Сот Бишкектин борборунда сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салды
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясы ар кандай калайман башаламандыктардын, тополоңдун алдын алуу максатында деген жүйө менен митингдерге тыюу салуу тууралуу райондук сотко кайрылган. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган.
Чечимге жараша эми 13-апрелден 1-сентябрга чейин Жогорку Кеңештин имаратынын, өкмөт үйүнүн, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин алдына нааразылык акцияларга чогулууга болбойт. Митингдерди Максим Горький атындагы гүлбакта гана өткөрүүгө уруксат берилет.
@azattyk_radiosu

9-майда Бишкекте аскердик парад өтпөйт. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады. Ага ылайык, Жеңиш күнүндө митинг-реквием өтөт жана "Өлбөс полк" жүрүшү уюштурулат.
Казакстандын бийлиги да быйыл 7-майда Мекенди коргоочулардын күнүнө жана 9-майда Жеңиш күнүнө арналган аскердик параддарды өткөрүүдөн баш тарткан.
Кыргызстанда былтыр дагы 9-майда митинг-реквием өтүп, ага президент Садыр Жапаров баштаган мурдагы жана учурдагы жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер катышкан. Анда өчпөс отко гүл коюлуп, согушта курман болгондор эскерилген.
Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы дагы 9-майда аскердик парад уюштурулган эмес.

Кошмо Штаттары Украинага 800 миллион долларлык аскердик жардам бере турган болду. АКШ президенти Жо Байден 13-апрелде украин президенти Владимир Зеленский менен телефондо сүйлөшкөндөн кийин жардамдын жаңы пакетин жарыялады.
Маалыматка ылайык, Орусиянын баскынчылыгына каршы күрөшүү үчүн тик учактар, артиллерия, амуниция, башка курал-жарак жөнөтүлмөкчү.
Вашингтон ошондой эле дүйнөнүн чар тарабындагы өнөктөштөр берген куралды Украинага өткөрүүгө көмөктөшө бермей болду.
Франция жана Германия да Зеленскийдин чакырыгынан кийин көбүрөөк курал жөнөтүшөрүн айтышты.
Ал эми Wall Street Journal гезитинин жазганына ылайык, АКШ “украин күчтөрүнө орус армиясынын чабуул коюу пландарын алдын ала билүүгө, муну менен соккуларга жооп кайтарууга жардам берчү” чалгын маалыматтарын көбүрөөк берип турат. Басылманын булактары украин аймагындагы буталар тууралуу гана кеп болгонун белгиледи.

Британиянын "кара тизмесине" өзбекстандык үч аял да илинди
Британия 13-апрелде Орусияга каршы санкциялык тизмеге 206 кишини киргизди. Арасында бизнесмен, саясатчылар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү бар.
"Азаттыктын" өзбек кызматы маалымдагандай, кара тизмеге теги өзбекстандык үч аял илинген. Орусия жараны, Ташкенттин тургуну Гулбахар Исмаилова орусиялык белгилүү миллиардер Алишер Усмановдун карындашы. Gazeta.uz басылмасы жазгандай, буга чейин Европа Биримдиги да ага санкция салган.
Эмне дегенде Усманов өз активдерин, кымбат баалуу “Дилбар” яхтасын карындашынын атына которгон. Исмаиловага Британияга кирүүгө тыюу салынды. Олигархтын дагы бир тууганы, Орусия жараны Саодат Нарзиеванын да Британиядагы активдери камакка алынып, ал өлкөгө кирүүгө уруксат берилбейт. Ал буга чейин Еврошаркеттин жазалоочу чараларына кабылган.
Ал эми 1987-жылы Ташкентте туулган Нигина Заирова Лондондо турат. Ал орусиялык «Альфа-банктын» ээси Михаил Фридмандын жардамчысы деп көрсөтүлгөн. Маалыматка караганда, бизнесмен санкцияга туш болгондо, үч активи Заировага өткөн. Британия ошол компанияларда ал Фридмандын атынан иш алып барат деп эсептейт.
Мындан тышкары Лондон орус экономикасына жаңы инвестиция салууга уруксат бербейт. Жыл этегине чейин падышалык Орусиядан мунай менен көмүрдү алууну токтотуу чечимин кабыл алды.

