«Азаттык» радиосу
5.13K subscribers
4.04K photos
519 videos
29 files
6.85K links
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Download Telegram
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Кыргыз-тажик чек арасы кандай такталды? Депутаттардын пикири

Жогорку Кеңештин алты тармактык комитети биргелешкен жыйынга чогулуп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди карап, макулдугун берди. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек араны тактоодо эки тараптын кызыкчылыгын эске алынганын, кайсы жерлер кимге өткөнү боюнча кенири маалымат берди. https://www.youtube.com/watch?v=GNtN_8B-MHs
Жаңылыктар | 27.02.2025 | Кыргыз-тажик чек арасында кайсыл жерлер алмашылды?

- Жогорку Кеңештин алты комитети кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдерди жактырды.
Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев чек араны тактоодо эки тараптын кызыкчылыгы эске алынганын айтып, кайсы жерлер кимге өткөнү тууралуу кеңири маалымат берди.
- Түркиянын Стамбул шаарында АКШ менен Орусиянын элчиликтеринин ишин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Орусия Украинага чабуулун улантууда.
- Ысык-Көл облусунун Түп районунда дагы бир 13 жаштагы өспүрүм жанын кыйды. Бул ушуну менен Кыргызстанда февраль айында өспүрүм өз жанын кыйган алтынчы учур. https://www.youtube.com/watch?v=mQwKFr80yPw
Жаңылыктар | 28.02.2025 | Достук айылынын тургундарынын пикири

- “Азаттык” Тажикстан менен алмашылат деп айтылган Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тургундарынын пикирин угуп келди.

- Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШга барды. Дональд Трамп украин лидерин буга чейин диктатор деп атабаганын айтты.

- Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басарлары жана Европарламенттин депутаттары өлкөдө адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоону камсыз кылуу маселесин талкуулашты. https://www.youtube.com/live/UGSlr_kUfDg
Мектептеги чоңсунуу жана кемсинтүү өлүм менен аяктады | "Эже-сиңдилер"

Соңку бир айда эле тогуз окуучу ар кандай жагдайда каза болуп, алардын алтоонун өлүмүн милиция суицид деп атаса, үчөө курбуларынын ур-токмогунан көз жумганы айтылды. Бул ирет “Эже-сиңдилер” берүүсүндө өспүрүмдөр арасындагы чоңсунуунун себептерин, анын алдын алуу жолдорун талкуулайбыз. https://www.youtube.com/watch?v=taC17aCVnFM
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Дональд Трамптын маанилүү жолугушуусу Ак үйдө курч кайым айтышуу менен аяктады.
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Дональд Трамптын маанилүү жолугушуусу Ак үйдө курч кайым айтышуу менен аяктады.

Владимир Зеленский Ак үйдөн мөөнөтүнөн мурда чыгып кетип, ал эми Трамп "ал тынчтыкка даяр болгондо кайтып келе алат" деп билдирди.
Ак үйдөгү кайым айтыш, кол коюлбаган келишим

Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Дональд Трамптын маанилүү жолугушуусу Ак үйдө курч кайым айтышуу менен аяктады.

Владимир Зеленский Ак үйдөн мөөнөтүнөн мурда чыгып кетип, ал эми Трамп "ал тынчтыкка даяр болгондо кайтып келе алат" деп билдирди.

Зеленский Трамп Украинадагы сейрек кездешүүчү минералдар боюнча келишимге кол коймок. Бирок ал ишке ашкан жок. Ал тургай жолугушуудан кийинки биргелешкен пресс-конференция да болбой калды. Күтүүсүздөн болгон бул окуя АКШнын Украинага мындан аркы колдоосу тууралуу жаңы суроолорду жаратты. Кененирээк: ➡️ https://smarturl.click/O0RQ3
Муфтий ооз ачырууда ысырапкорчулук кылбоого чакырды

Кыргызстанда 1-мартта Орозо айы башталды. 28-февралда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Абдулазиз Закиров өлкөдөгү мусулмандарды Орозо айы менен куттуктап, элди ынтымактуу болууга үндөдү.

