Казакстан орусиялык теле алып баруучуну чагымчыл сөздөрү үчүн сындады
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги орусиялык теле алып баруучу Тигран Кеосаяндын Казакстан тууралуу айткандарын «акаарат келтирүүчү жана объективдүү эмес” деп атады.
ТИМ ага казак жергесине кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн экенин жокко чыгарбайт. Мекеменин басма сөз катчысы Айбек Смадияров “ал билдирүү балким Орусиянын саясий истеблишменти жана коомунун бир бөлүгүнүн пикирин чагылдырат, бирок эки өлкөнүн кызматташтыгынын жана мамлекет башчылардын деңгээлинде кабыл алынган келишимдерге төп келбейт” деп белгиледи.
24-апрелде Кеосаяндын Ютубдагы каналында ал казакстандыктар жөнүндө терс нерселерди айткан видео тараган. “Украинаны жакшылап карасаңар, жакшылап ойлонгула” деген сөздөрүн көбү түздөн-түз опуза катары кабыл алышты.
Алып баруучу казак элин “жакшылыкты билбеген” кишилер деп атаган жана орус жетекчилерин ал өлкө менен мамилени кайра карап чыгууга үндөгөн.
@azattyk_radiosu

«Азаттык» радиосу
Жаңы Ак үйдү кура турган компанияга берилери айтылган 16 гектар жердин болжолдуу дареги белгилүү болду Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча жаңыдан түзүлгөн дирекциянын…
Президенттик администрациянын жаңы имаратына алмашыла турган 16 гектар жер Бишкектин түштүк тарабындагы “Ынтымак” паркынын маңдайынан берилери расмий ырасталды.
Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Тилек Батырканов “Азаттыкка” курган маегинде айтты.
“Мамлекеттик имаратты салыш үчүн биздин карамагыбызда турган 16 гектар жерди инвесторлорго сунуштап, алар бизге ушул имаратты салып бергенге макул болду. 16 гектар жер Малдыбаев көчөсүндөгү “Ынтымак 1” жана “Ынтымак 2” парктарынын маңдайында жайгашкан. Бул бир толук жер”.

Жаңылыктар | 28.04.2022 | Жапаров ооруканага жатты
YouTube

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Украинанын Буча жана Бородянка шаарларына барды. Ал арада Германия парламенти Украинага оор аскердик техника берүүгө макулдук берди. Президент Путин болсо Орусия “чагылгандай сокку урууга даяр" экенин…
Киевде бир нече жардыруу болду
Шаршемби күнү, 28-апрелдин кечинде Киевде бир нече жардыруу болду. Бул маалыматты Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко тастыктады.
Анын айтымында, жардыруулар Лукьяновка аймагында (Шевченко району) болгон. Геращенко орус армиясы бутага алынган аймакка бир эле учурда үч ракета учурганын, ошондуктан аларды атып түшүрүү кыйынга турганын түшүндүрдү.
“Киевди көздөй багытталган ракеталардын бирин биздин абадан коргонуу күчтөрү жок кылды", - деди ал.

Байден Украинага жардам берүү үчүн Конгресстен 33 млрд. доллар сурады
АКШ президенти Жо Байден Украинага 33 миллиард доллар жардам бөлүүнү сурап, Конгресске кайрылганын билдирди. 28-апрелде Ак үйдө сүйлөгөн президент Кошмо Штаттар Украинага орус агрессиясына каршы күрөштө көмөгүн улантарын, курал-жарак менен камсыздоону көбөйтө берерин белгиледи.
Байдендин айтымында, көп аракет көрүүгө, жогору баа төлөөгө туура келсе да, агрессорду токтотуу зарыл. Америкалык лидер орус президенти Владимир Путинге Украинаны жеңүүгө жол берилсе, анын агрессордук ниети ого бетер күчөйт деп айтты.
Байден Украинага жардам берүү менен АКШ Орусияга чабуул койбогонун, баскынчылыкка туруштук берүүгө өбөлгө түзгөнүн баса белгиледи.

