«Азаттык» радиосу
5.13K subscribers
4.04K photos
519 videos
29 files
6.85K links
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Download Telegram
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Москванын Останкино соту "Биринчи каналдын" жаңылыктар кызматынын редактору Марина Овсянникованы нааразылык акцияларына чакырганы үчүн 30 миң рубль айыпка жыкты.

Журналист түз ободогу кечки жаңылыктар программасында согушка каршы плакатты кармап чуркап чыккандан кийин белгилүү болду. Бирок ал кадамына чейин интернетке коюлган видео үчүн административдик жоопко тартылды. Ага түз эфирде Путинди айыптап, согушту жектеген аракети үчүн кылмыш иши козголгону азырынча ырастала элек.

@azattyk_radiosu
Орус аскерлери дарыгерлер менен бейтаптарды барымтага алганы кабарланды

Донецк облустук аскер администрациясынын башчысы Павел Кириленко "Орус аскерлери Мариуполдун аймактык ооруканасынын медициналык персоналы менен бейтаптарын барымтага алды" деп билдирди.

“Оорукананын кызматкерлеринин бири мындай кабарды жеткирүүгө үлгүрдү. “Ооруканадан чыгуу мүмкүн эмес. Катуу атышат, жертөлөдө отурабыз. Эки күндөн бери автоунаалар ооруканага жете албай жатат. Тегеректе көп кабаттуу үйлөр күйүп жатат. Орустар биздин ооруканага кошуна үйлөрдөн 400 адамды айдап келишти. Биз чыга албай жатабыз”, - деген тургундун айткандарын Павел Кириленко Твиттерге жазды.

Мариупол шаары эки жумадан ашуун убакыттан бери орусиялык аскерлердин курчоосунда турат.

@azattyk_radiosu
Ош шаарында S-LINE коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин жетекчиси (А.Б.) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шаардык милиция кооператив алдамчылык менен алектенген каржы пирамида катары иш жүргүзгөнүн билдирди.

Келтирилген зыян 40 млн. сом деп эсептелди.

S-LINE түштүк аймактык филиалы 2020-жылдын 23-сентябрында ачылып, 2022-жылдын 1-февралына чейин иштеген.
Кыргызстанда иштеп жаткан турак-жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт.

Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны жетимиштин тегерегинде деп эсептелет.

@azattyk_radiosu
Жогорку Кеңешке Элвира Сурабалдиева менен Мейкинбек Абдалиев депутат болуп келди. Алар парламенттин 16-марттагы жыйынында ант берди.

Сурабалдиева Бишкектин Биринчи май округунда 27-февралда өткөн кайра шайлоодо жеңишке жеткен. Абдалиев болсо Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалып, депутаттык мандатын тапшырган Равшан Сабировдун ордуна келди.

@azattyk_radiosu
Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал мамлекетке чоң суммада зыян келтирген деп шек саналууда.

Тергөөнүн маалыматы боюнча мамлекетке 117 млн. сом зыян келтирилген.

Башкы прокуратура Соода-өнөр жай палатасынын вице-президентинин аты-жөнүн толук жарыялабай инициалын (Ш.К.А.) гана таратты. Соода-өнөр жай палатасынын сайтында Шатманов Канатбек Асылбекович вице-президент экени жазылып турат.

@azattyk_radiosu
Мыйзамдын талаптарын бузганы үчүн Улуттук банк Бишкекте тогуз акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту.

Ага ылайык, “Ариет финанс”, “Ордо Финанс Плюс”, “Нурислам Лтд” жана “Азамат финанс” 16-марттан 30-мартка чейин ишин токтотот.

Ал эми “АЯТ НУР”, “Рашидик”, “Исхак жана Исаак”, “Интегро Ко” жана “Баймак Финанс” акча алмаштыруу жайлары 16-марттан 25-мартка чейин убактылуу иштебейт.