Муфтий Орозо айындагы ооз ачырууларда ысырапкорчулукка жол бербөөгө чакырды.

“Ысырапты бир гана ооз ачыруу маалында эмес, дегеле өмүрүбүздү ысырап менен өткөрүүгө жол бербешибиз керек. Убакытты бекер текке кетирбей, аш-тойлордо да ашыкча ысырап кылбай, ар бир ырыскыны туура баалап, сарамжалдуу колдонолу. Ыйык Рамазан – ашыкча ысырап эмес, жөнөкөйлүк жана ыраазычылыктын айы”, - деди муфтий. Кененирээк: ➡️ https://smarturl.click/9zpZv
Укук коргоочу камактагы журналистти ооруп жаткан апасына жолуктурууну суранууда

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова беш жылга кесилген журналист Азамат Ишенбековдун чоң апасы катуу ооруп жатканын айтып, аны баласы менен жолуктурууга чакырды.
Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасында бийликке кайрылып, журналистти убактылуу кое берип, ал абакка кайтып келерине өзү кепилдик болорун жазды.

Азамат Ишенбековдун жакындары чоң апасы Токмоктогу ооруканада экенин ырасташты.
Азырынча бийлик укук коргоочунун кайрылуусуна жооп бере элек.
Азамат Ишенбековдун 75 жаштагы чоң энеси Гүлира Абдраимакунова эки көзү көрбөй калган, ден соолугу дагы начарлап жатканы айтылган.

“Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери, беш жылга эркинен ажыратылган Азамат Ишенбеков Чүйдүн Петровка айлындагы №8 абагында жаза өтөп жатат. https://www.azattyk.org/a/33332395.html
Орусияда кароосуз калган үч бала Кыргызстанга кайтарылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ата-энесинин камкордугусуз калган үч баланы Орусиядан мекенине алып келди. Бул тууралуу 28-февралда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Эми бул балдарды жакындарына өткөрүп берүү иштери жүргүзүлөт. Министрлик балдар кандай шартта кароосуз калганын ачыктаган жок. https://smarturl.click/l5MwM
Абактагы журналистке ооруп жаткан апасына жолугууга уруксат берилди

Беш жылга кесилген журналист Азамат Ишенбековго ооруп жаткан чоң апасына жолугуу үчүн үч күнгө уруксат берилди. Бул тууралуу 1-мартта анын адвокаты Нурсултан Жаныбеков “Азаттыкка” маалымдады.

Анын айтымында убактылуу кое берүү боюнча арыз менен кайрылган, абак кызматкерлеринин коштоосунда Ишенбеков Нарын облусуна кетти.

Азамат Ишенбековдун жакындары чоң апасын Токмоктогу ооруканадан чыгарып, Нарынга алып баратканын, абалы оор экенин билдиришти. https://smarturl.click/Q13Q6
Зеленский Ак үйдөгү кайым айтышууга карабастан АКШ менен алака жөнгө салынарына ишенерин айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Fox News телеканалына маек куруп, Ак үйдөгү кайым айтышууга карабастан АКШ менен мамиле жөнгө салынарына ишенерин билдирди.
Ал Трампты урматтай турганын жана мамилени "албетте" жөнгө салса болорун, анткени Украина өнөктөшүнөн айрылууну каалабай турганын айтты.
Зеленский АКШнын колдоосу болбосо Кремлдин аскердик күчүнө туруштук берүү Украина үчүн оор болорун айтып, Киев орус аскерлери кайрадан басып кирбейт деген коопсуздук кепилдиги болмоюнча Москва менен сүйлөшүүгө барбай турганын белгиледи.

"Украина тынчтыкты каалайт жана бизде тынчтык болот", — деген украин президенти тынчтык "акыйкат жана бекем" болушу керек экенин айтты жана сүйлөшүү жүргүзүү үчүн "биз күчтүү позицияда болушубуз зарыл" деп кошумчалады.

