«Азаттык» радиосу
5.13K subscribers
4.04K photos
519 videos
29 files
6.85K links
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Download Telegram
Путин Бучадагы кыргынга шектелген аскердик бөлүктү сыйлады

Украинанын Буча шаарчасындагы кыргынга айыпталган Орусиянын 64-аткычтар бригадасына "гвардиялык" деген наам ыйгарылды. Мындай жарлыкка орус президенти Владимир Путин 18-апрелде кол койду. Анда бригада бул наам "Мекенди жана мамлекеттик кызыкчылыктарды" коргоо багытындагы аскердик иш-аракеттерде "жапырт каармандыгын, эрдигин жана кайратмандыгын" көрсөткөнү үчүн берилгени жазылган.

64-аткычтар бригадасы Орусиянын Хабаровск аймагында жайгашкан. Буга чейин Украинанын Коргоо министрлиги Орусиянын бул аскердик бригадасы Киевдин жанындагы Буча шаарчасын көзөмөлдөп турганда "согуш кылмыштарын" жасаганын билдирген жана карапайым тургундардын өлүмү үчүн адилеттикти орнотууну убада кылган.

Украин полициясынын маалыматына ылайык, Бучада баш-аягы 400дөй адамдын өмүрү кыйылган. Алардын арасында башына тийген октон каза тапкандар көп.

Орусиянын аскерлери Буча шаарчасынан марттын аягында чыгып кеткен. Андан бери Бучанын көчөлөрүндө табылган жайкын тургундардын туш келди жаткан сөөктөрү эл аралык коомчулуктун кескин айыптоосуна кабылып, Москвага каршы жаңы санкцияларга себеп болду. Кремл орус күчтөрү Украинада жайкын тургундарга ок атканын четке кагып, Бучадагы кыргынды "чагым" деп мүнөздөгөн.

@azattyk_radiosu
Жаңы Ак үйдү кура турган компанияга берилери айтылган 16 гектар жердин болжолдуу дареги белгилүү болду

Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча жаңыдан түзүлгөн дирекциянын жетекчиси Марат Турсунбековдун айтымында, жер шаардын түштүк тарабында жайгашкан.

Турсунбеков маалымат агенттиктердин бирине мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын маңдайына дагы административдик имарат курула турганын билдирген.

"Президенттин иш башкармалыгында болгон жер инвесторго сунушталып жатат. Менин билишимче, бул жер алтыга бөлүнүп кеткен. Мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын маңдайында келечекте Министрлер кабинетинин административдик имараты курулат. Башкача айтканда, бардык министрликтерди ошол жакка көчүрүп, Казакстандагыдай бардыгы бир жерде болсун деп жатабыз. Бул шаарды бошотуу үчүн зарыл. Карагылачы, азыр машине айдаганга мүмкүн болбой калды, тыгын. Шаардан келген транспорттун дээрлик 30 пайызы ошол жакка барат. Президенттик аппаратта 5-6 миңдей адам иштейт. Баары ошол жакка көчөт. Бул жаманбы? Министрлер кабинетинин имаратынын долбоору даярдалууда", - деген Турсунбеков.

@azattyk_radiosu
«Азаттык» радиосу
Жаңы Ак үйдү кура турган компанияга берилери айтылган 16 гектар жердин болжолдуу дареги белгилүү болду Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча жаңыдан түзүлгөн дирекциянын…
Жаңы Ак үйдүн баасы жарым жылдын ичинде билинери айтылды

"Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна салына турган жаңы Ак үйдүн курулушун бир жарым жылдын ичинде бүтүрүү каралууда. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынынын алдында Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча жаңыдан түзүлгөн дирекциянын жетекчиси Марат Турсунбеков 24.kg сайтына курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, курулуштун бюджети этап-этабы менен иштелип чыгып, долбоордун баасы жарым жылда белгилүү болот.

"Бизде инвестор менен келишим бар, бирок азырынча жарыялай албайбыз. Муну инвестор суранып жатат. Азыр кымгуут болуп жатат. Бирок ишенимге ээ болуш үчүн кайсы компания долбоорго киргенин жарыялайбыз", - деген Турсунбеков.

