Шаардык кеңештерге кимдер келди? | ЭКСПЕРТТЕР ТАЛДАЙТ
YouTube

17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы менен “Жаңы Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Жаңы күч”, “Адилет” жана “Эмгек” сыяктуу партиялар ийгиликтүү болуп чыкты. Бул шайлоо жараяны «Социал-демократтардын» Бишкектеги жарыштан четтеши…
⚡️УКМК экс-депутат Эмил Жамгырчиевди суракка чакырды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев АКШда жашаган активист Тилекмат Кудайбергенов (Куренов) менен Бириккен Араб Эмираттарындагы жолугушуусу боюнча УКМКга суракка чакырылганын билдирди. Атайын кызмат жолугушуунун себеби такталып жатканын кошумчалады.
Кыргызстандан мажбурланып чыгарылган журналист Болот Темиров 19-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына Дубайда Эмил Жамгырчиев менен Тилекмат Кудайбергенов жолугушканын, Эмил Жамгырчиев активист Дубайдан чыга албай калышы үчүн анын паспортун уурдап кеткенин жазган.
@azattyk_radiosu

Атайын кызматтын төрагасы пара алган элчи камаларын айтты
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев анын атына жамынып пара алган элчи камакка алынарын билдирди.
Бул тууралуу Ташиев айрым маалымат каражаттарынын журналисттери үчүн уюштурган маалымат жыйында билдирди.
Атайын кызматтын төрагасынын маалыматында, аталган элчи бир учурда өзү менен бир партияда мүчө болгон жана ал 250 миң доллар пара алууга шектелип жатат.
Камчыбек Ташиев аталган элчинин аты-жөнүн ачык айткан жок.
Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу азырынча маалымат бере элек.
https://smarturl.click/mpVJ0

Азаттык Υналгысы
Камчыбек Ташиев "пара алган элчи" камаларын айтты
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын атына жамынып "пара алган элчи" камакка алынарын билдирди.
Бул тууралуу Ташиев айрым медиа каражаттарынын журналисттери үчүн уюштурган маалымат жыйында айтты. "Бир чоң саясатчы, кечээ эле бир чоң мамлекетте элчи болгон…

Жаңылыктар | 20.11.2024 | Ташиев "коркутуу" катын алганын айтты, Путин өзөктүк доктринаны бекитти

Парламент бир катар айылдардын тарыхый аттарын кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Бишкектеги төрт райондун аталышын алмаштыруу демилгеси кайрадан көтөрүлдү.
Орус президенти Владимир Путин ядролук сокку уруунун сценарийлери кеңейтилген…

Бишкекте 10 айда мопед, скутер аралашкан жол кырсыгынан 10 адам каза болду
Бишкек шаарында соңку 10 ай ичинде эки дөңгөлөктүү автоунаа каражаты аралашкан 503 жол кырсыгы катталып, 10 адам каза болуп, 550 адам түрдүү жараат алган.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.

«Азаттык» радиосу
Ноокат: Милиция бөлүмүнүн башчысына байланыштуу видео териштирилип жатат
Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видео боюнча ички иликтөө башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Таалай Байтиков билдирди.
20-ноябрда социалдык тармактарда жарандык кийимчен Тимур Абдисатар уулуна окшош адамга милициянын формасын кийген адамдар акча берип жатканы тартылган видеолор жарыяланган. Бул тасма боюнча Тимур Абдисатар уулу түшүндүрмө бере элек.
Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн 10дон ашык кызматкери жакында эле өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын жетекчиси Талгат Өскөналиевге каршы даттанышкан.

❗️Сот троллейбус зымдарын бузууну токтотууну чечим кылды
Бишкектин Административдик соту борбор калаадагы троллейбус зымдарын бузууну токтотуу чечимин кабыл алды. 21-ноябрда аталган сот экологиялык активисттердин Бишкек шаардык кеңешинин 29-августтагы токтомун жокко чыгаруу өтүнүчүн карап, аны канааттандырды.
Активисттер мэрия шаар кеңешинин чечими менен эле шаардын басымдуу жолдорунда троллейбус зымдары алынып, аларды электр кубаты менен камсыздаган подстанциялар да бузулуп калганын белгилешүүдө.
Бишкек шаардык мэриясы сот чечими боюнча комментарий бере элек.