Муфтият: Айт намаз эски аянтта окулат
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо айт намазы 2-май күнү эски аянтта окула турганын билдирип, анын программасын жарыялады. Ага ылайык, 6:00дөн баштап дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылып, намаз 07:30да окулат.

1-майдан тарта өлкө аймагына кирүүдө коронавируска ПЧР-тест, эмдөө жөнүндө сертифкат талап кылуу жокко чыгат.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жакынкы аралыкта 2020-жылы 22-мартта өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал режиминин алуу маселеси каралат.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо социалдык тармактарга чыккан маалыматтарга таянып, Анкара Дүйшөмбүгө "Байрактар” дрондорун сатууну макулдашканы тууралуу палатада маселе көтөрдү. Депутат Анкаранын мындай кадамы эмнеден кабар берет деген суроо койду.
Депутаттын минтип тынчсызданганы жөн жерден эмес. Анткени, былтыр 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында ири куралдуу жаңжал чыгып, андан аскерлер менен жайкын тургундар каза тапкан. Ал эми былтыр жайында Кыргызстан Түркиядан “Байрактар” учаксыз аппараттарын сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Эми Түркия аларды тажик тарапка сатууну макулдашканы боюнча маалымат чыкканы коңшулардын чек ара жаңжалын ырбатпайбы деген суроону жаратты.

Азаттык Υналгысы
“Байрактар": Анкарага бизнес, Борбор Азияга баш оору
Түркия "Байрактар TБ2" дрондорун эми Тажикстанга сата турганы боюнча кабар Кыргызстанда кызуу талкууга түштү.
Акын Зайырбек Ажыматовдун эстелиги орнотулду
Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүндө бүгүн, 29-апрелде белгилүү акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовдун эстелиги орнотулду. Маркумду эскерүүгө бийлик жана коомчулук өкүлдөрү, жакындары катышты.
"Азаттык" радиосунда маданият темасындагы окуяларды чагылдырып иштеген акын Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Акындын калеминен «Жалгыздык» (1996-ж.), «Мелмил» (2005-ж.), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж.), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн. Анын ырларына обончу-композиторлор обон жаратып, эл арасында ырдалып жүрөт.
Ажыматовдун чыгармачылыгында ата мекенди сүйүү, мекенчилдик дух, жарандык бийик сезим, көтөрүңкү маанай өзгөчө орунду ээлейт.

Акылбек Жапаров ооруканага жаткырылганы кабарланды "Азаттыктын" өкмөттөгү ишенимдүү булактарынын билдиришинче, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жүрөгү ооруп Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылды. Азырынча президенттин…
Акылбек Жапаров жыйынга катышуу үчүн ооруканадан убактылуу чыкты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн ооруканадан убактылуу чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Азаттыкка” кабарлады.
Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйындан соң Акылбек Жапаров дарылануусун ооруканадан улантарын билдирди. Дарыгерлер тобу анын ден соолугуна көз салып турушат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-апрелде эртең менен жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөгөндүктөн, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө инфаркт миокарды тастыкталган эмес, бирок жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталган.

Таштанды талаасы: майнапсыз коротулган миллиондор (иликтөө)
Бишкекке таштанды төгө турган жаңы полигон куруу жана рекультивация кылуу иштерине деп алынган 22 млн. евронун 6 миллиону гана калды. Бирок ушул күнгө чейин эки долбоордун бирөө да толук ишке аша элек. Таштанды жайынан кышы-жайы токтобой чыккан түтүн Бишкектин абасын ыштап жатат. “Азаттыктын” иликтөөсү чыгардын алдында Башкы прокуратура “Бишкектин санитардык полигону” ишканасынын мурдагы жетекчиси Болот Асаналиев кармалып, таштанды полигонуна байланыштуу Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго издөө жарыяланганын билдирди. https://www.youtube.com/watch?v=rExBuQYrarY

