«Азаттык» радиосу
5.24K subscribers
3.74K photos
434 videos
29 files
6.22K links
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
Download Telegram
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Кыргызстандын аймагында бүгүн 19-мартта саат 21:05те жер титиреди. Сейсмология институтунун баштапкы маалыматына караганда, "MSK-64 шкаласына ылайык, очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды".

Жердин термелиши борбор калаа Бишкекте 3 баллга чейин сезилди.

Очогу Бишкектен 35 чакырым түштүк-батышта болду. Тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Баштапкы маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Кошумча маалымат берилет.

Айрым мобилдик телефондорго келген жер титирөө жөнүндөгү билдирүүдө да очогунда күчү 4,5 баллды түзгөнү айтылды. https://www.azattyk.org/a/32868880.html
Кудрет Тайчабаров Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болду

Кудрет Тайчабаров Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул маалыматты “Азаттыкка” фонддун басма сөз кызматы ырастады.

Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын директору болгон. Бул кызматтан былтыр жыл башында кеткен.

Туризмди өнүктүрүү фондун буга чейин Абылкасым Шерниязов башкарып келаткан. Ага чейинки директору Елена Калашникова 2023-жылы коррупцияга шек саналып кармалып, июль айында үй камагына чыккан.

@azattyk_radiosu
УКМК кыргыз-өзбек чек арасында мыйзамсыз тоннель табылганын билдирди

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы үйлөрдүн биринен Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астындагы жашыруун тоннель табылды. Ал аткезчилик үчүн колдонулуп келгенин УКМК билдирди.

Жер астындагы жашыруун жол Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургунунун үйүнөн, Өзбекстандын чек арасына жакын жерден табылган.

Атайын кызматтан маалыматына ылайык, тоннель адамдардын өтүшүнө да ылайыкталып салынган.

Тоннелдин тереңдиги 15 метрди, жалпы узундугу 130 метрди түзөт. Кыргызстандын чек арасына чейинки узундугу 50 метр, бийиктиги 1 метр 70 см болот.
Аткезчилик жолду уюштурган деген шек менен 38 жаштагы адам кармалды.

@azattyk_radiosu
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
🔻УКМК Аскат Жетигенге дагы бир эпизод менен кылмыш ишин козгоду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ырчы, акын жана активист Аскат Жетигенге 2024-жылдын 15-мартында Фейсбуктагы баракчасында жасаган кайрылуусу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокаты Венера Буудайбекова билдирди.

Адвокат ырчынын 15-марттагы видеосу боюнча экспертизанын жайынтыгы чыкканын, ошонун негизинде айып коюлганын кошумчалады.

Анын сөзүнө караганда, ушул тапта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Аскат Жетигендин бөгөт чарасы каралуу алдында турат.

Ырчы 15-мартта кайрылуу жасап, бийликти каарып-сөккөн билдирүүлөрүн жарыялаган.

@azattyk_radiosu
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
⚡️Ырчы жана активист Аскат Жетиген эки айга камакка алынды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 20-мартта ырчы, акын жана активист Аскат Жетигенди 19-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камакка алды.

Адвокаты Венера Буудайбекова ырчыга 2024-жылдын 15-мартында Фейсбуктагы баракчасында жасаган кайрылуусу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш ишин козголгонун айтты.

@azattyk_radiosu
АКШда өзбекстандык жаран аялын өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйды. Окуя Пенсильвания штатындагы Лоуэр-Морленд шаарчасында болгон. Полиция маалымдагандай, 43 жаштагы Султанова көкүрөгүнө жана башына тийген октон каза болгон. 44 жаштагы Аллабергдин башына ок тийген https://www.azattyk.org/a/akshda-oezbek-ayal-murdagy-kuyoosunun-kolunan-ajal-tapty/32868872.html
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Көкбөрү: Талкууга түшкөн билет баасы

Таластын “Ынтымак” жана Оштун “Достук” командалары Бишкекте өтүп жаткан көк бөрү боюнча Нооруз-2024 республикалык мелдешинин финалында беттешет. Финалдык оюн 21-март 11:00дө башталат, ал жаңы курулуп жаткан ат майданда өтөт.

@azattyk_radiosu
12 миң доллар пара талап кылууга шек саналган судья кармалды

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети маалымдады.

Маалыматка ылайык, 20-март күнү Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы К.А.К. жана ортомчу болуп иштеген адвокат Г.М.В. өзгөчө ири өлчөмдө - 12 миң доллар параны опузалап талап кылгандыгы аныкталган.

Атайын иш-чаралардын жүрүшүндө судья жактоочу менен видеокөзөмөл камерасы жок жерде - өзүнүн дааратканасында бир нече ирет жолугушканы, ал жерде сот чечимин алардын пайдасына оң чыгаргандыгы үчүн айрым айыпталуучулардан алган акчалай сый акыларын өз ара бөлүштүрүп жүргөнү такталган.

Шектүү судья К. А. К. Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Биринчи май райондук сотунун токтому менен 20-майга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

@azattyk_radiosu
Президент Жапаров майрамдык куттуктоосунда суу маселесине кайрылды

Президент Садыр Жапаров 21-мартта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында майрамдык салтанатта сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчы ата-бабалар жаздын келишин жандануунун башаты, жыл ажыраган күн катары толкундоо менен күткөнүн эскерип, жалпы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

"Кыргыздар үчүн жаздын келиши - өтө маанилүү. Анткени чарбанын иши жанданып, мерчемделе баштайт. Дыйканчылыкта суу менен камсыз кылуунун олуттуулугун эске алып, жыл башы менен жакшылап кириштик. Былтыр жалпы өлкөдө сугат каналдарын тазалоо иштерин колго алсак, быйыл дренаждык системаларды оңдоонун үстүндө иштеп жатабыз. Учурда планетада суу таңкыстыгы сезилип турат. Бабаларыбыз буга илгери эле маани берип, "суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор" деп айтып келишкен".

Бүгүн, 21-мартта Кыргызстандын бардык аймактарында Нооруз майрамы белгиленип жатат. Борбор калаа - Бишкекте майрамдык салтанаттар 20-мартта башталган.

@azattyk_radiosu