Сот троллейбус зымдарын бузууну токтотууну чечим кылды
Бишкектин Административдик соту борбор калаадагы троллейбус зымдарын бузууну токтотуу чечимин кабыл алды. 21-ноябрда аталган сот экологиялык активисттердин Бишкек шаардык кеңешинин 29-августтагы токтомун жокко чыгаруу өтүнүчүн карап, аны канааттандырды.
Активисттер…
Активисттер…
Бишкекте автогаз тартыштыгы байкалууда
Бишкектеги май куюучу жайларда автогаз тартыштыгы байкалууда. Айдоочулар ушундан улам узун кезектер пайда болуп жатканын айтышууда.
“Кыргызнефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти Канат Эшатов “Азаттыкка” бул маселе бир апта мурун башталганын, азыр абал жөнгө салынып калганын билдирди. Анын сөзү боюнча, Орусияда газ ташыган вагон цистерналар жетишсиз болуп жаткандыктан Кыргызстанда автогаз тартыштыгы жаралган.
“Азыр тиешелүү көлөмдөгү автогаз келип жатат. Маселе чечилип калды. Дүйшөмбүгө чейин толук калыбына келип калат”, - деди ал.

Ноокат: Милиция бөлүмүнүн башчысына байланыштуу видео териштирилип жатат Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Тимур Абдисатар уулунун иш бөлмөсүндө тартылган делген видео боюнча ички иликтөө башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка”…
‼️Ноокатта жетекчисине арызданган милиционер кызматтан алынды
Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) жетекчиси Талгат Өскөналиевдин үстүнөн даттанган Тимур Абдисатар уулу ички иштер органдарынан кызматтан бошотулду. Ал эми РИИБнүн жетекчиси Талгат Өскөналиев ээлеп турган кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду.
Мындай чечим Ички иштер министрлигинин (ИИМ) анын арызын текшерүү үчүн түзүлгөн комиссиянын корутундусуна ылайык чыгарылганын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
РИИБ башчысынын эки орун басары, кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси, коомдук коопсуздук кызматынын дагы бир инспектору да кызматынан төмөндөтүү менен алынды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) жетекчиси Нурланбек Буркановго, орун басарларына жана бир катар жооптуу кызматкерлерине эскертүү жана сөгүш берилген.

Мүлкү жоктор “Топтомо ипотеканы” кантип алат?
Президент Садыр Жапаров ипотекалык насыялоо боюнча “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын шарттарын өзгөрткөнүн жарыялады.
Жаңы жарлыкка ылайык, мындан ары Мамлекеттик ипотека компаниясы менен “Элдик Банк” биргелешип “Топтомо ипотека” деп аталган жаңы өнүмдү ишке киргизет.
Жарлыкка ылайык, бериле турган ипотекалык насыянын суммасы “Социалдык” жана “Жеңилдетилген ипотека” боюнча 4 млн сомго чейин, ал эми “Арзан ипотека” боюнча 5 млн сомго чейин насыя берилет.
Кардардын өзүнүн 30% үлүшү чогулгандан кийин, сумманын 20% “Элдик Банк” жылдык 10% үстөгү менен беш жылга берет. Үйдүн наркынын калган 50% бөлүгүн Мамлекеттик ипотекалык компания жылдык 8% үстөгү менен 15 жылга каржылайт.
Насыяны алууда кошумча күрөө талап кылынбайт, алынып жаткан кыймылсыз мүлктүн өзү насыя төлөнүп бүткөнгө чейин күрөөдө турат. Кененирээк макаладан окуңуз: 👉🏻 https://smarturl.click/Q1lp6

Эл аралык кылмыш соту Нетаньяхуну, Галантты жана ХАМАС командирин кармоого ордер чыгарды
Эл аралык кылмыш соту бүгүн 21-ноябрда ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) аскердик командири Мохаммед Дейфти, ошондой эле Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жана бул өлкөнүн мурдагы коргоо министри Йоав Галантты кармоого ордер чыгарды.
Бул тууралуу аталган сот мекемесинин 21-ноябрдагы билдирүүсүндө айтылды.
Үчөө тең ХАМАСтын былтыркы кол салуусуна жана Израилдин ошондон кийинки аскердик кийлигишүүсүнө байланыштуу адамзатка каршы кылмыш жана согуш кылмышы үчүн айыпталууда. Толук окуңуз 👉🏻 https://smarturl.click/opD2e

Эл аралык кылмыш соту бүгүн 21-ноябрда ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) аскердик командири Мохаммед Дейфти, ошондой эле Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жана бул өлкөнүн мурдагы коргоо министри Йоав Галантты…
⚡️Бишкектин Жал кичи районунда гараждын жерин бошотууда чыр чыкты
22-ноябрда Бишкектин Төмөнкү жал кичи районундагы Псковская көчөсү №71 дарегинде жайгашкан гараж кооперативинин жерин бошотууда чыр чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, гараждын ээлери мэриянын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлерине бензин чачып, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматтык автоунаасы жана атайын техникасы да жабыркаган. Мэрия буга чейин бул объектилер буздурула турганы боюнча алардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кабарлады.

