Евгения Судец өзү тууралуу талкууларга пикирин билдирди
Мамлекеттик өнүгүү банкынын мурдагы жетекчиси Евгения Судец өзү тууралуу айтылган маалыматтар жана коомчулуктагы талкуу тууралуу пикирин “Вечерний Бишкек” басылмасына берген маегинде билдирди. Ал соңку жарым жыл ичинде өзү жана кызматкерлер маяна албаганын, банк үчүн бөлүнгөн каражаттын баары Улуттук банктын эсебинде турганын айткан.
“Ошондой эле мамлекеттик банктын жана анын концепциясы үчүн иштегендердин баары аз акчага иштебеген инвестициялык банкирлер. Бирок бул маяналар эч качан төлөнгөн жок. Финансы министрлиги 2 млрд. которгон жана ал ошол бойдон турат”, - деген Судец.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 11-апрелде парламенттин эки комитети баш прокурор Курманкул Зулушевдин отчетун угуп жатканда Судец өзүнө 1 млн. сом маяна коюп алганын айтып чыгып, бул маселени териштирүүнү сунуштаган.
@azattyk_radiosu

Быйыл Кадыр түн 18-апрелге караган түнү белгиленет
Быйыл Кадыр түн 18-апрелге караган түнү болот. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады.
Быйылкы орозо 23-мартта башталган, Кадыр түн орозонун 27-күнүнө караган түнү белгиленет.

Германиядагы акыркы үч АЭС ишин токтотту
Германияда ишембиден жекшембиге караган түнү ушуга чейин иштеп келе жаткан акыркы үч атомдук электр станциясы өчүрүлдү. Немис өкмөтү 2011-жылы Жапониянын "Фукусима-1" атомдук электр станциясындагы авариядан кийин өзөктүк энергиядан толук баш тартууну чечкен. Бул чечим дагы эле немис саясатчыларынын арасында жана коомдо эки ача пикирди жаратып келет.
Германиядагы алгачкы атомдук электр станция 1961-жылы иштей баштаган. 2000-жылдары өлкөдө алардын саны 19га жетип, бардык электр энергиясынын үчтөн бир бөлүгүн өндүрүп турган.
Бавариядагы "Исар 2", Баден-Вюртембергдеги "Неккарвестхайм 2" жана Төмөнкү Саксониядагы "Эмсланд" электр станцияларындагы акыркы атомдук реакторлор өткөн жылдын соңунда жабылышы керек эле. Бирок Евробиримдик киргизген санкцияларды улай Орусия энергия булактарын Европага экспорттобой калганына байланыштуу бул станциялардын иштөө мөөнөтү узартылган.

Сосновка бекетинде жүк ташыган машиналарга убактылуу чектөө кирди
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 17-апрелде өлкөнүн айрым жолдорунда кар, кар аралаш жамгыр жаап, бороон болуп жатканын билдирди. Мындан улам, дүйшөмбүдө түнкү саат 2ден тартып Сосновка көзөмөл бекетинде оор жүк ташыган машиналарга убактылуу чектөө киргизилгенин маалымдады.
"Министрликке караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлгө алып, жолдорду кардан тазалап жатат. Бишкек-Ош жолунун 124-134-чакырым жана 209-230-чакырым аралыктарында бороондон пайда болгон кар күрткүлөр тазаланып, инерттик материалдар себилүүдө. Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунун Тоң-Мурун ашуусунда кар жаап, атайын техникалар тазалап жатышат. Унаа кыймылына чектөө жок. Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда да кардуу бороон болуп, атайын техникалар даяр турат. Жол ачык. Кырдаалга жараша кошумча маалымат берилет",-деп жазылган кабарда.

Ошто дагы үч окуучу атырга ууланды
14-апрелде Ош шаарындагы №8 мектеп гимназиясынын 6-классынын үч окуучусу атырга ууланып, ооруканага түшкөн. Бул тууралуу гимназиянын директору Зулфия Кадырова "Азаттыкка" ырастады.
Окуя түштөн кийин болгон. Мектепке "Тез жардам" келип, окуучуларды Ош облустук балдар ооруканасына жеткирген. Ооруканадан үч окуучу ууланып келгенин ырасташты.
Уулангандардын баары кыздар. Алар мектеп директору колдонуп жүргөн атырды сээп, ойношконун айтууда. Окуучулардын бири жандандыруу бөлүмүнө жаткырылса, экөө дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, ошол эле күнү үйүнө кайткан.