Ал үч айдан ашуун убакыт инвесторлор менен президенттин администрациясын акча коротпой куруу боюнча сүйлөшүүгө жетишкенин айткан. Ошондой учурда иш параллелдүү долбоорлоо мыйзамына ылайык жүрүп жатканын, эгер берилген жер курулуштун акчасынан ашып кетсе, айырмасы төлөнүп берилерин кошумчалаган.

@azattyk_radiosu
Мамлекет башчы Садыр Жапаров өткөн аптанын аягында Бишкекте мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна курулганы жаткан президенттик администрациянын имаратынын пайдубалын түптөөгө катышкан.

Кийинчерээк жаңы Ак үйдү кыргызстандык компания курарын, анын ордуна шаардан 16 гектар жер берилип жатканын жарыялаган. Анын бул билдирүүсү коомчулукта чоң талаш-талкуу жаратты.
Кабулдагы мектепте жарылуу болду

19-апрелде Ооганстандын Кабул шаарындагы эркек балдардын мектебинде кеминде үч жарылуу болду. "Талибан" өкмөтүнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Нафи Таку "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиргендей, жарылуу хазар тектүү шииттер байырлаган конуштагы Абдул Рахим Шахид атындагы жогорку класстын окуучулары окуган мектепте болгон.

Мектепте граната жарылган болушу мүмкүн экенин коопсуздук органдарынын өкүлү германиялык DPA жаңылыктар агенттигине билдирди. Күбөлөрдүн айтымында, окуя окуучулар эртең мененки сабактарынан чыгып келе жатканда болгон.

Кабулдун полициясы жарылуудан жабыркагандар бар экенин маалымдады. Бирок алардын санын тактаган жок.

Азырынча бул окуяга эч ким жоопкерчиликти мойнуна ала элек.

@azattyk_radiosu
12 жылдык окууга кандай карайсыз?

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө багыт алганын жарыялады. Бул демилгеге пикириңиз кандай?
Anonymous Poll
32%
Макул
53%
Каршы
6%
Билбейм
9%
Мага айырмасы жок
Украинада үч күндөн бери гуманитардык коридор макулдашылган жок

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук Орусия менен үчүнчү күн катары менен гуманитардык коридор макулдашылбаганын билдирди.

"Тилекке каршы гуманитардык коридор жок. Донбасста тынымсыз аткылоо уланып жатат", - деди Верещук.

Ал Мариупол шаарындагы кырдаалга байланыштуу Орусиянын жетекчилигине кайрылуу жасап, бул шаардан Бердянскини көздөй жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн коридор ачууну талап кылды.

Ошондой эле Мариуполдогу "Азовсталь" комбинатынан аялдарды, балдарды жана башка карапайым тургундарды эвакуациялоо зарыл экенин белгиледи.

Верещук Херсон жана Харьков аймактарынан гуманитардык коридор ачуу тууралуу Орусия менен сүйлөшүүлөр улана турганын кошумчалады.

@azattyk_radiosu
«Азаттык» радиосу
Кабулдагы мектепте жарылуу болду 19-апрелде Ооганстандын Кабул шаарындагы эркек балдардын мектебинде кеминде үч жарылуу болду. "Талибан" өкмөтүнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Нафи Таку "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиргендей, жарылуу…
Ооганстандын Кабул шаарында хазар тектүү шииттердин конушундагы эркек балдардын мектебинде болгон бир нече жардыруудан кеминде алты киши каза таап, 11и жараат алды. Бул тууралуу Кабулдун полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Халид Задран "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдирди.

Жарылуудан жабыркагандардын арасында балдар бар экени кабарланууда. Бирок алардын саны так белгисиз.

Задрандын айтымында, жарылуу 19-апрелде Кабулдун батышындагы Дашти-Барчи конушундагы Абдул Рахим Шахид атындагы жогорку класстын окуучулары билим алган мектепте болгон.

