«Азаттык» радиосу
5.04K subscribers
4.04K photos
520 videos
29 files
6.93K links
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Download Telegram
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Жанарбек Акаев: Эркин медиаларды жабуу аракети донорлор менен мамилеге таасирин тийгизет

Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын лидери Жанарбек Акаев Кыргызстанда эркин медиаларды жабуу аракети эл аралык каржы донорлору менен мамилени суутуп, бир катар долбоорлордун токтошуна алып келиши мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал 28-октябрда фракциянын жыйынында билдирди.
Мамбетжунус Абылов эки айга камалды

"Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү жана уюштуруучусу Мамбетжунус Абылов эки айга камалды. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын бүгүн, 28-октябрда карап, ушундай чечим чыгарды. Бул тууралуу адвокат Майрамбек Жумабеков "Азаттыкка" билдирип, кийин бул маалыматты райондук соттон дагы ырасташты.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Абыловго карата Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен иш козголгонун тактаган. Ал ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка чакырылып, кийин 48 саатка камалган.

26-октябрда Абыловдун үй-жайы тинтүүгө алынып, милиция анын үйүнөн эки диск алып кеткенин укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" билдирген. Маалыматка караганда, тинтүү учурунда ал үйүндө болгон эмес.

Мурдагы элчи жана экс-министр Мамбетжунус Абылов 25-октябрда маалымат жыйынын өткөрүп, "Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин бийликти алмаштыруу ниети болбогонун айткан. Бишкекте 22-октябрда өткөн жыйында Кемпир-Абад боюнча Өзгөндө өткөн курултайдын чечими талкууланганын белгилеген.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, кийин соттун чечими менен дээрлик баары эки айга камалган. Алардын арасында активист Атай Бейшембек комитетке мүчө эмес экенин жана алардын жыйынына катышпаганын сотто билдирди. Камалгандардын көбү акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы" болушкан.

ИИМ аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок.

@azattyk_radiosu
1-ноябрдан тарта COVID-19га байланыштуу өзгөчө режим алынат

Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө абал режими алынат. Бул чечимге Миристрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өзгөчө абал режими 2020-жылдын 22-мартында өлкөдө массалык оорулардын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында киргизилген. Ага чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус оорусун пандемия деп жарыялаган.

Саламаттык сактоо министрлиги учурда COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу, өлкөнүн бардык аймагы жашыл зонада деп билдирүүдө.

@azattyk_radiosu
Орозайым Нарматова эки айга камалганы кабарланды

Бүгүн, 29-октябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту жарандык активист, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын бөгөт чарасын карап, эки айга камоо чечимин чыгарганы кабарланды. https://bit.ly/3SO8BnK

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Улан Канат уулу "Азаттыкка" билдиргендей, Нарматова Бишкектеги №1 Тергөө абагында кармалат.

Райондук сот экс-депутаттын бөгөт чарасынын каралганы тууралуу маалымат бере элек.

27-октябрда Орозайым Нарматованы Москвада полиция кармап кеткени кабарланган. Кийин анын жакындары экс-депутатты 26-октябрдын түнү үйүнөн кармап кеткенин билдиришкен. Алар сүрөткө тартып алган документке караганда, Нарматова Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш кодексинин 36-278-беренесинин ("Массалык башаламандык уюштурууга даярдык") негизинде козгогон кылмыш иштин алкагында эл аралык издөөгө алынып, кармалган.

@azattyk_radiosu
Илгиз Шаменов 20-декабрга чейин камалганы кабарланды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-октябрда жарандык активист Илгиз Шаменовдун бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакка алуу чечимин кабыл алганы кабарланды. Шаменовдун жакын тарапташынын "Азаттыкка" билдиришинче, жарандык активист 20-декабрга чейин №1 Тергөө абагында кармалат. https://bit.ly/3DnHBWq

Шаменовдун бөгөт чарасы каралган соттук отурум жабык өткөнү айтылууда. Райондук сот азырынча маалымат бере элек.

Илгиз Шаменов Москвадан Бишкекке 28-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматова менен чогуу жеткирилген. Жарандык активист Орусия тарап ага саясий баш паанек берүүнү сунуштаганын, бирок ал андан баш тартканын, өз позициясында бекем турууга даяр экенин Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Илгиз Шаменов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жетектеген КСДП партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы кыймылга кошулуп, активдүүлүгүн көрсөтүп жүрөт.

@azattyk_radiosu
Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин эки ири держава АКШ менен СССРдин тиреши "Кансыз согуш" деп аталган формага өтөт. Алар жарыша куралдануу менен бирге өз таасирин жайылтуусун күчөтөт.