⚡️Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаев кармалды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаев кармалганы белгилүү болду. Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Бакыт Осмоналиев “Азаттыкка” билдирди.
Анын сөзүнө караганда, Канатбек Исаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери 20-ноябрда кармаган. 22-ноябрда сотто бөгөт чарасы каралат деп күтүлүп жатат.
Ал саясатчы кайсы иш менен кармалганы жана кайсы берене менен айып коюлганы азырынча белгисиз экенин айтты. Атайын кызмат Канатбек Исаевдин иши тууралуу комментарий бере элек.

⚡️Бишкектин Жал кичи районунда гараждын жерин бошотууда чыр чыкты 22-ноябрда Бишкектин Төмөнкү жал кичи районундагы Псковская көчөсү №71 дарегинде жайгашкан гараж кооперативинин жерин бошотууда чыр чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.…
Бишкекте гараждын жерин бошотууда чыккан чыр боюнча иш козголду
Бишкектин Төмөнкү Жал кичи районундагы Псковская көчөсү №71 дарегинде жайгашкан гараж кооперативинин жерин бошотууда чыккан чыр боюнча Ленин райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгоду.
Райондук милициянын басма сөз кызматы окуя болгон жерде абал туруктуу экенин, Бишкек мэриясынын кызматкерлери менен гараждын ээлеринин чырына юридикалык баа берилерин билдирди.

Жаңылыктар | 22.11.2024 | Орусия жаңы “Орешник” ракетасын колдонгонун айтты, Канатбек Исаев кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаев кармалганы белгилүү болду. Анын кайсы иш боюнча кармалганы белгисиз, атайын кызмат комментарий бере элек.
Владимир Путин Украинага каршы орто аралыкка атылуучу ракета колдонулганын айтты. Украин…

Аш-тойдун көркүн ачкан ашпозчулар | "Азаттык+"
Тамакты мыкты жасап, бул өнөрүн бизнеске, рецептин брендке айланткан ашпоздор көбөйдү. “Азаттык+” үй тойго барып дасторкон даярдагандарды, улуттук тамак-ашка жаңы көрк бергендерди көрсөтөт.
P.S. Видеону ачка көрүү сунушталбайт. https://www.youtube.com/watch?v=O7wyx2upF1k&t=43s

Тамакты мыкты жасап, бул өнөрүн бизнеске, а рецептин брендке айланткан ашпоздор көбөйдү. “Азаттык+” үй тойго барып дасторкон даярдагандарды, улуттук тамак-ашка жаңы көрк бергендерди көрсөтөт.
P.S. Видеону ачка көрүү сунушталбайт. #азаттыкплюс #той #ашпозчу…

Сот Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Канатбек Исаевди камакка алды
22-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 4-декабрга чейин камакка алды. https://smarturl.click/0eRl5

22-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 4-декабрга чейин камакка алды.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана…

22-ноябрь: Канатбек Исаев 4-декабрга чейин камалды, АКШ "Газпромбанкка" санкция салды
22-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
- Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы, экс-депутат Канатбек Исаев кайрадан кармалды
- УКМК мурдагы элчи Аманбаев 250 миң доллар пара алган делген маалымат такталбаганын билдирди
- Социалдык тармакта жазган пикири үчүн дагы бир жаран камалды
- Украинада орус армиясынын дрон соккусунан эки кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик билдирди
- Казакстан Украинага байланыштуу соңку кырдаалды эскалация деп мүнөздөп, ички коопсуздук чараларын күчөтүүнү чечти
- АКШ "Газпромбанкка" жана анын чет жактагы алты компаниясына санкция салды
- Иран МАГАТЭ резолюциясына жооп катары жаңы чечимин жарыялады
- Тажикстанда Ага Хан фонду каржылаган компаниянын жетекчиси 12 жылга соттолду
Кененирээк шилтемеден окуңуз: https://smarturl.click/5Oyzo