«Азаттык» радиосу
5.13K subscribers
4.04K photos
519 videos
29 files
6.85K links
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Download Telegram
Сиз дагы "Шаарда эс алуу үчүн жайлар аз, соода борборлору, сейил бактар гана бар" деп ойлойсузбу? "Азаттык+" шаарда туруп эле кантип көңүл ачса болорун көрсөтөт. Дем алыш күндөрүн пландоодон мурун биздин берүүнү көрүңүз: https://www.youtube.com/watch?v=8MSx1LgeFtc
Табият коңгуроосу: 50 жылда майда мөңгүлөр жоголот

Советтер Союзунун Илимдер Академиясы 1940-70-жылдары Борбор Азиядагы мөңгү системасын изилдеп, 1976-жылы 22 томдон турган мөңгүлөрдүн каталогун жарыялаган. Анда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 8076 чарчы чакырым деп көрсөтүлгөн. Тизме 2013-жылдан кийин гана жаңырып, соңку 50 жылда мөңгүлөрдүн аянты 6683 чарчы чакырымга же 16-17% кыскарып кеткени белгилүү болду. Гляциологдор дагы 50 жылда майда мөңгүлөр жоголуп, чөлкөмдө кургакчылык болушу мүмкүн экенин айтып жатышат. https://www.youtube.com/watch?v=dJJuMHaDSxI
"Бүгүн Азаттыкта" маалымат-аналитикалык программасы:

- Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы "Кыргызалтын" ишканасынын аккредитациясын токтотту. Кыргызстандын өкмөтү муну күтүлгөн жагдай деп баалады.

- Экс-депутат Кубанычбек Нурматов алдамчылыкка шектелип кармалды. Ал Эсеп палатасында иштеп турган учурда "500 миң доллардан ашык суммадагы кыймылсыз мүлктү алдамчылык менен алып алган" деп шектелүүдө.

- Орусиянын Пермь мамлекеттик университетиндеги атышууда алты киши каза болду. Куралчан киши окуу жайга 20-сентябрда кирип барып, туш келди ок чыгарган. https://youtu.be/eGZzk9PSwyY
"Бүгүн Азаттыкта" маалымат-аналитикалык программасы:

- Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу Лейлектин үч тургуну 8,5 жылдан 15 жылга чейин соттолду. Алар кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноодо коңшу мамлекеттин жарандарына жардам берген деп айыпталышкан.

- Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков чет жакка чыкпоо жөнүндөгү тилкаттын негизинде камактан бошотулду. Ал "300 миң доллар алды" деп айыпталып жаткан экс-депутаттын ишинин алкагында кармалган эле.

- Жакындары Шинжаңда камакта отурган казактар Кытайдын Нур-Султандагы элчилигинин алдына чогулду. Нааразылык акциясына чыккандар консулдуктун маңдайына чатыр тигүүгө аракет кылышты. https://youtu.be/2eC-eUK4rnA
Садыр Жапаров 21-сентябрда Кыргызстандын президенти катары биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассемблеясында видео кайрылуу жасады. Ал жакын арада өлкөдө октябрь окуяларына бир жыл болорун, бул убакыт аралыгында бийлик коомдук-саясий кырдаалды жана социалык-экономикалык абалды турукташтырууга жетишкенин айтып, “Кыргызстан демократиялык жолдон тайбайт” деп билдирди.

“Тарыхый ченемдер боюнча бул кыска убакытта демократиянын мамлекеттик өнүгүү модели катары калыптанышы жана күчтүү жарандык коом республиканын негизги жетишкендиги болуп эсептелет. Менимче, мындай баа берүүмө көпчүлүк макул болсо керек. Биз демократиялык жолдон кайтпайбыз деп ишендирип кетким келет. Бул биздин эркиндикти сүйгөн элибиздин талабы”, - деди Садыр Жапаров.

Өлкө башчы 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөрүн кошумчалап, эл аралык уюмдардын байкоочуларына бардык шарттар түзүлөрүн белгиледи.

Андан тышкары Ооганстандагы саясий кырдаалга токтолуп, Бишкек 500 ооган студентине Кыргызстанда окууга шарт түзүп берүүгө даяр экенин айтты.
Ооган жергесиндеги кырдаал чөлкөмдө коопсуздук маселесин күн тартибине чыгарганын айтып, Улуттар Уюмунун Ооганстандагы мекемелерин убактылуу Бишкекке жайгаштырууну сунуштады.
Жогорку сот Улуттук банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаевге байланыштуу өкүмдөрдү жокко чыгарды. Ал качкын президент Курманбек Бакиевдин жакындары менен бирге "Ысык-Көл инвестициялык банкын" тартып алууга катыштыгы бар деп айыпталган.
Кыргызстанда “Яндекс” сервисинин таксисттери электрондук патент алууга милдеттендирилет. Cанариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевдун сөзүнө караганда, бул боюнча ишкана менен сүйлөшүүлөр дээрлик жыйынтыкталды.