Таштанды талаасына сиңген миллиондор (иликтөө)
Бишкекке таштанды төгө турган жаңы полигон куруу жана рекультивация кылуу иштерине деп алынган 22 млн. евронун 6 миллиону гана калды. Бирок ушул күнгө чейин эки долбоордун бирөө да толук ишке аша элек. Таштанды жайынан кышы-жайы токтобой чыккан түтүн Бишкектин…
Жаңылыктар | 29.04.2022 | УКМК: Тажикстан "Байрактарды" ала элек

Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш жүргөн маалда Киев Орусиянын ракеталык чабуулуна кабылды. Бул соккудан «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматынын журналисти Вера Гиричтин өмүрү кыйылды.
Кыргызстандын атайын кызматы Тажикстан Түркиядан…

Украин президенти Владимир Зеленский расмий Москва менен тынчтык жөнүндө кеңири сүйлөшүүгө үмүтү калбаганын 29-апрелде билдирди.
Мурдараак порт-шаардагы миңдей кишини чыгарып кетүү аракети көрүлүп жатканы кабарланган.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Киевди позициясын өзгөрттү деп айыптоодо.

Delivery Club сервисинин кызматкерлеринин нааразылык уюштуруп жатканына дээрлик бир апта болду. Тагыраагы, алардын акциясы 22-апрелде башталды. Анткени, курьерлер 21-апрелден тартып мурдагыдан аз акча алып калышты.
Сервистин Орусиянын ар кайсы шаардык бөлүмдөрүндө иштеген кызматкерлери топ-тобу менен өздөрүн видеого тартып, жүйөсүн түшүндүрүп, интернет аркылуу таратууда. Видеолордон Москвадагы кызматкерлер көбүрөөк экени байкалат.

Орусия: кыскарган айлык, иш таштаган мигранттар
Орусияда тамак-аш жана азык-түлүк жеткирүүчү Delivery Club сервисинде иштеген борборазиялык ондогон мигрант айлык акысы азайганы үчүн иш таштады. Алар тарифтик саясат өзгөргөнү үчүн төлөм кыскарып кеткенин, мындай шартта иштөө мүмкүн болбой калганын билдирүүдө.
Галкиндин берүүсүн Цискаридзе алып барат
Максим Галкин Украинадагы согушка каршы пикирин билдиргенден кийин Орусиянын "Биринчи каналындагы" "Бүгүн кечинде" программасынын алып баруучусу алмашты.
Анын ордуна бийчи Николай Цискаридзе берүүнү алып бара турганын "Комсомольская правда" гезити жазды. "Биринчи канал" расмий жооп бере элек. Максим Галкин Украинада согуш башталгандан бери орус бийлигин сындап, кан төгүүнү токтотууга чакырып келет. Ал жубайы - Алла Пугачева менен чогуу Орусиядан чыгып кеткени кабарланган. Орусиянын Украинага каршы аракеттеринен кийин федералдык эфирде иштеген бир нече журналист иштен кеткени айтылууда. "Биринчи канал" Владимир Познер менен Иван Урганттын берүүлөрүн эфирге чыгарууну токтотту.
"Что? Где? Когда?" түз эфирге чыкпай калды, айрым басылмалар бул долбоордун көптөгөн катышуучулары кетип калганын, айрым командаларда алты адамдардын ордуна 2-3төн гана мүчөсү иштеп жатканын жазышууда. Ал эми "Россия" каналынын алып баруучусу Александр Гуревичтин "Сто к одному" берүүсүнүн программалары согушка чейин тартылганын социалдык тармакка жазды.
"Ишембидеги кабарлар" программасынын алып баруучусу Сергей Брилев узак мөөнөткө иш сапарга кеткени үчүн, берүүсү обого чыкпай жатканы расмий кабарланган.
Орусия “атайын операция” деп атаган, иш жүзүндө Украинага кол салган согуш эки айдан ашык убакыттан бери уланууда. Москва кеңири масштабдагы кол салуусун 24-февралда баштаган. Бул аралыкта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды. Украинанын аймагын 5 миллиондон ашык адам таштап чыгып кетти.

