«Азаттык» радиосу
5.07K subscribers
4.04K photos
519 videos
29 files
6.9K links
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Download Telegram
Украинанын Мариуполь шаарынын 100 миңдей тургуну камоолдо турат
Орусиянын президенти Владимир Путин “дос эмес өлкөлөргө” газды экспорттоодо төлөмдү доллар менен эмес, рубль менен алууну тапшырды. Бул боюнча буйрукту ал Борбордук банкка жана өкмөткө берди.

“Интерфакс” агенттиги кабарлагандай, газга рубль менен төлөө операцияларынын тартиби бир аптанын ичинде аныкталып чыгат.

Москва Украинага кол салгандан кийин АКШ доллар банкнотторун, Евробиримдик евро банкнотторун Орусияга ташууга тыюу салган.

Украинага кол салгандан кийинки санкцияларга жооп катары Орусиянын өкмөтү 7-мартта "дос эмес өлкөлөрдүн" тизмесин түзгөн. Ага Евробиримдиктин мүчөлөрү, Британия, Канада, АКШ, Жапония, Швейцария, Микронезия, Сан-Марино сыяктуу 50 мамлекет киргизилген.

@azattyk_radiosu
ЖМК: Орусияда Навальныйды колдогон жүзгө жакын полиция кызматкери иштен алынды

Орусиядагы саясий коррупция тууралуу айтып, бийликти кескин сындап келе жаткан саясатчы Алексей Навальныйдын долбоорлорун колдогону үчүн соңку үч айда кеминде жүздөй полиция кызматкери жумуштан алынганын 23-мартта “Свобода” радиосу “Би-Би-Синин” иликтөөсүнө таянып жазды.

Орусиянын Ички иштер министрлигиндеги булактарга таянган маалыматка караганда, Волгоградда саясий негизде 17 кызматкер иштен алынды. Ушундай эле себеп менен жумушунан ажырагандар Ярослав облусунда 30, Пермде 22, Томск облусунда 30 жана Калуга, Воронеж, Свердлов, Тюмен облустарында 5-15тен кызматкер экени кабарланды.

Аларды Навальный жөнүндө жана анын долбоорлору тууралуу Интернетке жарыяланган маалыматтарга лайк белгисин койгону же сайттарына жазылганы үчүн Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) аныктаганы айтылды.

@azattyk_radiosu
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Март ыңкылабына 17 жыл: жеке бийлик кулаган күн

"Жоогазын ыңкылабы" деген аталыш менен тарыхка кирген 2005-жылдын 24-мартындагы окуяга 17 жыл болду. Президент Аскар Акаев бийликтен куулган бул окуяга ар кыл баа берилип келет. Айрымдар аны Борбор Азияда элдин эрки менен коррупциялашкан бийликтин кулатылышы катары баалашат. Ошол эле кезде бийликти сүрмө топ менен алып коюу өнөкөтүнүн башталышы катары сыпаттагандар да бар.
Элчи Идрис Кадыркуловдун билдиришинче, учурда Украинанын аймагында Кыргызстандын 68 жараны калды.

Айрым жарандар Украинадан чыгуудан баш тартышса, кээ бирлери чечим кабыл ала элек.

"Бул жакта калгандар Украинанын Киев, Харьков, Львов, Одесса, Ивано-Франковск шаарларында турушат. Алардын арасында украин жарандыгына ээ болгондор дагы бар. Мисалы, атасы же энеси кыргыз жараны, бирок уул-кыздары, түгөйлөрдүн бири украин жарандары болгон учурлар бар. Биз аларды дагы мекенге чыгарууга аракет кылып, сунуштарды айтып жатабыз. Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, аскерге чакырууга курагы жеткен 18ден 60 жашка чейинки эркектерди өлкө аймагынан чыгарбай жаткан дагы жагдайлар бар. Эч кимге жашыруун эмес, Кыргызстандын жарандыгынан чыкпай туруп, Украинанын жарандыгын алгандар дагы көп", - деди элчи.

Украинада согуш башталгандан бери Тышкы иштер министрлиги жана элчиликтин көмөгү менен жалпысынан 718 кыргызстандык коопсуз аймактарга чыгарылды.

