Жапаров Сузактагы окуяга себепкер болгондорго чара көрүлөрүн айтты
Сузакта балдарды автоунаа тебелеп кеткен окуяга себепкер кишилерге комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен чара көрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 4-майда ооруканада жаткан балдардан кабар алганда айтты.
Мамлекет башчы ата-энелер менен сүйлөшкөндө болгон окуяга өкүнүп турганын, массалык иш-чарадагы коопсуздукка кайдыгер мамиле кылгандардын иши териштирилип жатканын белгиледи.
https://www.azattyk.org/a/32933151.html

Азаттык Υналгысы
Жапаров Сузактагы окуяга себепкер болгондорго чара көрүлөрүн айтты
Сузакта балдарды автоунаа тебелеп кеткен окуяга себепкер кишилерге комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен чара көрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 4-майда ооруканада жаткан балдардан кабар алганда айтты.
Мамлекет башчы ата-энелер менен сүйлөшкөндө болгон…

Сузактагы кырсык: үч балага операция жасалды
Сузактагы "Манас айтуу" иш-чарасында автоунаа тебелеп кеткен балдардын арасынан баш сөөгү сынган кызга жана ээги, жаагы жабыркаган эки балага Бишкекте операция жасалды. Дарыгерлер балдардын баарынын абалы туруктуу деп баалашууда. https://www.youtube.com/watch?v=x44q1DeoBkU

YouTube
Сузактагы кырсык: үч балага операция жасалды
Сузактагы "Манас айтуу" иш-чарасында автоунаа тебелеп кеткен балдардын арасынан баш сөөгү сынган кызга жана ээги, жаагы жабыркаган эки балага Бишкекте операция жасалды. Дарыгерлер балдардын баарынын абалы туруктуу деп баалашууда. https://www.azattyk.org/a/suzaktagy…
Орусиянын Ички иштер министрлиги Зеленскийге издөө жарыялады
Орусиянын Ички иштер министрлиги Украинанын президенти Владимир Зеленскийди издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине кошту. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Зеленскийге кайсы кылмыш иши менен издөө жарыяланганы белгисиз. Ошондой эле Украинанын мурдагы президенти Петр Порошенко да издөөгө алынган. Анын да чоо-жайы анык эмес.
Андан тышкары, бул тизмеде украин армиясынын кургактагы күчтөрүнүн командачысы Александр Павлюк, Украинанын мурдагы коргоо министри, Улуттук коргоо университетинин азыркы ректору Михаил Ковал да бар.
@azattyk_radiosu

❗️Сузакта балдарды сүзүп кеткен автоунаанын айдоочусу үй камагына чыкты
Сузактагы "Манас айтуу" иш-чарасында балдарды сүзүп кеткен автонунаанын айдоочусу үй камагына чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 5-майда билдирди.
2-майда Сузак районунда "Манас айтуу" фестивалында дөңдөн ылдый жылган “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү машине балдарды коюп кеткен. Иш-чарага катышып жаткан 3 миң окуучунун 30дан ашыгы жабыр тартып, бир тобу ооруканага түшкөн. Айрымдары атайын борт менен Бишкекке жеткирилип, операция жасалды.
Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен иш козгогон. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, автоунаанын 48 жаштагы айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.

Сузактагы окуя: 19 бала дале ооруканада дарыланууда
Сузак районундагы манасчылардын сынагындагы автоунаа сүзүп кеткен окуядан жабыр тарткан 19 бала дале ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу 6-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, бир баланын абалы жакшырып, ооруканадан чыгарылды.
Бишкекке алып келинген он жабырлануучунун үчөөнө операция жасалды, абалдары орточо оор. Төртөө реанимацияда жана башка бөлүмдөрдө жатат. Жалал-Абаддагы ооруканада жаткан тогуз баланын бешөөнүн абалы орточо оор, калгандары канааттандырарлык деп эсептелүүдө.

Президент Садыр Жапаров 9-майда Москвадагы парадга катышат
Президент Садыр Жапаров 8-майда Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) мааракелик саммитине жана 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш парадына катышуу үчүн Орусияга барат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Садыр Жапаров 2023-жылы 9-майда да бир нече президенттердин катарында Москвада аскердик парадга катышкан.
1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 90 миңден ашыгы майданда курман болгон.
Быйыл Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 79 жыл толот. (Архив сүрөт)