Зеленский бүгүн 1-мартта Улуу Британияга учуп кетти. Ал жекшембиде Лондондо Украина боюнча Европа лидери менен жыйынга катышат.
Кененирээк: https://smarturl.click/nyvnX
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Орус оппозициясы Берлинде “Орусия Путинге каршы” деген жүрүш уюштурду

1-март күнү Берлинде “Орусия Путинге каршы” деген ураан менен орус оппозициясынын жүрүшү өттү.

“Свобода” радиосунун баалоосу боюнча акцияга 1,5 миңдей адам катышты. Уюштуруучулар 3-3,5 миң катышуучу болгонун билдиришти. Полиция катышуучулардын санын 800 деп эсептеген.

Жүрүштү оппозиционерлер Илья Яшин, Владимир Кара-Мурза жана Юлия Навальная уюштурду. Алар негизги колоннаны баштап басышты.

Жүрүштүн катышуучулары Берлиндин борбору аркылуу, анын ичинде Орусиянын элчилигин кыйгап өтүштү. Акция Бранденбург дарбазасынын алдында аяктады.

@azattyk_radiosu
Темирболот Абыкеев 40 жашта. Кара-Суу районунун акими болуп 2023-жылдын декабрында дайындалган.

2024-жылдын 12-августунда акимдиктен бошотулганын президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү маалымдаган. Ошол жылдын 26-июлунда УКМК Абыкеев Кара-Суунун акими болуп турганда ири өлчөмдө мыйзамсыз акча алууга шектелип суракка чакырылган жеринен кармалганын билдирген.

Быйыл 28-февралда президент Садыр Жапаров Баткен шаарынын мэрлигине Темирболот Абыкеевди дайындаган жарлыкка кол койгону маалым болду.

@azattyk_radiosu

Абыкеев тууралуу толук макаланы шилтемеден окуңуз. 👇
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Трамп англис тилин АКШнын расмий тили катары жарыялаган буйрукка кол койду

Президент Дональд Трамп англис тилин АКШда расмий тил кылуу тууралуу буйрукка кол койду. АКШда федералдык деңгээлде расмий тил деген түшүнүк буга чейин жок болгону менен 32 штат англисчени расмий тил деп белгилеген.

Буйрук демократ-президент Билл Клинтондун агенттиктер жана федералдык каражат алган мекемелер англисче сүйлөбөгөн адамдарга жардам бериши керек деген талабын жокко чыгарды.

The New York Times жазганына караганда, бул кадам эки тилде билим берүүгө, иммиграцияга каршы күрөшкөн ProEnglish тобунун жеңиши болуп калды. Документте англис тилине мындай макам берүү “ынтымакка, башкаруунун натыйжалуулугуна, жарандык активдүүлүккө өбөлгө түзөрү” белгиленет.

@azattyk_radiosu
❗️Абактагы Ишенбековго чоң апасынын тажыясына катышууга уруксат берилди

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы беш жылга абакка кесилген журналист Азамат Ишенбековго чоң апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга 5-мартка чейин уруксат берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокаты Нурсултан Жаныбеков билдирди.

Ал буга чейин журналистти чоң энесинин тажыясына катышууга уруксат берүүнү сурап, Азамат Ишенбеков жаза өтөп жаткан абактын жетекчилигине арыз менен кайрылган.

Азамат Ишенбековдун 75 жаштагы чоң энеси Гүлира Абдраимакунова 27-февралда Токмоктун ооруканасына түшүп, жакындары аны 1-мартта Нарынга алып кетишкен. Азамат Ишенбеков жазасын өтөп жаткан №8 абактын кызматкерлери аны 1-мартта Нарын облусуна коштоп барып, ооруканада оор абалда жаткан чоң апасы менен кыска мөөнөткө жолугуштурган.

Гүлира Абдраимакунова 2-мартта каза болгон.

@azattyk_radiosu