DPA жаңылыктар агенттиги мектепте граната жарылганын жазып жатат. Күбөлөрдүн айтымында, окуя окуучулар эртең мененки сабактарынан чыгып келе жатканда болгон.

Азырынча жардырууга эч ким жоопкерчилик ала элек. Буга чейин хазарлар байырлаган бул аймакты "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери бутага алып келген.

@azattyk_radiosu
Жалал-Абадда аттракциондон жыгылган кыздын абалы оор

Жалал-Абад шаарынын Жеңиш эс алуу багында аттракциондон кулаган 25 жаштагы жигит менен 18 жаштагы кыз ооруканада дарыланып жатканын облустук оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Мелис Баймуратов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Дарыгердин айтымында, жабыркагандар “Клоун” деп аталган аттракционго чыгып, олтургуч сынып кетип, кулап түшкөн. Экөө тең жараат алып, облустук бейтапканага жеткирилген. 18 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүндө жатат.

“Ушул тапта жигиттин абалы жакшы, ал эми кыз жандандыруу бөлүмүндө жатат, анын абалы туруктуу оор деп бааланууда”,-деп билдирди Мелис Баймуратов.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы окуя 17-апрелдин түнү болгонун ырастап, тергөө жүрүп жатканын маалымдады.

@azattyk_radiosu
Балбан Тынар Шаршенбеков Азия чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медал тагынды.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, 19-апрелде Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 63 килограмм салмакта финалда казакстандык Мирамбек Айнагуловдун далысын килемге басып, таза жеңишке ээ болду. Ал финалга чейин индиялык Неераж Нееражды 10:4 эсебинде, жарым финалда өзбекстандык Исломжон Бахромовду 13:7 эсебинде утуп алган.

Тынар Шаршенбеков 25 жашта. Жаштар арасында Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси (2017-ж.). Чоңдор арасында Дүйнө чемпионатында 5-орунду ээлеген (2019-ж.). Анын финалдагы атаандашы 28 жаштагы Мирамбек Айнагулов дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байгелеринин ээси. Азия чемпионатында бир күмүш, эки коло байге алган.

@azattyk_radiosu
Акжол Махмудов экинчи жолу Азия чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын байгеге ээ болду.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, 19-апрелде Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта Азия чемпионатынын финалында казакстандык Максат Ережепов менен күрөшүп, 3:1 эсебинде жеңишке жетти. Махмудов финалдык таймашка чейин алгач ирандык Ареф Мозафар Хабиболлахини 9:1, жарым финалда түштүк кореялык Олимпиада чемпиону Ким Хён Уну 4:1 эсебинде жеңип алган.

Акжол Махмудов 23 жашта. Ал ушуну менен экинчи жолу чоңдор арасында Азия чемпиону болду. Ал алгач 2018-жылы 19 жашында Бишкекте өткөн Азия чемпионатында жеңүүчү болгон. Махмудов Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси (2021-ж.). Кадеттер арасында Дүйнө чемпионатынын алтын (2016-ж.), жаштар арасында Дүйнө чемпионатынын күмүш (2017-ж.), коло байгелерин уткан. Уландар (2016-ж.) жана жаштар (2017-ж.) арасында дагы Азиянын чемпиону болгон.

@azattyk_radiosu
Назарбаев Январь окуяларынан бери биринчи жолу Казакстандагы иш-чарага катышты

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Январь окуяларынан бери биринчи жолу өлкө ичиндеги иш-чаралардын бирине катышты. Бул тууралуу 19-апрелде Назарбаевдин расмий сайты эки сүйлөм менен кабарлады.

Анда Назарбаевдин "Биринчи президент музейинде" уюштурулган "Менин Казакстаным - менин жерим" аттуу жаш балдардын көргөзмөсүнө барып, жаш сүрөтчүлөр менен баарлашканы гана айтылган. Сайттан Назарбаевдин өспүрүмдөр менен түшкөн бир нече сүрөтүн табууга болот. Бирок иш-чарадан эч кандай видео жарыяланган жок.

