Аллах жүрөктөрдүн ээси💛
52 subscribers
80 photos
69 videos
1 link
Оо ЖАРАТКАНЫМ!!!
Мен сага кандай гана учур болбосун муктажмын.
Жашоомдо бактылуу учур болгон кезде да,
жан дүйнөм өрттөнгөн кезде да мен сага гана муктаж алсыз пендеңмин йаа расул Аллах🧡.
ЧЫНДЫГЫНДА СЕН ЖҮРӨКТӨРДҮН ЭЭСИСИҢ.
Download Telegram
Туруп алып суу ичүүнүн зыяндары

Окумуштуулар туруп алып суу ичүүнүн адамдарга медициналык жактан зыян келтирерин билдиришти. Анда: «Адамдардын ашказандары дененин түзүлүшүнө карай ар түрдүү болот. Тагыраак айтканда, туруп турган кездеги жана отурган учурдагы ашказандын абалы эки түрдүү. Ашказандын кичинекей көңдөй бөлүгүнө туура келүүчү Вальдейер ашказан куушу деп аталган кууш болот. Суюк азыктар ушул жерден туруктуу ачык куушу бар ашказан жолунан чыгып, он эки эли ичегиге өтөт. Кыскача айтканда адамдардын туруп алып суу ичүүлөрү эч жерге таасир тийгизбестен, түз эле он эки эли ичегиге өтөт. Суу адамдар үчүн өтө маанилүү. Бул сууну туруп ичкенде суу ашказанга бирикпейт жана денеге пайдасы болбойт. Эгер адамдар сууну отуруп ичкенде, алгач ашказан биригип, кычкылдар менен аралашып, микробдор өлүп, кийин он эки эли ичегиге өтөт. Ошондуктан суу ичүү эрежесин аткаруу аркылуу адам холера оорусу менен кошо көптөгөн оорулардан сактанган болот. Адамдар көрүнгөн жерден суу алып, туруп алып ичип кете берсе кээ бир ооруларга чалдыгып калуулары ыктымал”,-дешет.

Туруп алып суу ичүүнүн медициналык жактан зыяндуу болуусу менен катар бул жөнүндө Пайгамбарыбызﷺ он төрт кылым мурда бизге сүннөт кылып калтырганы маалым.
Баардык азыктардай эле чамасынан сырткары өлчөмдө, өтө ысык же өтө муздак болгон сууларды ичүүгө болбойт.

#сунна#медицина#
Адам качан эч нерсе кылгысы келбей калат?

Күндөр, иштер, көрүнүштөр окшош боло берсе, адам тажайт. Мисалы, бир адам пловду аябай жакшы көрөт, бирок аны күндө жей берсе, тажап, андан көңүлү айлана турган болуп калат. Кудум ушундай эле, мээ үчүн окшош тапшырмалар да аны бат эле тажатып, ал иштегиси келбей калат.

Кээде мээни перезагрузка кылуу зарыл, ал үчүн жашоого жаңылык киргизүү керек🔥

Төмөндө ошондой иштердин тизмеси:

1. Үйлөнүү же эрге тийүү
2. Бизнес баштап салуу
3. Сапарга чыгуу
4. Туугандарды сый тамакка чогултуу
5. 3 же 40 күнгө дааватка чыгуу
6. Мечиттен дин таалимин алып баштоо
7. Таң саарлап чуркоо
8. Жаңы адамдар менен таанышуу
9. Жумуш которуу
10. Тренингдерге катышуу
11. Велосипедчен жүрүү
12. Көп жөө басуу
13. Жумушка башка жол менен кетүү
14. Ата-энеден кабар алуу
15. Сулуулук салонуна баруу
16. Тоодон секирүү (флайжамп)
17. Театрга барып, спектакль көрүү
18. Кино театрга баруу
19. Баладык өткөн айылга баруу ж.б.
Ааламды өзгөртүү үчүн, өзүңдү өзгөртүшүң керек...
А өзүңдү өзгөртүү үчүн чөйрөңдү өзгөртүшүң керек.)
ЧӨЙРӨ эң маанилүү нерсе🤍
Мифы о мотивации:

🌱 Деньги - основной мотиватор.
🌱 Если вы умны, вам гарантирован успех.
🌱 Для достижения цели необходимо её визуализировать.
🌱 Увеличение награды приводит к росту мотивации.
🌱 Страх - хороший мотиватор.
🌱 Достаточно просто попробовать.
🌱 Всё зависит от врождённых способностей.
🌱 Сила воли - всё, что нужно.
🌱 Нужно ждать вдохновения, тогда придёт и мотивация.
🌱 Записывать цели - ключ.
Forwarded from Deleted Account
Бири-бириңерди сүйгүлө, ошондо бактылуу болосуңар. Ушунчалык жөнөкөй жана кыйын".
Видеолор 💛🐣
Цитаталар 📜
Ырлар 🎶
04.04.2021
https://t.me/janymsensin
ЧЫНЫГЫ ТАРБИЯЧЫ МУГАЛИМ
Үйлөнүү тойго келген коноктордун бирөөсү 35 жыл мурда башталгыч класста сабак берген мугалимди көрүп калды. Мугалимди көргөн окуучу болгон урмат-сый жана сагыныч, уялыңкы мүнөз менен акырын басып келип, устатым, мени тааныдыңызбы деп үн катты.
Карыган устат: жок, уулум деп жооп кайтарды. Окуучу устатына угулуп угулбас үнү менен: кантип жок? деп дагы бир ирет кайрылды... Мен баягы класста курбусунун кол саатын уурдап алган окуучумун, ошол курбум саатын жоготуп ыйлаганда, окуучулардын баарынын чөнтөгүн текшерүү үчүн бир сапка тизилүүбүздү талап кылгансыз. Ошол учурда кыйын абалга туш болуп, мугалимдердин жана окуучулардын алдында айыбымдын төгүлөрүн жана адамдык касиетимди түбөлүккө жоготорумду билгенмин. Бизди баарыбызды көзүбүздү жумуп дубалга беттенип тизилип туруубузду буйругансыз.
Ошол учурда текшерүү башталып, мага жакындап келип чөнтөгүмдөн саатты сууруп алып текшерүүнү улантып, тизмеде турган акыркы окуучуга жеттиңиз.
Текшерүү бүткөн соң, тизилген окуучуларды, ар ким өз ордуна отуруусун талап кылгансыз, ошондо жүрөгүм солк этти, абиирим эл алдында айрандай төгүлөт деп. Жоголгон саатты колго кармап туруп ый тарткан окуучуга кайтарып берип, бирок кимдин чөнтөгүнөн чыкканын жарыя салбадыңыз. Канча жылдар бою ошол мектепте билим алдым, бирок менин саат уурдаганым жөнүндө эч кимге сөз айтып мени бирда жолу тилдеген эмессиз. Устатым ошол күндөн тартып эч качан, эч кимден кичине нерсе болсо да уурдабайм деп чечим алганмын. Мени кантип эстеген жоксуз, мага окшогон окуучуну жана анын окуясын унутуп болбойт го?
Мугалим жылмайып окуучунун далына чапкылап, мындай деди: Албетте балам, ал окуя эсимде, ошол күндө силерди тизип, көзүңөрдү жумдуруп, уурулукка шектелген баланы элге шерменде кылбайын деп текшерүүгө алганмын.
Бирок уулум, саатты уурдаган окуучуга менин жүрөгүмдө ага каршы так калбас үчүн жана бул ишти сыр кылып сактоо максатында, мен дагы көзүмдү жумуп текшерүүгө алганмын.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
📚 өзгөрөм, адам болом десең, китеп оку.

📚 өзүмдүн каталарымды башкаларсыз табам десең, китеп оку.

📚эч качан жеңилбейм десең, китеп оку.

📚ашыгыңа бара турган жолду издесең, китеп оку.

📚китептин пайдалуу экенине ишенбесең, китеп оку.

📚 ата-эне, ден соолук, убакыттын баркын билгим келет десең, китеп оку.

📚балама жакшы тарбия берем десең, китеп оку.

📚китепсиз деле жашооңду өзгөртүүнүн сырын билгиң келсе, китеп оку.

📚окугандан, жазгандан, сүйлөгөндөн уят болуп калбайын десең, китеп оку.

📚китеп окуганды үйрөнөйүн десең, китеп оку.

📚саякаттагың келсе китеп оку.

📚жаны жок денедей үйдө жашабайын десең, китеп оку.

📚 кыйнаган, пайдасыз туман ойлордон арылам десең, китеп оку.

📚жан дүйнөңө дары издесең, китеп оку.

📚келечекте бүт ааламды ичиме батырып, дүйнөнү суктанткан адам болом десең анда китеп оку ...