясатчы, Владимир Путиндин келишкис оппоненти Алексей Навальный абакта каза болду. Ал 2021-жылдан бери түрмөдө жаткан.
Кыргызстанда көз карандысыз медиаларда иштеген 11 журналисттин камакка алынганына бир ай болду. Алардын…

Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы аварияда он адам жабыркады. Алардын баары ооруканага жеткирилди. Беш киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир адамга операция жасалды, экөө үйгө дарыланууга чыгарылганын “Азаттыкка” облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Окуя 16-февраль күнү аталган жолдун Жон-Арык айылындагы бөлүгүндө болгон.
Азаттык Υналгысы
Таластагы жол кырсыгынан он адам жабыркады
Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы аварияда он адам жабыркады. Алардын баары ооруканага жеткирилди. Беш киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир адамга операция жасалды, экөө үйгө дарыланууга чыгарылганын “Азаттыкка” облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо…
Бишкектеги Массалык репрессиялардын курмандыктарына арналган эстеликке Навальныйды элесине гүлдестелерди коюп кетишүүдө. “Азаттыктын” аталган жайга Навальныйды эскерүүгө келгендер менен баарлашканда алар коопсуздуктан улам аты-жөнүн айтуудан баш тартышты.
Журналист Семетей Аманбеков Фейсбуктагы баракчасына адегенде активисттер гүлдөрдү Орусиянын элчилигинин алдына коюшканын, бирок күзөтчүлөр аны дароо алып кеткенин жазды. "Азаттык" азырынча элчиликтен маалыматты тактай алган жок.

Бишкекте активисттер Навальныйды Репрессия курмандыктарына арналган эстеликтин жанында эскеришти
Бишкектеги Массалык репрессиялардын курмандыктарына арналган эстеликке Навальныйды элесине гүлдестелерди коюп кетишүүдө. “Азаттыктын” аталган жайга Навальныйды эскерүүгө келгендер менен баарлашканда алар коопсуздуктан улам аты-жөнүн айтуудан баш тартышты.…
Борченов: Эл акысын жегендердин тоюн алып барбайм | "Элдин балдары" подкасты
“Элдин балдары” подкастынын бул жолку коногу алып баруучу, тамада Урмат Борченов. Аны менен тойдогу ысырапкерчиликтен баштап, коомдогу көйгөйлөр, жарандык активизм жөнүндө сүйлөштүк. https://www.youtube.com/watch?v=Xc3ZRIWza2E&t=2s

Борченов: Эл акысын жегендердин тоюн алып барбайм | "Элдин балдары"
“Элдин балдары” подкастынын бул жолку коногу алып баруучу, тамада Урмат Борченов. Аны менен тойдогу ысырапкерчиликтен баштап, коомдогу көйгөйлөр, жарандык активизм жөнүндө сүйлөштүк.
0:00 Анонс
0:43 Башталышы
1:10 Катардагы футбол жөнүндө
2:11 Футбол союзун…
0:00 Анонс
0:43 Башталышы
1:10 Катардагы футбол жөнүндө
2:11 Футбол союзун…
WSJ: Лола Каримова-Тиллаева хансарайын 36 млн долларга сатты
Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун кызы Лола Каримова-Тиллаева менен анын күйөөсү, ишкер Тимур Тиллаевге байланышы бар компания Беверли-Хиллздеги Le Palais деген аталыш менен белгилүү 4 450 чарчы метрлик хансарайды 36 миллион долларга сатты.
Бул тууралуу The Wall Street Journal (WSJ) басылмасы аймактын Кыймылсыз мүлк реестриндеги маалыматтарга таянып кабарлады. Билдирүүдө хансарайдын сатып алуучусу жөнүндө эч кандай маалымат жазылган эмес.
Маалыматка ылайык, алар аталган үйдү 2013-жылы 32,75 миллион долларга сатып алган. 2011-жылы курулган хансарай Beverly Hills мейманканасынын маңдайында жайгашып, фасады колго кесилген француз акиташынан жасалган. Документтеринде үйдө жети уктоочу бөлмө бар экени көрсөтүлгөн.

Рамзан Кадыровдун 18 жаштагы уулу министр болуп дайындалды
Орусиянын курамындагы Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тун уулу, 18 жаштагы Ахмат Кадыров республиканын Жаштар иштери боюнча министри кызматына дайындалды. Ошону менен катар ал эң жогорку сыйлык - Кадыров атындагы орденди алды, деп маалымдайт "Кавказ.Реалии" булагы.
Ахмат Кадыровдун кызматка дайындалганы боюнча буга чейин маалымдалган эмес. Ал эми Чеченстандын өкмөт төрагасы Магомед Даудов сыйлык тууралуу жазганында Ахмат Кадыровдун жаңы кызматын көрсөттү. Ал Кадыровдун уулу "алдыга коюлган бардык милдеттерди жогорку деңгээлде чечип жатканын" айткан, бирок, кандай иштерди кантип чечип жатканын ачыктаган эмес.
Буга чейин Ахмат Кадыров министрдин биринчи орун басары болуп иштеп келген. Бул кызматка ал жашы жетери менен дайындалган болчу.