@azattyk_radiosu
Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Өкмөттүн 24-мартта өткөн кризиске каршы чаралар боюнча жыйынында Жапаров Украинадагы окуяларды согуш деп атап, Кыргызстан аны токтотуу үчүн колунан келген аракеттерди көрөрүн айтты:

“Ооба, бул маселе боюнча биздин өлкө азыр эки лагерге бөлүнүп турат. Жеке адамдар боюнча алып караганда, мындай тандоону түшүнсө болот. Себеби ар ким өзүнүн жеке симпатиясына жана дүйнө таанымына жараша кабылдоодо. Бирок мамлекеттик деңгээлде мындай мамиле абайлабагандык, жада калса жоопкерчиликсиздик болот деп эсептейм. Биз - чакан өлкөбүз, бул дүйнөдө биздин позициядан көп нерсе деле көз каранды эмес. Бирок ойлонулбай жасалган ар бир кадам элибизге оор кесепет алып келиши мүмкүн. Бизге эки эл тең жакын. Биз боордоштор бири-бирин өлтүрүп жаткан бул согуш токтошуна колубуздан келген аракетибизди жасайбыз”.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Кремл муну согуш деп атабастан, “Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо” боюнча атайын операция деп гана атоодо.
Украина бийлиги Орусиянын кол салуусун баскынчылык согуш деп атап келет.

@azattyk_radiosu
Тышкы карызды төлөөгө быйыл кошумча алты миллиард сом талап кылынууда

Доллардын курсу олку-солку болуп жаткандыктан быйыл тышкы карызды төлөөгө кошумча алты миллиард сом талап кылынат. Каржы министри Алмаз Бакетаев тышкы карызды төлөөгө бюджеттен 26,6 миллиард сом каралганын, бирок бул сумма бир доллар 88,4 сом деген курс менен эсептелгенин айтты.

“Бирок бизге сырттан келе турган жардам да бар. Тобокелчиликти азайтуучу, бюджетке оорчулук алып келбей турган механизмдер иштелип чыккан. Ошондуктан тышкы карыз өз убагында, тийиштүү көлөмдө толук төлөнөт”, - деди Бакетаев.

Министр билдиргендей, бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызы 4,2 миллиард доллар.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде кармалып келген доллар 24-февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин эки жума аралыгында 20 сомго кымбаттап, 105 сомго жетип кеткен. Андан кийин кайра арзандап, 24-мартка карата акча алмаштыруу жайларында доллардын курсу 92 сомдун тегерегинде болууда.

@azattyk_radiosu
УКМКнын башчысы Баткен аркылуу негизги азык-түлүк ташылып кетип жатканын айтты

Өкмөттүн кризиске каршы планы талкууланган жыйында Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев коңшу өлкөдө ун менен кумшекер 1,5 эсе кымбат, ал эми өсүмдүк майы жок калганын белгилеп, Бажы кызматынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн аткезчиликке каршы иши өтө начар болуп жатканын айтты.

“Бажы кызматы, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Салык кызматы биргелешип Баткендеги чек араны карагыла. Бардык азык-түлүктү азыр насос менен сордургансып чыгарып кетип жатышат. Чек арага чеп болуп туруп, бир да килограмм май, ун, кумшекер өткөрбөгүлө. Бул негизги максат”.

@azattyk_radiosu
Өкмөт кризиске каршы жети пункттан турган план иштеп чыкты.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 24-марттагы отурумунда белгилүү болду.

Пландын биринчи пункту катары азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, негизги товарлардын баасын турукташтыруу чаралары көрсөтүлдү.

Мындан тышкары калкты социалдык жактан колдоо, ишке орноштуруу, каржылык жана бюджеттик туруктуулукту камсыз кылуу, ишкерлерге колдоо көрсөтүү, инвестиция тартуу, товар жүгүртүү боюнча чаралар каралууда.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бул планды ишке ашыруу үчүн бюджеттен 126 миллиард сом талап кылынарын билдирди.

@azattyk_radiosu
Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттердин 30% чет өлкөлүктөр.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдөгү 76 жогорку окуу жайында окуган 231 миңден ашуун студенттин 70 миңдейи башка мамлекеттердин жараны.

Чет өлкөлүк студенттердин 63% коңшу мамлекеттердин өкүлдөрү, алар негизинен мамлекеттик окуу жайларда билим алышат, көбү өзбекстандыктар – 39 миңге жакын улан-кыз.

Индиялыктар 14,5 миң, пакистандыктар 10 миңдин тегерегинде. Алар жеке менчик окуу жайлардын студенттери.