Москва ар кайсы өлкөлөрдө социалисттик революцияларды колдоп, советтик бийликке ыктаган мамлекеттерге курал-жарак жана аскердик жардам бере баштайт. Советтер союзу Африкадагы жана Латын Америкадагы бир нече өлкөгө, көбүнчө кайтарымсыз көмөк көрсөтөт.

Өз кезегинде Вашингтон да ушуга окшош саясат жүргүзүп, “демократияны орнотуу үчүн революцияларга” шыкак берип, Америкага ыктаган режимдерди колдоп турат. Ал Батыш Ервопадагы өлкөлөрдү, Түркияны, Азиядагы жана Африкадагы айрым мамлекеттерди өзүнө тартат.

@azattyk_radiosu
АКШнын президенти Жо Байден Украинанын дан экспортуна байланыштуу келишимдин Орусиянын чыгып жатышын айыптап, Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен түзүлгөн бул келишим ошол бойдон сакталышы керектигин билдирди.

"Орусиянын мындай кылуусуна эч кандай себеп жок. Алар ар дайым чектен чыккан аракеттерди жасоо үчүн кандайдыр бир шылтоо издеп, «ушуга мажбурлады» деп Батышты күнөөлөшөт", - деди Байден журналисттерге.
Баткен: эл чогулткан акчанын 138 млн. сому кенемте катары таратылды

Баткенде чек арадагы куралдуу кол салуудан кийин ачылган атайын эсепке элден 330,75 миллион сом чогулду жана анын 138 милиондон ашыгы жабыркагандарга кенемте катары таратылып берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 30-октябрда Баткенде өткөргөн жыйында айтылды. https://bit.ly/3U5TtmO

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Жапаров кыйраган турак жайларды калыбына келтирүү, курулуш жай жүрүп жатканын сынга алды, тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги караларын эскертти.

"Бардык зарыл болгон чечимдер ыкчам тартипте кабыл алынат, дагы бир маселе – алардын өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарылышы. Кечээ мен курулуш иштери менен тааныштым. Курулуш иштери жай жүрүүдө. Мындай болбойт. Кийинки жыйында бул маселе боюнча жеке жоопкерчиликти карайбыз", - деген Жапаров.

Баткенди калыбына келтирүүгө бөлүнөт деген 4-8 миллиард сомдун 4,1 миллиарды тиешелүү мекеме-органдардын эсебине түштү.

@azattyk_radiosu
Чек арадагы айылдарда балдарга жөлөк пул чегерүү тартиби жеңилдейт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткенде 30-октябрда өткөргөн жыйында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине тапшырма берди. https://bit.ly/3DLNmP8

“Аталган милинистрликке Баткенде чек арага жакын айылдарда жашаган балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул чегерүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндөгү Министрлер кабинетинин чечиминин долбоорун даярдоо жана аны президенттин администрациясына киргизүү тапшырылды”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин чек арада жашаган айылдардагы айрым тургундар балдарга жөлөк пул алуу машакаттуу, айрым учурда дээрлик мүмкүн эмес экенин айтып даттанып келишкен.

Расмий маалыматка ылайык, аталган облуста 18 миңге жакын үй-бүлөдөгү 77 миң бала жөлөк пул алат.

@azattyk_radiosu
Изилдөө: Бишкекте абанын булганышынын негизги булагы - көмүр

Финляндиянын метеорологиялык институту Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана БУУнун Айлана-чөйрө программасы (ЮНЕП) үчүн жасаган изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады. https://bit.ly/3fik954

Изилдөөдө Кыргызстанда абанын булганышынан улам жыл сайын (2010-2019-жылдары) 4100-5000 адам мезгилсиз көз жумганы, бул каза болгондордун жылдык санынын 12-13% түзөрү айтылган. Бишкек шаарындагы абанын булганышынын негизги булагы - көмүрдөн болоору көрсөтүлгөн.

"Бишкек ЖЭБи PM2.5 жана PM10 деп аталган зыяндуу майда катуу бөлүкчөлөрдүн жер үстүндөгү концентрациясынын 1% азыраагын бөлүп чыгарат. Себеби анын бийик жайгашкан түтүн чыгаруучу мору булгоочу заттарды шаардан алыс таратат. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасындагы үйлөрдүн 70% көмүр менен жылытылат, бул PM2.5 майда катуу бөлүкчөлөрдүн эң коркунучтуу деңгээлин жаратат. Ушул абаны булгоочу микроскопиялык бөлүкчөлөр өпкөгө терең кирип, өпкөдөгү тоскоолдуктардан өтүп, кан айлануу системасына кирип, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын ооруларын жана өпкө рагын пайда кылышы мүмкүн", - деп айтылат изилдөөдө.

Бишкек жана Ош шаарларында акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселе бойдон калууда. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. Соңку жылдары дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек сап башында аталып келүүдө.