«Азаттык» радиосу
ЖМК: Финляндия менен Швеция быйыл жайда НАТОго кирүүнү пландап жатат Орусия Украинага кол салгандан кийин Финляндия менен Швеция быйыл жайда НАТОго кирүүнү пландап жатканын The Times басылмасы америкалык булактарга таянып жазды. Бул маселе НАТОго мүчө мамлекеттердин…
Медведев Финляндия жана Швеция НАТОго кошулса, колдонулчу чараларды айтты
Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Финляндия жана Швеция НАТОго кошулса, "Балтиканын өзөктүк куралдан эркин аймак деген макамы тууралуу сөз кылууга болбой калат" деп билдирди. Бул тууралуу мурдагы президент 14-апрелде Телеграм- каналына жазды.
Анын айтымында, "Орусиянын расмий катталган душмандары көбөйөт", андыктан өлкөгө Финляндия булуңундагы аскерлерин күчтөндүрүүгө, кошумча бөлүктөрдү жайгаштырууга туура келет.
Орус расмий адамдары буга чейин эки өлкөнүн альянска кошулуу ыктымалдыгына терс реакциясын билдирип келгени менен, Медведев Москванын конкреттүү кадамдары тууралуу биринчи болуп айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар боюнча агенттиги Орусия согуш баштагандан берки элүү күндүн ичинде дээрлик беш миллион украиналык үй-жайын таштап, чет өлкөлөрдө башпааналаганын билдирди.
Маалыматка караганда, Европа Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери качкындардын мындай агымына күбө боло элек болчу.
4-апрелде чыккан статистикага ылайык, Орусиянын кол салуусунун кесепетинен 4 млн. 736 миң 471 украиналык качкынга айланды. Андан бир күн алдың эле бул сан дээрлик 80 миң кишиге аз болчу.
БУУ бозгундардын 90 пайызы аялдар менен балдар экенин билдирди. Киев өкмөтү аскерге жарамдуу жаштагы эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салган.
Качкындардын эң көбү – 2,69 миллион киши Польшага чыккан, андан кийинки орунда Румыния турат.

Жаңылыктар | 14.04.2022 | Кошмо Штаттары Украинага 800 млн доллардык жардам берет
YouTube

Орусиянын Кара деңиздеги «Москва» кемеси өрттөнүп, курал-жабдыктын баары жарылды. Ошол эле маалда Киевди жана Украинанын түндүгүндөгү шаарларды алуу операция...
«Азаттык» радиосу
Аткылоого кабылган "Москва" аскер кемесинин экипажы эвакуацияланды Орусиянын Кара деңиз флотунун "Москва" кемесинин экипажы өрттөн улам коопсуз жайга куткарылды. Бул тууралуу жергиликтүү бир катар басылмалар Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме кылып жазды.…
Аткылоого кабылган “Москва” аскердик кемеси чөгүп кетти
Орусиянын Коргоо министрлиги Кара деңиз флотунун "Москва" аскердик кемеси чөгүп кеткенин ырастады. Анда крейсерди белгиленген портко алып келе жатканда өрттөн олуттуу жабыркагандыктан катуу толкунга туруштук бере албай чөгүп кеткени айтылат.
Мунун алдында аскердик кеменин экипажы өрттөн улам коопсуз жайга куткарылганы маалымдалган. Орусиянын Коргоо министрлиги крейсерде өрт чыкканын, анын себеби иликтенип жатканын билдирген. Жабыркагандар жана өлгөндөр тууралуу маалымат бериле элек.
Украина болсо "Москва" кемесине ракетадан сокку урганын билдирген. Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Максим Марченко крейсерге "Нептун" ракеталары менен чабуул жасалганын айткан.
"Москва" кемесинин экипажы ар кандай маалыматтарга ылайык, 510дөн 758 адамга чейин болушу мүмкүн.

Навальный Батышты Путинге каршы "маалыматтык согуш" ачууга чакырды
Түрмөдөгү орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный АКШнын президенти Жо Байден, Британиянын премьер-министри Борис Жонсон баштаган дүйнө лидерлерин, ири IT-компанияларынын башчыларын социалдык тармактардагы Орусиянын президенти Владимир Путиндин пропагандарысына каршы "сокку урууга" чакырды.
Ал Твиттердеги баракчасына "чындык жана эркин маалымат Путиндин акылсыз режимине каршы "Жавелелинден" (ракеталык комплекс-ред) кем эмес сокку урат. Орусиянын жарандарынын басымдуу бөлүгүнө Украинадагы окуялар тууралуу бурмаланган маалымат берилип жатат" деп жазды.