Анын ордуна бийчи Николай Цискаридзе берүүнү алып бара турганын "Комсомольская правда" гезити жазды.…

Жалпы республикалык тестирлөө 24-майда башталат
Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен жадыбалга ылайык, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) сынагы үч этап менен өтөт. Ага ылайык,
1-этап - 24-25-май күндөрү;
2-этап - 27-28-май күндөрү;
3-этап - 24-25-июнда болот.
Акыркы жолкусуна мурунку этаптарда жүйөлүү себептер менен сынак тапшыра албай калгандар катышат.
Жалпы республикалык тестирлөө сынагына катталбай калган бүтүрүүчүлөр тест борборлорунда 23-26-май күндөрү жана 23-июнда жазылса болот.
ЖРТга катышуу үчүн каттоо 16-февралда башталып, 6-апрелде аяктаган.

БШКнын мурдагы төрагасы Туйгуналы Абдраимов камалды
БШКнын мурдагы төрагасы Туйгуналы Абдраимов Кылмыш кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча шек саналып, камалды. Бул тууралуу анын уулу Элмурат Абдраимов "Азаттыкка" билдирди.
"30-апрелде саат 19:00 чамасында УКМКнын кызматкерлери үйгө келип, "аңгемелешүүгө" деп алып кетишкен. Эч кандай чакыруу кагаз берилген жок, адвокат чакырууга да жетишкен жокпуз. Саат түнкү 12 чамасында Кылмыш кодексинин "Кызмат абалынан кынаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча шек саналып, 48 саатка камалды" деп маалымат беришти".
Элмурат Абдраимовдун билдирүүсүндө, атасы Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) жетектеп турган учурдагы иши үчүн суракка чакырылган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Туйгуналы Абдраимовдун кармалып, камакка алынганын ырастады, бирок түшүндүрмө бере элек.
Атайын кызмат өткөн жылы ноябрда, парламенттик шайлоонун алдында "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен 15 адамды кармап, дагы бир нече кишини суракка чакырган. Анын алкагында Абдраимов дагы сурак берип чыккан.

Актриса Анжелина Жоли Львов шаарына барып, качкындар менен баарлашты
Америкалык актриса, Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) качкындар иштери боюнча ыктыярдуу элчиси Анжелина Жоли Украинанын Львов шаарына барды. Темир жол бекетинде ал Донецкиден качып келген адамдар менен сүйлөшүп, ыктыярчылар жана дарыгерлер менен баарлашты.
БУУ актриса Львовго уюмдун тапшырмасы менен эмес, өз алдынча барганын билдирди.
Социалдык тармактарда ал шаардагы кофеканалардын биринде жүргөн тасма жарыяланды.
Анжелина Жоли Украинадагы согуш башталгандан бери Орусияны аны токтотууга чакырып, ал эми батыш өлкөлөрүн украин качкындарына жардам берүүгө үндөп келет.

Бишкектеги эски аянтта Айт намазы окулду
Эки жылдык чектөөдөн кийин Бишкектеги эски аянтта Айт намазы окулду.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынын эсебинде 2-май күнкү майрамдык намазга болжол менен элүү миңдей киши чогулду. Президент Садыр Жапаров баштаган аткаминерлер да майрамдык жөрөлгөгө катышышты.
Мурдагы өкмөт үйүнүн, азыркы президенттик админстрациянын алдындагы эски аянтта 2020-жылга чейин Орозо айт жана Курман айт намаздары миңдеген кишинин катышуусунда окулуп келген.
Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы жапырт намазга тыюу салынып, мечиттерде санитардык талаптарды сактоо менен окулган.
Аянттан тышкары, жарандар Бишкектеги чоң мечиттерге, башка шаар-кыштактардагы мечиттерге намазга барышты.
Ислам дининдеги бир айлык ыйык орозо айын жыйынтыктаган Айт майрамы 2-майга туш келди. Бул күн дүйнөнүн миллиондогон мусулмандары үчүн чоң майрам саналат.