«Азаттык» радиосу
Сосновка бекетинде жүк ташыган машиналарга убактылуу чектөө кирди Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 17-апрелде өлкөнүн айрым жолдорунда кар, кар аралаш жамгыр жаап, бороон болуп жатканын билдирди. Мындан улам, дүйшөмбүдө түнкү саат 2ден тартып Сосновка…
Сосновка бекетинде жеңил машиналарга дагы чектөө киргизилди
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек - Ош жолундагы Сосновка көзөмөл бекетинде 17-апрелде саат 14.30дан тартып жеңил машиналарга дагы чектөө киргизилгенин кабарлады. Буга байланыштуу кошумча маалымат аздан соң берилерин билдирди.
Аталган министрлик бул бекетте дүйшөмбүдө, түнкү саат 2ден тартып жүк ташуучу машиналарга убактылуу чектөө салынганын кабарлаган. Учурда Сосновканын жанындагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, бороон болуп жатат.
"Тынымсыз жааган кар жана бороондон улам азыркы учурда убактылуу тыгындар пайда болууда. Көпчүлүк машиналарга жайкы дөңгөлөк тагылган. Ошондуктан аларга ашууга чыгуу кыйын болууда",-деп билдирген министрлик.
Учурда өлкөнүн айрым жолдорунда кар, кар аралаш жамгыр жаап, бороон уруп жатат. Кар-борошодон улам Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолу убактылуу жабылды.

Кыргызстанда Орозо айт 21-апрелде белгиленет
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Орозо айт 21-апрелде өтөрүн билдирди. Ошондой эле күн-айдын чыгышына карап бир күнгө айырма болушу ыктымалдыгын эскертти.
"Ислам шариятында Орозо айынын башталышы жана аякташы жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Муфтият 2023-жылдын 21-апрелин, жума күндү Орозо айт майрамы деп белгиледи",-деп жазылган маалыматта.
Быйыл Кадыр түн 18-апрелге караган түнү болот. Орозо 23-мартта башталган жана мусулмандардын ыйык Орозо айы майрамдык Орозо айт менен жыйынтыкталат.

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо жай жүрүп жатканын айтты
Президент Садыр Жапаров 17-апрелде "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу жагдайга токтолду. Анда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө жылыштар бар экенин айтканы менен, иш жай жүрүп жатканын белгиледи.
“Өтө жай жүрүп жатат. Эгер эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен эки тарап тең чек ара сызыктарын сызууга макул болсо, тилкелерде бир эле айлык жумуш калды. Бирок тилекке каршы, кошуналар жакшы келе жатып эле айрым тилкелерге келгенде, "бул жерди 1924-жылкы карта менен чечели" деген сунуштарын киргизип жатышат. Ошон үчүн маселе токтоп калууда. Чындыгында, 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуш юридикалык жана моралдык жактан да туура келбейт. Анткени 1924-жылы алар да, биз да өзүнчө мамлекет эмес элек”, - дейт Жапаров.
Ал эгер эки тарап тең макул болуп, 1924-жылкы карта менен чечсе, анда чек ара тилкелеринин баарын кайрадан карап чыгуу керектигин билдирди.
“Ошол мезгилде эки тарап тең макул болуп, иштер тез кетип жаткандыктан, майга чейин чечип бүтөбүз деп болжогом. Тилекке каршы, бүтө элекпиз”, - деген президент.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда.