Бишкекте "Тазалыктын" жумушчулары жетекчисине каршы митингге чыкты
Бишкек шаардык мэрияга караштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын айрым жумушчулары 15-апрелде митингге чыгып, жетекчиси Азат Сагыновдун иштен алынышын талап кылышты. Алар бул тармакты билген адамдар башкарышы керектигин айтып, жетекчилер тынбай алмашып жатканына нааразы болушту. Ошондой эле коопсуздук маселеси каралбай, машинелерге тетиктер алынбай жатканына жана айлык маселеси жакшы чечилбей жатканына даттанышты.
Митингге чыккандар менен жолугууга келген мэрдин орун басары Жамалбек Ырсалиевди сүйлөтпөй, шаар башчысынын өзүнүн келишин талап кылышты.

БУУнун Кризиске реакция жасоочу ыкчам тобу жарыялаган баяндамада Украинадагы согуш ансыз да коронавирус пандемиясынан, климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркап жаткан жакыр мамлекеттерде энергетика жана каржы кризисин тереңдете турганы белгиленген. Алардын арасында Кыргызстан да бар.
@azattyk_radiosu
@azattyk_radiosu
Азаттык Υналгысы
БУУ: Украинадагы согуштан жакыр өлкөлөр жабыркайт
Украинадагы согуштан улам жаңы бутуна туруп келаткан көптөгөн мамлекеттин экономикасы жабыркашы мүмкүн.
«Азаттык» радиосу
Бишкекте "Тазалыктын" жумушчулары жетекчисине каршы митингге чыкты Бишкек шаардык мэрияга караштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын айрым жумушчулары 15-апрелде митингге чыгып, жетекчиси Азат Сагыновдун иштен алынышын талап кылышты. Алар бул тармакты билген…
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын башчысы алмашты
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев "Тазалыктын" башчысы болуп Султан Алыбаев дайындалганын билдирди. Ал бул тууралуу аталган ишкананын жумушчуларынын нааразылык акциясында айтты. Жаңы жетекчиге "тазалыкчыларга" дем алыш күндөрү иштегени үчүн айлык акы төлөп берүү маселесин чукул арада чечүүнү тапшырды
"Тазалыктын" айрым жумушчулары 15-апрелде митингге чыгып, жетекчиси Азат Сагыновдун иштен алынышын талап кылышкан. Алар бул тармакты билген адамдар башкарышы керектигин айтып, жетекчилер тынбай алмашып жатканына нааразы болушкан. Ошондой эле коопсуздук маселеси каралбай, машинелерге тетиктер алынбай жатканына жана айлык маселеси жакшы чечилбей жатканына даттанышты.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында 15-апрелде Октябрь окуяларында жабыркагандар, жарадар болгондор жана алардын жакындары дагы митингге чыгышты. Алар ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевди жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жоопко тартылышын талап кылышты. Буга байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылып, жооп ала албай жатканын айтышты. Мындай дооматка башкы көзөмөлдөөчү орган азырынча комментарий бере элек.
Нааразылык акциясына чыккандар дарыланууга муктаж экенин, алган жараатынан улам ишке жарамдуу болбой калганын айтып келишет.
@azattyk_radiosu
Нааразылык акциясына чыккандар дарыланууга муктаж экенин, алган жараатынан улам ишке жарамдуу болбой калганын айтып келишет.
@azattyk_radiosu
Бишкек мэриясы “Тазалык” муниципалдык ишканасында бир катар каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, Эсеп палатасы жана мэриянын Ички аудит башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө ишкананын 2019-2020-жылдардагы ишинде мыйзам бузуулар аныкталган.
Бул убакыт аралыгында “Тазалыкты” Рысбек Сарпашев жетектеген.
Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-октябрындагы №136 токтомун аткарууда мыйзам бузулуп, 7 млн. 340 миң сом зыян келтирилген деген жыйынтык чыккан. Мындан тышкары кызматкерлерге кошумча төлөмдөргө мыйзамсыз эле 42 млн. 322 миң сом бөлүнгөнү, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын талаптары бузулуп, дагы 35 млн. 348 миң сом дал келбөөчүлүк аныкталганы айтылат.
Бишкек мэриясы Эсеп палатасы даярдаган корутунду боюнча зарыл чаралар көрүлөрүн кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлиги 15-апрелде Киевге чабуулдарды күчөтөрүн эскертти.
Ушул эле күнү украин баш калаасында бир нече жолу катуу жардыруу болгонун жергиликтүү медиа каражаттары жазышты. Министрлик ошондой эле 14-апрелдин кечинде алардын күчтөрү Киевдеги аскердик заводго сокку урганын билдирди.
Андан тышкары Орусиянын Брянск облусунун Климово шаарчасынын тургундарына чабуул коюп жаткан украиндердин Ми-8 тик учагын ракета менен жок кылганын кошумчалады.
Буга чейин Москва Киевди Украинага чек аралаш Орусиянын аймактарына чабуул коюп жатат деп айыптаган. Украинанын коргонуу жана улуттук коопсуздук боюнча кеңеши Москванын дооматтарын четке кагып, "Украинага каршы ызы-чууну көбөйтүү аракети" деп атады.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери 14-апрелде №47 абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунан кабар алып чыкканын айтышты.
Мурдагы президент анда бели ооругандыктан туруп же отура албай жатканын, бир аз кыймылдаса эле аба жетишпей, колу-буту уюп калып атканын айткан. Ал буга байланыштуу бир нече жолу кат жүзүндө сотко катышуудан баш тартканын, бирок ага карабастан эки жолу отурумга күч менен алынып келип ден соолугу начарлаганын билдирген.
№47 колониянын башкы дарыгери мурдагы президент Алмазбек Атамбаев толук текшерүүдөн өтүп, дарыланууга муктаж экенин айткан. Тиешелүү корутунду Жаза аткаруу кызматынын Медициналык башкармалыгына жөнөтүлгөн.
Улуттук борбор Жаза аткаруу кызматы менен Саламаттык сактоо министрлигине Алмазбек Атамбаевдин өз убагында медициналык жардам алуу укугун сактоону камсыз кылуу сунушун берди.