@azattyk_radiosu
Күн нуру менен жылыган үй, түтүн чыкпаган “акылдуу” меш
Борбор Азия соңку жылдары энергетикалык каатчылыкка батты. Чөлкөмдөгү эң чоң суу сактагыч Токтогулда суунун көлөмү 8 миллиард метр кубдан түшүп кетти. Жыл санап көмүр тартыштыгы күчөп, табигый газ менен мунайдын баасы да өсүүдө. Мындай жагдай элди энергоүнөмдүү турак-жай салып, энергиянын альтернативдүү булактарына өтүүгө мажбур кылууда. “Данистенин” бул чыгарылышында дал ошол жаңы кубатка жол тапкандар тууралуу баяндап беребиз. https://youtu.be/iGO2lY27OiA?t=99
Жанар Акаев: Исфана шаары Раззаков шаары болуп өзгөрөт. ЖК комитети үч окууда жактырды

Жогорку Кеңештин депутаты бул тууралуу Фейсбук баракчасына жазды.

@azattyk_radiosu
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгындагы ажылыктын акчасына байланыштуу окуяга азыркыга чейин чекит коюла элек. Муфтияттын эсеби боюнча, бүгүнкү күндө 400 миң доллардын тегерегиндеги акчанын орду толукталбай жатканы белгилүү болду. Мындан улам быйылкы ажылык сапарды уюштуруу боюнча маселе жаралышы мүмкүн экени айтылууда.

2021-жылы муфтияттагы миллиондордун желип кеткени белгилүү болуп, УКМК мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев менен башкы эсепчи Жеңишбай Бекиевге кылмыш ишин козгогон.

https://t.me/iv?url=https%3A%2F%2Fwww.azattyk.org%2Fa%2Fazhylyktyn-akcha-chyry-milliondor-toluktala-elek%2F31755544.html&rhash=ba44b3449f9fb4
Согуш башталгандан бери орусиялык баскынчылар Харьков шаарында 500дөн ашуун жай тургундун өмүрүн кыйганын Украинанын Мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар кызматынын Харьков облусу боюнча башкы башкармалыгы 16-мартта билдирди.

"Такталган маалыматтарга караганда, Харьковдо согуш башталгандан бери баскынчылар 500дөн ашык карапайым тургунду кыянаттык менен өлтүргөн. Анын ичинен 88 кишинин сөөгүн куткаруучулар уранды астынан алып чыккан. Издөө иштери токтотулбайт. Кыйраган имараттардын арасынан куткаруучулар согуш башталгандан бери 189 адамдын өмүрүн сактап калды", - деп айтылат билдирүүдө.

Украинанын Харьков шаары Киевден кийинки орус тилдүү калк көп отурукташкан эң чоң шаарлардын бири.

@azattyk_radiosu
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Кыргызстандын эң мыкты жүз айымы

“WikiGap. Кыргызстандын айымдары” долбоорунун алкагында "Википедия" кыргызстандык мыкты жүз айымдын ысымы менен толукталды. Эми өз тармагында ийгилик жараткан айымдар тууралуу көпчүлүк кенен маалымат ала алат.
Башкы прокуратура былтыр жыл аягында жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде "Батукаев ишин" кайра кароо тууралуу Жогорку сотко өтүнүч келтирген.

Жогорку сот буга байланыштуу 15-мартта Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун мурдагы президентти 11 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн күчүндө калтырды. Ал бул иште жаза мөөнөтүн алган жалгыз айыпталуучу болуп калды жана мындай жагдай бир топ суроолорду жаратты.

https://t.me/iv?url=https%3A%2F%2Fwww.azattyk.org%2Fa%2Fbatukaev-ishi-atambaevdin-11-jyldyk-oekuemue-kuchundo-kaldy%2F31755827.html&rhash=ba44b3449f9fb4

@azattyk_radiosu
Орусия Киев менен Мариуполго чабуулун күчөттү

Орусия Киевди бомбалоону күчөтүп, Мариупол портуна жаңы чабуулдарды баштаганын Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы кабарлады.