«Азаттык» радиосу
‼️ Түркияда Орхан Инанды 21 жылга эркинен ажыратылды Анкарадагы Жогорку Сот Орхан Инандыга "куралдуу террордук уюмду башкаруу" беренеси менен айып тагып, 21 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу 16-июнда мамлекеттик "Анадолу" агенттиги кабарлады. Кыргыз жарандыгын…
Орхан Инанды аны Кыргызстандан кантип уурдап кетишкенин айтып берди
Кеңсеси Австрияда жайгашкан Kronos басылмасы Кыргызстанда жоголуп, кийин Түркияда табылып, соттолгон Орхан Инандынын кармалышы тууралуу Анкаранын адвокаттар ассоциациясы даярдаган баяндаманы жарыялады. Инанды анда үч жыл мурда аны Кыргызстандан кантип уурдап кетишкенин, кандай кыйнашканын айтып, ишиндеги башка жагдайларды комментарийлеген.
Баяндамада Орхан Инанды Кыргызстандан алгач автоунаа менен, кийин учак менен Түркияга жеткирилгени, катуу сабалып, колу үч жеринен сынганы жана ага уйку дары менен укол сайылганы баяндалган.
“Мен 2021-жылы 30-майда кечки саат 23:00 чамасында Бишкекте өз машинеме отурайын деп баратканда кыргыз жигит кармап, седан тибиндеги автоунаага мажбурлап отургузду. Машинеде үч киши бар экен, экөө кыргыз болчу. Алар мени Бишкектен Кара-Балтаны көздөй алып кетип, ортодон башка машинеге отургузушту. Ага чейин мага укол сайышты да, көзүмдү таңып коюшту. Машинеге салып жатканда колум сынып кетти. Бизди Өзбекстандын чек арасы жакка алып жөнөштү окшойт. Эсимде, жолдо узун туннелден өттүк. Суу сурасам, уйку дары кошулган ширин суу берип жатышты. Калганын эстей албайм, жолдун көбүндө уктап кеттим. Өзбекстандын же Тажикстандын чек арасы тарапка жетип, чек ара тилкесинен токтоосуз түрдө өтүп кеттик. Андан соң учактын добушун уктум. Менимче, аэропортко жеттик окшойт. Машинеден түшкөн соң көзүмдү ачышты, унаа “Мерседес” үлгүсүндө экен. Ал жерде жеке учак туруптур. Ага киргизип баратышканда мага “Түркияга кош келиңиз” дешти. Отурганда катуу сабашты. Учакта эки түрк жана учкучтар бар экен. Мени коштоп келген кыргыз балдар, арасында Азиз деген бала да бар болчу”, – деген анда Орхан Инанды.

Алименттен качкандарга жазаны катаалдатуу мыйзамын комитет колдоду
Улгайган ата-энелерди багуудан жана балдарына алимент төлөөдөн качкандар үчүн жазаны катаалдаштырган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетинде жактырылды.
7-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети аталган документти карап, биринчи окууда жактырды.
Расмий эсепте учурда Кыргызстанда 53 548 ата-эне балдарына алимент төлөөдөн качып жүрөт. 2023-жылы балага чегерилген алиментти атасы же энеси төлөбөй жатканын айтып, сотко кайрылгандардын саны 41 миңден ашкан.
Кыргызстанда ар кандай айып пул, алимент жана башка карыздарын төлөбөгөн 71 миң жарандын өлкөдөн сыртка чыгышына тыюу салынган.

Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
2025-ЖЫЛГА ГРИН-КАРТТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКТЫ
2024-жылдын 4-майында АКШнын Мамлекеттик департаменти иммигранттардын бул өлкөгө келип, туруктуу жашоосуна уруксат берген жылына бир жолу жарыяланган грин-карт программасынын жеңүүчүлөрүн жарыялады. Лотереяга канча кыргызстандык катышып, канчасы утуп алганын азырынча айтуу мүмкүн эмес.
Кыргызстандыктар жылдан жылга бул программага көп катыша баштаганы белгилүү. АКШнын өкмөтү жарыялаган статистикалык маалыматтарга таянсак, лотереяны уткан кыргызстандыктардын саны дагы көбөйүп жатат.

Сузактагы окуя: Окуучуларды массалык иш-чараларга тартуу туурабы? | АРАЙ КӨЗ ЧАРАЙ

2-май күнү Сузак районунда “Урааным Манас” кароо-сынагы өтүп жаткан маалда “Хундай Портер” автоунаасы тоодон ылдый жүрүп кетип, андан отуздай мектеп окуучула...
Кыргызстандан Орусияга автоунаа экспорту дээрлик токтоду
Апрелдин жыйынтыгында Кыргызстандан Орусияга автоунааларды экспорт кылуу дээрлик токтоду. Бул тууралуу орусиялык "Автостат" аналитикалык агенттигинин директору Сергей Целиков борбордун ютубдагы каналында билдирди.
Агенттиктин маалыматына ылайык, апрелде Орусияга жалпы 90 миң жеңил автоунаа импорттолгон. Мунун 57 миңден ашыгы жаңы, 31 миңден ашыгы эски машинелер.
Жаңы автоунаалардын 94% Жапониядан келсе, 1,7% Кыргызстандан ташылып келген. Башка өлкөлөрдүн көрсөткүчү мындан да аз.