Кыргызстанда 2021-жылдагы адам укугунун абалы боюнча АКШ Мамлекеттик департаменттинин баяндамасы жарыяланды. Анда Кыргызстандагы адам укугунун абалы боюнча баяндаманын өзөгүн негизсиз камоолор, адамгерчиликсиз мамиле жана кыйнап, моюнга алдыруу сыяктуу учурлар түздү. Анда жалпы түшкөн арыздын ичинен 63 кыйноо фактысы аныкталганы көрсөтүлгөн.
Азаттык Υналгысы
АКШ баяндамасы: Бишкек кыйноого жана адам уурдоого жол берди
Кыргызстанда 2021-жылдагы адам укугунун абалы боюнча АКШ Мамлекеттик департаменттинин баяндамасы жарыяланды. Анда күч түзүмдөрүнө көзөмөлдүн начардыгы атайылап адам өлтүрүү, кыйноо жана адам уурдоо сыяктуу кылмыштарга жол берген учурлар мисалга алынды.
Өкмөт чет өлкөгө доллар алып чыгууга чектөө киргизүүнү сунуштады
Министрлер кабинети Кыргызстандан чет өлкөгө АКШ долларын алып чыгууда чектөө киргизген токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Ага ылайык, чет элдик жарандар өлкөдөн накталай түрдө беш миң доллардан ашык каражат алып чыга албайт. Кыргызстандын жарандарына он миң долларга чейин чек коюлган. Андан көп сумма болсо, 10% төлөм киргизилет.
Бул өлкөдө экономикалык коопсуздукту жана финансылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн кабыл алынган чара экени, токтомдун аткарылышын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлдөй турганы кабарланды.
Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар 24-февралда Орусия Украинага согуш ачкандан кийин кымбаттай баштаган. Март айында бир доллар 106 сомго чейин жеткен.
15-апрелге карата менчик акча алмаштыруу жайлары менен коммерциялык банктарда бир доллар 84-86 сом болууда. Улуттук банк расмий курсту 81 сом 39 тыйын деп белгиледи.