@azattyk_radiosu
ЖК: 19 тонна алтындан түшкөн пайда интервенцияга жумшалганы сынга алынды

Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети 31-октябрдагы жыйынында "Кыргызстандын 2023-жылдагы республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" мыйзам долбоорун карап жатат. Анын жүрүшүндө комитеттин төрагасы, депутат Аманкан Кенжебаев Кумтөрдөн өндүрүлгөн 19 тонна алтынды сатуудан түшкөн каражатты Улуттук банк интервенцияга жумшаганын сынга алды. https://bit.ly/3TSQxKz

"Бул жерде "Кыргызалтындан" алынган 19 тонна алтын Улуттук банк аркылуу 1 миллиарддан ашык долларга сатылды деп жатат. Ошонун 760 миллион доллары акчанын курсун кармоо үчүн интервенцияга деп жумшалып жатат. Улуттук банк өзүнүн акчасы менен интервенция кылчу эле, эмнеге мамлекеттин акчасын жумшап жатат? Мунун жоопкерчилигин ким тартат?".

Депутаттын бул суроосуна Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков жооп берди.

"Сиз айткан 700 миллион доллардын тегерегиндеги акча резервге кирет. Ошондуктан биз аны интервенцияга жумшаганбыз. Ал Улуттук банктын акчасы. Себеби биз алтынды "Кыргызалтындан" сатып алганбыз", - деди Куленбеков.

Ушул жылдын август айында “Азаттык” Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтындын сатылышына байланыштуу макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы белгиленген.

@azattyk_radiosu
Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүүдө

Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде белгилүү скульптор Заур Хабибулиндин 85, Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына арналган “Жолдо” (“Идущий”) деп аталган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Ачылыш аземине Жусубалиев өзү келип катышты. https://bit.ly/3DoFYYB

Көргөзмө Заур Хабибулиндин Жусубалиевге арналган “Жолдо” эмгеги менен аталган. Скульптор 1937-жылы Орусиянын Красноярск аймагында туулган. Окуу жайды бүткөндөн кийин Кыргызстанга келип иштеп, бир топ эмгектерин жараткан. Ал 1988-жылы Бишкекте каза болгон.

Көргөзмө 29-октябрдан 15-ноябрга чейин уланып, анда Кубатбек Жусубалиевге арналган белгилүү скульптор жана сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлду.

@azattyk_radiosu
Кыргызстан укук үстөмдүгү боюнча рейтингде 100-орунга түштү

Эл аралык "Дүйнөдөгү адилеттик долбоору" (World Justice Project) уюмунун мыйзам үстөмдүгү жана укук багытындагы рейтингинде Кыргызстан былтыркыдан бир позиция артка жылып, 0,46 балл менен 100-орунду ээледи. Жалпы 140 өлкө камтылган баяндамада Беларус 99-орунда, Танзания - 98, Того - 101-орунда экени көрсөтүлгөн. https://bit.ly/3Fxitzo

Алардын ичинен Казакстан былтыркыга салыштырмалуу бир позицияга жогорулап, 65-орунга чыкты. Украина эки позицияда төмөндөп, 76-орунга түшсө, Орусия 0,45 балл менен 107-катарга коюлган жаны былтыркыга салыштырмалуу алты позицияга төмөндөгөн. Өзбекстан былтыркыга салыштырганда жети орунга алдыга чыгып, 78-катарда жайгашкан.

Алдыңкы беш өлкөгө - Дания, Норвегия, Финляндия, Нидерланд жана Швеция кирген.

Укук үстөмдүгүнүн негизги принциптери - бийликтин бөлүнүшү, жеке эркиндикти жана ар-намысты коргоо болуп эсептелет.

World Justice Project 2022-жылы 140 өлкөнүн мыйзам үстөмдүгү индексине баа берген. Анда көпчүлүк өлкөлөрдө бешинчи жыл катары менен абал төмөндөгөнү белгиленген.

@azattyk_radiosu
Көк бөрү боюнча республикалык мелдеште Талас командасы жеңди

Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ат майданда өткөн көк бөрү боюнча республикалык мелдеште чоңдор арасында Талас облусунун командасы жеңүүчү аталды. Экинчи орунга Чүй, үчүнчү орунга Ош облусунун командасы ээ болду. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясы маалымдады. https://bit.ly/3SMQqyR

Жаштар арасындагы мелдештин финалында Чүй жана Нарын командалары беттешип, 7:0 эсебинде Чүй командасы жеңишке ээ болгон.

26-октябрдан 30-октябрга чейин өткөрүлгөн көк бөрү боюнча өлкө чемпионатында жети облустан чоңдор жана жаштар арасында 14 команда катышты. Биринчи жолу ар бир облустун жаштар командаларынын мелдеши өткөрүлдү.

Мелдештин жалпы байге фонду 1 млн. сомду түзгөн.

Сүрөт: Дене тарбия жана спорт департаменти

@azattyk_radiosu