Өкмөт социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн бааларын көзөмөлдөйт
Министрлер кабинети 2024-жылы социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн бааларынын өсүшүн кармап тууруу боюнча план камтылган атайын тескеме иштеп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, документте социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүүсүн ооздуктоо, ички рынокту камсыздоо жана атамекендик өндүрүштү колдоо иш-чаралары жазылган.
Кыргызстан социалдык жактан маанилүү тогуз азык-түлүктүн ичинен үчөө - картошка, сүт жана жашылча менен гана өзүн камсыздай алат. Нан азыктары, мөмө-жемиштер, кумшекер, өсүмдүк майы, эт азыктары жана жумуртканын 70% сырттан, негизинен Орусия менен Казакстандан ташып келет.

Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын Футбол уюмунун 19-февралдагы кезексиз конгрессинде Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды.
Шайлоо ачык өтүп, анын талапкерлигин 28 делегат бир добуштан колдоду. Ташиев Кыргыз футбол союзун 2026-жылдын апрель айына чейин башкарат.
Футбол уюмунун жетекчилигине Камчыбек Ташиев жалгыз талапкер болду жана аны “Талант” футбол клубу көрсөткөн.
31-январда президент Садыр Жапаров атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге Кыргыз футбол союзунун жетекчиси болуу сунушун бергенин билдирген.

Жаңылыктар | 19.02.2024 | Орус аскерлери Авдеевканы алды
YouTube
Жаңылыктар | 19.02.2024 | Орус аскерлери Авдеевканы алды
Орус аскерлери Авдеевкадагы ири химиялык заводду толугу менен көзөмөлүнө алганын билдирди. Орусия Украинага каршы согуш баштаганынын эки жылдыгы алдында украин куралдуу күчтөрү таш-талканы чыккан шаарды калтырып кеткен.
Абакта каза тапкан орусиялык саясатчы…
Абакта каза тапкан орусиялык саясатчы…
19-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
ЖК комитети ЖМК долбоорун дагы караган жок
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бийлик сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жолу күн тартибинен алып салды. Буга тиешелүү министрлердин жыйынга келбегени себеп болду.
Депутаттар Матраимов менен мамилеси жок экенин айтышууда
Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Осмонов жана Надира Нарматова Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов менен байланышы жок экенин айтышты. Депутат Осмонов 2023-жылы 27-августтагы муфтияттын имаратынын ачылышына Матраимовдун жанында отурган. Надира Нарматова буга чейинки маектеринин биринде Матраимовду "мыкты адам" деп сыпаттаган.
Аскер бөлүктүн кызматкерлери кармалды
Башкы прокуратура Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндө иштеген кенже сержант Жылдыз Асанакунованын кайрылуусунан кийин аскер бөлүктүн командири (А.Б.), анын орун басары (Б.К.), прапорщик (К.К. уулу) жана жеке ишкер (Т.Е.) камалганын билдирди. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык жасалмачылык”, “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, коротуу” жана “Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү” беренелери менен кылмыш иши козголду.
Ташиев Кыргыз футбол союзун башкарат
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын Футбол уюмунун кезексиз конгрессинде Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды. Шайлоо ачык өтүп, жалгыз талапкерди 28 делегат бир добуштан колдоду. Ташиев Кыргыз футбол союзун 2026-жылдын апрель айына чейин башкарат.
Орусия Авдеевкадагы ири ишкананы ээлегенин жарыялады
Украинанын Донецк облусунун Авдеевка шаарындагы кокс-химия заводунун үстүнө Орусиянын желеги илинген сүрөттөр жарыяланды. Украина аскерлерин Авдеевкадан толук чыгарып кеткенин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский 17-февралга караган түнү билдирген.
Салехардда Навальныйдын энесине уулунун сөөгүн көрсөтпөй жатышканы кабарланды
Орусияда түрмөдө түшүнүксүз жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын энеси Людмила Навальнаяны Ямал-Ненец автоном округундагы Салехард шаарынын өлүкканасына киргизбей жатышканын саясатчынын маалымат катчысы Кира Ярмыш билдирди.

19-февраль: талаштуу ЖМК долбоору, Ташиевдин жаңы кызматы, Навальныйдын табышмактуу өлүмү
19-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Европа Биримдиги Орусиядан Алексей Навальныйдын өлүмү боюнча көз карандысыз жана ачык-айкын эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылды.
Евробиримдик Орусиянын саясий жетекчилерин жоопкерчиликке тартууга бардык күчүн жумшайт, анын ичинде жаңы санкциялар дагы киргизилет. Бул тууралуу шаркеттин тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррелдин билдирүүсүндө айтылат.

Евробиримдик Навалныйдын өлүмү боюнча эл аралык иликтөөнү талап кылды
Европа Биримдиги Орусиядан Алексей Навальныйдын өлүмү боюнча көз карандысыз жана ачык-айкын эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылды.
Евробиримдик Орусиянын саясий жетекчилерин жоопкерчиликке тартууга бардык күчүн жумшайт, анын ичинде жаңы санкциялар дагы…