Жаңылыктар | 07.05.2024 | Путин бешинчи ирет президенттик кызматка киришти https://www.youtube.com/watch?v=lpzUKmrBKXY
YouTube
Жаңылыктар | 07.05.2024 | Путин бешинчи ирет президенттик кызматка киришти
Орусияда Владимир Путин 5-президенттик мөөнөтүнө расмий киришти. Инаугурацияга дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары чакырылганы менен Еврошаркеттин көптөг...
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да Фейсбуктагы постунда видеону тараткан иликтөөчү журналист Болот Темировго байланыштуу комментарий берип, тасманы “фейк” деп атады.
Азаттык Υналгысы
Министрлер кабинетинин төрага орун басары Байсалов алтын жөнүндө видеого комментарий берди
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да Фейсбуктагы постунда видеону тараткан иликтөөчү журналист Болот Темировго байланыштуу комментарий берип, тасманы “фейк” деп атады. Байсалов алтын видеодон көрүнүп турган ыкмалар менен ташылбай…
АКШнын жогорку окуу жайларында Газаны колдогон акциялар уланууда. Демонстрациялар алгач башталган Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетинде бүтүрүү салтанаты быйыл өтпөй турган болду. Бир катар университеттерде акцияга чыккан ондогон студентти полиция кармап кетти.
Студенттердин талабы кандай? Бул демонстрациялар качан токтошу мүмкүн? Ушул жана башка суроолорго Колумбия университетинде магистратурада билим алып жаткан кыргызстандык Нуршат Абабакиров жооп берди.

Абабакиров: Газаны колдогон студенттердин тилектештигине таң калдым
АКШнын жогорку окуу жайларында Газаны колдогон акциялар уланууда. Демонстрациялар алгач башталган Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетинде бүтүрүү салтанаты быйыл өтпөй турган болду. Бир катар университеттерде акцияга чыккан ондогон студентти полиция…
Жаңылыктар | 08.05.2024 | Бийлик алтын тууралуу видеого жооп берди
- Израил армиясы Рафах өткөрмө бекетинин Газа тарабын өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Египет менен чек арада жайгашкан бул бекет аркылуу анклавга негизги гуманитардык жардам кирип турган.
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Кыргызстандан чыгарылган” делген алтын куймалары тууралуу видеого байланыштуу комментарий берди.
- “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган 11 журналисттин иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өттү. https://www.youtube.com/watch?v=y6JGWRJ4luM

Израил армиясы Рафах өткөрмө бекетинин Газа тарабын өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Египет менен чек арада жайгашкан бул бекет аркылуу анклавга негизги гуман...
Бишкектин Биринчи май районук соту уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, шалаакылыкка айыпталган Бакыт Матмусаевдин иши боюнча чечим чыгарып, аны актады.
Азаттык Υналгысы
Айзаданын өлүмү: Сот Бишкек шаардык милициясынын мурдагы башчысын актады
Бишкектин Биринчи май районук соту уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, шалаакылыкка айыпталган Бакыт Матмусаевдин иши боюнча чечим чыгарып, аны актады. Бул тууралуу…
9-майда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиш күнү менен куттуктады.
Азаттык Υналгысы
Президент Экинчи дүйнөлүк согуштагы кыргызстандыктардын эрдигин белгиледи
9-майда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиш күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчы фашисттик баскынчыларга каршы согуш – бүткүл адамзаттын тагдырына таасир эткен тарыхый окуя экенин, дээрлик төрт жылга созулган согуштан…

Орусия аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин коргоо максатында стратегиялык эмес өзөктүк курал боюнча машыгуу өткөрөрүн жарыялады. Коңшусу Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузуп, эки жылдан бери агрессия көрсөтүп келаткан Орусия өзөктүк куралы менен коркутууга буга чейин да аракет кылган.
Азаттык Υналгысы
Орусиянын өзөктүк курал менен коркуткан машыгуусу
Орусия аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин коргоо максатында стратегиялык эмес өзөктүк курал боюнча машыгуу өткөрөрүн жарыялады. Коңшусу Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузуп, эки жылдан бери агрессия көрсөтүп келаткан Орусия өзөктүк куралы менен коркутууга…
Amnesty International эл аралык уюмунун активисттери жана тарапкерлери глобалдык “Каттар марафону” (Write for Rights) өнөктүгүнүн алкагында кыргызстандык укук коргоочу Рита Карасартовага тагылган айыпты алып салууну талап кылган 405 204 кол тамга чогултту. Бул тууралуу аталган уюм өз сайтында кабарлады. https://www.azattyk.org/a/32940568.html
Азаттык Υналгысы
Amnesty International Карасартовага коюлган айыпты алууну талап кылган 400 миңдей кол тамга чогултту
Amnesty International эл аралык уюмунун активисттери жана тарапкерлери глобалдык “Каттар марафону” (Write for Rights) өнөктүгүнүн алкагында кыргызстандык укук коргоочу Рита Карасартовага тагылган айыпты алып салууну талап кылган 405 204 кол тамга чогултту.…
Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине интервью берип, соңку мезгилде интернетке тараган алтын тартылган видео тууралуу жана агасы Сабыр Жапаровдун аты аралашкан сөздөргө комментарий берди.
Азаттык Υналгысы
Садыр Жапаров алтын тартылган видео жана агасы жөнүндө сөздөргө комментарий берди
Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине интервью берип, соңку мезгилде интернетке тараган алтын тартылган видео тууралуу жана агасы Сабыр Жапаровдун аты аралашкан сөздөргө комментарий берди.
Президент өкмөткө тиешелүү бардык алтын кендерге…