Айыгышкан салгылаштар украин-орус жаңжалын жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү өтүп жаткан учурга туура келди.

Орусиянын аскердик күчтөрү Киевдин түндүк-батыш жана батыш аймактарына чабуулдарын күчөткөнүн 16-мартта Киев облусунун башчысы Алексей Кулеба да билдирди.

"Алар борборду транспорттук артериядан ажыратып, логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн жок кылууга аракет кылып жатышат. Киевди басып алуу үчүн кол салуу",- деди Кулеба.

@azattyk_radiosu
Хирург Эрнист Акрамовду коргоо штабы түзүлдү

Бир катар коомдук ишмерлер, илимпоздор, дарыгерлер жана искусство өкүлдөрү окумуштуу-хирург, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамовдун ар-намысын коргоо штабын түзүштү.

Анын башчылыгына Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова дайындалды. Штабдын өкүлдөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, анын орун басары Эдил Байсаловго кайрылуу жолдоп, Акрамов тууралуу айткан сөзү үчүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди жоопко тартууну талап кылышты.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 14-мартта Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылганын билдирген.

Ал институт толугу менен жабылып, аны жетектеп келген 85 жаштагы Акрамов кызматтан алынганын, мекемеге жаңы башкы дарыгер дайындалганын кошумчалаган. 15-мартта Улуттук госпиталда травматология бөлүмүн ачып жатып, Акрамовду сындап, ооруканага атын берүүгө татыктуу эмес экенин айткан.

@azattyk_radiosu
Булак: орусиялык 2500дөн ашуун аскердин сөөгү Гомелден мекенине жөнөтүлгөн

Украинанын аймагындагы согушта каза тапкан орус аскерлеринин сөөгү жана жарадарлар Беларустун Гомел облусуна жеткирилип, андан ары поезддер жана учактар менен Орусияга жиберилип жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун беларус кызматы жергиликтүү тургундарга жана медиктерге таянып жазып чыкты.

Бул маалыматты көз карандысыз булактар ырастай элек.

Медициналык мекемедеги булак Гомел облусунун аймагынан 2500дөн ашык сөөк Орусияга поезд жана учактар менен алынып кеткенин айткан. Беларустун Гомел облусу Украина менен чектешет.

@azattyk_radiosu
Кыргызстандын Улуттук банкы Western Union акча которуу системасы 24-марттан тартып Орусия жана Беларуста ишин токтоторун билдирди.

Маалыматка караганда, Орусия жана Беларустан которулган акча алуучуларга 24-мартка чейин берилет. Ошол эле кезде Western Union системасы аркылуу Кыргызстандан башка өлкөлөргө (Орусия менен Беларустан тышкары) акча которуу иштей берет.

Улуттук банктын маалыматына караганда, 2021-жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 2,7 млрд. доллардан ашуун каражат которгон. Акча которуулардын 97% Орусияга туура келет.

@azattyk_radiosu
Аксы окуясында курман болгондор эскерилди

Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.

Ошондой эле, элге кайрылуу жасап, 2002-жылдагы Аксы окуясы Кыргызстандын эгемен мезгилдеги тарыхында орчундуу орунду ээлеген, коомдук аң-сезимдин багытын белгилүү нукка бурган окуялардын бири экенине токтолгон.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон.

@azattyk_radiosu
АКШ президенти Жо Байден Орусиянын президенти Владимир Путинди "аскер кылмышкери" деп эсептей турганын айтты.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Байден мындай риториканы алгач орус аскерлеринин Украинага басып киришинин негизинде Путинге каршы колдонгон.

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буга жооп катары "дүйнө жүзү боюнча жүз миңдеген адамдардын өмүрүн алган мамлекеттин башчысынын мындай риторикасы кабыл алынгыс жана кечирилгис" деп атады.

@azattyk_radiosu