“Салык кызматында электрондук патент бар. Ал жок болуп салык төлөнбөсө таксист кардар ташый албай калат. Ушундай эреже киргизип жатабыз. “Яндекс” мындай талапты бардык такси кызматтарына киргизип бергиле деп суранды”, - деди Догоев.
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы менен Кытайдын темир жол компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Бул документ Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруу, Турксиб (Луговая) -Балыкчы темир жолун электр менен камсыздоо, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу максатын көздөйт.
Чет жактагы журтташтардын арасында балдарга кыргыз тилин үйрөтүү маселеси көйгөйгө айланып келет. Бермет Америкада төрөлүп, чоңоюп жатканына карабастан кыргыз тилинде так сүйлөп, акындардын ырларын жатка билет. Анын атасы Бакыт Абдишов балдарына эне тилин үйрөтүүнүн сырлары менен бөлүштү. Кененирээк "Азыркы кыргызстандык" подкастынан угуңуз: https://www.azattyk.org/a/azyrky_kyrgyzstandyk_bakyt-abdishov_bermet/31471537.html
Бензиндин баасы боюнча Кыргызстан ЕАЭБ аймагында үчүнчү тепкичке чыкты

Кыргызстанда бензин баасынын кымбатташы улантууда. Сентябрдын аягына карай Аи-92 жана Аи-95 маркаларынын баасы Орусияга салыштырмалуу 2-3 сом кымбат сатылууда.

Күйүүчү майдын дээрлик баары Орусиядан келгенине карабай, Кыргызстанда бензин салыштырмалуу буга чейин арзан болчу.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) өлкөлөрүндөгү күйүүчү майдын баасын салыштырды. Эң төмөнкү баа Казакстанда, эң кымбаты Арменияда.

Орусия сентябрда күйүүчү майды экспорттук төлөмү (пошлина) менен бере баштаганына байланыштуу бензиндин баасы сентябрда дагы көтөрүлөрүн буга чейин Кыргызстандын Нефтетрейдерлер биримдиги эскерткен.

Кыргызстан жылына 1,1 млн. тоннадай күйүүчү жана майлоочу май керектейт. Орусия 2016-жылы Кыргызстанга мунай жана мунай продуктуларын төлөмсүз жеткирүү боюнча чечим кабыл алган.
"Бүгүн Азаттыкта" маалымат-аналитикалык программасы:

- Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков "Талибан" уюму түзгөн ооган өкмөтүнүн өкүлү менен жолукту. Азырынча жолугушууда эмне маселе талкууланганы айтыла элек.

- Мамлекеттик бажы кызматы Кытайга чыгарылган алтын концентраты мыйзамдуу жол менен кеткенин маалымдады. Депутат 17 фура концентрант аткезчилик жол менен чыгарылып кеткенин айтып чыккан эле.

- 23-сентябрда Кыргызстанда мамлекеттик тил күнү белгиленди. Өлкөдө иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүнүн деңгээлин аныктоочу автоматтык система киргени турат. https://youtu.be/XUCO58bOOhg
Ооганстандын "Талибан" кыймылы курган өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков жана президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Жээнбек Кулубаев менен жолугушту.
Бул тууралуу 23-сентябрда талибдер өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забиулла Мужахид "Твиттерге" жазды.

Ал жолугушууда эки тараптуу кызматташуу тууралуу сөз болгонун кошумчалады.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана президенттик администрация бул жолугушуу тууралуу комментарий бере элек.

Өткөн шейшембиде Масадыков "Азаттык" радиосуна берген интервьюда Ооганстанда жаңы өкмөт куралганын, алар менен баары бир байланыш түзүүгө туура келерин айткан эле. Антпесе Ооганстан изоляцияда калып каларын кошумчалаган Масадыков ошол эле маалда "мындай мамиле "Талибанды" таануу дегенди түшүндүрбөйт" деп белгилеген. https://www.azattyk.org/a/31474836.html
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн 24-сентябрда азык-түлүк жана кара май баасы боюнча жыйын өткөрүп, мамлекеттик органдар абалдын оорлошуна жол бербөө үчүн “эң начар сценарийге” даяр болушу керектигин айтты.

“Бир нече кадам алдыга карап иштөө керектигин” белгилеген өкмөт башчысы күтүүсүз кырдаал түзүлүп же аба ырайы начарлап кеткен, түшүм жакшы болбой калган учурга даяр туруу үчүн айыл чарба азыктарынын мамлекеттик резервин түзүү зарылдыгын кошумчалады.

Мариповдун айтымында, азык-түлүк запасын түзүү максатында буудай сатып алуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом, өсүмдүк майына жана кумшекерге 300 млн сом бөлүнгөн. Буудайдын жана ундун импортуна кошумча нарк салыгы бир жылга токтотулган. Тыштан мал алып келүүгө да жыл аягына чейин кошумча нарк салыгын салбоо тууралуу чечим чыккан. https://www.azattyk.org/a/31475911.html
Иран өкмөтү Кыргызстанга Бандар-Аббас портунан товар алып өтүү үчүн транзиттик жер тилкесин бөлүп берди. Бул тууралуу Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы алкагындагы эки тараптуу жолугушууда тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге Ирандын башкы дипломаты Хоссейн Амир Абдоллахиян билдиргенин 24-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жер тилкеси менен кошо Кыргызстандан чыккан же өлкөгө ташылып бараткан товардын транзити үчүн порттон тийиштүү инфраструктура да берилет.
Ош шаарында 22-23-сентябрда уюштурулган Республикалык айтыштын баш байгесине төкмө акын Баян Акматов ээ болду. Ага алтын жалатылган "Алтын комуз", 80 миң сом жана "Ак таңдай" аттуу алтын төш белги ыйгарылды.

Биринчи орунга Айсааба Базарбай кызы, экинчиге Жылдызбек Төрөканов, үчүнчү орунга Мамбеттокто Мамбеторозо уулу татыды.