Жалпысынан Кыргызстандагы бардык студенттердин 84% мамлекеттик жогорку окуу жайларда окушат.

(сүрөттө Бишкектеги университетте окуган чет элдиктер)

@azattyk_radiosu
Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди күбө катары мажбурлап алып келүү сунушун канааттандырды.

“Асановдун жактоочуларынын бири өтүнүч келтиргенбиз. Прокуратура таппай жатабыз деп жатат. Сот Жунушалиевди мажбурлап алып келүү чечимин чыгарды. Кийинки сот отурумдарында алып келиши керек”, - деди адвокат Икрамидин Айткулов.

Бүгүн, 24-мартта ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун Кой-Таш окуясы боюнча ишин кароо улантылды.

Кой-Таштагы окуядан кийин Асанов жумуштан бошотулуп, кылмыш иши козголгон. Бийлик алмашууга алып келген Октябрь окуяларынан бери Кашкар Жунушалиевдин кайда экени белгисиз.

@azattyk_radiosu
24-мартта Бельгиянын борбору Брюсселде НАТОнун Украинадагы кырдаал боюнча кезексиз саммити башталды.

Анда уюмга мүчө мамлекеттер - АКШнын президенти Жо Байден, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана башка өлкөлөрдүн лидерлери катышууда.

Жыйында ок атышууну токтотуу, Орусияга каршы чараларды катаалдатуу, Киевге колдоо көрсөтүү жана башка маселелер каралат.

@azattyk_radiosu
Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында бийлик алгачкы ирет элдик толкундоолордун арты менен алмашкан "Жоогазын ыңкылабына" быйыл 17 жыл толду.

Окуяга катышкандардын жана аны иликтегендердин пикирин бул жактан окуңуз.

@azattyk_radiosu
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов адвокат Нурбек Токтакуновду беш суткага камоо чечимин чыгарды.

Мамлекеттик айыптоочу соттон адвокатты Укук бузуулар жөнүндө кодекстин "Майда бейбаштык" беренеси боюнча айыптуу деп таап, беш суткага камоону сураган.

"Сот жөнүндө жаман сөздөрдү айтты деген негизде ушундай чечим чыгарды. Мен адвокаттык ишимди аткарып жаткам. Мен соттор жөнүндө андан дагы жаман сөздөрдү айтчумун, журналисттерге маек бергенде айтчумун. Соттор жөнүндө айткан сөзүм үчүн биринчи жолу беш суткага камап жатышат", - деди Токтакунов.

@azattyk_radiosu
Согуш башталгандан бери орусиялык аскерлер 100гө жакын украин жаранын туткунга алган.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук алардын арасында Змеиный аралын коргоп жатып орус тарапка колго түшкөн чек арачылар жана башка жарандар да бар экенин тактады. Верещук учурда туткундарды алмашуу боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин Верещук Украинанын аймагында 562 орус аскери туткунга түшкөнүн айткан.

@azattyk_radiosu
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 24-мартта кыргыз-тажик чек ара тилкесинде курал колдонулган чыр чыкканын маалымдады.

Кенен бул жактан окуңуз.

@azattyk_radiosu
Украинада каза болгон жигиттин сөөгү Кыргызстанга жеткирилди

Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык жигиттин сөөгү мекенине алынып келди. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдады. Азырынча маркумдун жакындары журналисттерге толук маалымат бере элек.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында туулуп-өскөн орус жараны Эгемберди Дорбоев каза болгонун Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-мартта расмий ырастаган.

Маркумдун жакындары анын курман болгонун 16-мартта укканын кабарлашкан. Орусиянын бир нече сайты ал 8-мартта каза болгонун жазышкан. Окко учкан жигит 19 жашта экени, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрү маалым болгон.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгектенет. Бейрасмий маалыматка караганда, 400-500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган.
Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык Эгемберди Дорбоевдин сөөгү бүгүн 25-мартта туулуп-өскөн Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге берилет.


Маркумдун сөөгү айылына 24-марттын кечинде жеткирилген.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, орус жараны Дорбоев каза болгонун Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-мартта расмий ырастаган.


Маркумдун жакындары анын курман болгонун 16-мартта укканын кабарлашкан. Орусиянын бир нече сайты ал 8-мартта каза болгонун жазышкан. Окко учкан жигит 19 жашта экени маалымдалган.


@azattyk_radiosu