№26 Ленин шайлоо аймагынан депутат болууну көздөгөндөр 15ке жетти №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан депутаттыкка ат салышуу ниетин бүгүн, 11-апрелде дагы эки адам билдирди. Борборбук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, Бишкектин тургундары…
Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайрадан шайлоого катышууга ушул күнгө чейин жалпы 18 адам арыз берди.
@azattyk_radiosu
@azattyk_radiosu
Орусия Кыргызстанга электр энергиясын сата баштады
Орусиянын “Интер РАО” компаниясы Казакстандын энергосистемасы аркылуу Кыргызстанга электр энергиясын экспорттой баштады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар аталган компанияга таянуу менен кабарлашты.
“Орусиянын энергосистемасы өлкө тарыхында биринчи жолу Казакстандын энергосистемасы аркылуу Кыргызстанга электр энергиясын жеткирип жатат. 2023-жылдын апрелинен 2024-жылдын мартына чейин жалпы көлөмү 900 миллион кВт. саат электр энергиясы экспорттолот”, – деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев кармалды
Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев кармалганын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы бышыктады.
Мунун алдында аталган шаардагы "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголгон. УКМК анда 130 миллион сомдук зыян аныкталганын билдирген.
"Бул муниципалдык ишканада туруктуу коррупциялык схеманы уюштуруу тууралуу маалыматтар келип түшкөн. Анда бир катар үйлөр аталган ишкананын борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулганы аныкталган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-мартына чейин күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруудан жана "Токмок жылуулук" ишканасы жылуулук энергиясы менен камсыздоого алынган каражаттарды мыйзамсыз пайдалануудан келтирилген зыян 130 миллион сомдон ашкан",-деп жазылган маалыматта.

Сосновка бекетинде жеңил машиналарга дагы чектөө киргизилди Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек - Ош жолундагы Сосновка көзөмөл бекетинде 17-апрелде саат 14.30дан тартып жеңил машиналарга дагы чектөө киргизилгенин кабарлады. Буга байланыштуу…
Сосновка бекетинде автоунааларга кирген чектөө толугу менен алынды
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Сосновка көзөмөл бекетинде 18-апрелде саат 9:00дөн тарта оор жүк ташуучу автоунааларга кирген чектөө алынганын билдирди. Учурда жолду тазалоо иштери уланып жатат.

Жаңылыктар | 18.04.2023 | Путиндин Украинага сырдуу сапары
YouTube
Жаңылыктар | 18.04.2023 | Путиндин Украинага сырдуу сапары
- Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев коррупцияга шектелип кармалды. Жогорку Кеңештин экс- депутатынын ысымы буга чейин да бир катар чуулгандуу иштерде аталган
- Өкмөт Баткен облусунун чек ара аймактарында жашаган жарандарга курал алуунун жол-жобосун бекитти.…

Сот Семетей Талас уулун эктремисттик материалдарды жайылтууга күнөөлүү деп тапты
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 18-апрелде журналист Семетей Талас уулунун ишин карап, аны эктремисттик материалдарды жайылтууга күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратты.
Судья Кылмыш-жазык кодексинин 83-беренесине ылайык, аны жазаны аткаруудан бошотуп, бир жылдык мөөнөттө пробациялык жаза өтөсүн деген чечим чыгарды.
Журналист өзү чечимге байланыштуу жогорку инстанцияга даттанабы, жокпу адвокаттар менен кеңешкенден кийин чечерин маалымдады. Ал буга чейин сотто 2021-жылы Фейсбуктагы баракчасынан Ооганстан тууралуу материалды байкабай бөлүшүп койгону үчүн күнөөлөп жатышканын айтып, муну үчүн кечирим сураган.
41 жаштагы Семетей Талас уулу эркин журналист катары белгилүү. Көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазган. Соңку жылдарда эркин журналист катары социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү жазып келет.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы жарандык тууралуу мыйзамды кабыл алды
Орусиянын Мамдумасы дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда "Орусия Федерациясынын жарандыгы жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алды. Анда улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттер, анын ичинде аскердик фейк жана дискредитация үчүн жарандыктан ажыратуу каралган.
Мындан тышкары орус бийлиги массалык башаламандыкка катышуу, митинг боюнча мыйзамдарды бир нече жол бузуу, аскердик кызматтан баш тартуу, дезертирлик жана “чет элдик агент” боюнча мыйзамдар аткарылбаган учурда да орус жарандыгынан ажырата алат.
Мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, жарандык алгандарды андан ажыратуу чечимин аткаруу бийлигинин ички иштер тармагындагы федералдык органы же анын аймактык өкүлчүлүгү кабыл алат.