81 жаштагы Назарбаев январь айындагы кандуу коогадан бери Казакстанда элдин алдына чыга элек болчу.

@azattyk_radiosu
Кадыров Украинадагы согушка баргандарга 300 миң рубль убада кылууда

"Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украинадагы согушка барган ар бир ыктыярчыга бир жолку 300 миң рубль төлөөгө убада берди" деп жазды "Агентство" басылмасы.

Каалоочуларга коюлган талаптар минималдуу – алар 50 жашка чыга элек “ден соолугу чың” эркектер болушу керек. Алар Украинага мэриянын имаратында жайгашкан Грозныйдагы ыктыярчыларды кабыл алуу борбору аркылуу жөнөтүлөт. Алгач 10 күндүк даярдыктан өтүп, андан кийин согушка жөнөп кетет. Басылма алар менен эч кандай келишим болбой турганын жазган.

"Агентствонун" жазганына караганда, Телеграмм-каналдарда согушка барууну каалагандардын машыгып жаткан видеолору жарыяланды. Алардын бири 47 жаштагы Тамбов Юрий Татаринцев. Соттук чечимдердин базасы боюнча, ал мурда адам өлтүрүүгө, адам уурдоого жана курал сактоого айыпталып соттолгон.

Март айынын ортосунда Рамзан Кадыров Грозныйдан Украинадагы согушка алгачкы миң ыктыярчы кеткенин жарыялаган.

@azattyk_radiosu
Журналист Болот Темиров өзүнө дагы үч кылмыш иши козголгонун билдирди
Акылбек Жапаров Вашингтондо жумушчу сапары менен жүрөт

Расмий маалыматка караганда, сапардын жүрүшүндө Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин ар жылдык жыйынына катышат.

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын 30 жылдыгынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Кыргыз-казак чек арасында Казакстанга өтүү үчүн кезекте турган машиналар арасында жасалма тыгын уюштуруп жатышканын бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

“Кыргыз тарап жасалма тыгын уюштуруп, ошол жерде “үч миң сом берсең өткөрүп коём” деген жигиттер жүрөт дейт. Бул маалымат ошол жердеги кыйналган адамдардан болуп жатат. Бажы жана чек ара кызматтары ушуну текшерип койсун. Чын эле ушундай болсо уюштургандарды “каракчылык” беренеси менен жазалаш керек”.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын 20-апрелдин эртең мененки саат 10догу маалыматына караганда, “Ак-Тилек” бекетинде 180дей оор жүк ташуучу машина кезекте турат.

@azattyk_radiosu
Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатынын финалында күрөшөт

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалында күрөшөт.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Шаршенбеков бүгүн, 20-апрелде грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта жарым финалдык таймашта казакстандык Ернур Фидахметовду 6:1 эсебинде жеңди.

Ага чейин чейрек финалда монголиялык Балжиннийам Цевеенравданды 8:0 эсебинде жеңген. Алдыда алтын байге үчүн ирандык Мехди Сейфоллах Мохсен Нежад менен беттешет.

Байге үчүн беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.

@azattyk_radiosu
"Биздин балдар аябай жакшы көрүп жеген таттуу азыктардын курамында алардын саламаттыгына зыяндуу заттар бар. Биринчиден балмуздак, сникерс сыяктуу шириндиктерде пальма майы, өтө көп шекер, энергия берчү суусундуктар менен колада ашыкча кант бар. Ал эми чипс, катырылган нан (кириешка), туздалган жер жаңгакты жөн эле тузга чылап коюп жатышат".
Кыргызстан менен Казакстан товарды эркин өткөрүү чараларын макулдашты

Бул чаралар Казакстан менен чек арадагы жүк ташуучу автоунаалардын кезегин азайтышы керек.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Казакстан электрондук эсеп-фактуралар жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) башка өлкөлөрүнө товарлардын транзити болгон учурда текшерүү жана көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзбөөгө макул болду. Кыргыз тарап болсо жүк ташуучу автоунааларды электрондук документи жок жолго чыгарбоого милдеттеме алды.

@azattyk_radiosu